Технология өнүгүп, жетекчилик артта калып жаткан учурда адамзаттын жаңы түзүмгө болгон муктаждыгы

Технология өнүгүп, жетекчилик артта калып жаткан учурда адамзаттын жаңы түзүмгө болгон муктаждыгы
Инженер Висам аль-Атраш
Күч-кубат тең салмактуулугунун өзгөрүшү
Адамзат тарыхындагы ири өзгөрүүлөр калктар ортосундагы күч–кубат тең салмактуулугунун өзгөрүшү менен гана чектелген эмес. Алар кээде күч-кубат түшүнүгүн, анын булактарын жана максатын өзгөрткөн, ошондой эле баалуулуктардын ирээтин кайра түзгөн пикирлердин жана рисалаттардын пайда болушу менен байланыштуу болгон. Балким, мунун эң көрүнүктүү далилдеринин бири Исламдын пайда болушу болуп саналат. Анткени, Исламдын таасири өз доорундагы күчтөр тең салмактуулугун өзгөртүү жана ошол учурда дүйнөдөгү таасир чөйрөлөрүн өз ара бөлүшүп турган Персия менен Рим империяларын кулатуу менен гана чектелген эмес. Тескерисинче, мындан да ары өтүп, адамдын коом жана мамлекет менен болгон мамилесин кайрадан калыптандырган, адамзат цивилизациясынын өнүгүү жолунда терең из калтырган баалуулуктар менен түшүнүктөрдүн жаңы түзүмүн орноткон.
Чындыгында, Ислам мамлекети адилеттүүлүктүн негиздерине таянып түптөлгөн жана өзүнүн руху менен максатын бүткүл ааламдарга ырайым катары жиберилген рисалаттан алган. Натыйжада, анын цивилизациясы адамзаттын жолун жарык кылган нурга айланып, таасири тарыхтын бардык катмарларына жайылган. Бул болсо дүйнө жүзүн өзгөртүү менен гана чектелбестен, анын негизги өзгөчөлүктөрүн калыптандырууга жана цивилизациялык эс тутумду түптөөгө да салым кошкон рисалаттын күбөсү болуп калды.
Тарых дөңгөлөгү айланып, өнөр жай революциясы жапайы капиталисттик күчтүн логикасына ылайык дүйнөнүн картасын кайрадан чийгендей эле, бүгүнкү күндө адамзат экономиканы, согушту, билимди жана бийликти кайрадан калыптандырып жаткан жаңы технологиялык революциянын босогосунда турат. Бул революция артыкчылыкка жетүүнү билимди өндүрүү жана аны экономикалык жана стратегиялык таасирди бекемдөө үчүн пайдалануу жөндөмүнө байланыштуу кылууда. Бирок бул революция Батыш башынан өткөрүп жаткан терең пикирий жана хазарий кризис менен бир мезгилде жүрүп жатат. Батыш өзүнүн материалдык жетишкендиктерине барган сайын көбүрөөк көз каранды болуп, жасалма хазаратынын жалтыраган көрүнүшүнө улам көбүрөөк алданып, адамзаттын келечеги үчүн жаңыланган инсаний жана ахлакый көз карашты сунуштоо жөндөмүн жоготуп жатат. Ошол эле учурда анда технологиялык өнүгүү менен жашоонун маңызы жана максатына байланыштуу кризистин ортосундагы ажырым улам кеңейүүдө.
2021–2025-жылдары АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору кызматын аркалаган Уильям Бернс 2024-жылдын февраль айында жарыяланган «Шпиондук өнөрү жана башкаруу өнөрү» аттуу макаласында таасири өнөр жай революциясынан же өзөктүк доордун башталышынан да кеңири болгон технологиялык революция тууралуу эскерткен. Ал микрочиптер, жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөр тармагындагы тездик менен жүрүп жаткан өнүгүүлөр дүйнөнү кайрадан калыптандыруу менен гана чектелбестен, чалгындоо иштеринин табиятын жана куралдарын да өзгөртүп жатканын белгилеген. Ошондой эле бул өнүгүүлөр атаандаш күчтөргө маалымат чогултуу, жалган маалымат таратуу жана атаандаштарынын системаларына кирүү үчүн жаңы каражаттарды берип жатканын айткан.
Бул көз караш технологиялык атаандаштыктын маңызы кыйла өнүккөн куралдарга ээ болуу менен гана чектелбей калганын, тескерисинче, аларды күч-кубатты жаратуу, таасир чөйрөсүн кеңейтүү жана эл аралык күрөштөгү күчтөр тең салмактуулугун кайрадан калыптандыруу үчүн пайдалануу жөндөмүнө чейин жеткенин көрсөтүүдө. Балким, Трамптын 2026-жылдын 29-сентябрында чыгарган аткаруучу жарлыгына ылайык, «супер интеллект» (Super Intelligence) деген аталышты «жасалма интеллект» деген термин менен алмаштырууну талап кылышы бул технологияны адамзаттын күч-кубат тарыхындагы өзгөчө секирик катары көрсөтүү багытын чагылдырат. Ошондой эле саясий риторикада ага техникалык сыпаттамасынан да кеңири маани берип, артыкчылык менен үстөмдүк түшүнүктөрүн эске салат. Бирок мындай өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу абсолюттук артыкчылыкка ээ болуу тууралуу жалган элести күчөтүп, алардын ээлерин күч куралдарын көзөмөлдөө башкалардын тагдырын башкарууга жана дүйнөнүн келечегин өздөрүнүн жеке эрки менен аныктоого укук берет деген ишенимге түртүшү мүмкүн.
