Трамптын администрациясы АКШны кайда алып баратат? (1)

Трамптын администрациясы АКШны кайда алып баратат?
(1)
Исам аш-Шейх Ганим
Азыркы президент Дональд Трамп жүргүзүп жаткан багытты жана анын кайсы тарапка бет алып жатканын түшүнүү үчүн, адегенде бүгүнкү Американын абалын түшүнүү зарыл. Анткени ушул абалдан улам бул администрация Американын эл аралык ордун сактап калууга, аны бекемдөөгө же анын төмөндөшүн токтотууга аракет кылууда. Муну түшүнбөстөн администрациянын багыты тууралуу сөз кылуу чындык менен элестин же кыялдардын аралашып кеткен божомолдоруна айланып калат. Башкача айтканда, вакыйлыкты туура түшүнүүдөн алыстап, тахлилде жаңылыштык кетирүүгө алып келет.
Америка азыркы доордун талашсыз империясы жана анын мүмкүнчүлүктөрү ушунчалык зор болгондуктан, айрымдар аларды чексиз деп эсептешет. Муну көрсөтүү үчүн бир эле мисал жетиштүү: анын эң бай адамдарынын бири Илон Маск жалгыз өзү дүйнөдөгү ондогон мамлекеттердин ички дүң продукциясынан (ИДП) да ашкан байлыкка ээ. Ошондой эле Трамптын администрациясы Венесуэлада бир нече саатка созулган аскерий операция жүргүзүп, өлкөнүн президенти Мадурону камакка алган. Андан кийин калгандар да коркуп, дароо ага баш ийишкен. Натыйжада Трамп дүйнөдөгү эң ири чийки мунай коруна ээ болгон өлкөнү көзөмөлүнө алганын жарыялап, андан соң Венесуэла мунайынын Америка казынасына түшүп жаткан кирешелери тууралуу кабарларды арты-артынан жарыялай баштаган. Ошондуктан Америка Кошмо Штаттарынын күч түркүктөрүн тоготпой коюу же аларды туура эмес баалоо саясатчылар жана мамлекеттер үчүн өзүн-өзү кыйратууга алып баруучу жол болуп эсептелет. Болгону ошол саясатчылар менен мамлекеттер өздөрүнүн күч түркүктөрүн туура баалай билип, алардын күчтүү жактарын Американын күч түркүктөрүнүн алсыз жактарына каршы туура коё билген учурда гана туура жыйынтык чыгышы болушу мүмкүн.
Ар бир президент Америкадагы бийликке келген сайын анын улуулугуна жаңы бир кыш кошуп турган. Бул улуулук Советтер Союзу ыдыраганга чейин улам өсүп, эң жогорку чегине жеткен. Андан кийин болсо Ирактагы сазга баткандан тартып төмөндөө жолуна түштү. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуштан жаш Америка зор жеңиш менен чыгып, өзүнүн биринчи артыкчылыгы катары Япония фронтун бүтүргөн жалгыз өзүндө болгон өзөктүк куралдары менен мактанды. Анын үстүнө америкалык эле эмес, дүйнөлүк валютага айланган доллары бар эле. Бул доллар согуштан кийин Американын кампаларына топтолгон дүйнөдөгү алтындын үчтөн эки бөлүгү менен камсыздалган болчу.
Мунун баарына кошумча, өндүрүшү өтө кубаттуу жана согуштун кыйроосуна дуушар болбогон экономикасы бар эле. Ошондой эле Европанын эң мыкты адистери топтолгон, берекелүү жана бай мамлекет болгон. Башкача айтканда, ири державалардын күч түркүктөрүнүн бардыгы жетиштүү болчу.
Кийинчерээк бул күч түркүктөрү Америка баштаган куралдануу жарышы аркылуу дагы да бекемделип, анын кубатын бир нече эсеге арттырды. Ошондой эле дүйнөнүн башка мамлекеттери, айрыкча европалык союздаштары таянган экономикага айланды. Бул көз карандылык Европада «Маршалл планынын» формасын алып, Европа экономикасы кайра калыбына келтирилген, бирок ошол эле учурда Америкага көз каранды бойдон калган.
Дүйнө жүзү боюнча Американын үстөмдүгүн толук орнотууга тоскоол болгон жалгыз бөгөт Советтер Союзу эле. Бул тоскоолдук 1991-жылы толугу менен жоюлду. Анткени советтик жетекчи өз өлкөсүн жана Чыгыш Европадагы лагерин кыйроого алып барды. Мамлекетти кыйроодон сактап калууга аракет кылган, бирок ийгиликке жете алган эмес.
Америка болсо бул кыйроо Рейгандын «Жылдыздар согушу» программасынын алкагындагы америкалык басымдын натыйжасында болгонун жакшы билчү. Чыгыш Европа Москвадан ажырагандан кийин, АКШнын президенти улуу Буш 1990-жылы Финляндиянын борбору Хельсинкиде Горбачёв менен жолуккандан соң жаңы эл аралык тартиптин жаралганын жарыялаган. Андан кийин ал Кувейттен Иракты чыгаруу үчүн Иракка каршы согуш жүргүздү. Андан соң Советтер Союзу ыдырап, дүйнө жүзүндөгү америкалык үстөмдүккө тоскоол болуп турган советтик бөгөт жоголду.
