Трамптын администрациясы АКШны кайда алып баратат? (3)

Трамптын администрациясы АКШны кайда алып баратат? (3)
Америка президенти Трамп экономикалык маселелерде Америка рыногу дүйнөдөгү эң чоң рынок экендигинен жана күчтүү экономикага ээ мамлекеттер ага муктаждыгынан пайдаланып, текеберленүүсүн күчөтүп, Американы «андан баш тартууга болбой турган мамлекет» катары көрсөтө баштады. Ушул жагдайдын негизинде ал дүйнөнүн бардык мамлекеттерине, анын ичинде эң чоң бажы төлөмдөрү түшкөн Кытайга да ири бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялады. Ошондой эле Кытайдын электрондук чиптерди экспорттоосуна чоң чектөөлөрдү киргизди.
Кытай да кол куушуруп калбастан, жооп иретинде бажы төлөмдөрүн киргизип, натыйжада америкалык фермерлер Трампка бажы төлөмдөрүн жеңилдетип, алардын айыл чарба продукцияларын Кытайга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн басым жасай башташты. Кытай сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого чектөөлөрдү киргизип, өз экспорттору үчүн альтернативдүү рынокторду издөөнү күчөттү. Ошондо Трамп өзүнүн бажы төлөмдөрүнөн артка чегине баштады.
Мына ошондо ага жана дүйнөгө Кытай Американын чыныгы атаандашына айланганы, ал тургай кайра жаралуучу энергия, электр унаалары жана сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүү сыяктуу бир нече экономикалык тармактарда андан ашып түшкөнү белгилүү болду. Кытай өзүнүн мол каражаттарынан ондогон миллиард долларды өзүнүн чиптерин өндүрүүчү олуттуу өнөр жайды түзүүгө инвестициялап, аз убакытта Америкага болгон муктаждыктан кутулуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Ошондой эле Кытайдын интернет жана технология компаниялары америкалык кесиптештеринен азырынча төмөн турганына карабастан, алар менен олуттуу деңгээлде атаандашууда.
Америка көптөгөн мамлекеттерге, анын ичинде Россияга киргизген санкциялардан кийин Кытай эл аралык соодасында долларга болгон көз карандылыкты азайтууга басымдуу аракет кылууда. Бул санкциялар алардын эл аралык соода мамилелерин башаламандыкка учуратты. Кытай өзүнүн «юань» валютасы менен эл аралык соода операцияларын көбөйтүү багытында ишенимдүү кадамдар менен бара жатат. Натыйжада Кытайдын эл аралык соодасынын 40%ы долларсыз жүргүзүлө баштады. Бул чоң көрсөткүч болуп, доллардын эл аралык абалына коркунуч жаратууда.
Бул багыт Америкага чоң тынчсыздануу жаратууда. Анткени доллар анын финансылык кубатынын башкы жана дүйнөдөгү экономикалык кубатынын негизги тиректеринин бири болуп эсептелет. Президент Трамптын саясаты жана пайыздык ченди көтөрүү же төмөндөтүү маселеси, Американын Федералдык резервин катуу сынга алышы финансы тармагында дүйнөлүк деңгээлде жер титирөөгө тете таасир жаратты. Натыйжада, долларга көз каранды мамлекеттерде – Трамптын администрациясы анын наркын көзөмөлдөп жаткандыктан – ага болгон көз карандылыкты азайтууга түртүүдө.
Ал эми Трамп киргизген бажы төлөмдөрүнөн 2025-жылдын ичинде болжол менен 260 миллиард доллар чогултулган. Бул товарлардын баасы кымбаттагандыктан, анын оорчулугун америкалык жарандар көтөрүштү. Ошол эле учурда башка мамлекеттер жооп иретинде Америка товарларына киргизген бажы төлөмдөрүнөн болжол менен 220 миллиард доллар чогултушту.
Башкача айтканда, Трамптын саясаты мамлекетке өз жарандарынын чөнтөгүнөн алынган аз гана пайда алып келди, ошол эле учурда мамлекеттер Америкага жооп иретинде киргизген бажы төлөмдөрүнөн улам америкалык компаниялардын чет өлкөлөрдө атаандашуу мүмкүнчүлүгү төмөндөдү.
Трамп өзүнүн жарыялаган саясаты аркылуу мындан жыйырма жылдан ашуун убакыт мурун чоң бөлүгү Кытайга көчүрүлгөн Американын өндүрүшүн кайра жандандырууну көздөп жатат. Америка өз компанияларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өндүрүштү жумушчу күчү арзан болгон Кытайга жана башка өлкөлөргө чыгарууну каалаган жана буга жетишкен. Америка дүйнөлүк экономиканы көзөмөлдөй ала турганына бекем ишенип, өнөр жайын чет өлкөлөргө, айрыкча Кытайга чыгарган. Анткени ал өзүн эң күчтүү куралга, эң көп акчага ээмин жана илимий изилдөөлөрдүн тизгинин кармап турам деп эсептеген. Башкача айтканда, ал аскерий жактан эң күчтүү жана инвестициянын багытын да, аны өнүктүрүү маселесин да өзүм чечем деп эсептеген. Бирок Американын бул көз карашы Кытай менен болгон мамиледе толугу менен ийгиликсиз болду.