Вашингтон жана Пекин: Чоң жыйырмалыктан Чоң экиликке (G2)
Америка Кошмо Штаттары технологиялык лидерлигин сактап калууга жана Кытайдын өнүгүшүн чектөөгө умтулуп жатат. Ошол эле учурда бул эки күчтүн ортосундагы атаандаштыкты дүйнөлүк рыноктордун, жеткирүү чынжырларынын жана стратегиялык кызыкчылыктардын өз ара тыгыз байланышкан глобалдык тармагынан бөлүп кароо кыйын.
2026-жылдын июнь айында АКШнын Коргонуу тармагындагы алдыңкы изилдөө долбоорлору агенттиги (DARPA) жана Улуттук илим фонду (NSF) жарыялаган «AI Forge» демилгеси Вашингтондун илимий изилдөөлөрдү улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына кызмат кылдыруу багытын айкын көрсөттү. Бул демилге университеттерди, технологиялык компанияларды жана мамлекеттик мекемелерди бириктирген өнөктөштүк аркылуу иштөө принциптерин түшүндүрүүгө жана башкарууга көбүрөөк ыңгайлуу, ишенимдүүлүгү жогору, чабуулдарга жана манипуляцияларга туруктуураак жасалма интеллект системаларын өнүктүрүүгө багытталган. Бул демилге Американын негизги максаты кыйла өнүккөн моделдерди иштеп чыгуу менен гана чектелбестен, илимий артыкчылыкты туруктуу стратегиялык мүмкүнчүлүккө айландырууну камсыз кылган комплекстүү түзүмдү курууга чейин жетерин көрсөтүүдө. Бирок бул аракеттер абсолюттук артыкчылыкка жетүүгө кепилдик бербейт. Анткени, Америка Кошмо Штаттары алдыңкы микрочиптер, эсептөө технологиялары жана санариптик платформалар тармагында бекем артыкчылыктарга ээ болсо, Кытай эбегейсиз өнөр жай базасына, кеңири өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөргө жана алдыңкы технологияларга улам өсүп жаткан инвестицияларга таянат. Ошондуктан, бул атаандаштык эки күчтүн биринин толук жеңиши менен аяктабастан, тескерисинче, артыкчылык элементтери тармактарга жараша бөлүштүрүлгөн өзгөрмөлүү тең салмактуулукка алып келиши мүмкүн. Мындай шартта Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамилелерди башкаруу келечектеги эл аралык түзүмдүн өзгөчөлүктөрүн аныктоодо чечүүчү факторго айланат.
Мына ушул жерден Чоң экилик (G2) идеясы өзүнүн стратегиялык маанисине ээ болот. Бул идея учурдагы альянс же дүйнөлүк жетекчиликти бөлүштүрүү боюнча расмий келишим катары эмес, тескерисинче, пикирий сунуштан саясий мүмкүнчүлүккө чейин акырындык менен өнүккөн жана терең ойлонууга арзый турган түшүнүк катары каралат.
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Збигнев Бжезинский Вашингтон менен Пекиндин ортосунда эки күчкө глобалдык көйгөйлөрдү биргелешип башкарууга мүмкүнчүлүк бере турган орток жетекчилик формасын түзүүгө чакырган. Ал эми америкалык экономист Фред Бергстен эки күчтүн улам өсүп жаткан салмагына жана алардын кызматташтыгысыз дүйнөлүк экономиканы башкаруунун кыйынчылыгына таянып, Чоң экилик идеясын эл аралык экономикалык координациянын алкагы катары сунуштаган.
Бул идеялар туруктуу расмий саясатка айланган жок. Бирок алар дүйнөнүн туруктуулугунун маанилүү бөлүгү өз ара мамилелерине көз каранды болгон эки күчтүн ортосундагы атаандаштык өз ара түшүнүшүүнүн зарылдыгын жокко чыгарбай турганын эрте эле аңдап-билүүнү чагылдырган.
Бул түшүнүк 2025-жылдын ноябрь айында Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусун «Чоң экиликтин» жолугушуусу деп сыпаттаганда кайрадан саясий күн тартипке чыкты. Бул билдирүү жаңы дүйнөлүк түзүмдүн жарыяланышы болбосо да, дүйнөнү эки тараптуу жетектөө маселесин кайрадан күн тартибине алып чыкты.
2026-жылдын март айында Брукингс институтунун изилдөөчүлөрү бул түшүнүктүн ишке ашуу ыктымалдыктарын Индия жана Тынч океан аймагындагы мамлекеттердин көз карашынан талкуулап, чечим кабыл алуу чөйрөсүнөн сыртта калып калышы мүмкүн болгон мамлекеттер үчүн анын ыктымалдуу кесепеттери тууралуу эскертишкен. Буга чейин Карнеги эл аралык тынчтык фонду 2024-жылы жарыялаган АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин келечеги тууралуу жамааттык изилдөөсүндө атаандаштык шартында жанаша жашоодон тартып кеңири өз ара түшүнүшүүгө чейинки сценарийлерди карап чыккан. Бул изилдөөдө Бергстендин кошкон салымында дүйнөлүк экономиканын айрым иштерин башкаруу үчүн расмий эмес бойдон калса да, иш жүзүндө эки тараптуу жетекчиликтин пайда болуу ыктымалдыгы ачык белгиленген.
