Басма сөз

Мусулман рувайбизалары кордукта жана кыянатчылыкта тереңдеп бара жатышат!

Басма сөз баянаты

Мусулман рувайбизалары кордукта жана кыянатчылыкта тереңдеп бара жатышат!

Жекшемби күнү Сауд Арабиясы, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Египет, Түркия, Пакистан жана Индонезиянын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жарыялап, яхудий түзүмүнүн Америка президенти Трамптын Газа боюнча планын четке кагышын айыпташты. Алар бул четке кагуу «Трамптын Газадагы согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында жасаган интенсивдүү аракеттерин түздөн-түз ийгиликсиздикке учуратуу коркунучун жаратат» дешти. Ошентип, бул рувайбизалар Трамптын жарчыларына айланып, анын каргыш тийген планынын үгүтчүлөрү болуп калышты. Ал пландын максаты — Америка менен яхудий түзүмүнө Газа элин көчүрүп жиберүүгө жана Газаны Трамп үчүн туристтик жана инвестициялык курортторго айландырууга шарт түзүү.

Сегиз министр «эки мамлекет чечими» деп аталган заккум дарагына бекем карманып жатышканын эске салууну да унутушкан жок. Алар өз билдирүүсүндө: «Эки мамлекет чечимин ишке ашыруу, 1967-жылдагы чек аралардын негизинде борбору Чыгыш Куддус болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү аркылуу гана, эл аралык укукка жана БУУнун тиешелүү резолюцияларына ылайык адилеттүү, туруктуу жана ар тараптуу тынчтыкка жетишүүгө болот», — деп баса белгилешти.

Мурда Америка «эки мамлекет чечимин» эл аралык талапка жана бардык мусулман акимдери умтулуп, үгүттөгөн максатка айлантууда ийгиликке жетишкен эле. Бул чечим Палестинанын төрттөн үч бөлүгүнөн баш тартууну жана аны яхудийлерге өткөрүп берүүнү билдиргенине карабастан ушундай болду. Эми болсо Трамп да өзүнүн тынчтык планын акимдердин талабына айлантууда ийгиликке жетишти. Бул план топторду куралсыздандыруу, мужахиддерди куугунтуктоо жана секторду яхудий күчтөрү менен эл аралык оккупациялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөрүү аркылуу яхудий түзүмүн бекемдеп, аны коопсуз жана бейпил кылат. Акимдер эми Америкадан бул планды алдыга жылдырууну жана яхудий түзүмүнө аны аткарууга мажбурлоо үчүн басым жасоону талап кылуудан уялышпай калды. Ал тургай, муну талап кылууну жетишкендик деп эсептешет!

Илгери: «Тоо толготуп, чычкан чыкты», — деп айтылган. Мына эми сегиз тоо толготту, бирок чычкандан башка эч нерсе туулбады жана куфрдан башка эч нерсе сүйлөбөдү!

Бул сегиз мамлекеттин акимдери өз армияларын Судан, Йемен, Сирия, Ливия, Афганистан, Араб булуңу жана башка жерлердеги согуштарга салуудан тартынышкан жок. Бүгүн Палестина менен анын Газасы «эки мамлекет чечими» демилгесин да, Трамптын тынчтык планын да күтүп жаткан жок. Тескерисинче, саны миллиондогон жоокерлерге жеткен армияларынын аларга нусрат берүү жана Палестинаны яхудийлерден тазалоо үчүн кыймылга келишин күтүп жатат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ قَاتِلُواْ الَّذِينَ يَلُونَكُم مِّنَ الْكُفَّارِ وَلْيَجِدُواْ فِيكُمْ غِلْظَةً وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ مَعَ الْمُتَّقِينَ﴾

«Эй момундар, жаныңардагы каапырларга каршы согушкула жана алар силердеги күч-кубапы көрүшсүн! Билип койгула, албетте Алла такыбаадарлар менен бирге». (Тообо: 123).

22.08.26

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button