Америкалык компаниялар технологияны өткөрүп берүү боюнча Кытайдын саясатына ылайык өз тажрыйбаларын толугу менен Кытайга өткөрүп беришти. Бул саясат аркылуу Кытай чет өлкөлүк компанияларды өз тажрыйбаларын Кытайдын ичинде толугу менен жайылтууга мажбурлады. Кытай инженерлери тажрыйба топтоп, аны атаандаш кытайлык компанияларга алып өтүштү. Убакыттын өтүшү менен Америка ошол тажрыйбадан айрылды, ал тургай аны Америкага оңой жана кыска мөөнөттө кайра кайтара албайт.
Ошондой эле бул америкалык компаниялар Трамптын саясатына каршы турушууда жана алардын көпчүлүгү Америкага кайтууну каалашпайт. Буга Кытайда алар тапкан жеңилдетилген салыктар, арзан жумушчу күчү жана Кытай рыногуна оңой жетүү сыяктуу артыкчылыктар себеп болууда. Бул рынок да эбегейсиз чоң болуп калды жана ири компаниялар анда атаандашууда, ошондуктан алар аны курмандыкка чалууну ойлоно алышпайт.
Ооба, ондогон компаниялар айрыкча электрондук чиптер тармагында Америкага кайрадан инвестиция салууга даяр экенин жарыялашты. Бирок бул Америкадагы жумуш орундарынын санына таасирин тийгизген жок. Башкача айтканда, азырынча бул сөз бойдон калууда.
Президент Трамп иммиграцияга каршы саясатын катаал түрдө ишке ашырып, миңдеген латын америкалык жумушчуларды өлкөдөн чыгара баштады, мунун натыйжасында айыл чарба тармагындагы америкалык инвесторлор чоң жоготууларга учурап, жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам Американын ичинде айыл чарба продукцияларынын баалары кескин жогорулады.
Американын өнөр жайды Кытайга көчүрүүдөгү ийгиликсиздигинин дагы бир жагы — Кытайдын бай мамлекетке айланышы болду. Ал армиясын өнүктүрүп, кемелерди, учактарды жана өзөктүк куралдарды өндүрө баштады. Анын эл аралык инвестициялары Американын инвестицияларынан ашып кетти. Университеттерин жүздөгөн миллиард доллар менен колдоп, илимий изилдөөлөрдө Америка менен жарыша баштады жана ага жакындады. Андан кийин 2015-жылы инновациялар жана патенттер боюнча Америкадан озуп кетти. Кытайда инновацияларды каттоого берилген арыздардын саны Америкадагыдан эки эсе көп деңгээлге жетти. Ошентип, абал толугу менен тескерисине өзгөрүп, бүгүн Америка Кытай инновацияларынын артынан жетүүгө аракет кылып калды. Мунун баары өтө тездик менен жүрүп, Американын Кытайга салыштырмалуу абалын жылдан-жылга ого бетер солкулдатып жатат.
Ресурстарды тартуу, экономикасын жана өз валютасы долларды бекемдөө үчүн Америка өзүн дүйнөнүн финансылык борбору катары сактап калууну көздөйт. Учурдагы шарттарда буга жетишүү үчүн Америкада пайыздык ченди көтөрүп, доллардын наркын бекемдөө аркылуу каражаттарды өзүнө тартуу зарыл. Бирок Трамп Америка экспортун күчөтүү үчүн пайыздык ченди төмөндөтүүнү каалайт. Трамптын бул багыты анын администрациясынын тушунда доллар алсыздануу жолуна түшкөндүктөн, доллардан кутулуу жана андан алыстоо жараянын тездетүүдө. Башкача айтканда, Трамптын финансылык саясаты Американын эл аралык финансылык борбор катары абалын алсыратууда.
Бул Кытай атаандаш катары көтөрүлүп, Кытайды эл аралык финансылык борборго айлантып, америкалык борбор менен атаандаша баштаган учурда болуп жатат. Бирок Трамп администрациясынын финансылык саясаты Американын байларына кызмат кылууга багытталган. Бул мамлекеттин туруктуу саясаты болуп, Американын атаандашуу жөндөмүн алсыратууда. Америкадагы мамлекеттик финансылык колдоо — коронавирус пандемиясы учурунда көрүнгөндөй — байларды колдоого багытталат. Алардын көпчүлүгү өндүрүштө эмес, биржаларда, акцияларда жана финансылык сооданын башка тармактарында иштешет. Ошондуктан Американын мамлекеттик колдоосу т.а. салык төлөөчүлөрдүн акчасы финансылык соода компанияларынын дагы көбүрөөк чоңоюшуна алып келди, бирок бул Америкада жумуш менен камсыз кылууга жана жумушсуздукту жоюуга таасирин тийгизген жок.