Ошентип, бул сунуштар бирдиктүү долбоордун айланасында бирикпесе да, алардын баары бир стратегиялык чындыкта кесилишет. Ал чындык айрым маселелерде Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы атаандаштыкты алардын биринин пайдасына чечүүгө умтулууга караганда, ошол атаандаштыкты башкаруу маанилүүрөөк болуп калышы мүмкүн экендигинде жатат.
Бул ыктымалдык «Фукидид тузагы» деп аталган түшүнүктүн алкагында ого бетер татаалдашат. Бул түшүнүк америкалык тарыхчы Грэм Эллисондун жаңы күч көтөрүлүп чыгып, үстөмдүк кылып турган күчтүн абалына коркунуч туудурган учурда алардын ортосунда кагылышуу болуп кетүү коркунучу тууралуу эскертүүсү менен байланыштуу.
Си Цзиньпин да Кытай менен Американын ортосундагы мамилелер тууралуу сөз кылганда ушул түшүнүктү эске салып, кагылышуу сөзсүз боло турган тагдыр эмес экенин жана эки күчтү бул тузакка түшүрүшү мүмкүн болгон нерсе стратегиялык кырдаалды туура эмес баалоо экенин баса белгилеген.
Ушул көз караштан алганда, Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы ыктымалдуу өз ара түшүнүшүүлөрдү технология, таасир чөйрөсү жана келечекти башкара турган эрежелер боюнча атаандаштык уланып жаткан шартта Кытайдын күчтөнүшүн башкаруу жана түздөн-түз кагылышуудан качуу аракети катары кароого болот. Бирок кызыкчылыктардын кесилиши кагылышуу коркунучтарын ооздуктоо менен гана чектелбеши мүмкүн. Анткени, айрым бурулуш учурларда эки күч Европанын өз алдынча технологиялык жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү көз карандысыз күч борборуна айлануу мүмкүнчүлүгүн чектөөдөн пайда табышы мүмкүн. Бул боюнча ачык жарыяланган келишим же түздөн-түз координация болбосо да ушундай жагдай жаралышы ыктымал.
Вашингтон Европанын кеңири көз карандысыздыкка жетишин Батыш лагериндеги өзүнүн жетекчилигине чакырык катары көрүшү мүмкүн. Ал эми Пекин Европанын соода, технология жана коопсуздук маселелеринде бирдиктүү позицияны кармануу жөндөмүнүн алсырашынан пайда көрүшү мүмкүн.
Бул кызыкчылыктардын кесилиши Европа континентин алсыратууга багытталган биргелешкен стратегиянын бар экенин далилдебейт. Бирок ал изилдөөгө арзый турган бир ыктымалдыкты көрсөтөт. Тактап айтканда, Америка менен Кытайдын ортосундагы атаандаштык алдыңкы планда уланып жаткан учурда, эки тараптын эсеп-кысаптары айрым натыйжаларда бири-бирине дал келип, бул үчүнчү тараптын келечектеги эл аралык түзүмдү калыптандырууга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен ишке ашышы мүмкүн.
Мындай учурда маселе эки күч өз ара атаандаштыгын кантип башкарары менен гана чектелбей калат. Балким, келечектин эрежелерин белгилөө бийлиги алардын колуна топтолуп, калган күчтөрдүн бул эрежелерди иштеп чыгууга иш жүзүндө катышуу мүмкүнчүлүгү азайса, кандай дүйнө пайда болушу мүмкүн деген маселеге чейин жетет.
Жасалма интеллект жана гибриддик согуштар: белгисиздик коркунучка айланган учурда
Технологиялык революциянын кесепеттери экономикалык жана аскердик атаандаштыктын чегинде гана калбастан, согуштардын табиятына жана алардагы чыңалууну күчөтүү каражаттарына чейин жетүүдө. «Антропик» компаниясынын башкы аткаруучу директору Дарио Амодеи жасалма интеллектти өнүктүрүү жарышын жайлатууга чакырды. Мунун максаты — коопсуздук чаралары жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүнүн тездик менен өсүшүнө шайкеш келе алышы үчүн шарт түзүү. Ошол эле учурда бул тармакта иштеген адистердин эң өнүккөн куралдарды аларга толук көзөмөл орнотулганга чейин колдонууга чыгаруунун коркунучтары тууралуу эскертүүлөрү күчөдү. Анткени, жасалма интеллект тармагындагы ири компанияларда иштеген миңден ашуун кызматкер, алардын арасында Амодеи жана «Опен Эй-Ай» компаниясынын жооптуу кызматкерлери да бар, бул куралдарды колдонууга чыгарууну кечиктирүүнү талап кылышты. («Индепендент Арабия», 2026-жылдын 12-сентябры).
