Макала

Трамп администрациясы АКШны кайда алып баратат? (2)

Трамп администрациясы АКШны кайда алып баратат?
(2)

Исам аш-Шейх Ганим

Мурунку макалада (1) санап өткөн Кытайдын өнүгүүсү жана Ислам коркунучу сыяктуу көйгөйлөр Америка үчүн сезиле турган чоң көйгөйлөр болуп эсептелет. Буга кошумча, бажы тарифтери, электрондук чип компаниялардын атаандаштык жөндөмүн арттыруу үчүн мамлекеттин колдоосу, Афганистанды басып алуу, Иранга каршы согуш, өкүмдарларды яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштырууга чакыруу жана башка көптөгөн көрүнүштөрдө да анын көйгөйлөрү байкалган. Ошентсе да Америкадагы капиталисттик көйгөйдүн же чоң кризистин чыныгы маңызы — анын айрым жактары мурда баяндалгандай — эч бир Америка администрациясында талкуу майданы болгон эмес. Трамп администрациясын айтпаганда да, Трамптын өзү Америка капиталисттеринин бири болуп саналат жана ал бийлигин акча табуу үчүн пайдаланганы үчүн айыпталууда. Буга анын Иран менен болгон согушка байланыштуу өзгөрүлмө билдирүүлөрүн жана алардын биржадагы мунай келишимдери менен байланышын мисал кылууга болот. Мындай келишимдерди президенттин ниети алдын ала жашыруун жеткирилген адам гана түзө алат.

Ал тургай, бул маселе өз өкмөтү жана ири компаниялар тарабынан жүргүзүлгөн адаштырууга батып калган Америка калкынын арасында да талкууланбайт. Элдин абалы кээде оорлоп кеткенде, «Уолл-стритти басып алгыла» сыяктуу кыймылга окшогон чакырыктарды көтөрөт. Бирок мындай чакырыктарды мамлекет менен компаниялар тез эле басып, алардын отун өчүрүшөт. Башкача айтканда, Трамп администрациясы капиталисттик системанын өзүнө карата эч кандай оңдоочу көз карашсыз эле Американын көйгөйлөрүн чечүү үчүн келди. Администрация кабыл алган өндүрүштү чет өлкөлөрдөн кайра кайтаруу идеясы же башка ушул сыяктуу чаралар да системаны оңдоо даражасына жетпейт. Анткени мунун жана ушул сыяктуу чаралардын артында жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү өндүрүштү жолго коюу аркылуу Кытайга болгон муктаждыктан кутулуу жана муну Кытайдын экономикасына каршы күрөштүн куралдарынын бири деп эсептөө максаты турат. Башкача айтканда, Кытайды Америка базарынан түшүүчү пайдалардан ажыратуу көздөлөт. Мунун баары Трамп администрациясын Американын эл аралык көйгөйлөрүн чечүүдө туура эмес жол менен жүрүүгө алып барат. Бул жагынан ал өзүнүн оорусу дарылоого аракет кылып жаткан башка оорулардан да коркунучтуу экенин түшүнбөстөн, үй-бүлөсүн башка оорулардан айыктырууга аракет кылган оорулуу жана сабатсыз дарыгерге окшойт.

Эгер президент Трамп Американын көйгөйү анын азайып бараткан ресурстарында экенин түшүнүп жатса, анда ал бул ресурстарды эл аралык шантаж аркылуу алып келүүнү каалайт. Ал муну биринчи администрациясы учурунда эле баштаган. Ошондо Саудияны Катарга басым жасоого түрткөн, натыйжада Катар Трампты ыраазы кылуу жана Саудиянын блокадасын жеңилдетүү үчүн өз каражаттарын Америка экономикасына куйган.

