Улуттар аралык кастык тууралуу эскертүү — улуттук саясаттын кыйроо белгиси

Улуттар аралык кастык тууралуу эскертүү — улуттук саясаттын кыйроо белгиси
Садыр Жапаров президенттик шайлоонун (2027-жылдын 27-январына белгиленген) алдында Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык кагылышуу даярдалып жатканы тууралуу билдирүү жасады. Бул кайрылуу мамлекеттик башкаруудагы бир катар системалуу көйгөйлөрдү, идеологиялык туңгуюкту жана учурдагы бийликтин саясий коркууларын ачыкка чыгарды.
1. Алсыздыкты моюнга алуу: Биринчи кезекте «улуттарга бөлүнбөгөн бирдиктүү эл» концепциясынын кыйрашы ачыкка чыкты. Бул жердеги эң башкы көйгөй – президент да эрксизден моюнга алган «бардык жарандар — кыргыз» деген бирдиктүү коом куруу тууралуу көп жылдык расмий билдирүүлөрдүн жокко чыгышы. Ондогон жылдар бою мамлекеттик пропаганда коомду улуттар аралык жаракалар бүтөлүп, 1990-жана 2010-жылдардагы тарыхый жарааттар жоюлду деп ишендирип келсе, мамлекет башчысынын кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кагылышуунун ыктымалдыгы жогору экени тууралуу чукул кайрылуусу бул жасалма чындыкты толугу менен ашкереледи.
Чындыгында, бул «көз карандысыздык» деп аталган жылдар ичинде жана өзгөчө башкаруунун акыркы жылдарында бириктирүүчү идеологиянын негизинде этностор аралык ишенимдин туруктуу институттук базасы түзүлбөгөндүгүн моюнга алуу болуп саналат. Коом мурдагыдай эле этникалык белгиси боюнча бөлүнгөн бойдон калууда, ал эми мамлекет системалуу интеграциянын ордуна көйгөйлөрдү билдирбей «жашырууга» таянып келген.
2. Шайлоо алдындагы дүрбөлөң. Этностор аралык кастык темасынын шайлоо алдында көтөрүлүп жаткандыгы саясий жетекчиликтин терең тынчсыздануусун айгинелейт.
Бийликти кармап туруунун көнүмүш куралдары — медиа айдыңды толук көзөмөлдөө, оппозицияны басуу, көз карандысыз журналисттерге каршы репрессиялар жана күчтүү административдик ресурсту колдонуу натыйжага кепилдик бербей калгандай же иштен чыга баштагандай таасир калтырат.
Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн шартында шайлоочуларды легитимдештирүүнүн жана мобилизациялоонун көнүмүш ыкмалары натыйжалуу иштебей калганда, бийлик экзистенциалдык коркууну пайда кылуу аркылуу мобилизациялоого өтөт. Даярдалып жаткан козголоң тууралуу билдирүү — бул ар кандай мүмкүн болгон нааразычылыктарды алдын ала дискредитациялоонун классикалык куралы, мында жарандардын ар кандай нааразычылыгын алдын ала «душмандардын аракети» жана «улуттар аралык кастыкты козутуу аракети» деп жарыялоого болот. Бул өз кезегинде жакынкы күндөрү айрым оппозициялык саясатчылар курмандыкка чалынарынан да кабар берет.
3. Мамлекеттик улутчулдук саясат — акырын жарылуучу мина. Билдирүүдө «улуттук идеяны даңазалоо боюнча мамлекеттик саясаттын» көлөкөсү туура байкалган, бирок бул минаны режимдин оппоненттери эмес, динди жашоодон бөлүү деген капиталисттик принципке негизделген акыркы ондогон жылдардагы мамлекеттик идеология өзү койгонун ачык белгилөө керек. Дал ошол идеология элдин ой жүгүртүүсү төмөндөгөн шартта пропаганданын жеңил натыйжасын берүүчү арзан улутчулдук күн тартиптин концепциясын жаратты.
Жыйынтык: Садыр Жапаровдун билдирүүсү — бул легитимдүүлүктүн терең ички кризисин билдирет. Бир жагынан, бийлик репрессивдүү аппараттын бардык күчүн (УКМКнын жана ИИМдин он миңдеген камераларын эскерүү) колдонууга даяр экенин көрсөтсө, экинчи жагынан — эгемендик жылдарында «ийгиликтүү интернационалдык мамлекет» модели жөн гана жасалга болгону билинип жатат. Шайлоо алдында 2010-жылдагы кан төгүүнүн элесин саясий союл катары колдонуу өлкөдөгү туруктуулук адилеттүү мыйзамдарга жана жарандардын мыйзам алдындагы теңдигине эмес, башаламандыктын кайталанышынан коркуу сезимине негизделип турганын гана тастыктайт.
Биз боордош элдер өз ара жаңжалдарга чакырыктан Ислам аркылуу гана кутулуу мүмкүн экенин дагы бир жолу кайталайбыз. Ислам идеологиясынын эң башкы таянычы — бул Аллахка болгон ыйманыбыз жана Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сүннөтүн ээрчүү. Убактылуу пайда же саясий амбициялар үчүн улуттардын, диндеш боордоштордун ортосуна от жагуу аракеттери — бул мусулман элдеринин кызыкчылыктары менен манипуляция кылгандардын күнөөсү жана чыккынчылыгы. Мусулман адам ким тарабынан болбосун, фитнанын (бузукулуктун) булактарына эч кандай шартта алданбашы керек. Биздин күчүбүз — тилге же урууга бөлүнүүдө эмес, адилеттүүлүктүн, өз ара жардамдашуунун жана такыбалыктын айланасында биригүүдө.
Улуу Аллахтын Ыйык Курандагы сөздөрүн эстегиле: «Баарыңар Аллахтын жибине (динине) бекем кармангыла жана бөлүнбөгүлө! Аллахтын силерге берген жакшылыгын эстегиле: бир кезде силер бири-бириңерге душман элеңер, Ал силердин жүрөктөрүңөрдү бириктирди, ошентип Анын жакшылыгы менен бир тууган болуп калдыңар» («Аали Имран» сүрөсү, 103-аят).
Латыфул Расых