Айрым куралдардын көзөмөлдөнгөн болушу керек болгон иштөө чөйрөлөрүнүн чегинен чыгып, аларды көзөмөлдөгөн тараптардын кабары жок эле интернеттеги серверлерге же ресурстарга жеткени тууралуу маалыматтардын пайда болушу менен бул кооптонуулар ого бетер күчөп жатат.
Коркунуч системалардын өз алдынчалыгынын өнүккөн баскычына жетүү ыктымалдыгында гана эмес. Тескерисинче, душман тараптар ишке ашырган киберчабуулдар жасалма интеллекттин көзөмөлдөн чыгып кеткенинин же өзүн-өзү өркүндөтүү баскычына өткөнүнүн далили катары түшүндүрүлүп калышы да мүмкүн. Бул болсо мамлекеттердин ортосунда туура эмес баалоолорго жана эсепке алынбаган чыңалуунун күчөшүнө алып келиши ыктымал.
Ошентип, технологиялык өнүгүү эки миздүү куралга айланууда. Бир жагынан, душманды ооздуктоо жана бутага алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе, экинчи жагынан, санариптик чабуулдар гибриддик согуштун куралдары менен аралашып кеткен эл аралык чөйрөдө түшүнбөстүктөрдүн жана кырдаалды туура эмес баалоонун ыктымалдыгын да күчөтүүдө. Бирок эң кечиктирилгис коркунуч жасалма интеллектти киберчабуулдарды тездетүү, алардын масштабын кеңейтүү жана булактарын аныктоону татаалдаштыруу үчүн пайдаланууда жатат. Бул санариптик диверсияны жалган маалымат таратуу жана жашоо үчүн өтө маанилүү инфраструктураны бутага алуу менен айкалыштырган гибриддик согуштар деп аталган көрүнүштүн алкагында ишке ашууда. 2026-жылдын октябрь айында Франциядагы жүздөгөн дүкөндөрдүн муздатуу системаларына жасалган жана азык-түлүктөрдүн бузулушуна алып келген чабуулдар санариптик системага кирүү кандайча экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна зыян келтирген материалдык диверсияга айланышы мүмкүн экенин көрсөттү. Ошол учурда бул чабуулдарды ишке ашыргандардын ким экени так аныктала элек болчу. (Рейтерс, 2026-жылдын 13-октябры).
«Жашыруун согуштар» деп аталган көрүнүштүн алкагында акылдуу куралдардын татаал операцияларды ишке ашыруу жөндөмү улам өсүп жаткан шартта чабуулдун булагын жана аны ишке ашыргандардын ниеттерин аныктоо ого бетер кечиктирилгис маселеге айланууда. Анткени, кайсы бир мамлекет далилдер толук чогултулуп бүтө электе диверсиялык операцияны өзүнүн стратегиялык атаандашына таандык деп эсептеши же анын табиятын жана артында турган тараптын мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Натыйжада, техникалык белгисиздик саясий жактан туура эмес баалоого же аскердик чыңалуунун күчөшүнө айланышы ыктымал.
Кагылышуу интернеттин материалдык инфраструктурасына, биринчи кезекте эл аралык маалымат алмашуунун басымдуу бөлүгүн өткөргөн деңиз алдындагы кабелдерге чейин жеткенде, коркунучтар бир нече эсеге көбөйөт. Мисалы, 2024-жылы Кызыл деңиздеги кабелдердин иштешинде пайда болгон үзгүлтүктөр чыр-чатактар менен стратегиялык кызыкчылыктар кесилишкен аймакта бул өтө маанилүү байланыш артериясынын канчалык алсыз экенин көрсөттү.
Гибриддик согуш согуш талаасындагы душманды гана бутага албайт. Тескерисинче, анын экономикасын, байланыштарын жана мекемелеринин ишин үзгүлтүккө учуратууга да умтулушу мүмкүн. Ошол эле учурда белгисиз окуянын ачык кагылышууга айланып кетишине жол бербөө үчүн жоопкерчиликти ким көтөрөрүн тактоо зарылчылыкка айланат.
Мындай шартта ири технологиялык компаниялар жөн гана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн кризистерди башкарууга таасир этүүчү тарапка айланууда. Анткени, алар өздөрүнүн чечимдерин жана саясаттарын инфраструктурасын коргоо үчүн бул компанияларга таянууга аргасыз болгон мамлекеттерге таңуулашат. Натыйжада, мындай согуштарга каршы күрөшүүнүн өзү технологиялык көз карандылыкты бекемдөөнүн жаңы жолуна айланууда.
Легитимдүүлүк кризиси жана Европа дилеммасы
Технология өз алдынча туруктуу эл аралык түзүмдү түзө албайт. Анткени, жетекчилик өзүнүн легитимдүүлүгүн күч куралдарына ээ болуудан гана албайт. Тескерисинче, ал эрежелерди ырааттуу түрдө колдонгон мекемелерге, ошондой эле адамзаттын негизги суроолоруна жооп бере турган ахлакый жана цивилизациялык негизге муктаж. Ал эми бул суроолорго колонизатордук үстөмдүктү жана пайдакеч капиталисттик кызыкчылыкты бекемдеген, тынчтыкты күч менен таңуулоо жолу жооп бере албайт.