Ал муну Саудиядан да алууну каалайт. Саудия анын биринчи мөөнөтүндө жүздөгөн миллиард долларлык курал-жарак келишимдерин убада кылган, бирок ал суммалардын өтө чоңдугунан улам убадасын аткара алган эмес. Андан соң анын экинчи мөөнөтүндө бир триллион доллар убада кылды. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жасалма интеллектке, башкача айтканда Америка экономикасына 1,4 триллион доллар көлөмүндө инвестиция салууну жарыялады. Ал эми өзү ийне да жасай албайт. Тескерисинче, анын өкүмдарлары каражаттарын мейманканалардагы жыргалчылыкка, майда-барат нерселерге жана Йеменде, Суданда жана башка жерлерде британдардын таасирине кызмат кылуу үчүн берилген курал-жарактарды сатып алууга багытташат.Башкача айтканда, президент Трамп башында турган бул администрация Булуңдагы мунайга бай өлкөлөрүнөн акча өндүрүп алууну каалайт. Ошондой эле башкаларды инвестиция салууга түртүп, андан өзү пайда таба турган эл аралык долбоорлордон да акча табууну көздөйт. Алардын арасында Газаны туристтик курортко айлантуу долбоору, Панама каналын башкарууну көзөмөлгө алуу, сейрек кездешүүчү кендери үчүн Даниядан Гренландияны көзөмөлгө алууну талап кылуу бар. О.э Саудияны Йемендин түштүгүндөгү британдардын малайларына сокку урууга жана Хадрамаут менен андагы сейрек кездешүүчү кендерди көзөмөлгө алууга түртүү бар.Ошондой эле Украинадан Байден администрациясы берген курал-жарактын ордуна Америка анын минералдык чийки заттарын ала турган келишимдерге кол коюуну талап кылуу, Америка Афганистандан чыгып жатканда аргасыз таштап кеткен америкалык курал-жарактарды талап кылуу, Кабулдан Америка оккупация учурунда инвестиция салган Баграм базасына Американын көзөмөлүн кайра орнотууну талап кылуу, Трамптын Иран менен биргеликте Ормуз кысыгын көзөмөлдөп, андан төлөмдөрдү жыйноону талап кылуусу, Иранды Саудия сыяктуу көз каранды мамлекетке айландыруу жана Американын мунай-газ компанияларынын Ирандын мунайы менен газын көзөмөлдөшүн жеңилдетүү үчүн Иранга каршы согуш тутандыруу, Венесуэлага кол салып, анын президентин камакка алуу жана анын мунайын көзөмөлгө алганын жарыялоо да ушуга кирет.

Мындан мурда да, кийин да ал Булуң өлкөлөрүнөн жана дүйнө мамлекеттеринен Американын аскерий коргоосунун ордуна акча төлөөнү талап кылып келет. Мына ушулар — президент Трамп Америка мамлекетинин кан тамырларына акча агыза турган жаңы булактарга айлантууну ойлоп жаткан саясаттар. Ошентип, Америка өзү каалаган нерселерге ээ болуп, дүйнөлүк таасирин күчөтүүгө сарптоого жетиштүү каражатка ээ болууну көздөйт.Ошол эле учурда Трамп администрациясы Америка дүйнөнүн ар бир бурчуна кийлигишүүнү каалабайт, тескерисинче, кийлигишүү өзүнө пайда алып келе турган жерлерди тандап алат деп эсептейт. Мисалы, ал Венесуэланы тандап, анын президентин камакка алат; Нигерияны тандап, мусулмандар христиандарды куугунтуктап жатат деген шылтоо менен аны бомбалайт; Булуң өлкөлөрү менен өнөктөштүктөрдү жана келишимдерди тандайт; Иранга каршы согушат. Трамп администрациясынын көз карашында бул өлкөлөрдүн тобун бириктирген нерсе — мунай жана энергетиканы көзөмөлдөө. Бул көзөмөл Трамп администрациясы кабыл алган Улуттук коопсуздук стратегиясында жазылган. Ал энергетиканы көзөмөлдөө атаандаш мамлекеттердин да, атаандаш эмес башка мамлекеттердин да тагдырын башкарууга жана аларды Американын эркине баш ийдирүүгө мүмкүндүк берерин түшүнөт.