Бүгүн Трамп администрациясынын Федералдык резервдеги жана Каржы министрлигиндеги айрым жетекчилери бул багытты тескерисине өзгөртүүнү, башкача айтканда, Америкага каражаттарды тартуу үчүн пайыздык ченди көтөрүүнү жана мамлекеттик колдоону өндүрүшкө топтоону каалап жатышат. Бул кечигип жасалып жатат жана Америка ичиндеги, ал тургай Трамп администрациясынын ичиндеги финансылык саясаттар жана алардын мамлекетке тийгизген таасири тууралуу пикир келишпестиктер канчалык терең экенин көрсөтүүдө. Мунун баары өзгөчө кырдаалга окшогон, башкача айтканда, тажрыйба жүргүзүп, анын натыйжаларын күтүүгө убакыт жок кезде болуп жатат. Тескерисинче, Америка карыздардын көбөйүүсүн токтото турган кандай гана финансылык булак болбосун, ошого муктаж болуп турат. Башкача айтканда, Трамптын экономикалык жана финансылык маселелердеги саясаты — Америка ичиндеги иммиграция саясаты болобу же тышкы саясаттагы бажы төлөмдөрү жана өндүрүштү Америкага кайтаруу болобу — ийгиликтүү болору кепилденген эмес. Ошондой эле Трамптын эл аралык майдандан Америка үчүн жаңы ресурстарды тартуу аракеттери өз жемишин бербей жатат. Трамп жана Согуш министрлиги (Пентагон) Конгресстен 2026-жылга 1 триллион 500 миллиард долларлык эбегейсиз аскерий бюджетти бекитүүнү суранганын жарыялаганда, бул жарыянын артында карызды көбөйтүүдөн башка дээрлик эч кандай каражат булагы болгон жок. Ал эми бул карыздар азыркы көлөмү эле Америка үчүн кыйратуучу коркунучту жаратып, анын мойнуна оролуп, муунтуп жиберүүгө аз калган арканга айланган. Анда аны дагы көбөйтүү тууралуу эмне айтууга болот?!
Эгер Трамп белгилүү бир багытта план түзсө, анын алдынан башка бир тоскоолдук чыгууда. Мисалы, Америка Иранды ага көз каранды мамлекетке айландыруу үчүн жүргүзүп жаткан согушунда чоң финансылык чыгымдарды тартып жатат. Америка мунун артынан өз компанияларына Ирандын мунайын жана газын талап-тоноого жол ачууну каалайт. Бирок Иран революциясынын сакчылар корпусу Америкага багынган жок. Ошондо Америка Иранга деңиз блокадасын киргизип, бул нерсе анын согуш чыгымдарын дагы көбөйттү.
Андан кийин Булуң өлкөлөрүнүн мунай экспорту токтоп, алардын бюджеттери каражатка муктаж болуп калды. Натыйжада алар Америкадагы инвестицияларынан акчаларын чыгара башташты. Бул согуш чыгымдарынын өсүүсү жана Булуң өлкөлөрүнүн каражаттарды чыгарып кетүүсүнүн баары Америка компаниялары Ирандын мунайын жана газын талап-тоноого жакындап же алыстап жатканын так билбей турган учурда болуп жатат. Трамптын Иран менен байланышкан туңгуюк саясатындагы чыңалуу абалын мына ушуну менен түшүндүрүүгө болот.
Трамп администрациясы башкаларды алсыратуу Американы күчөтүүгө барабар деген логика менен бара жатат. Бирок ал союздаштары менен душмандарын айырмалабастан, баарын алсыратууга аракет кылууда. Германиядагы өнөр жай токтоп калуу абалына түшүп, Европада жалпы экономикалык алсыздык пайда болуп, Британиянын экономикасы кыйроо коркунучунун алдында тургандыгы азыркы учурга чейин биз көрүп жаткан натыйжа. Башкача айтканда, Американын саясаты Европаны чындап эле алсыратты, бирок Кытайды алсырата алган жок.
Натыйжада Европа мамлекеттери өз армияларына көбүрөөк каражат бөлүү үчүн кыйналып, оорчулук тартып жатышса, Кытай өзүнүн аскерий өндүрүшүн кооптуу деңгээлде көбөйтүүдө. Башкача айтканда, Америка Европадагы өз союзун жана союздаштарын алсыратты, бирок Кытайды алсыратууда ийгиликсиз болду. Бүгүн Америка кандайдыр бир экономикалык саясатты пландаса, көп өтпөй анын терс таасирлерин өзү пландабаган башка тармактардан көрүүдө. Ошентип, ал мурдагыдай ар тараптуу пландаштыруу жөндөмүнөн ажырап, иштер анын колунан чыгып кетүүдө. Бүгүн дүйнөлүк шамалдар Американын кемелери каалабаган тараптан согууда.