Газа согушу эл аралык түзүм жарыялаган ураандар, алардын башында турган адам укуктары менен кеңири масштабдагы өлтүрүүлөрдүн жана кыйратуулардын уланышына жол берип жаткан вакыйлыктын ортосундагы терең ажырымды ачыкка чыгарды. Бул аракеттер, алардын ырастоосу боюнча, эл аралык гуманитардык укуктун олуттуу бузулушуна алып келип жатканына карабастан, мындай абал уланып жатат.
Азыркы көрүнүш мыйзам баарына бирдей деңгээлде колдонулбай турганын, күчтүү тарап саясий коргоого ээ болгон учурда күчтүн эрки жоопкерчиликке тартууну токтотуп, эрежелерди өз таасиринен ажырата аларын көрсөтүп тургандай. Бул болсо эл аралык мамилелерди башкарууга тийиш болгон принциптерге караганда, «токой мыйзамы» эл аралык практикадагы реалдуулукту сыпаттоого көбүрөөк ылайык келерин көрсөтөт.
Балким, таң калычтуусу, өзүн көптөн бери дүйнөнүн борбору, туруктуулуктун, гүлдөп-өнүгүүнүн жана мыйзам үстөмдүгүнүн үлгүсү катары көрүп келген Европа бүгүн өзүн оор сыноонун алдында көрүп отурат. 2022-жылдын октябрь айында ошол кездеги Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Жозеп Боррель Европаны калкы эркиндиктен, бакубат жашоодон жана коомдук ынтымактан ырахат алган «бакча» деп сыпаттаган. Ал эми Европадан тышкаркы дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн «токойго» салыштырып, токой бакчаны каптап кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Бирок окуялардын өнүгүшү бакчанын өзү да дүйнөдөгү башаламандыктардан четте калбаганын жана өзүн көптөн бери эл аралык түзүмдүн борборундабыз деп эсептеп келген континент эми анын кризистеринин кесепеттерине көбүрөөк дуушар болуп жатканын көрсөтө баштады. Украинадагы согуштан тартып Газа согушунун кесепеттерине, Ормуз кысыгындагы чыңалууларга, энергетика жана деңиз каттамдарындагы үзгүлтүктөргө, ошондой эле гибриддик коркунучтарга чейин ушундай абал байкалууда.
Ар бир жаңы кризис менен Европанын өз кызыкчылыктарын коргоо жана көз карандысыз жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экени ачыкка чыгууда. Ошол эле учурда анын саясий жана ахлакый бөлүнүүлөрү тереңдеп, коопсуздук жана экономикалык тармактардагы жүктөрү көбөйүүдө.
Бул алсыроо Европанын технологиялык келечекти калыптандыруудагы ордун жоготуу коркунучу менен бир мезгилде жүрүп жатат. Анткени, Америка жасалма интеллект, булуттуу эсептөөлөр жана санариптик платформалар тармагында маанилүү артыкчылыгын сактап калууда. Ал эми Кытай өнөр жайдын жана технологиянын өтө маанилүү тармактарында күчтүү атаандаштык жүргүзүп жатат.
Ошентип, Европа континенти өзүнүн өнөр жай жана санариптик көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн эбегейсиз инвестицияларга муктаж болуп турган учурда, өзүнүн коргонуусун каржылоого жана коопсуздугун бекемдөөгө да милдеттүү болуп калууда.
Европанын дилеммасы ресурстардын же жөндөмдүү адистердин жетишсиздигинде гана эмес, аларды бирдиктүү стратегиялык эркке айландыруунун кыйынчылыгында жатат. Жозеп Боррелдин сөзү менен айтканда, «токой» каптап кетишинен корккон континент бүгүн эрежелердин бийлиги артка чегинип, күчтүн эрки алдыга чыккан дүйнө менен бетме-бет келүүдө. Мындай шартта Европанын тарыхы же байлыгы анын ордун сактап калууга жетишсиз.
Биринин артынан бири келген кризистер Европанын өз кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнүн чектерин, атүгүл анын экономикалык жашоо жөндөмдүүлүгү көз каранды болгон эл аралык соода жолдорунда да ачыкка чыгарды. 2026-жылдын 12-октябрында Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Кая Каллас Кызыл деңизди ачык кармоо Европанын стратегиялык кызыкчылыгына жооп берерин жана эл аралык суулар анын экономикасынын кан тамырлары болуп саналарын, ошондуктан алар бардыгы үчүн ачык бойдон калууга тийиш экенин баса белгиледи.
Бул билдирүү Европа континентинин коопсуздугу менен туруктуулугу анын чек араларынан тышкары болуп жаткан окуяларга канчалык деңгээлде байланыштуу экенин көрсөтөт. Ошондой эле Европанын кызыкчылыктары Американын артыкчылыктуу багыттарына карама-каршы келген учурда аларды коргоого канчалык жөндөмдүү экени тууралуу суроону пайда кылат.
Бул туңгуюк Американын жана Россиянын кызыкчылыктары айрым маселелерде кесилишкен жерде ого бетер татаалдашат. Бул болсо алардын ортосундагы душмандык күч жана кызыкчылык эсеп-кысаптары талап кылган учурда өз ара түшүнүшүүгө тоскоол болбой турганын көрсөтөт.