Америка өзүнүн атаандаштарын экономикалык пайдалардан ажыратууну да каалайт. Кытай жана Европа товарларына салынган бажы тарифтери Америка базарынан жүздөгөн миллиард пайда таап жаткан бул мамлекеттерди алсыратат. Бул Американын Кытайдын көтөрүлүшүнө каршы күрөшүү аракеттеринин бир бөлүгү. Ал эми Трамп дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттерине киргизген акылга сыйбаган бажы тарифтери бүткүл дүйнөлүк экономиканы башаламандыкка салды.

Американын экспортун колдоо үчүн президент Трамп АКШнын Федералдык резерв системасынын көз карандысыздыгын жоюуну талап кылууда. Ал анын мурдагы төрагасы Жером Пауэллди акылсыздыкта айыптап, мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө түрткөн. Анткени Пауэллдин саясаты Американын экспортун чет өлкөлөргө көбөйтүү жана Америка базарынын чет өлкөлүк товарлар үчүн жагымдуулугун азайтуу максатында долларды алсыратуу саясатынын алкагында пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча президенттин багытына шайкеш келген эмес.

Трамп Европаны арзан орус энергиясынын булактарынан ажыратып, аны кымбат товар болгон Американын суюлтулган газына байлай баштаган Байдендин саясатын улантты. Европа Америка газынын баасына бир нече жолу нааразылык билдирген, бирок аны сатып алууга аргасыз. Бул Украина согушунан кийин энергиянын кымбат бааларынын таасиринде рецессияга карай бара жаткан Европа мамлекеттеринин экономикаларын алсыратат. Президент Трамп Иранга каршы согушту тутанткандан кийин, Европаны Иранга каршы согушка өзү менен бирге катышууга түртүү үчүн ага тынымсыз жемелөөлөрүн багыттап келет. Иран Ормуз кысыгын жапкандан кийин, Трамп администрациясы Ирандын өз мунайын экспорттоосуна жол бербөө үчүн Иран портторуна блокада киргизди. Бул дүйнөлүк энергетикалык кризисти дагы күчөттү. Трамп кыйытып эмес, ачык эле Америка анын мунайын Булуңдан импорттобой турганын жана кысыктын жабылышынан таасирленбей турганын айтты. Ал Европа менен Кытайды өзүнүн жетекчилиги астында биригүүгө жана кысыкты ачуу үчүн Иранга каршы согушка катышууга чакырды. Башкача айтканда, Америка Иранга каршы согушунун айынан дүйнө жүзүндө мунай менен газдын баасын көтөрдү. Ошол эле учурда ал Ирандын кысыктан өткөндүгү үчүн төлөм алуу талабына негизинен каршы эмес, бирок бул төлөмдөрдөн өзүнө чоң үлүш тийишин каалайт. Иран болсо буга азырынча макул боло элек.

Россияга карата Америка президенти Украинадагы согушту жыйырма төрт сааттын ичинде токтоторун айтып келген. Ал 2025-жылдын август айында Алясканын Анкоридж шаарында Россиянын президенти менен жолугуп, айрым маселелер боюнча макулдашкан. Президент Путин аларды дайыма «Трамп менен Анкоридждеги түшүнүшүүлөр» деп кыйытып айтып келет. Трамп ошол түшүнүшүүлөрдү Украинага таңуулоону каалады. Алардын арасында Украинанын чыгышын Россияга кошуу да бар. Ошондой эле ал Украинадан Америкага бардык экономикалык артыкчылыктарды берүүнү талап кылып, Украина али изилдеп чыга элек келишимге кол коюу үчүн өз министрин Киевге жөнөттү. Украинанын президенти ага дароо кол койбогону үчүн Трамп ачууланды. Ал бирде Россияга жагынууга аракет кылып, бирде ага каршы дагы көбүрөөк санкцияларды киргизип келди. Ал Россиянын өзүнө тез арада жооп беришин каалайт, анын ордуна Украинадагы жерлерди олжо катары берип, Россиянын Кытайдан ажырашын, ал тургай Кытайга каршы саясаттарында өзү менен бирге жүрүшүн каалайт.

