Комментарий

Кытайдын Кыргызстандын энергетика тармагындагы таасири күчөтүлөт

Кытайдын Кыргызстандын энергетика тармагындагы таасири күчөтүлөт

Кытайдын Циндао шаарында Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи баштаган кыргыз-кытай жумушчу тобунун биринчи жыйыны болуп өттү.

Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн энергетикалык системаларын интеграциялоо, Кытайдан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо үчүн трансчек аралык электр берүү линиясын куруу жана чек ара аймагындагы индустриалдык паркты электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Буга чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосунда көмүр тармагында бир катар кеишимдерди ишке ашыруу боюнча документтерге кол коюлган. Анын алкагында Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу, кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашылган. Эгер ленталык конвейер курулса, Кытайга көмүр экспорту 100 эсе көбөйүшү күтүлөт.

Комментарий:

Маалым болгондой, Кытай өндүрүштүк өлкө болгондуктан, чийки сырьего талап күчтүү. Кытай көмүр импортунун дээрлик жарымын Монголиядан ташыйт. А түгүл, бул өлкөдөн уурулук жол менен миллиондогон тонна көмүр ташылып жүргөнү да ачыкка чыккан. Маселен, өткөн жылы монголиялыктар коррупциялык схемадан улам, өлкө бюджетине 17,6 млрд долларга чейин каражат түшпөй калганына нааразы болуп акцияга чыгышкан. Натыйжада, Кытай бийлиги бул ишке аралашкан аткаминерлерди жазалоого мажбур болгон. Мындан улам, Кыргызстандагы көмүрлөр да коррупциялык жол менен ташылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Айрыкча, кыргыз аткаминерлеринин мындай схемаларды түзүүдө “тажрыйбасы” чоң экени талашсыз. Ал эми, эки өлкөнүн энергетика тармактарынын бириктирилиши коррупциялык тобокелдиктерди дагы да күчөтүп, өлкөнүн Кытайга болгон көз карандылыгын бекемдейт.

Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал. Ал эми, кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдуктар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Балким, өлкөдөгү маалыматтарга ээ болуп, мусулмандарды күзөтүү үчүн ишке ашырылууда.

Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар бою аймакта сакофий таасирин жаюу менен убара болгон. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Нурдин Асаналиев

Back to top button