Советтер Союзу кыйрап, дүйнөдөгү экинчи держава жана Америкага атаандаш мамлекет макамынан ажырагандан кийин, Америка эч талашсыз дүйнөнүн жетекчиси жана үстөмдүк кылган мамлекет болуп калды. Ошентип, ал жалгыз улуу державага айланды. Ал эми андан төмөн турган башка мамлекеттердин баары ири мамлекеттер болгону менен, аскерий, экономикалык жана саясий күч түркүктөрү жагынан Америкадан өтө чоң аралыкта артта калышты.
Америка дүйнөгө үстөмдүк кылып, анын жалгыз жетекчисине айланды жана өзүнүн күч түркүктөрүн бекемдей турган эл аралык тартипти кура баштады.
Социализм кыйрап, дүйнөдө Америка жетектеген капитализмге идеологиялык атаандаш калбай калгандан кийин, америкалык философ Фукуяма «тарыхтын аягы» жөнүндө сөз кылды. Башкача айтканда, Американын жеңишинин түбөлүккө уланышын билдирген. Ошентип, эл аралык аренадагы идеологиялык күрөш аяктагандай болду.
Америка Орусия менен өзөктүк куралды кыскартуу боюнча келишимдерди өз пайдасына түздү. Орус аскердик кубаты алсырап, Чечнядагы согуштарга батып калды жана жыйырма жылдан ашуун убакыт бою эл аралык аренада дээрлик көрүнбөй калды.
Америка өзүнүн артыкчылыкка ээ болгон экономикасынын кубатын дагы да көтөрүп, ири компанияларынын биригүү доорун баштады. Натыйжада атаандашууга дээрлик мүмкүн болбогон ири корпорациялар түзүлдү. Андан соң аларды дүйнө жүзүнө чыгарып, Америка негизин түзгөн жаңы глобалдашуу доорунда дүйнөнүн байлыктарын өзүнө агызууга киришти.
Бул глобалдашуу эркин соода жана бажы тоскоолдуктарын жоюу идеясына негизделген эле. Америка бул үчүн эл аралык уюмдарды түздү. Алардын бири — 1995-жылы түзүлгөн Дүйнөлүк соода уюму. Американын саясаты Фукуяманын теориясына ылайык дүйнө жүзүндөгү өзүнүн үстөмдүгүн жана көзөмөлүн түбөлүккө сактап калууга багытталган болчу.
Трамптын администрациясына чейинки отуз жылдан ашуун убакыт ичинде Американын саясаты бир катар ири эл аралык көйгөйлөргө туш болду. Алардын катарына Ирак жана Ооганстандагы сазга батышы, ошондой эле өзү «терроризм» деп атаган Исламга каршы согушу, Түндүк Кореянын жаңы өзөктүк держава катары пайда болушу, Орусия салыштырмалуу түрдө кайра күч топтоп, Путин өлкө жетекчилигин колго алгандан кийин көп уюлдуу дүйнө тартибин талап кыла башташы, Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн Америка таасиринен чыга башташы, ошондой эле «Араб жазы» ыңкылаптарынын таасири астында араб аймагындагы америкалык таасирдин солгундашы кирет. Айрыкча Сириядагы окуялар Обаманын биринчи администрациясынын күч-аракетинин көбүн талап кылып, анын чачын агарта турган деңгээлге жеткирди. 2022-жылы башталган Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш да ушул көйгөйлөрдүн бири болду жана бул согуш акыркысы эмес.
Экономика тармагында болсо Кытайдын өсүп чыгышы жана америкалык компаниялардын ошол жакка көчүшү Америка экономикасы үчүн чоң көйгөйгө айланды. Бул көйгөй кооптуулугу жагынан Европа менен болгон экономикалык атаандаштыктан да ашып түштү. Ал атаандаштыктын символу катары Европада евронун жүгүртүүгө чыгарылышы каралды.
Ушул отуз жыл бою Америка эл аралык аренада бардык тармактарда үстөмдүк менен артыкчылыктын ортосунда болуп келди. Ошол эле учурда анын мүмкүнчүлүгүнүн чегин кооптуу деңгээлде ачып көрсөткөн өтө чоң жоготууларга да дуушар болду. Бул жылдар аралыгында Америка көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Алардын эң ириси Европа мамлекеттеринин көз карандысыздыгына сокку уруп, аларды эл аралык атаандаштыктагы таасирдүү оюнчу болуу жолунан чыгарды. Натыйжада Орусиянын Украинага басып кириши менен Европа жаңы вакыйлыкка туш келди б.а. эгер Американын коргоо калканы алынган болсо, алардын жашоосуна коркунуч жарата турган терең аскерий алсыздык көрүнүп калды.