Ал эми исламий аймакта Трамп мунай өлкөлөрүнүн өкүмдарларына жагынып, алардын акчаларын алууну көздөйт. Ал алардан жана башка өкүмдарлардан — Иордания, Ирак, Мисир, Пакистан жана Азербайжандын өкүмдарларынан — Иранды Америка күчүнө «шартсыз багынууга» мажбурлоо үчүн яхудий түзүмү менен координация жүргүзүүнү талап кылат. Ошондой эле бардык Ислам өлкөлөрүн яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштырууга, ага жеңилдиктерди берүүгө жана аймактагы кандайдыр бир исламий очокко сокку уруу үчүн аны менен координация жүргүзүүгө чакырат. Анткени ал исламий аймакта келечекте мусулмандардын колуна өтүшү мүмкүн болгон олуттуу бир күчтүн сакталып калышын каалабайт. Ошондуктан Иранда урандын эч кандай байытылышын да, ракеталардын өз алдынча өндүрүлүшүн да каалабайт. Ал яхудий түзүмү Ливанды бомбалап, ал тургай Ливан армиясынын аскерлерин өлтүрүп жаткан учурда да Ливандын аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн каалайт.

Ал Сириядагы Ахмад аш-Шара режиминен өлкөсүн яхудий түзүмүнүн Иранга каршы учактары үчүн өтмөк бойдон калтырууну жана Ливанда согушка катышууну талап кылат. Ошондой эле яхудий түзүмүнүн ордуна Ливандагы Иран партиясына сокку уруу милдетин ага жүктөөнү каалайт.Ал эч кандай исламий көрүнүшкө, аталышка же исламий өңгө чыдай албайт. «Аль-Ихванул муслимин» кыймылын террордук уюм деп жарыялады жана өкүмдарлардын армиялары кандайдыр бир исламий коркунучка каршы согушууда анын ишаратына даяр турушун каалайт.

Ал күрттөрдүн «Касад» уюмунан баш тартты. Америка өзүнүн өкүлү Том Баррактын тили менен бул уюмдун ролу аяктаганын жана Америка бул милдетти Ахмад аш-Шаранын өзүнө жүктөп жатканын жарыялады.

Американын өзүндө болсо Иммиграция полициясы Трамптын саясатын өтө катаал түрдө ишке ашыра баштады, мунун айынан иммигрант эмес америкалыктар да каза болду. Ал түзгөн жаңы Өкмөттүк натыйжалуулук мекемеси Трампка лоялдуу болбогону үчүн он миңдеген жетекчилерди жана мамлекеттик кызматкерлерди кызматтарынан бошотту.

Ал Коргоо министрлигинин — «Пентагондун» атын өзгөртүп, дүйнө мамлекеттеринин үрөйүн учуруп, коркутуу үчүн аны Согуш министрлиги деп атады жана Согуш министрлигинин бюджетин эки эсе көбөйтүүнү талап кылды. Анын согуш министри Хегсет Америкадагы эң жогорку аскерий наамдагылардын болжол менен 40 пайызын кызматтан алды. Ал демократтарга өтө катуу чабуул жасап, мурдагы Демократиялык партиянын президенттерине, өзгөчө Байден менен Обамага чабуул кылуу үчүн бир да мүмкүнчүлүктү кетирбейт. Америка иммиграция саясатындагы жана Трамптын каршылаштарына, өзгөчө демократтарга каршы саясаттагы ички өзгөрүүлөрдүн тереңдигинен улам шок абалында жашап жатат деп айтууга болот. Ал тургай Трамп «жалган маалымат каражаттары» деп атап келе жаткан маалымат каражаттары да бул саясаттын бутасына айланды.