Бүгүн президент Трамп Америка аскерий жактан эң күчтүү мамлекет, анын өнөр жайы дүйнөдөгү эң мыкты өнөр жай жана бардык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрү да ошондой экенин көп айтууда. Бул билдирүүлөр күчтүн Кытай тарапка тез өтүп жатышынан улам Америкадагы тынчсыздануунун канчалык олуттуу экенин көрсөтүүдө. Ал тургай күч-кубат Американын жана жалпы эле Батыштын колунан чыгып кетиши Америка менен Батыштын ийгиликсиздигинин жана бул капиталисттик түзүмдүн банкрот болууга жакындашынын алдында жалпы көрүнүшкө айланды. А түгүл Иран жана Түркия сыяктуу ири эмес мамлекеттер да заманбап согуштарда катышып, мааниси улам өсүп жаткан учкучсуз учуучу аппараттарды дээрлик өз алдынча өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышты.
Ал тургай Россия сыяктуу ири мамлекеттер да бул учкучсуз учуучу аппараттарды алуу үчүн аларга кайрыла баштады.
Күн сайын ачыкка чыгып жаткан Американын ушул алсыздыгынын фонунда белгилүү америкалык консервативдүү журналист Такер Карлсон Ирандын Ормуз кысыгын жабышы Американын аскерий күчүнүн чектерин ачып бергенин айтты. Анткени Америка дүйнөдөгү маанилүү кысыктарды көзөмөлдөөсү солгундаса, улуу держава бойдон кала албайт. Бул көзөмөл эл аралык сооданы көзөмөлдөө жана дүйнө жүзүндөгү байлыкты көзөмөлдөө дегенди билдирет.
Согуш учурунда Ирандын Ормуз кысыгын жабууда ийгиликке жетиши Американын аскерий үстөмдүгү, ошондой эле дүйнөлүк соода жана байлык үстүндөгү үстөмдүгү алсырап, чыныгы алсыздыкка кабылганын көрсөттү. Америкалыктар үстөмдүктү сактап калуунун чыгымы андан түшкөн пайдадан кыйла жогору экенин айтып жатканда, бул алсыздык ого бетер тереңдеп баратат.
Мисалы, Америка армиясы Ормуз кысыгын Иран менен кеңири масштабдуу согуш жүргүзүү аркылуу гана ача алат. Америка армиясы мындай согушту жүргүзүүгө жана анда жеңишке жетүүгө жөндөмдүү болушу мүмкүн. Бирок мындай согуш Американын Ирактагы туңгуюгуна салыштырмалуу эч бир жагынан жеңил болбойт. Башкача айтканда, Ормузду кайрадан көзөмөлгө алуу үчүн жүргүзүлгөн мындай согуш Американын күчүн Иранда сарптап түгөтүшүнө алып келиши мүмкүн. Натыйжада ал андан чыгып, мисалы, Кытайдын айланасында же дүйнөнүн башка бир жеринде башка согуш жүргүзүүгө жетиштүү күчкө ээ болбой калат.
Мисалы, Америка 2025-жылы Фордо объектисине чептерди тешип өтүүчү 14 бомба менен сокку ургандан кийин Америкада ушуга окшогон дагы бир операцияны жүргүзүү мүмкүнчүлүгү калган жок. Мындай бомбаларды өндүрүү үчүн көп жылдар жана көп каражаттар талап кылынат. 2026-жылдагы согуш учурунда Америка көп колдонгон башкарылуучу бомбалар менен ракеталардын саны да ушундай эле азайган. Бул Трамптын Ирандан «сөзсүз багынуу» талабынан артка чегингенин түшүндүрөт.
Трамп администрациясы анын таасир чөйрөсүндө жүргөн мамлекетке каршы жүргүзгөн бул согуш Американын күчү үчүн чоң артка кетүү болду. Мындан тышкары, Американын союздаштарынын, ага көз каранды мамлекеттердин жана малайларынын арасында Американын саясатына болгон ишенимге да чоң сокку урду.