Ушундан улам Байдендин президенттик мезгилинде Европа Кытайга карата өз алдынча саясатынан баш тартып, кайрадан Америка жетектеген багытка кошулууга аргасыз болду. Мунун ордуна Америка аларды Орусиядан коргоону өз мойнуна алды. Анткени Орусия Европанын чыгыш четинен акырындап басым жасап келе жаткан. Ошондой эле Америка еврону долларга олуттуу атаандаш болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, аны чакан атаандашка айландырды. Мындан тышкары, Орусиянын энергия булактары Европага жеткирүүнү токтоткондон кийин, газ тармагында Европа мамлекеттерин Американын энергия ресурстарына өзгөчө көз каранды кылды.
Мунун баарына карабастан, 1990-жылы мамлекеттик карызы 3 триллион доллар болгон Америка бүгүн өтө кооптуу деңгээлге жетип, дээрлик 40 триллион доллар карызга батып калды. Бүгүнкү күндө Америка Кытайдын экономикасын өзүнүн экономикалык улуулугуна эң чоң коркунуч катары көрүүдө жана аны атаандаштыктан четтетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшоодо. Бирок Кытайдын экономикасы мурдагыдай эле тездик менен өсүп, Кытай дүйнөгө ири инвестициялары менен чыгып, Американын үстөмдүгүнө коркунуч жаратууда.
Кытай маселеси Американы Исламга каршы согушун жыйынтыктоого мажбур кылып, ал Ирактан, Ооганстандан жана акырында Сириядан чыга баштады. Ошондой эле, бул согуштарда олуттуу натыйжаларга жете алган жок.
Америка Ооганстанга «ал-Каида» уюмуна каршы согушуу үчүн басып кирип, аны басып алды. 2003-жылы болсо Иракка басып кирип, Ирактын мунайы Америка экономикасын жандандырууга салым кошот деп эсептеген. Бирок ал Иракта өзүнө каршы согушкан ондогон исламий уюмдарга туш болду. Эгер Иран Ирактагы көтөрүлүшкө каршы Америкага жардам бербегенде, Америка Иракта оор жеңилүүгө учурамак. Америка Ирактын мунайын пайдалана баштаганга чейин көп жылдар өтүп, ушул аралыкта триллиондогон долларларын коротту.
Ооганстандан болсо Америка 2021-жылы шерменде болгон абалда чыгып кетип, өзү каршы согушкан «Талибан» кыймылы кайрадан бийликке келди. Ал эми Сирияда Халифалык ураанын көтөргөн жүздөгөн исламий уюмдар пайда болгондо, Америка аларга каршы чыгуунун жолу катары өлкөдөн чыгып кетүүнү жана келишимден кийин Ахмад аш-Шарааны президент кылып дайындоону тандады.
Балким, Америка 2001-жылы «терроризм» деген шылтоо менен баштаган Исламга каршы согушу социализм кулагандан кийин өзүнүн эл аралык саясатына негиз табуу аракетинен улам башталгандыр. Бирок кандай болгон күндө да, Америка Исламды каалаган учурда эл аралык саясий коркунучка айланып кетиши мүмкүн болгон өтө олуттуу идеологиялык коркунуч катары көрдү. Айрыкча «Араб жазы» окуяларынан кийин мындай түшүнүк дагы да күчөдү. Ошондуктан Америка өзүнүн эл аралык саясатында бири экинчисинен кем эмес эки чоң көйгөйгө туш болду: Кытай жана Ислам. Эгер Кытайдын коркунучу негизинен экономика тармагында болсо, Исламдын коркунучу өтө кеңири жана зор коркунуч катары кабыл алынды. Ошол себептен Америка Кытайга гана көңүл буруп, Ислам коркунучун көз жаздымда калтыра алган жок. Натыйжада ал өз күчтөрүн Кытайдын өсүшүнө каршы күрөшүү менен Исламдын бийликке келишине жол бербөөнүн ортосунда бөлүштүрүүгө аргасыз болду. Мунун көрүнүштөрүнүн бири — яхудий түзүмүн мурдагыдан да тереңирээк колдоо жана «кутурган ит» саясатын ишке ашыруу болду. Бул «кутурган ит» Газада кыргын согушун жүргүзүүдө, Сириянын курал-жарагын жок кылууда, Ливанды кыйратууда жана Ирандын өзөктүк программасын бутага алууда активдүү аракет кылып, Американын Ислам аймагын ооздуктоо жана анын коркунучтарын жоюу аракетинин бир бөлүгү болуп калды.
Эгер Кытайдын өсүп чыгышы жана Исламдын көтөрүлүү коркунучу Америка эл аралык деңгээлде туш болуп жаткан эң чоң эки маселе болсо, анда мындан төмөнүрөөк деңгээлдеги, бирок Американы чарчаткан башка эл аралык маселелер да бар. Алардын катарына Түндүк Кореянын өзөктүк программасы, Орусиянын көп уюлдуу дүйнө тартибин талап кылышы, анын натыйжасында чыккан Украинадагы согуш жана Американын Батыш жарым шарындагы таасиринин алсырашы кирет.