Ал бийлик чөйрөлөрүндө өзүнүн жеке репутациясын орнотууга аракет кылууда. Республикалык партиядан ага каршы чыккан ар бир адамды сындап, чыккынчы деп айыптайт жана өзү дайындаган республикалык кызмат адамдарын да кызматтан бошотот. Ал ички иштер министри Кристи Ноэмди жана юстиция министри Пэм Бондини кызматтан бошотту. Улуттук чалгын кызматынын директору Тулси Габбард, өзгөчө Ирандын өзөктүк программасы жок кылынган эмес деген баяндамасынан кийин Трамптын сындарынын фонунда отставкага кетти. Анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц да отставкага кетти. Ал өзүн сындаган ар кандай республикачыга да чабуул жасайт. Мисалы, биринчи президенттик мөөнөтүндө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон Жон Болтонго жана Трамптын «МАГА» же «Америка биринчи» кыймылында өтө таасирдүү болгон журналист Такер Карлсонго чабуул жасады.

Кылдат карап көрсөк, Трамп администрациясы Америка ичинде жана дүйнө жүзүндө өз максаттарын ишке ашыруу үчүн чоң күч менен киришкенин көрөбүз. Бирок бүгүн Американы каптап жаткан жашоо кымбатчылыгынан (инфляциядан) жана Трамп администрациясынын карама-каршылыктарынан улам бул күч бара-бара төмөндөө жолуна түштү. Анткени ал бир эле сааттын ичинде бир нерсени да, анын карама-каршысын да айтат. Ал Американы исламий аймактагы терең согуштарга аралаштырган Америка президенттерине чабуул жасайт, анан өзү Иранга каршы согуш тутантат. Айрым америкалыктар аны өзүнүн согуштарын жүргүзүүгө сүйрөп жаткан яхудий түзүмүнүн премьер-министрине баш ийип жатат деп айыпташат.

Америкадагы бийлик чөйрөлөрү президент Трампка болгон лоялдуулук бузулса, кызматтан бошотулуп калуудан коркуп өз милдеттерин аткарышат. Ага эң жакын кызмат адамдары да сынга кабылуудан коркуп, ал уккусу келген нерселерди айтышат. Ал өзү үчүн ыйык бир макам жаратып, өзүн Иса алайхиссаламдын сүрөттөрү менен бирге көрсөтөт, Американы өзү башкарып жатканын милдет кылып көрсөтөт, өзүнүн кадырын көтөрөт жана 2025-жылы бийликке кайтып келгенден кийинки кыска мөөнөттө жетишкен ийгиликтери боюнча Американын негиздөөчү аталарынан да ашып түшкөнүн жарыялайт.

Трамп администрациясынын саясаты эл аралык деңгээлде сөзсүз же көбүнчө алып келе турган кесепеттерге өтүүдөн мурда, Америка саясатынын вакыйлыгындагы айрым маанилүү жагдайларды алгач баса белгилеп коюу керек. Советтер Союзу кулагандан кийин Америка дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө үстөмдүк кылып турган. Бул үстөмдүк анын ээси үчүн кызыктыруучу болгону менен, өтө көп ресурстарды талап кылат. Америка бир учурда үч согуш жүргүзүүгө кудуреттүү экенин айтып мактанып келген. Бирок Ирак менен Афганистанда эки согушту бир убакта жүргүзүүгө да кудурети жеткен жок. Иракка толук көңүл буруу үчүн Афганистандагы согушту жылдар бою басаңдатып турду. Ирактан чыгаары менен анда Вьетнам тарыхын кайра жандандырган Ирак комплекси пайда болду. Ирак комплексинин таасири жаңы ири согуштарга кирүүдөн баш тартууда көрүндү.

Андан соң ушул комплекстин басымы астында 2021-жылы Афганистандан кордук менен чыгып кетти. Башкача айтканда, анын аскерий жана каржылык ресурстары бир убакта эки согушту татыктуу деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Ал эки согуштан чыгып бүтөрү менен карыздары анын мойнуна оор жүк болуп түшүп, альтернатива жолдорду издей баштады.

