Бейиш бактары

Утба ибн Газван (разияллаху анху) 

Утба ибн Газван (разияллаху анху

 Ибрахим Ахмад – Йемен

Ал — улуу сахаба Утба ибн Газван ибн Жабир аль-Мазиний. Анын теги Кайс Айлан уруусуна барып такалат. Лакабы Абу Абдуллах, ошондой эле Абу Газван жана Абу аль-Жабр деп да айтылган. Хижраттан кырк жыл мурун Меккеде төрөлгөн.

Утба ибн Газван разияллаху анху Исламды алгачкылардан болуп кабыл алган сахабалардын бири. Ал Меккедеги дааваттын алгачкы күндөрүндө, Пайгамбар ﷺ Аркам ибн Абу Аркамдын үйүнө кире электе эле Исламды кабыл алган.

Имам Муслим өзүнүн «Сахихинде» Утбанын мындай дегенин риваят кылган:

«لَقَدْ رَأَيْتُنِي سَابِعَ سَبْعَةٍ مَعَ رَسُولِ اللهِ ﷺ، مَا لَنَا طَعَامٌ إِلَّا وَرَقُ الشَّجَرِ، حَتَّى قَرِحَتْ أَشْدَاقُنَا»

«Мен Расулуллах ﷺ менен бирге жети кишинин жетинчиси болдум. Бизде дарактын жалбырагынан башка жей турган тамагыбыз жок болгондуктан, ооздорубуздун четтери жара болуп кеткен». 

Бул анын жер жүзүндө Исламды кабыл алган жетинчи адам болгонун жана дааваттын башталышында турмуштун оорчулугун жана кандай гана катуу сыноолорду башынан өткөргөнүн көрсөтөт.

Утба эки хижратты тең кылган. Ал Курайштын азабынан динин сактап калуу үчүн Хабашистанга хижрат кылган. Андан соң Меккеге кайтып келип, улуу хижратты жасап Мадина Мунавварага көчкөн. Ал жерде Пайгамбар ﷺ аны Симак ибн Хараша (Абу Дужана) менен бир тууган кылган.

Утба Расулуллах ﷺ катышкан бир да казаттан калбаган. Ал улуу Бадр казатына, Ухудга, Хандакка, Худайбиядагы Ридван байъатына жана башка бардык окуяларга катышкан. Ал жаа атуудагы жана ат чабуудагы жогорку чеберчилиги менен белгилүү болгон.

Халифа Умар ибн Хаттабдын (разияллаху анху) доорунда Утбанын тажрыйбалуу аскерий жетекчи жана идарий жетекчи катары ролу өзгөчө көрүнгөн. Умар аны чакан аскердин (800гө жакын жоокер, кээ бир риваяттарда 300 деп айтылат) башында Убулла аймагына (Булуң деңизиндеги фарстардын порту) Ирактагы фарс аскерлерине жеткирилип турган жардамды үзүү үчүн жөнөткөн. Утба өзүнүн аскерий чеберчилиги менен фарстарды жеңип, Убулланы фатх кылууга жетишкен.

Аймакка жайгашкандан кийин Утба мусулмандар үчүн кышкы аскерий лагерге жана аларды бир жерге чогулта турган, ошол эле учурда алар менен Халифалыктын борбору Мадинанын ортосун дарыя же деңиз бөлүп турбаган жайга муктаждык бар экенин көргөн. Ошондо ал Умарга шаар курууга уруксат сурап кат жазган. Умар ага уруксат берген соң, Утба Басра шаарынын планын түзүп, анын мечитин негиздеген. Ошентип, Басра Араб жарым аралынын сыртында мусулмандар негиздеген алгачкы мисрге (толук кандуу аскерий шаарга) айланган.

Ал Басранын амири жана улуу фатх кылуучу болгонуна карабастан, дүйнө аны эч өзгөрткөн эмес. Ал өтө захид (дүйнө жыргалчылыгына берилбеген) адам болуп, фатхтардан кийин айрым мусулмандарда пайда боло баштаган жыргалчылыктын көрүнүштөрүн четке каккан.