Жалпысынан Америка дүйнөгө болгон көзөмөлү бошоңдоп бара жатканын, эл аралык үстөмдүгү мурдагыдай болбой калганын түшүндү. А түгүл анын артыкчылыгынын өзү да коркунуч алдында калды. Айрыкча Кытайдын экономикасы Америкага жакындап, Кытайдын ири компаниялары Американын чоң корпорациялары менен атаандаша баштады. Ал тургай күн энергиясы тармагы, электр унааларын өндүрүү жана сейрек кездешүүчү металлдар сыяктуу айрым тармактарда Кытайдын компаниялары лидерликти тартып ала баштады.
Америка өз үстөмдүгүн жоготуп бараткан көрүнүштөрүнүн бири — өндүрүштүн басымдуу бөлүгүнүн Америкадан чыгып, Кытайга көчүп кетиши болду. Президент Трамп биринчи мөөнөтүндө бажы алымдары аркылуу Кытайга басым көрсөтүүгө аракет кылганда, коронавирус пандемиясы башталып, Америка өз рыногун камсыз кылууда кытай товарларына абдан көз каранды болуп калгандыгы белгилүү болду. Натыйжада Америка кыска мөөнөттө өзүнүн ички рыногунун муктаждыктарын өзү камсыздай албашы айкын болду. Ошондой эле Украинадагы согуш Американын кээ бир курал түрлөрүнүн кампаларын бошотуп койду. Мисалы, Америка көп убакыт мурда өндүрүшүн токтотуп, кампадагы запастарга таянып келген «Жавелин» ракеталары түгөнө баштаганда, бул куралды кайра өндүрүү үчүн мурдагы пенсияга чыккан адистерди издөөгө аргасыз болду.
Бир кезде Америка Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк аркылуу дүйнөдөгү насыялардын багытын көзөмөлдөп, алсыз мамлекеттердин экономикасына таасир этип турган. Бирок Кытай бул тармакта да ийгиликтүү атаандаш боло баштады. Ал Азия инфраструктуралык инвестициялар банкын түзүп, ири инвестициялар менен белгилүү «Жибек жолу» долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор аркылуу көптөгөн мамлекеттерге ири көлөмдө инвестиция салып, аларды Кытай экономикасына көз каранды кылуу коркунучун пайда кылды.
Ал эми Америкада ушундай масштабдагы долбоорду каржылоого жетиштүү ашыкча каражат жок эле. Кытайдын ири инвестициялары Панама каналына, Европага, ал тургай Американын өзүнө чейин жетти. Мындан тышкары, ал Африка менен Азияны оор салмактагы инвестициялар менен каптап, портторду, темир жолдорду, завод-фабрикаларды жана энергия түтүк өткөргүчтөрүн куруп жатты.
Аскерий жактан алганда, Орусия Украинага каршы согушунда Батышка чакырык таштады. Бул болсо Американын каржы мүмкүнчүлүктөрүн жана курал кампаларын олуттуу түрдө азайтты. Америка Орусияга каршы кеңири жана катуу санкцияларды киргизип, алардын катарына орус мунайын экспорттоого тыюу салууну да кошту. Бирок Орусия «көлөкө флот» (теневой флот) деп аталган ыкмага таянып, мунай экспортун улантып, мамлекеттик казынасына каражаттын агылып турушун камсыз кылды. Натыйжада бул каражаттар Украинадагы согушту каржылоону улантууга мүмкүндүк берди.
Эгер Америка дүйнөдө өзөктүк куралдардын жайылышын көзөмөлдөй алабыз деп эсептеп келген болсо, Түндүк Корея Американын Ирак жана Ооганстандагы сазга батканынан пайдаланып, өзүн өзөктүк клубдун жаңы мүчөсү катары көрсөттү. Ошондой эле Америка Орусия менен өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча келишимдерин токтотууга аргасыз болду. Анткени Кытай өзүнүн өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңири масштабда өнүктүрүп жаткан шартта, бул келишимдердин пайдасы калбай калган эле. Башкача айтканда, Кытай улам көбүрөөк өзөктүк курал өндүрүп жаткан учурда Орусияны гана чектөөнүн эч кандай мааниси жок деп эсептеди. Эгер Орусиянын «көлөкө флот» аркылуу америкалык санкциялардан качып, мунай экспортун улантышы чычкан мышыктан качып ойногону сыяктуу болсо, акыркы согуш учурунда Ирандын Ормуз кысыгын жабышы Американын аскерий мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын эл аралык деңиз кысыктарындагы үстөмдүгүнө ачык жана олуттуу чакырык болгон мышык менен мышыктын оюнуна көбүрөөк окшош болду. Ошентсе да, бул оюнда америкалык мышык күчтүүрөөк болуп турат. Ал эми Кытайдын дүйнө жүзүндөгү инвестициялары болсо семиз кытай мышыгы менен америкалык мышыктын таймашына окшош.
Жалпысынан алганда, күч айрым мамлекеттерге толугу менен, жарым-жартылай же мурас жолу менен өткөндүктөн, Америка дүйнөдөгү үстөмдүгүн жоготту. Натыйжада бул мамлекеттер өз алдынча туруп, Америкага каршы чыгып, ага чакырык таштай башташты. Алардын катарына Иран, Түндүк Корея, Кытай жана Орусия кирет.