Бул Трамп администрациясы келип, өзүнүн Улуттук коопсуздук стратегиясында дүйнөнүн бардык бурчтарына кийлигишпей турганын жана кийлигише турган өлкөлөрдү тандап аларын жарыялаганда, бул айрым өлкөлөрдөн баш тартууга жана аларды өз ыктыяры менен Американын үстөмдүк чөйрөсүнөн чыгарууга карай ачык багыт болду. Ал тургай бул артка чегинүү жана обочолонуу жолундагы алгачкы кадам эле. Венесуэлада чукул операция жүргүзүп, анын президентин камакка алганда, Кытай компанияларын Панама каналын башкаруудан чыгарганда, Кубанын президентин уурдап кетебиз деп коркута баштады. Батыш жарым шар өзүнүн эң башкы артыкчылыктарынын бири экенин жарыялаганда, анын обочолонууга карай жолу дагы да ачык болуп калды. Башкача айтканда, ал өзүнө жакын чептерин бекемдөөгө аракет кылууда.

Экинчи жагынан, Америка саясатынын жаңы вакыйлыгында Америкадагы бөлүнүү анын тышкы саясатын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн Америка ресурстарын багыттоого тоскоолдук кылууда. Президент Трамп Иранга каршы согуш тууралуу “демократтар Иранга каршы согушта Американын жеңишин каалашпайт, анткени бул жеңиш Трамптын эсебине жазылып калат деп коркушат”, — дейт.Президент Трамп менен анын тобунун Саудияга болгон таасири Байден администрациясынын ага карата саясатына тоскоолдук кылып келген. Америкадагы бул бөлүнүү Америка теңдемесинин эки тарабынын ар бирин өзүнүн эл аралык таасири аркылуу экинчи тарапка тоскоолдук кылуучу абалга алып келди. Ошондуктан европалыктар Америкада демократтардын кайра бийликке келишин күтүп жатышканын көрөсүң, ал эми Россия республикачылардын жана Трамп администрациясынын келишине кубанууда.

Исламий аймактагы Американын малайлары менен ага ээрчигендерге карата да абал ушундай. Бүгүн Саудия, аны менен бирге Эрдогандын Түркиясы жана яхудий түзүмүндө бийликте турган оңчул партиялар аларга ачык жагынган Трамп администрациясынын тушунда жанданып жатышса, Мисир режими өзүн четке сүргөн республикачылардын бийлигинен нааразы болууда. Бул Американын эл аралык таасири демократиялык жана республикалык болуп эки таасирге бөлүнө баштаганын билдирет. Бул болсо Америка саясатын алсыратат жана Трамп администрациясы кыялданган кандай гана жетишкендик болбосун, аны да алсыратат.

Үчүнчү жагынан, Американын ички күчү т.а. сыртта анын саясатчылары менен генералдарынын күчү аркылуу көрүнгөн күч Трамп администрациясынын мамлекеттик аппараттарды демократтарга лоялдуу адамдардан тазалоо үчүн жүргүзүп жаткан четтетүү кампаниясынан улам алсыроодо. Америка өзүнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарынын саясий жана аскерий тажрыйбасынан ажыраганда, бул анын тышкы күчүн да алсыратат. Президент Трамптын диктатордук көрүнүшү жана бардык тарапкерлери менен кызматкерлери аны мактап-даңктап турушун каалоосу да Американын тышкы күчүн алсыратат. Анткени Трамп баарынан президенттин билдирүүлөрүнүн артында бирдиктүү, бекем сап болуп турууну талап кылат, ал эми бул билдирүүлөрдүн көбү бири-бирине карама-каршы келет. А түгүл Ак үйдүн басма сөз катчысы: «Америка эли шайлаган президент ушул», — деп айтууга аргасыз болот.

Трамп мамлекетти жана анын стратегияларын өзүнүн каалоолоруна жана улуулук кыялына баш ийдирүүнү каалайт. Ал мыйзамдан жогору болууну, өзү үчүн үчүнчү президенттик мөөнөттү каалайт жана туугандарын, куда-сөөктөрүн, жакын адамдарын Америкадагы жогорку кызматтардын башына коёт. Алардын эң көрүнүктүүлөрү — Кушнер, Баррак жана Уиткофф. Бул адамдарга аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда тажрыйба жетишпейт.