Эл аралык күч борбору катары өзүнүн мурдагы ордун калыбына келтирүүгө дагы эле умтулуп жаткан Москва көп учурда Американын саясатындагы өзгөрүүлөр түзүп берген мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде аракеттенет. Ал Америка калтырган боштуктардан же анын артыкчылыктуу багыттарын кайрадан иретке келтирүүсүнөн пайдаланат. Бул Сирияда да көрүнгөн. Ал жерде Россия мурда өзүнүн таасирин кеңейте алган, ал эми Америка муну каалаган учурда анын таасири артка чегинген.
Америка менен Россиянын Украина же энергетика маселеси боюнча кандайдыр бир өз ара түшүнүшүүгө жетиши европалыктардын эсебинен милдеттер менен пайдаларды кайрадан бөлүштүрүүгө алып келиши мүмкүн. Анткени, европалыктар өздөрүнүн коопсуздугуна байланыштуу тагдыр чечүүчү маселелер өздөрү көзөмөлдөй албаган келишимдер аркылуу чечилип калуу коркунучуна туш болууда.
2026-жылдын 9-октябрында Дональд Трамп менен Владимир Путиндин ортосундагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Россиянын дизель отунун кошумча көлөмдө рынокторго чыгарууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгени жарыяланды. Ошондой эле АКШнын Каржы министрлиги 2027-жылдын 7-апрелине чейин Россиянын дизель отуну менен байланышкан операцияларга коюлган чектөөлөрдү жеңилдеткен уруксат кагазын чыгарды. Бул болсо Европа менен Украинанын каршылыгын жаратты.
Мындан тышкары, чалгындоо маалыматтарына негизделген баалоолор менен саясий билдирүүлөрдүн ортосундагы айырмачылык Американын Кытай менен Россияны бирдей ооздуктоого болгон аракетин көрсөтүүдө. 2026-жылдын октябрь айында Дональд Трамп Кытай менен Россия Иранга жардам берип жатат деп ойлобой турганын айтты. Ал эми Рейтерс агенттиги АКШнын чалгындоо кызматтарынын буга чейинки баалоолору эки өлкө тең Тегеранга аскердик жардам көрсөткөнүн билдиргенин кабарлады. Бул жардамга буталарды аныктоо максатында берилген спутниктик сүрөттөр жана курал-жарактардын тетиктери кирген.
Бул айырмачылык өз алдынча көрсөтүлгөн жардамдын табиятын же көлөмүн биротоло аныктап бербейт. Бирок ал чалгындоо маалыматтары менен саясий чечимдер дайыма эле бир багытта жүрө бербей турганын көрсөтөт.
Эл аралык күчтөрдүн тең салмактуулугунда болушу мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдүн белгиси катары Кремль 2026-жылдын 18–19-ноябрында Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунун саммити алкагында Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпиндин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.
Эгер бул жолугушуу ишке ашса, Украина, энергетика жана технологиялык атаандаштык маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүлөргө жол ачышы мүмкүн. Бул болсо ири державалардын эсептерине жана кызыкчылыктарына ылайык калыптанышы мүмкүн болгон эл аралык келишимдерде Европанын орду кандай болору тууралуу суроолорду жаратат.
Жасалма интеллект доорунда күч куралдарына ээ болгондор менен аларды колдонуунун натыйжаларына ыңгайлашуу менен гана чектелгендердин ортосундагы ажырым кеңейүүдө. Мындай шартта Европа үчүн коркунуч анын атаандаштарынын күч алышында гана эмес, Европанын өзү башкалардын өз ара түшүнүшүүлөрү ишке ашырылган аянтка айланып калышында жатат. Натыйжада, ал мындай келишимдердин шарттарын түзүүдө тең укуктуу өнөктөш болбостон, алардын экономикалык жана коопсуздук чыгымдарын көтөрүүгө аргасыз болушу мүмкүн.
Нөл тобунан цивилизациялык альтернатива маселесине чейин
Америка менен Кытайдын кызыкчылыктарынын дал келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселеге кайрылсак, «Экилик топтун» (G2) түзүлүү ыктымалдыгы ага карама-каршы келген мүмкүнчүлүктү жокко чыгарбайт. Анткени, бул эки мамлекеттин кызыкчылыктары айрым маселелерде дал келиши мүмкүн, бирок алар эл аралык түзүмдү башкаруу боюнча бирдиктүү көз карашка келе албай калышы да ыктымал.
Мына ушул жерде дүйнөлүк жетекчиликтин карама-каршылыгы көрүнөт. Келечекти калыптандырууда өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эки держава анын эрежелери боюнча макулдашууга жөндөмсүз болуп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда эл аралык мекемелердин алардын атаандаштыгын ооздуктоо же алардын улуттук кызыкчылыктарына негизделген эсептеринен жогору турган өз ара макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгү төмөндөп жатат.
Бул болсо «Нөл тобу» (G-Zero) деген түшүнүккө алып келет. Аталган түшүнүктү саясий тобокелдиктерди талдоого адистешкен «Евразия тобунун» негиздөөчүсү, америкалык саясий аналитик Иэн Бреммер иштеп чыккан. Ал бул түшүнүк аркылуу эл аралык иштерди жетектөө үчүн жетиштүү эркке жана мүмкүнчүлүккө ээ болгон бир дагы өз алдынча держава да, өз ара макулдашкан державалар тобу да жок дүйнөнү сыпаттаган.