Эгер үстөмдүк атаандаштарынан өтө чоң аралык менен озуп турган абалды билдирсе жана жөн гана артыкчылыктан алда канча жогору деңгээл болсо, анда бүгүнкү күндө Америка өзүнүн ошол үстөмдүгүн эмес, болгону артыкчылыгын сактап калуу үчүн күрөшүп жатат жана бардык жагдайларда муну дайыма ишке ашыра албай жатат.
Америка ошол учурда жүрүп жаткан окуялар менен согуштар, алардан келип чыккан өтө чоң чыгымдар, мойнуна илинген асман тиреген карыздар жана аскерий ок-дары корунун түгөнүшү аны андан ары оор абалга түртүп жибергенге чейин, өзүнүн эл аралык ордун кантип сактап калуу керектиги жөнүндө ойлоно баштады.
Мына ушул жерде он жылдан ашуун убакыт бою Америка өзүнүн келечектеги багыты боюнча пикир келишпестикке туш болуп, тышкы саясатындагы артыкчылыктар боюнча экиге бөлүндү. Президент Трамп биринчи мөөнөтүндө кызматка келип, климат боюнча келишимден чыккан. Андан кийин демократ президент Байден келип, Американы кайра ошол келишимге кошту. Кийин Трамп кайра президент болуп келип, Американы дагы бир жолу келишимден чыгарды.
Ушундай эле көрүнүш Американын НАТО ичиндеги европалык союздаштарына жана Ислам аймагына карата саясатында да байкалды. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿كُلَّمَا دَخَلَتْ أُمَّةٌ لَّعَنَتْ أُخْتَهَا﴾
“Бир жамаат кирген сайын өзүнөн мурункуларды каргайт”.
(Аъраф: 38).
Бул бөлүнүү бара-бара Американын саясий турмушун толугу менен каптады. Анын эң көрүнүктүү мисалдары — миграция саясаты боюнча талаштар, кара түстүүлөргө каршы расизм, ак түстүүлөрдүн ашынган топторунун пайда болушу, Конгресске кол салуу жана президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартуу болду. Ошентип, Американын ички бөлүнүшү да ал туш болуп жаткан ири көйгөйлөрдүн дагы бирине айланды. Бул ички көйгөй болгону менен, анын Америка мамлекетинин келечегине, эл аралык аброюна жана тышкы саясатына тийгизген таасири өтө чоң болду.
2025-жылдын башында президент Трамп кайра бийликке кайтып келди. Анын алдында мүмкүн болушунча тез арада чечүүнү талап кылган сан жеткис чоң көйгөйлөр турду. Бул көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча анын көз карашын төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот:
Биринчиден: Трамп Украинадагы согуш Американын көңүлүн Кытайдан Орусияга буруп жибергенин көрдү. Ошондой эле Американын бул согуштун керектөөлөрүнө катышуусу анын курал кампаларын бошотуп, казынасын чыгымга учуратып жатканын, атүгүл Орусия менен түздөн-түз согушка аралашып кетүү коркунучун жаратып жатканын жана Кытайдын өсүшүнө каршы күрөш багытынан алыстап жатканын түшүндү. Бирок ошол эле учурда ал бул согушта Орусияны Кытайдан ажыратуу жана Европаны каржылык жактан алсыратуу мүмкүнчүлүгүн да көрдү.
Экинчиден: Трамп яхудий түзүмүнүн Газадагы согушу Ислам аймагындагы коркунучтарды күчөтүп жатканын да көрдү. Бирок ошол эле учурда бул согушту аягына чыгарууга, анын ичинде Ливан, Сирия, Ирак жана Ирандагы майдандарды камтуу менен улантууга аргасыз болду. Ал «кутурган ит» саясаты ийгиликке жетип, Ислам аймагын яхудий түзүмү үчүн жеңил олжого айландырат деген үмүт менен жасады.
Үчүнчүдөн: Кытайдын өсүшү уланып жаткандыктан, Трамп протекционисттик саясаты аркылуу Кытайга жана дүйнөнүн башка мамлекеттерине каршы чыгып, оңду-солду бажы алымдарын киргизе баштады. Ошондой эле өндүрүштү кайра Америкага кайтаруу ниетин жарыялады.
Төртүнчүдөн: Ал демократтарды жана америкалык солчул күчтөрдү бутага алып, мигранттарга каршы катуу саясат жүргүздү. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерди демократтардан жана өзүнүн саясатына каршы чыккандардан тазалоо үчүн «Өкмөттүк натыйжалуулук башкармалыгын» түздү. Мындан тышкары, Пентагонду жана армияны анын саясатына каршы турган генералдардан тазалоого да киришти.