Американын улам кайталанып жаткан артка кетүүлөрүнүн шартында ал өзүнүн эл аралык жүктөрүнүн айрымдарын таштоо, башкача айтканда, артыкчылыгы жогору аймактарды сактап калуу үчүн дүйнөнүн айрым аймактарынан чыгып кетүү жөнүндө ойлонууга аргасыз. Бул чоң сыноо. Бүгүн Америка өз күчтөрүн Европадан акырындык менен чыгарып жатат. Европа Россиядан коргонуу үчүн Американын аскерий калканын сактап калууну өтүнүп жатканына карабастан, Америка келечекте да буга жол бербей, бул мамлекеттерди жемелеп, өздөрүн өздөрү коргошу керектигин айтууда. Башкача айтканда, ондогон жылдар бою Америка саясатынын борбору болуп келген Европа Кытайдын жана Исламий аймактын каршысында мурдагыдай калган жок. Анткени Кытайдын чоң экономикалык коркунучу жана Исламий идеологиялык коркунуч, экөө тең Американын улуулугуна жана эл аралык үстөмдүгүнө коркунуч туудурууда.
Америка Булуң мамлекеттерин Иранга каршы согушка тартууда ийгиликсиз болду. Башкача айтканда, өзүнүн малайларын жана ага көз каранды мамлекеттерди өз ресурстары жана армиялары менен Американын согушун жүргүзүүгө тарта алган жок. Америка армиясы өзүнө жабышкан яхудий түзүмү менен бирге согушту өзү жүргүзүп калды. Бул душмандарды да, союздаштарды да кыжырдантып, Американын өз союздаштарын мобилизациялоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылган Трамп администрациясынын саясатынын ийгиликсиздигин көрсөттү.
Трамптын текебердиги дүйнөлүк үстөмдүктү сактап калуу үчүн жүргүзүлүп жаткан согуштардын эң чоң жүгүн Американын өзүнө жүктөөгө алып келүүдө. Башкача айтканда, бул анын дагы көбүрөөк алсырап, күчүнүн сарпталышына алып келет. Трамп администрациясы мамлекеттин дүйнөлүк аброюн пайдаланууда да ийгиликсиз болду. Иранда Америка ирандыктарды аны менен согушка кирүүдөн коркута турган позицияны карманган жок. Тескерисинче, Америка жогорку даражалуу жетекчилерди, алардын ичинде Жогорку лидерди да өлтүрө баштады. Бул Иранды өзүнүн бардык күчүн ишке салууга түрттү.
Иран Американын аскерий базаларына, анын союздаштарына жана яхудий түзүмүнө чабуул жасады. Ошентип, Ирандын чабуулу Америка базаларынын жана анын союздаштарынын аброюн түшүрдү. Америка өз аброюнан айрылып, аскерлери, жабдуулары жана чыгымдары жагынан жоготууларга учурай баштады. Мунун баары текебердиктин натыйжасы.
Трамп өз талаптарын 100 % ишке ашырууну каалайт жана алардын 95 пайызы ишке ашып калышына канааттанбайт. Иран Америкага каршы чыгып, Ормуз кысыгын жаап, Америка аны ача албай калганда, Американын ушул текебердиги өзүнүн алсыздыгы менен күчсүздүгүн ачыкка чыгарды. Андан кийин Трамп артка чегинип, мазмуну жагынан Обаманын 2015-жылы Иран менен түзгөн келишиминен анча деле айырмаланбаган келишимге жетүүгө аракет кыла баштады.
Исламий аймакта Трамп администрациясынын багыттары төмөнкү окуяларда көрүндү:
Биринчи: яхудий түзүмүнүн Газадагы согушунда Трамп администрациясы яхудий түзүмүнө бардык колдоону көрсөттү. А түгүл Байден администрациясы яхудий түзүмүнө бербей кармап турган аз калган оор бомбалардын кампаларын да Трамп кайрадан толук ачып берди. Бул яхудий кылмыштарынын алдында ал өкүмдарлардан яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштырууну талап кылды, Иранды ооздуктоо үчүн аны менен координация жүргүзүүнү талап кылды жана яхудий түзүмүнүн кылмыштуу операцияларына суктанганын жарыялады. Алардын арасында миңдеген ливандыктарга каршы пейжерлерди жардыруу операциясы да бар, алардын көбү аскерий кызматкерлер эмес, жай тургундар эле.
Трамп администрациясынын тушунда яхудий түзүмүнүн кылмыштары жаңы чектерге жетти. Ал жаңы вакыйлыкты таңуулоо, бул өлкөлөрдүн өкүмдарларын өтүк менен тебелөө жана башка өкүмдарларды коркутуу үчүн араб борборлорун — Бейрутту, Дамаскты жана Доханы — бомбалоого чейин жетти.
Ырас, аймактагы малай өкүмдарлар баш ийип, өздөрү катышпаган согуштагы кыйратуучу жеңилүүгө окшогон бул мажбурлоочу үстөмдүктү кабыл алышты. Бирок анын кесепеттери Америкага да, а түгүл яхудий түзүмүнө да жакшылык алып келбейт.
