Ташиев жана “75чилерге” шаардык соттун өкүмү чыкты

Ташиев жана “75чилерге“ шаардык соттун өкүмү чыкты
Бүгүн 10-сентябрда “75чилер каты” боюнча Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды карап, сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза чегерди. “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси “Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу” беренесине алмаштырылып, жаза эки жылдык пробациялык көзөмөл менен чектелди. Бул беренеге ылайык, мүлктү конфискация талабы жокко чыкты.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “75чилер каты” боюнча өкүм чыгарган. Анда айыпталуучуларды “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Буга 9-февралда мурдагы аткаминерлерден турган 75 адамдын президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырганы негиз болгон.
Мындан улам, 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ушуну менен “эки достун” тандем бийлиги аягына чыккан. Муну менен Жапаров алдыдагы шайлоодо атаандаш фигуранын чыгышын алдын алып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууга жол ача алды. Айрыкча, өтмүштөгү бийликтин ыплас иштеринин баарына Ташиевди күнөөлүү кылуу менен аны “саясий өлүккө” айлантуу аракети жүрүп жатат. Буга кошумча, Ташиев жана анын айланасындагы адамдарга кылмыш иши козголуп, алардын күнөөлүү деп табылышы, аларды шайлоо астындагы саясий процесстерден алыстатып, колу буту тушалган абалга алып келет.
Ал эми, бийлик үчүн таасир талаштагы тышкы факторго келсек, өлкөдө негизги таасирге ээ болгон Россия Ташиевдин кызматтан алынышына олуттуу реакция кылган жок. Тескерисинче, айрым орус маалымат каражаттары анын бийликтен алынганын кубаттаган кабарларды таратышты. Бул жагдай Ташиевди кызматтан алууда Россия Жапаровду кыйыр түрдө колдогонун көрсөтөт.
Жыйынтыктап айтканда, 2027-жылдагы шайлоодо Жапаровдун кайрадан президент болуп шайлануусуна азырынча олуттуу тоскоолдук калган жок. Ошентсе да, Кыргызстандагы саясий окуялардын тез өнүгүүсүн эске алсак, шайлоо астында кырдаал өзгөрүп кетиши да ыктымал. Айрыкча, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турган Ташиевдин колунда калган компроматтар оппозициялык саясатчылардын баш көтөрүүсүнө, кырдаалдан пайдалануусуна жол ачышы мүмкүн. Буга кошумча, өлкөдө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын табияты калктын жашоосун оорлотуп барууда. Салыктардын көбөйүшү, анын жаңы түрлөрүнүн киргизилиши, электр энергиясы, ысык суу жана муздак суу сыяктуу негизги муктаждыктагы кызматтардын тарифтери кымбаттоосу, негизги керектөөчү товарлардын баасынын кескин өсүшү калктын нааразылыгын күчөтүп жаткан негизги фактор болууда. Ал эми, калктын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кен байлыктарыбыз инвестор деген аталышта чет элдиктердин талап-тоноосуна дуушар болуп жатат.
Демек, Кыргызстандагы негизги көйгөй бийлик же өлкө башчыларын алмаштырууда эмес. Маселе, аймактагы колонизатор күчтөр бийликтин алмашуусун өз кызыкчылыктарына пайдаланып, буга калктын алданып калуусунда. Андыктан, биз мусулмандар, кайсы бир бийликтин же саясий чөйрөнүн алмашуусуна алданбастан, Ислам негизинде биригип, Ислам идеологиясын көтөрүп чыгуу менен гана бул белгисиздикке чекит коё алабыз. Анткени, Ислам гана Кыргызстандагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирүүчү күчкө ээ. Исламга таянган бийлик гана биздин жерлердеги колонизаторлордун таасирин түп тамыры менен кесе алат. Мындан башка сунушталып жаткан жолдордун баары убактылуу же колонизаторлордун айла-амалдары болуп эсептелет.
Акылбек Исаков