Мына ушулар Америка жапа чегип жаткан жана аларды чечүү үчүн бардык күчүн жумшап жаткан эң чоң көйгөйлөр болуп саналат. Бирок тереңирээк карасак, Американын көйгөйү булардан алда канча терең экени көрүнөт. Эгер Америкадагы мамлекет менен улут жакшы абалда болгондо, анда бул эл аралык көйгөйлөрдү чечүүгө жана дүйнөдөгү өз ордун сактап калууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү болмок. Бирок Америка мамлекети да, аны менен бирге улуту да алсыз абалда. Алар мамлекетке өзүнүн күч булактарын камсыз кылып, эл аралык аренадагы бул оор кыйынчылыктарды жоюуга мүмкүндүк бере турган деңгээлде эмес.
Эгер Советтер Союзунун экономикасы куралдануу жарышына туруштук берүү үчүн жетиштүү ресурстарды камсыздай албай, анын акыркы баскычы болгон Американын «Жылдыздар согушу» программасына каршы тура албай калган болсо, (ошондуктан Орусия Горбачёвдун реформаларын кутулуу жолу катары тандаган, бирок ал жол мамлекетти улам төмөн карай сүйрөп кеткен) бүгүн Америка да ушуга окшош кыйын кырдаалга туш болуп турат.
2025-жылы Американын мамлекеттик кирешеси 5 триллион долларды түзгөн. Бирок анын ичинен 38 триллион доллардан ашкан мамлекеттик карыздын пайыздарына кызмат көрсөтүү үчүн 1 триллион доллардан ашык каражат төлөндү. Мындан тышкары, социалдык камсыздоо программалары аркылуу пенсионерлерге 1,6 триллион доллар, саламаттыкты камсыздандыруу программаларына дээрлик 2 триллион доллар жана коргонуу чыгымдарына (Пентагондун бюджети) болжол менен 1 триллион доллар сарпталды. Андан кийин өкмөттүн калган чыгымдары да каржыланды.
Натыйжада Америка 2025-жылдын өзүндө дагы 1,8 триллион доллар жаңы карыз алууга аргасыз болду. Карыз жыл сайын көбөйүп, анын үстөк пайыздары да өсүүдө. АКШнын мурдагы улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул абалды улуттук коопсуздук үчүн өтө чоң коркунуч деп мүнөздөгөн.
Америка өз абалын оңдошу үчүн сөзсүз түрдө кирешелерин көбөйтүшү керек. Муну салыктарды жогорулатуу аркылуу ишке ашырууга болот. Бирок мамлекеттердин экономикасы салыктардын көбөйүшүнө өтө сезимтал болот. Ошондуктан Америка өз компанияларына карата салыктарды көбөйтсө, ал компаниялар Кытай сыяктуу чет өлкөлөргө көчүп кетиши мүмкүн.
Америка капиталисттик мамлекет болгондуктан, андагы саясатчылар капитал ээлеринин кызыкчылыктарына кызмат кылышат. Ал эми бул капитал ээлери салыктардын азайтылышын каалашат. Алардын Америкада Конгресстин төрагасына, анын мүчөлөрүнө жана чечим кабыл алуучуларга таасир этүүчү ар кандай лоббилери бар. Ошондой эле алардын өкмөткө да олуттуу таасири бар. Мунун мисалдарынын бири — президент Трамп Американын эң ири капиталисттеринин бири, электр унааларын чыгарган «Tesla» компаниясынын, ракета жана космостук аппараттарды чыгарган «SpaceX» компаниясынын ээси жана «Starlink» интернет тармагын камсыз кылган спутниктердин кожоюну Илон Маскты Өкмөттүк натыйжалуулук башкармалыгынын жетекчилигине дайындаганы болду. Бул кызматтагы анын жетишкендиктеринин бири Пентагондогу бир катар жогорку жетекчилерди кызматтан алып, алардын ордуна өзүнө жакын адамдарды дайындоо болду. Бул болсо Пентагон менен миллиарддаган долларлык келишимдерди түзүүнү жеңилдетти. Бул дайындоодон бир жыл өткөндөн кийин Илон Маск Иран менен болгон согуш учурунда маалымат берип турган «Starlink» тармагынын кызмат акысынын баасын бир нече эсеге көтөрүүнү талап кылды. Бул жаңы баа согушка чейин макулдашылган суммадан беш эсе жогору болгон. Бүгүнкү күндө Илон Маск бир эле жолу 80 миллиард доллар тартуу үчүн «SpaceX» компаниясынын акцияларын ачык сатууну сунуштады. Мындан тышкары, ал электр унааларына байланыштуу салыктарды жеңилдетүүнү талап кылып, атаандаш компанияларды колдогон мамлекеттик программаларды, анын ичинде «Ford» автоунаа компаниясына берилген колдоолорду токтотууну жактап келет. Натыйжада бүгүнкү күндө маалымат каражаттары Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер, башкача айтканда триллион долларлык байлыкка ээ болгон биринчи адам катары жарыяланышы айтылууда.
Бул окуя — Американын капитал ээлери мамлекеттин ресурстарын талап-тоноп жаткан күн сайын кайталанган көптөгөн окуялардын бири гана. Андан тышкары, мыйзамдардын өзү да аларга америкалык элди талап-тоноону жеңилдетип берет.