Соода тармагынан келген президент катары ал байлык менен акчаны Америка ичинде да, сыртында да адамдарды баалоодо башка нерселерден жогору турган өлчөө деп эсептейт. Мына ушул нерсе аны ири байларга жагынууга түрттү. Алардын бири Илон Маск. Трамп аны Өкмөттүк натыйжалуулук мекемесинин башына койду. Ал болсо жогорку даражалуу кызматкерлерди кызматтан алып, алардын ордуна өз адамдарын жайгаштырды. Андан кийин Илон Маск Трамптын салык саясатына дээрлик ачык түрдө чабуул жасай баштады. Маск бул мекемеден өз каалоосу менен кеткенге чейин экөөнүн ортосунда жаңжал болгону тууралуу кабарлар тарады. Бул кризисте Трамп ага өзүн сындаган башка адамдарга жасагандай мамиле кыла алган жок. Анткени Илон Маск Трамптан да бай болгондуктан, Трамп анын алдында өзүн кем сезет. Ошондуктан ал Маскка дээрлик бир жыл бою мамлекетте каалаганын кылууга мүмкүнчүлүк берди. Акыры Маск капиталы бир триллион долларга жеткен астрономиялык байлык менен дүйнөдөгү эң бай адамга айланып, өзүн дүйнөдөгү биринчи триллионер катары каттады.

Америка саясатындагы бул жаңы вакыйлык Трамп администрациясы өзүнүн эл аралык максаттарын ишке ашырууга алсыз администрация катары киришип жатканын билдирет. Бирок анын аракеттеринин күчтүү ыргагы азырынча бул алсыздыкты жаап турат. Ал ыргак жоголгондо, бул алсыздык күн сыяктуу ачык көрүнөт.

Америка президенти Трамп өз өлкөсүнүн тышкы саясатын мыйзамды тааныбаган ээнбаштык менен жетектеп, эч кандай саясий же дипломатиялык үрп-адаттарга баш ийбейт. Ал НАТО мамлекеттеринен каржылык милдеттенмелерин аткарууну жана аскерий чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылганда, өз милдеттенмелерин аткарбаган мамлекеттерди Россиянын президенти Путин менен коркутту. Бул Россиянын президенти НАТО мамлекеттеринин бардыгынын душманы деген калыптан чыгуучу ээнбаштык болду.

Ал Европа жетекчилерин кайра-кайра жемелеп, Европага эч кандай маани бербестен Украина маселеси боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Негизи Америка Европа маселесине өзүнүн европалык союздаштарын колдоо жана Россиянын Европаны чыгыштан кемирип киришине жол бербөө үчүн аралашкан эле. Трамптын текебердиги аны алсыз жана Американын аскерий калканына көз каранды Европа акыры Вашингтондун эркине баш ийип, анын артынан жүрүүгө тийиш деп ишенүүгө түртүп жаткандай.Бирок Европа мамлекеттери бул эркке баш ийген жок. Алар Вашингтонго ачык каршы чыгып, анын Украина кризисин чечүү аракетин четке кага башташты жана Украинанын президентин Вашингтонго каршы турууга түртүштү. Акырында Европадагыдай эле Украинада да Трамп администрациясынын саясатына карата көптөгөн күмөндөр пайда болду. Украина да Европа сыяктуу Американын Украина көйгөйүн чечүү пландарын четке какты. Ал тургай Украина өзүн Европа мамлекети катары көрсөттү.

Трамп болсо Украинаны Американын ага көрсөткөн аскерий жана каржылык колдоосун жакшылык катары тааныбай жатат деп айыптап, ага чабуул жасады. Америка Иранга каршы согушту тутанткандан кийин Европа мамлекеттеринин Америкага каршылыгы дагы күчөдү. Натыйжада Трамп администрациясы Американын салттуу союздаштарынан ажырашына себеп болуп жаткандай көрүндү.