Бир күнү ал Басра элинин алдында туруп, Сүннөт китептеринде жазылып калган белгилүү хутбасын айткан. Анда ал алардын мурунку оор турмушун жана азыркы абалын эске салып, дүйнөгө алданып калуудан эскерткен. Анын айткандарынын арасында мындай сөздөр болгон:

«وَلَقَدْ رَأَيْتُنِي سَابِعَ سَبْعَةٍ مَعَ رَسُولِ اللهِ ﷺ، مَا لَنَا طَعَامٌ إِلَّا وَرَقُ الشَّجَرِ حَتَّى قَرِحَتْ أَشْدَاقُنَا… وَإِنِّي أَعُوذُ بِاللهِ أَنْ أَكُونَ فِي نَفْسِي عَظِيمًا، وَعِنْدَ اللهِ صَغِيرًا»

«Мен Расулуллах ﷺ менен бирге жети кишинин жетинчиси болдум. Бизде дарактын жалбырагынан башка жей турган тамагыбыз жок болгондуктан, ооздорубуздун четтери жара болуп кеткен… Мен өзүмдүн көзүмө улуу болуп, Аллахтын алдында кичине болуп калуудан Аллахтан коргоо сураймын».

Утба (разияллаху анху) амирликти жана валийликти жактырчу эмес жана бийликти сүйүү фитнасынан дини үчүн коркчу. Хижрий 15-жылы, кээ бир риваяттарда 17-жылы Умар ибн Хаттабдан ажылык фарзын аткарууга уруксат сурап, Меккеге жөнөгөн. Ажылыктан кийин Умар менен жолугуп, аны Басранын валийлигинен бошотуусун өтүнгөн. Бирок Умар (разияллаху анху) аны бошотуудан кескин баш тартып, өзүнүн белгилүү сөзүн айткан: «Аманаттарыңарды менин мойнума жүктөп, анан мени таштап кетесиңерби? Мен сени бошотпойм». Анан ага Басрага кайтууну буюрган. Утба халифанын буйругуна моюн сунуп, улоосуна минип кайра жолго чыккан. Бирок ал Аллахка чын ыкластан дуба кылып: «Оо, Аллах, мени ага кайра кайтарба, оо, Аллах, мени ага кайра кайтарба», – деген.

Аллах анын дубасын кабыл алган. Ал Басрага кайтып бара жаткан жолдо, тактап айтканда, Маъдан Бану Сулайм деп аталган аймакта улоосунан кулап каза болгон (кээ бир риваяттарда оорудан улам ажалы жеткен деп айтылат). Ошентип, элүү жети жашында руху Жаратуучусуна кайткан. Ал артында жихадга толгон жаркын өмүр жолун жана Басра сыяктуу улуу шаардын негизделишин калтырган.

Расулуллахтын ﷺ сахабаларынын өмүр жолу мына ушундай болгон. Алар дүйнөнү күч жана таквалык менен башкарган, өз милдеттерин билип, дүйнөнү Исламдын нуру менен жарык кылышкан. Бүгүн болсо кафир Батыш арабдар менен түрктөрдүн кыянатчыларынын жардамы менен тил бириктирип, хижрий 1342-жылдын 27-Ражабында (1924-жылдын 3-мартында) мусулмандардын акыркы мамлекетин жок кылгандан кийин дүйнө караңгылыкка батты. Ошондуктан бул мамлекетти кайра тикелөө бизге важиб. Анын кайтып келиши менен адилеттик жана жакшылык да кайтып келет. Мына ушул иштин үстүндө жарышуучулар жарышсын.

Булактар:

1- Имам Муслимдин «Сахих Муслим» китеби (сахабалардын фазилаттары бөлүмүндө, Утба ибн Газвандын хутбасы жөнүндөгү хадис).

2- Имам Захабийдин «Сияр аълам ан-нубала» китеби (биринчи том, Утба ибн Газвандын таржымалы).

3- Хафиз Ибн Хажар Аскаланийдин «Аль-Исаба фи тамйиз ас-сахаба» китеби.

4- Ибн Асир аль-Жазарийдин «Усд аль-габа фи маърифат ас-сахаба» китеби.

5- Ибн Саъддын «Ат-Табакат аль-кубра» китеби.

6- Хафиз Ибн Касирдин «Аль-Бидая ван-нихая» китеби (хижрий 14–15-жылдардагы окуялар жана Басранын негизделиши).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button