Бул мааниде «Экилик топ» «Нөл тобуна» карама-каршы келген көрүнүш болбостон, аны менен атаандашкан ыктымалдуу варианттардын бири болушу мүмкүн. Эки державанын ортосундагы чектелүү өз ара түшүнүшүү айрым маселелерди башкарууга алып келиши ыктымал. Бирок бул туруктуу же адилеттүү дүйнөлүк жетекчиликтин түзүлүшүнө кепилдик бербейт. Ошондой эле алардын ортосундагы атаандаштык жетекчилик боштугуна алып келип, анын натыйжасында кризистер кеңейип, эл аралык координациянын мүмкүнчүлүктөрү азайып кетишине да тоскоол боло албайт.
Бул пикир жасалма интеллект доорунда өзгөчө мааниге ээ болууда. Анткени, ири державалардын ортосунда координацияга болгон муктаждык өсүп жаткан учурда, алардын ортосундагы карама-каршылыктар тереңдеп, өз ара ишеним төмөндөөдө. Бул болсо коркунучтарды мамлекеттер өз алдынча ооздуктай албай турган деңгээлге жеткен технологиялык жарышка жол ачууда. Бирок мындан да терең суроо күч куралдарына ким ээ экендигине же дүйнөлүк жетекчиликте ким алдыңкы орунду ээлегенине гана байланыштуу эмес. Тескерисинче, бул күчтү жөнгө салуучу негизге жана аны багыттоочу максатка байланыштуу.
Эгер Батыш жетекчилиги легитимдүүлүктүн улам күчөп жаткан кризисине туш болуп жатса, Кытай азыркыга чейин эл аралык түзүмгө альтернатива боло турган негиз катары дүйнө жүзүндө кеңири кабыл алынган үлгүнү сунуштай элек. Тескерисинче, дүйнө элдери анын саясаттарына каршы көтөрүлгөн капиталисттик түзүмдүн алкагынан тышкары дүйнөлүк деңгээлде өнүгүүнүн жолун көрбөсө, анда адамзаттын дилеммасы бир күчтүн ордуна башка жаңы күчтү издөөгө байланыштуу эмес. Тескерисинче, ал күчтү адилеттүүлүк менен, өнүгүүнү инсаний кадыр-барк менен, бийликти ахлакый жоопкерчилик менен кайрадан байланыштырган хазарий түшүнүккө болгон муктаждыкта жатат.
Мына ушул жерде исламий цивилизациялык альтернатива алдыга чыгат. Ал өзүнүн негиздүүлүгүн Батыштын артка чегинишинен же дүйнөлүк жетекчиликтеги боштуктан алган долбоор катары албайт. Албетте, кризистердин күчөшү жана азыркы түзүмгө болгон ишенимдин төмөндөшү адилеттүү эл аралык түзүмгө болгон муктаждыкты арттырууда. Ал эми исламий цивилизациялык альтернатива акыйдавий негиздерге, шаръий пайдубалдарга жана Раббаний өкүмдөргө ээ болгон рисалат катары алдыга чыгат.
Ал адамга, коомдук жашоого жана башкарууга болгон көз карашын адамдардын каалоолорунан эмес, вахийден алат. Күчтү адилеттүүлүк, адамдардын ортосундагы мамиленин негизин ырайымдуулук деп белгилейт. Ал эми жер жүзүндөгү халифалык милдетин акыйкатты орнотуу, адилеттүүлүктү бекемдөө жана адамдын кадыр-баркын коргоо жоопкерчилиги катары карайт.
Аллах Таала мындай деди:
﴿ثُمَّ جَعَلْنَاكَ عَلَى شَرِيعَةٍ مِّنَ الْأَمْرِ فَاتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Андан соң, (эй Мухаммад), Биз сени (дин) ишинен бир шарият (анык-айкын жол) үстүндө (бекем) кылдык. Ошондуктан, сен (бир гана мына ушул жолго) жанашкын жана билбей турган кишилердин көңүл каалоолоруна жанашпагын!» (Жасия: 18).
Истихлаф убадасынан дүйнөлүк жетекчиликке чейин
Күтүлүп жаткан цивилизациялык альтернатива окуяларды талдоодон жана алардын келечектеги натыйжаларын алдын ала көрүүдөн чыгарылган жөн гана саясий божомол эмес. Тескерисинче, ал Аллахтын жер жүзүндө халифа кылуу жөнүндөгү убадасына, Расулу ﷺ пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайра кайтып келери тууралуу берген сүйүнчүсүнө жана бул диндин бардык диндерден үстөм болушуна болгон бекем ыйман болуп саналат.
Аллах Таала мындай деди:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾
«Ал (Алла) Өз пайгамбарын Туура Жол жана чыныгы дин менен-эгер мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге жеңүүчү кылуу үчүн жиберген Зат». (Сафф: 9).
Мына ушул негизден улам мусулмандар тарыхты материалдык себептер гана башкарган күч жана таасир үчүн күрөш катары карашпайт. Тескерисинче, аны Аллахтын Өзүнүн макулуктарына карата мыйзам ченемдүүлүктөрү ишке ашкан жана анын алкагында адам адилеттүүлүктү орнотуу, жер жүзүн көрктөндүрүү жана адамдын кадыр-баркын коргоо жоопкерчилигин көтөргөн процесс катары карашат.