Трамп администрациясы Украинада сунуштап жаткан чечимдер Россиянын кызыкчылыгындагы чечимдер болгону ырас. Анткени Американын көңүлү Россияны Кытайдан ажыратууга бурулган жана Трамп муну тез арада ишке ашырууга болот деп жаңылыш ойлогон.Бирок башында Трамп администрациясынын Украинадагы аракеттерин кубаттап, Европа мамлекеттеринин четке сүрүлүшүн, башкача айтканда Батыш союздаштарынын ортосунда жарака пайда болушун кубаттаган Россия кийинчерээк, Европа мамлекеттери ага каршы Украина армиясын колдоону уланта берсе, Американын Украина боюнча чечиминин эч кандай мааниси жок экенин түшүндү. Ошондуктан ал Трамптан Украина маселесинде комплекстүү чечимди уюштурууну талап кыла баштады.

Трамп администрациясы Европа мамлекеттерин кандайдыр бир деңгээлде ыраазы кылууну каалап, Россия тарапка бир катар талаптарды, анын ичинде Путин согушту токтотууга тийиш деген талапты койгондо, Россия бул талаптарды четке какты. Андан кийин Трамп Россияга каршы жаңы санкциялар киргизилерин жарыялады. Ошентип, Трамп администрациясы Европа менен Украинада көп нерсени жоготкондон кийин Россияны да өз тарабына тарта албай калды.

Украинадагы согуш али бүтө элек болсо да, Америка эки тараптан тең уттуруп жаткандыгы анык. Европа тарапта Европа мамлекеттери Америка күчүнөн өзүнчө болгон күчтү түзүүгө өтө муктаж экенин жарыялап жатышат. Ал эми Россия тарапта президент Путин президент Трамп Бээжинден кеткенден бир нече күн өткөндөн кийин Бээжинге барды. Бул Россия Кытайга эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк доору дагы эле уланып жатканын билдирүүнү каалап жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, Россия Кытайдан ажыроо багытында эч кандай кадам таштаган жок.

Жогоруда айтылгандарга кошумча, Америка президенти бардык саясий үрп-адаттарга далысын салган жолду карманууда. Ал мамлекеттердин, өзгөчө өз өлкөсүнүн союздаштарынын жетекчилерин кемсинтүү менен гана чектелбестен, Гренландияны союздашы Даниядан ажыратып, Америкага кошуп алууну каалайт. Канаданы Американын 51-штаты деп жарыялайт, Венесуэлада эгемендүү мамлекеттин президентин уурдап кетет, Газада, Ливанда жана башка жерлерде адамзаттын жүзүн уятка калтырган кылмыштарында яхудий түзүмүн колдойт, өз өлкөсүн климаттык келишимдерден жана башка эл аралык уюмдардан чыгарат. Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну камакка алуу жөнүндө чечим чыгарганы үчүн Америка бул сотко санкцияларды киргизет.

Ал мунун баарын өтө оройлук жана уятсыздык менен жасоодо. Бул «эл аралык система» деп аталган түзүмдү катуу солкулдоого алып келип, күчтүү алсызды жеп койгон “жунгли мыйзамын” мамлекеттердин эсине салууда. Ошондой эле бул Американын моралдык күчүн же «жумшак күч» деп аталган күчүн анын колунан сууруп алууда. Анткени мурда Америка өзүн демократиянын, адам укуктарынын жана эл аралык укуктун коргоочусу катары көрсөтүп келген. Дал ушул көрүнүш ага 1991-жылы Иракты Кувейттен чыгаруу үчүн өзүнүн артына отуздан ашык мамлекетти топтоого, андан кийин Исламга каршы жүргүзгөн, өзү «терроризмге каршы согуш» деп атаган согушунда да мамлекеттерди өзүнүн артына ээрчитүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Жыйынтыгында, президент Трамптын тизгинсиз күч менен алга умтулуусунан келип чыккан натыйжалар тескери болууда: Америка эл аралык майданда союздаштарын жоготуп, анын саясатынын айланасында көптөгөн күмөндөрдү жаратууда. Натыйжада, утушка ээ болуунун ордуна, ал өзүнүн эл аралык таасиринин бир бөлүгүн жоготууда.

Уландысы бар…

Аль-ваъй журналынын 481-санынан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button