Биринчи катардагы өкүмдарлар өздөрүнүн кордугунун тереңдигинен, өз элдерин душман катары караганынан жана келечегин Америка менен яхудий түзүмүнө байлап койгонунан улам бул кылмыштардын алдында баш ийүүгө, дагы көбүрөөк кордукка жана яхудий түзүмү менен координация жүргүзүүгө макул болушууда. Бирок бул өкүмдарлар өздөрүнөн дагы деле кандайдыр бир жакшылык күткөн калк канчалык аз болбосун, акыркы колдоодон да ажырашты.
Ал тургай башкаруунун төмөнкү катмарларында да ишеним менен берилгендик жоголду. Бул катмарлар түзүмдөн айрылып, өзгөрүүнүн келечегин күтүп, эски жетекчиликтин ордуна жаңы жетекчилик чыгышын күтүп турушат. Анткени бул катмарлар болуп жаткан окуялар жашоодогу акылга сыярлык бардык чектерден ашып кеткенин көрүштү.
Экинчи: Америкага малай жана ага көз каранды болгон аймактагы өкүмдарлар Америка Ирандын Ирактагы, Афганистандагы жана Сириядагы кызматтарын кантип четке какканын, андан кийин яхудий түзүмү менен бирге ага каршы 2025 жана 2026-жылдары эки согуш жүргүзгөнүн көрүштү. Америка Иранды өзөктүк жана ракеталык күчүнүн бардык элементтеринен ажыратууну каалоодо. Иран болсо эртеден кечке өзөктүк курал жасоону каалабай турганын айтып кыйкырууда.
Трамп администрациясы Америкага кызмат кылган эч кимди барктабайт. Бул аймактагы ага көз каранды өкүмдарларды коркутуп, Америка алардан баш тартып, аларга каршы согушуп, тактыларын кулатып салышы мүмкүн деген коркунучту жаратууда.
Ошондуктан бул өкүмдарлар өздөрүнүн терең кордугуна карабастан, Трамптын тушунда Америкадан коркуп, анын пландарынан кооптонуп калышты. Башкача айтканда, ишеним жоголду. Ишеним жоголгондо бул өкүмдарлардын Америкага жана анын кызыкчылыктарына кызмат кылуудагы демилгеси токтоп, иш талап кылынганда жана эң минималдуу деңгээлде аткаруу менен чектелет. Мунун өзү эле Трамп администрациясы аңдабай жаткан Америка саясаты үчүн жоготуу болуп эсептелет.
Үчүнчү: Америка аймакта, айрыкча Булуң мамлекеттеринде өзүнүн аскерий базаларын көбүнчө ошол мамлекеттердин каражатына курган. Анткени өкүмдарлар бул базалар алардын өлкөлөрүн жана тактыларын коргоо үчүн курулган деген Американын пропагандасына ишенишкен. Бирок Америка Иранга каршы согуш баштап, Иран революциясынын сакчылар корпусу бул базаларды аткылай баштаганда, өкүмдарлар Американын бул базалары аларга балээ-кырсыктарды гана алып келгенин түшүнүштү. Ал тургай бул базаларды абадан коргоону ошол өкүмдарлардын армиялары өздөрү аткарып жатышат. Бул базалардын айынан бул өлкөлөрдүн Иран менен согушка аралашып кетүү ыктымалы да бар.
Америка бул базалардын өкүмдарларды жана алардын тактыларын коргоодогу ролу тууралуу пропагандасын улантып жатканына карабастан, Иран согушунан кийин пайда болгон жаңы вакыйлык Американын бул сөздөрүн толугу менен жокко чыгарууда. Ошондуктан бул өкүмдарлар өздөрүнүн кордугуна карабастан, Американын пропагандасына ишенбей калышты. Ошентип, Трамп администрациясынын ойлонбой жасаган кадамдары жана маселелерге бир жактуу карашынын айынан Америка өз таасирин тереңдетүүдө жоготууга учурап жатат.
Булуң мамлекеттери Американын яхудий түзүмүн чындап кандай коргогонун, Америка аны бир нече мамлекеттен, деңизден жана яхудий түзүмүнүн өзүнүн ичинен кантип коргогонун жана Ирандын ракеталарын андан кантип кайтарганын көрүштү. Бирок бул өлкөлөргө карата андай коргоо болгон жок. Буга Ирандын Ормуз кысыгын жабышынан улам Булуң мамлекеттери тарткан жоготууларды да кошсок, өкүмдарлардын Америка менен болгон мамилесине байланыштуу эсептери сөзсүз түрдө күмөн саноо чөйрөсүнө кирди.
Төртүнчү: Том Барак жана Трамп администрациясынын Сирия менен Ливандагы башка өкүлдөрү Сирия менен Ливан өкүмдарларынын милдеттеринин бири — яхудий түзүмүн коргоо экенин, ал тургай бул алардан жарандык согушту талап кылса да, ачык жана эч кандай бүдөмүксүз текеберлик менен айтып жатышты. Буга Ливандагы Иран партиясынын куралын тартып алуу маселеси мисал болот. Ошондой эле Египетти Хамаска дагы көбүрөөк басым жасап, аны куралсыздандырууга жана яхудий түзүмү үч жыл бою аныктай албай келген туннелдерин ачып берүүгө түртүп жатат.