Жалпысынан алганда, Американын ири компаниялары төлөгөн салыктар аз болгондуктан, өкмөттүн кирешеси да азаят. Муну эч бир америкалык президент толук өзгөртө албайт. Анткени ар бир президент ар кандай себептерден улам айрым компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, башкаларын четке кагып келет. Бул себептердин бири — Американын ички саясий бөлүнүүсү. Мисалы, демократ президент Байдендин саясаты демократтарды колдогон технологиялык компанияларга пайдалуу болуп, республикачыларды колдогон энергетикалык компанияларга кысым көрсөттү. Бул көрүнүш Американын ички бөлүнүүсүн дагы да күчөткөнү аз келгенсип, мамлекет компанияларга эмес, тескерисинче компаниялар мамлекетке кызмат кылган абалга өтүшү Американын саясий системасында мүмкүн эмес нерсе болуп эсептелет. Себеби Америкадагы капитал ээлеринин таасири өтө күчтүү, ал эми саясатчылар менен саясий партиялар шайлоону каржылоо жана жеңишке жетүү үчүн ушул компаниялардын каржылык колдоосуна көз каранды.
Жалпысынан алганда, Америкадагы ири компаниялардан түшкөн салык кирешеси азайып келет. Алсак, 2015-жылы корпоративдик салыктар өкмөттүн жалпы кирешесинин 11%ын түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 6%га чейин түшкөн.
2020-жылдан кийин бул үлүш бир аз көбөйгөнү менен, бул компанияларга салыктын жогорулашынан болгон жок. Тескерисинче, технологиялык компаниялардын капиталынын өтө чоң өсүшүнөн улам болду. Башкача айтканда, бул аларга америкалык элди жана дүйнөнү талап-тоноо мүмкүнчүлүгүнүн дагы да кеңейишинен келип чыккан. Мисалы, жогоруда айтылган Илон Масктын байлыгы 2015-жылы 13 миллиард доллар болсо, 2020-жылы 170 миллиард долларга жеткен. Ал эми бир нече жума мурун анын байлыгы 800 миллиард доллар деп бааланып, андан бир нече күн өткөндөн кийин 1 триллион долларга жеткен.
Бул байлыктын негизги бөлүгү мамлекеттик келишимдерден (башкача айтканда, америкалыктардын салык акчаларынан), ошондой эле анын компанияларынын Америкадагы жана дүйнө жүзүндөгү ири кирешелеринен жана ошол компаниялардын акцияларынын баасы өсүшүнөн топтолгон.
Мамлекеттин үстүнөн компаниялардын үстөмдүгүнүн дагы бир мисалы — курал-жарак компаниялары. Алар Американын Коргоо министрлигине (Пентагонго) курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдерден тышкары, мамлекетти дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде согуштарды тутандырууга түртүшөт. Анткени согуштар көбөйгөн сайын алардын куралдарына болгон суроо-талап өсүп, кирешелери дагы көбөйөт. Курал-жарак компанияларынын мамлекетти талап-тоноосунда көңүл бурууга тийиш болгон маанилүү жагдайлардын бири — алар саткан куралдар дайыма өтө кымбат болот. Атүгүл кээде баасы миң долларлык жөнөкөй ракетаны атып түшүрүү үчүн баасы бир миллион долларлык тосуп алуучу ракета колдонулат. Жалпысынан алганда, америкалык армия колдонгон аскердик техниканын баасы жана учактарды, танктарды жана башка куралдарды тейлөө боюнча компаниялар көрсөткөн кызматтардын акысы дүйнөдөгү окшош кызматтарга караганда бир нече эсеге кымбат. Бул сөзсүз түрдө америкалык куралдар башкалардан алда канча мыкты болгондуктан эмес, (америкалыктар ушундай деп үгүт жүргүзгөнүнө карабастан) курал-жарак компаниялары Пентагон менен түзгөн келишимдеринен түшкөн кирешелерин ар кандай кыйыр жолдор менен дайыма көбөйтүүгө аракет кылышкандыктан ушундай болуп келет. Алардын Пентагондогу жооптуу кызматтарда турган адамдары мамлекетти ушул өтө жогорку бааларды кабыл алууга дайыма түртүп турушат.
Мисалы, 2025-жылы Пакистан армиясы колдонгон кытай учактары Индиянын учактарына каршы жакшы натыйжа көрсөттү. Ошол эле учурда алардын баасы америкалык окшош учактарга караганда кыйла төмөн болгон. Америка өзүнүн куралдарынын сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу канчалык үгүт жүргүзбөсүн, бул алардын өтө жогору баасына туура келе бербейт. Анткени баасы арзан орус куралдары Украина колдонгон кымбат америкалык куралдарга татыктуу деңгээлде каршы тура алганын көрүүгө болот. Ушундай эле көрүнүш мамлекеттик келишимдерге көз каранды болгон башка америкалык ири компанияларга да тиешелүү. Алардын катарына ири дары-дармек компаниялары, анын ичинде «Кох» бир туугандарына таандык компаниялар да кирет. Алар мамлекеттик программалардан, мисалы, медициналык камсыздандыруу программаларынан чоң пайда көрүп, кирешелерин улам көбөйтүп келишет.