Расулуллахтын ﷺ пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын кайра кайтып келери жөнүндөгү сүйүнчүсү саясаттагы өзгөрүүлөрдөн жана күчтөрдүн тең салмактуулугунан жогору турган ыйманий келечекке жол ачат. Бирок бул үммөттү амал кылуу, өзгөрүүнүн себептерин ишке ашыруу, күч-кубаттын каражаттарын даярдоо, мамлекетти куруу жана күтүлүп жаткан цивилизациялык кайра жаралуунун негиздерин бекемдөө милдетинен бошотпойт.
Ошентип, үммөт адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт катары өзүнүн ордун кайрадан ээлейт. Исламий жашоону кайрадан баштап, анын рисалатын бардык үммөттөргө жана элдерге ырайымдуулук жана хидаят рисалаты катары жеткирет.
Демек, Батыш үлгүсүнүн артка чегиниши өз алдынча исламий альтернативанын орношу үчүн жетиштүү эмес. Ошондой эле өткөн доордогу даңктуу жетишкендиктерди эскерүү үммөт уулдарынын кайратын ойготууда жана аларды шыктандырууда канчалык маанилүү болбосун, Аллахтын алдында жоопкерчиликтен куткара турган амалдын ордун баса албайт.
Ошондуктан ыйман менен илимдин, күч менен аманатка берилгендиктин, башкаруу менен жоопкерчиликтин ортосундагы байланышты кайрадан калыбына келтирүү зарыл. Натыйжада, Ислам адилеттүү аткаруучу бийликке ээ болгон түзүмдө, илимий жана өнөр жай тармагында кайра жаралууда, билимди адамды кулга айландыруу үчүн эмес, анын жакшылыгы үчүн пайдаланган технологиялык революцияда, ошондой эле шарияттын жана анын өкүмдөрүнүн алкагында адамдын кадыр-баркын коргоп, кызыкчылыктарын камсыз кылган коомдук өнүгүүдө иш жүзүндө көрүнүшү керек.
Негизги максат үстөмдүктүн Вашингтондон Пекинге өтүшү же күч борборлорунун өзгөрүшү менен бирге үстөмдүк кылуу логикасынын ошол бойдон калышы эмес. Тескерисинче, үммөт асман менен жердин, материя менен рухтун, күч менен адилеттүүлүктүн, өнүгүү менен ырайымдуулуктун, бийлик менен аманаттын ортосундагы байланышты кайрадан калыбына келтире турган цивилизациялык салым кошуу үчүн көтөрүлүшү керек. Ошондой эле жер жүзүндө халифа болууну ага үстөмдүк кылуунун шылтоосу эмес, жер жүзүн көрктөндүрүү жоопкерчилиги катары карашы зарыл. Анткени, жасалма интеллект доорундагы негизги маселе дүйнөнү калыптандыруучу куралдарга ээ болуу гана эмес, аларды багыттоочу мабда, аларды жөнгө салуучу кыйматтар жана алар кызмат кылууга багытталган максат болуп саналат.
Эгер азыркы алгоритмдер өзүнүн аталышында Аль-Хорезминин изин жана анын математика тарыхына кошкон негиздөөчү салымын сактап келсе, анда бул мурасты эскерүү өткөн доор менен жөн гана сыймыктанууга эмес, билимди жаратуу ишин кайрадан баштоого жана келечекти курууга салым кошууга түрткү болушу керек.
Анткени, жер жүзүн көрктөндүрүү — артыкчылык эмес, аманат. Күч — үстөмдүк кылууга берилген укук эмес, жоопкерчилик. Ал эми акыйданын өлчөмүндө бийлик жана мүмкүнчүлүк берүү — аны ишке ашыруучу себептерден ажыратылган убада эмес, тескерисинче, амал кылуу жана Аллахтын коом менен тарыхтагы мыйзам ченемдүүлүктөрүн эске алып, тиешелүү себептерди ишке ашыруу менен байланышкан жоопкерчилик.
Бул контекстте Ислам үммөтүнүн өзүнүн ордун кайрадан ээлеши маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагын Ислам акыйдасынын жана Исламдын жашоого болгон көз карашынын негизинде курууну, санариптик эгемендүүлүккө жетишүүнү жана технологиялык көз карандылыктан кутулууну талап кылат. Бул болсо маалыматты, программалык камсыздоону, технологияларды, электрониканы жана аларды камсыздоо чынжырларын көзөмөлгө алуу аркылуу ишке ашат. Анткени, технология кайра жаралуунун шарттарынын бири болбосо да, мамлекеттин иштеринин бир бөлүгү жана үммөттүн иштерин башкаруунун, ошондой эле дүйнөгө жетекчилик кылуу куралдарынын бири бойдон калат. Ал адамдардын кызыкчылыктарын табанний кылууга, алардын кадыр-баркын коргоого жана Ислам рисалатын бүткүл адамзатка жеткирүүгө кызмат кылдырылат.
Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө ылайык келет:
﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).
Аль вай 485-санынан