Бул өкүмдарлар өздөрүнүн терең кордугунан жана өз элдерин душман деп эсептегенинен улам ушул багытта умтулуп бара жатышат. Бирок бул ар бир өлкөдөгү башкаруу түзүмүн Америка менен байланыш деңгээли жагынан бир нече катмарга бөлүүдө. Натыйжада жогорку катмарлар кандайдыр бир буйрук беришсе, төмөнкү катмарлар ага мүмкүн болушунча тоскоол болуп жатышат.
Бардык көрсөтмөлөр менен буйруктар бирдей эмес. Тескерисинче, эгер көрсөтмөлөр өз негиздемелеринен ажыраса, алар өтө алсыз болуп, ишке ашырууга жараксыз болуп калат. Бул Трамп администрациясы мүмкүнчүлүгүнөн ашкан нерселерди талап кылып жаткан башкаруунун жогорку катмарлары үчүн өтө кооптуу. Анткени Америка кайсы иш мүмкүнчүлүктөргө туура келет, кайсынысын аткаруу мүмкүн эмес экенин аңдабайт. Америка мунун орто жана узак мөөнөттө кандай натыйжаларга алып келерин да аңдабайт. Мындай аңдабоо Фираун сыяктуу диктаторлордун касиети. Алар башкалардын өздөрү көргөн нерседен башка эч нерсени көрбөшүн каалашат.
Бешинчи: Трамп администрациясы ар кандай аталыштарды жамынып Исламга чабуул кылууну токтотпой келет. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда Американы мусулмандар үчүн жабууну убада кылган. Ал тургай анын Согуш министри Хегсет колуна арабча «кафир» деген сөздү татуировка кылып жаздырып алган. «Терроризм» дагы эле душмандарга карата колдонулуучу сыпат бойдон калууда, ал эми Трамп администрациясы буга мурда «мээлүүн» деп сыпатталып келген жаңы топторду да кошту.
Американын Мамлекеттик департаментиндеги Билим берүү жана маданий иштер бөлүмү Ислам өлкөлөрүнүн окуу программаларын көзөмөлдөп, аларды өзгөртүүнү талап кылууда. Өкүмдарлар болсо өздөрүнүн кордугунан улам Американы ыраазы кылуу үчүн Исламды өзгөртүүгө умтулушууда. Өзүн дайыма биринчи номердеги исламий өлкө катары жарыялап келген Саудия өз элинин сакофатын өзгөртүүгө аракет кылып, Исламдан мурунку тарыхына таандык археологиялык эстеликтерди издеп, Американы ыраазы кылуу үчүн ыйык жайларга жакын жерлерде бузуку көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүдө.
Египетте болсо үй-бүлө чөйрөсүндө калган исламий өкүмдөргө кол салынууда. Жалпысынан алганда, Исламга болгон терең жек көрүү Американы өкүмдарлардан канчалык жөнөкөй болбосун, ар кандай исламий көрүнүшкө жана ар кандай шаръий өкүмгө каршы күрөшүүнү талап кылууга түрттү. Ошондуктан алардын бирде Сүннөткө шек келтиргенин, бирде алардын айрым калем ээлеринин урматтуу сахабаларга чабуул кылганын көрөсүң.
Мындан тышкары, корлор менен бузукулук ээлерин алдыга чыгарып, коомдо жогорку макам ээлери кылып көрсөтүшүүдө. Алардын кабарлары үммөт ушул кор адамдар жеткен таштандыларды көзөмөлдөөгө кызыкдар болгондой таратылууда.
Бул пункттардын баарын кылдат карап чыксак, Американын саясаты Исламий аймакта алдыга жылбай, артка кетип жатканын көрөбүз. Ошондой эле анын мусулмандарда терең жек көрүү жана курч душмандык пайда кылып жатканын, бул сезимдер башкаруунун төмөнкү катмарларына да жайыла баштаганын көрөбүз. Анткени Газа согушу, Батыштын, айрыкча Американын яхудий түзүмү тарапта турушу, аны курал-жарак менен колдоосу, саясий жактан калкалоосу жана яхудийлердин 7-октябрга жооп катары «өзүн-өзү коргоо» деген шылтоо менен жүргүзгөн кыргын согушун коргошу, а түгүл яхудий жетекчилерине каршы иштерди козгогон эл аралык соттордун судьяларына санкция киргизиши, андан кийин Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу, мунун баары жана ушуга окшогон окуялар бир негизги пикирди бекемдеди: Америка — куфрдун башы жана душмандыктын башы, мусулмандарды өлтүрүп, дээрлик бардык жерде алардын үйлөрүн талкалап жаткан жаңы кресттүү жортуулдарын жетектеп жаткан же алардын артында турган да Американын өзү.