Американын капиталисттик системасынын көйгөйүнүн дагы башка жактары да бар. Акыркы отуз жыл ичинде компаниялардын ийгилиги жана өсүп жаткан кирешелери негизинен технология тармагында, ошондой эле акциялар рыногунда, өзгөчө Уолл-стритте жана жалпы каржылык соода секторунда топтолду. Бул болсо америкалыктардын, айрыкча жаштардын аң-сезиминде өндүрүшкө каршы жаңы түшүнүктүн пайда болушуна алып келди. Алар оор эмгекти талап кылган тармактарда иштөөнү каалашпайт жана тез байып кетүүнү кыялданышат. Анткени өндүрүштөн түшкөн пайда, адатта, акырындык менен келет. Ал эми акциялардан түшкөн киреше жаш адамды кыска убакыттын ичинде жакырлыктан байлыкка чыгарышы мүмкүн. Башкача айтканда, америкалыктар өндүрүштөн алыстап, анын түйшүгүн жактырбай, тез киреше табууну эңсешет. Бул түшүнүк бүгүнкү Американын алсыроо үрөөнү коомго ашыкча жыргалчылык сепкенин көрсөтөт. Бүгүнкү күндө ушул көз караш жана оор эмгектен баш тартуу Америка үчүн өндүрүштү кайра жандандырууга жана Кытайга болгон көз карандылыктан арылууга чоң тоскоолдук болуп калды. Ашыкча жыргалчылыктын дагы бир көрүнүшү — Америка өкмөтүнүн өз жарандарынын социалдык камсыздоосу жана саламаттыкты сактоо боюнча алган милдеттенмелери. Бул чыгымдар аскердик чыгымдар (Пентагондун бюджети) менен кошулганда, Американын мамлекеттик кирешесинин 80%ын сарптап жатат.
Көйгөйдүн дагы бир тарабы — токтобогон инфляция. Америкадагы бул инфляциянын эки негизги себеби бар.
Биринчи себеп — риба. Америкадагы инвестициялык долбоорлордун көпчүлүгү кредитке негизделген. Банктар болсо акчаны үстөк пайыз менен беришет. Натыйжада америкалык өндүрүүчү чыгарган товар же көрсөткөн кызматтын баасы, негизинен, жыл сайын банкка төлөнүүчү рибанын көлөмүнө жараша кымбаттап турат. Дал ушул риба Американын негизги милдеттеринин бири инфляцияны 2% деңгээлинде кармап туруу экендигин түшүндүрөт.
Экинчи себеп — АКШнын Федералдык резерв системасынын акча-насыя саясаты. Ал пайыздык ченди (рибаны) көтөрүү же төмөндөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле жаңы долларларды электрондук эсептер аркылуу же Федералдык резерв системасы түзгөндөн кийин Казына министрлиги басып чыгарган кагаз долларлар аркылуу жүгүртүүгө чыгаруу да ушул саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы долларлар канчалык көп чыгарылса же Федералдык резерв системасы пайыздык ченди канчалык төмөндөтсө, доллардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр алдындагы наркы ошончолук төмөндөйт, натыйжада алардын баасы өсөт. Американын Федералдык резерв системасы (борбордук банк) мамлекеттик мекеме эмес. Тескерисинче, ал аралаш түзүм болуп саналат. Аймактык федералдык резерв банктарынын мүчөлөрү болгон жеке банктар ушул борбордук резерв системасынын бир бөлүгүн түзүшөт, ал эми өкмөт анын Башкаруучулар кеңешин дайындайт. Демек, насыя берүүдөн түшкөн киреше бир эле учурда жеке коммерциялык банктарга да, Казына министрлигине да таандык болот. Башкача айтканда, бул система жеке сектор менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүлгөн. Дал ушул америкалык көйгөй капиталисттик түзүмдүн бузукулугунун өзөгүн түзөт. Анткени жеке сектор Федералдык резерв системасы аркылуу жаңы долларларды чыгарууда кыйыр түрдө болсо да чоң рол ойнойт. Бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле валютанын наркы, мамлекеттик облигациялар рыногу жана пайыздык чендер менен өз кызыкчылыгы үчүн ойногон капитал ээлеринин да пайдасына кызмат кылат.
Жыйынтыгында Америкадагы капитал ээлери мыйзамдын негизинде мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн талап-тоношот. Эгер алардын кызыкчылыгына ылайык мыйзам жок болсо, Конгресске басым жасаган өздөрүнүн лоббилери аркылуу ошол мыйзамды чыгарышат. Ошондой эле алар риба аркылуу, мамлекеттик келишимдер аркылуу жана башка көптөгөн жеңилдиктер аркылуу америкалык элди талап-тоношот. Мындан тышкары, бүтүндөй дүйнөнү да талап-тоношот. Ушунун натыйжасында капитал ээлеринин байлыгы улам өсүп жатканда, мамлекеттин өзүнүн эл аралык саясатын жүргүзүүгө жана согуштарын каржылоого жумшай ала турган ресурстары тынымсыз азайып барууда.
Уландысы бар…




