Сиси яхудийлердин алдында жоош козу, Исламга каршы келгенде айбаттуу арстан!

Сиси яхудийлердин алдында жоош козу, Исламга каршы келгенде айбаттуу арстан!
Египеттин президенти Сиси шаршемби күнү жаңы борбордогу Египет аскердик академиясынын «Ас-Сафва» эл аралык конференциялар борборунда Октябрь жеңиштеринин 53 жылдыгына карата «Баатырлар мекени» деген аталышта өткөрүлгөн Куралдуу күчтөрдүн 44-билим берүү семинарында сүйлөп, Египет акыркы он төрт жыл ичинде терроризмге каршы олуттуу согуш жүргүзгөнүн, бул согушта мамлекет 120 миллиард доллардан ашык чыгым тартканын, мындан тышкары египеттиктер курмандыктарга барып, шахиддер каза болгонун айтты.
Комментарий:
Сиси өзүнүн күнөөкөр жетекчилиги астындагы режими Батыштын жолун жолдоп, «терроризм» деп атаган Исламга каршы күрөшүү үчүн кедей египеттиктердин 120 миллиард доллар каражатын ысырап кылганын айтуудан уялган жок!
Ал бул сөздөрдү Египет калкы жакырчылыктан, ачарчылыктан жана каражаттын тартыштыгынан кыйналып турган учурда айтууда. Ал өзүнөн да, Аллахтын пенделеринен да уялбастан, Египет калкынын дини жана алардын сыймыгы болгон Исламга каршы күрөшүү үчүн элдин акчасын талап-тоноп, алардын жакырчылыгын ого бетер күчөткөнү менен мактанууда!
Ошол эле учурда Аллахтын душмандары болгон яхудийлердин Египет жетекчилигин коркоктукта айыптаган жана алардын түзүмүнө кол салса, Синайдан ажырап калуу менен коркуткан чагымчыл сөздөрүнө токтолгондо, ал тынчтык көгүчкөнү жана жоош козу сыяктуу мамиле кылды. Анткени ал яхудийлерди өзүнүн аларга каршы эч кандай жашыруун пландары да, алдын ала ойлонулган ниеттери да жок экенине ишендирүүгө аракет кылды. Ошондой эле Египеттин көздөгөнү Синай гана болгонун жана аны согуш аркылуу кайтарып алганын айтты.
Ал мындай деди: «Египеттин негизги максаты — өзүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун сактоо, элинин байлыктарын коргоо». Ошондой эле мамлекеттин эч кандай жашыруун пландары жок экенин, анын башкы артыкчылыгы тынчтык жана туруктуулуктун алкагында чек араларын жана улуттук коопсуздугун коргоо экенин баса белгиледи. Сиси үчүн яхудий түзүмүнүн Аллахтын Элчиси ﷺ Исра сапарын жасаган Аль-Акса мечитин басып алып турганы, үч жылдан бери Газадагы боордошторубузга каршы жырткычтык менен согуш жүргүзүп, 75 миңге жакын мусулманды өлтүргөнү, 170 миңге жакынын жарадар кылып, 2 миллион адамды жер которууга мажбурлаганы жетишсиз болуп жаткандай! Ушунун баары яхудий түзүмүн душман деп эсептеши үчүн жетишсиз экен!
Ал Палестинаны басып алган, мусулмандардын балдарын өлтүргөн жана Газадагы боордошторубуздун балдарынын, аялдарынын жана карыяларынын канын аёосуз төккөн яхудий түзүмү жөнүндө сөз болгондо жоош козудай сүйлөйт. Ал эми Исламга каршы күрөшү жөнүндө сөз болгондо айбаттуу арстандай сүйлөйт! Ошентип, Аллах Тааланын момундарды сыпаттаган төмөнкү сөзүнө карама-каршы сүйлөйт. Ага «момундарга каардуу, кафирлерге ырайымдуу» деген сыпат туура келет. Аллах Таала айтат:
﴿مُّحَمَّدٌ رَّسُولُ اللَّهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاء عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاء بَيْنَهُمْ﴾
«Мухаммад Алланын пайгамбары. Аны менен бирге болгон (момундар) каапырларга каардуу, өз араларында (момундар менен) болсо ырайымдуу боорукерлер». (Фатх: 29).
Муну менен Сиси өзүнүн согушу колонизаторлордун согушу экенине, ал эми тынчтыгы алардын тынчтыгы экенине өзү күбөлүк берүүдө. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүн тастыктайт:
﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُواْ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّواْ عَن سَبِيلِ اللّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُواْ إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾
«Албетте, каапыр болгон кимселер байлыктарын адамдарды Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Каапыр кимселер тозокко ташталышы үчүн топтолушат». (Аъраф: 136).
Ошондуктан биз ага анын акыбети Аллахтын душмандарынын акыбетиндей болорун т.а. бул дүйнөдө өкүнүч жана зыян, ал эми акыретте андан да чоң азап болорун кабарлайбыз.
Акыр-аягы, жеңиш сөзсүз Исламга жана такыбаларга таандык болот. Аллах Өз динине, кеч болсо да, сөзсүз нусрат берет. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ الأَرْضَ لِلّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ﴾
«Бул жер, албетте, Аллага таандык. Аны өзү каалаган пенделерге мурас кылып берет. Акыбет-натыйжа болсо такыбаалардыкы (Алладан корккондордуку) болот». (Аъраф: 128).
Саид Фадл