Бул ошондой эле өкүмдарлар Америка менен яхудий түзүмүнүн тарабында турган ушул вакыйлыктан кутулуу зарылдыгы тууралуу кечиктирүүгө мүмкүн эмес болгон пикирди пайда кылды. Мунун баары Исламий үммөт өз динине болгон бекемдигин дагы да күчөтүп, аларга мусулман болгондугу үчүн душмандык кылынып жатат деген ишенимди бекемдеди. Бул жалпы ишенимдер мусулмандардын ичинде жайылып, кеңейип жана тереңдеп бара жатат. Алар улутчулдук менен мекенчилдиктин ордуна исламий өздүккө карай жаңы жалпы фикрий бурулушка өтүүдө. Анткени Америка башында турган куфр мамлекеттери мусулмандарга бирдиктүү Батыш болуп чабуул жасап, биринчи кезекте алардын динин бутага алууда.
Башкача айтканда, Трамп администрациясынын саясаты жана Исламий аймактагы күчтүү умтулуусу Американын аймактагы жоготууларын тездетип, исламий туйгуларды күчөтүүдө жана аларды чыныгы саясий коркунучка айлана турган бурулуш чекитине жакындатууда. Айрыкча башкаруунун төмөнкү катмарлары жогорку катмарлардан бөлүнүп бара жатат. Мунун баарына Америка аймактагы көптөгөн аскерий базаларынан баш тартып, аларды яхудий түзүмүнүн ичине көчүрүү жөнүндө ойлонуп жатканы эң ачык далил.
Ушундан Трамп администрациясы Американы эл аралык саясатта да, Кытайга каршы күрөштө да, Американын ичиндеги бөлүнүү жагынан да бир жоготуудан андан да чоң жоготууга жетелеп бара жатканы айкын болот. Президент Трамптын көптөгөн билдирүүлөрү менен коштолгон жасалма дүрбөлөң дагы эле Американын алсыздыгынын чыныгы жүзүн жаап тургандыктан, бул билдирүүлөр Американын күчүн билдирип жаткандай көрүнүүдө.
Бирок 1980-жылдардын аягында Москвада Горбачёвдун реформалар жана алдыга жылуу тууралуу чакырыктары да ушундай болгон. Андан бир нече жыл өткөндөн кийин алар Россияны кыйраткан жана анын эл аралык абалын жоготкон чоң артка кетүүгө айланган.
Кытайдын бул алсыздыктан стратегиялык жактан пайдалануу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз. Анткени Кытай Американын рынокторунан пайда табууну улантуу үчүн анын экономикалык жактан күчтүү болушун каалайт. Кытай Американын ордун басууну ойлонбойт, ал тургай буга жөндөмдүү да эмес.
Ал эми Америка кабылышы үмүт кылынган эң чоң балээ — мусулман өлкөлөрүндө күтүлүп жаткан жакынкы чечүүчү салгылаш. Ирандын армиясы өз өлкөсүнүн чек араларын алдыга жылдырбаганына карабастан, Америка Иранды жеңе алган жок.
Америкага каршы чечкиндүү согушуп, коргонуу позициясынан чабуулга өтүп, күн сайын мусулмандардан жаңы күчтөрдү мобилизациялап, алар аркылуу Американын үмүтсүздүгүн күчөткөн кандай гана исламий өлкө болбосун, Америка аны жеңүүгө таптакыр жөндөмдүү эмес. Мындай өлкө Американы чындап артка сүрүп, аны болушу керек болгон жерине кайтарат.
Газадагы, Ливандагы жана Сириядагы яхудийлердин кыргындарына, ошондой эле Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согуштарына карата мусулман өлкөлөрүн каптаган жымжырттыкты жеңилүүнү же үмүтсүздүктү билдирген абал деп ойлогон адам жаңылышат. Тескерисинче, бул үммөттү жана башкаруунун төмөнкү катмарларын каптаган шок абал. Бул Батыш мусулмандардын душманы экендиги жана мусулмандар үчүн Ислам жана анын башкаруусунан башка кутулуу жолу жок экендиги тууралуу саясий чындыктарды олуттуу түрдө аңдап-билүүдөн келип чыкты.
Аллах кааласа, аз гана убакыт өтүп, бул абал кайсы бир өлкөдө өкүмдарлардын бирин кулатат, аны менен кошо түзүм да кулайт, жабыр көрсөтүүчү башкаруу доору жана рувайбизалардын заманы бүтөт. Мусулмандар үчүн кайрадан Халифалык курулат. Андан кийин өзгөрүү толкуну цунами сыяктуу жайылып, калган өкүмдарларды да жалмап кетет. Ошентип, мусулман элдери биригип, бир Китептин жана бир Халифанын астында бир үммөткө айланат.
(соңу).




