Роя гезити

Тунис кризистердин туңгуюгунда. Көйгөй эмнеде?

Тунис кризистердин туңгуюгунда. Көйгөй эмнеде?

Тунисте сөз эми бир эле кризис жөнүндө эмес, бири-бири менен чырмалышкан бир катар кризистер жөнүндө болуп жатат. Суу, электр энергиясы, май, нан, шекер, бензин сыяктуу муктаждыктардын бири да кризистен аман калган жок… Түгөнбөгөн кезектер, ал эми транспорт жөнүндө айтпай эле коёлу! Бир кризис басаңдашы менен экинчиси башталууда. Алардын арасында дайыма кайталанып турган учурлар да бар: окуу жылынын башталышы, майрамдар жана кой этинин баасы. Мамлекет кризистерге кээде маселени созуу, кээде элдин көңүлүн башка жакка буруу менен мамиле кылууда. Жай мезгили фестивалдар жана ырчылар менен, ал эми кыш мезгили спорттук чемпионаттар менен өтөт.

Кризистер көбөйгөн сайын алардын себептерин баалоо да ар түрдүүболууда. Оппозиция: «Булпрезиденттинсаясатынынийгиликсиздиги», — десе, президенттикбийлик: «Булөлкөнүбашаламандыккасалууүчүнатайынуюштурулган кутум», — дейт. Нааразылыккүчөп, эл көчөгөчыгабаштаганда, президент «кутум» жана «элдикордоо» жөнүндөсөзсүйлөпчыгат. Бирок белгилүүбиртараптынатынатабайт. Ошентсе да, анын ички күчтөрдүкөздөпжатканытүшүнүктүү. Натыйжадачыңалуу ого бетеркүчөп, саясийабалбаркынжоготуп, убадаберип, бирок аныаткарбаган, кырдаалдыкөзөмөлдөөгө, атүгүлэлдитынчтандырууга да жарабагансаясийкатмаргаболгонишенимжоголууда.

Эч качан өзгөрбөгөн мыйзамченемдүүлүктөр мунун артындагы чыныгы себептер болуп саналат.

Кризистер элдин өлкөдө келечек куруу жөнүндө ойлонуудан баш тартышына алып келди. Долбоорлор жок, инвестиция жок, үйлөнүү көйгөй… Анын ордуна өлкөдөн чыгып кетүү, башка жакка көчүү, тагыраагы, Батыш өлкөлөрүндөгү «убада кылынган бейишке» жапырт качуу жөнүндө ой үстөмдүк кылууда. Статистикалык көрсөткүчтөр өтө кооптуу. Бул Туниске гана эмес, аймактагы бардык мамлекеттерге да тиешелүү.

2025-жылдын үчүнчү чейрегинде 1316 нааразылык акциясы катталган. Тунистиктердин 93 пайызы өлкө туура эмес багытта бара жатат деп эсептейт. Парламентке болгон ишеним 4 пайыздан, саясий партияларга болгон ишеним 3 пайыздан ашпайт. Ал эми калктын 89 пайызы сот адилеттиги системасына ишенбейт. Жаштардын шайлоого катышуу көрсөткүчү 6 пайыздан ашпайт. Ошондой эле 92 пайызы чет элдик күчтөрдүн интернет жана медиа аркылуу шайлоо кампанияларына кийлигишүүсүн демократия үчүн коркунуч деп эсептейт. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Бирок чыныгы себептер бийликке биринин артынан бири келген адамдардын ийгиликсиздигинен, жүргүзүлүп жаткан саясаттын ийгиликсиздигинен жана системанын ийгиликсиздигинен алда канча тереңде жатат. Аллах Азза ва Жалла аалам, адам жана тирүүлүктү жаратып, Өзү жараткан нерселерге эч качан өзгөрбөй турган жана токтобой турган мыйзам ченемдүүлүктөрдү жайгаштырган. Аллах Таала айтат:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ﴾

«Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да, (түрдүү) апаат – балээлер пайда болду. (Бул балээ жана апааттар адамдар кылып жаткан күнөөлөрүнөн) кайтуусу үчүн, аларга (өздөрү) кылган айрым күнөөлөрүнүн (жазасын) таттырып коюу үчүн (жиберилген)». (Рум: 41). Дагы айтат:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот». (Таха: 124). Аллахтын Элчиси ﷺ айтат:

«يَا مَعْشَرَ الْمُهَاجِرِينَ: خَمْسٌ إِذَا ابْتُلِيْتُمْ بِهِنَّ، وَأَعُوذُ بِاللهِ أَنْ تُدْرِكُوهُنَّ…»

«Эй, мухажирлержамааты! Силерушулар менен сыналасыңар… (бирок) аларга туш болууңардан Аллахтан башпаанек сураймын…» Хадисте бузукулуктун ачык жайылышы, өлчөө жана таразада кемитүү, зекет бербөө, келишимди бузуу жана Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзүүдөн баш тартуу — мунун баары бузукулукка, жакырчылыкка, акимдердин зулумдугуна жана душмандын үстөмдүк кылышына жол ача турган себептер экени айтылган.

Бургибадан Бен Алиге чейин… Кайдыгерликтин уланып келген тизмеги.

Мамлекетке болгон ишенимдин жоголушу жөнүндө сөзүбүз бүгүн эле пайда болгон маселе эмес. Тунистеги француз колонизаторлоруна каршы күрөшкөндөрдүн аксакалы, кол башчы Али бин Халифа ан-Нафатинин сөзүн эстейли. Садык бей протекторат жөнүндөгү документке кол койгондо, ал: «Эми бейге баш ийүү куфр болуп калды», — деген.

Бургибадан баштайлы. Ал динди мамлекеттен ажыраткан «модерн мамлекет» деп аталган түзүлүштү курууда колонизаторлор менен кол кармашып, өлкөнүн байлыктарын эч кандай эсеп-кысапсыз, «ишенимдин негизинде» алардын колуна тапшырган. Ошондой эле француз Жон Дюбиас Франция үчүн жумушчу күчүн даярдоо максатында түзгөн билим берүү системасын кабыл алган. Андан кийин Бен Алинин динчилдиктин тамырын кургатуу саясатына, колонизаторлорго өлкөнүн байлыктарын ээн-эркин талап-тоноого жол берилди.

Буга Тунистеги эң ири газ кени болгон Мискар кени жана «Бритиш Газ» маселеси мисал болот. «Шелл» компаниясы бул кенди 30 жыл бою (1992–2022) иштетип, анын байлыктарын түгөтүп, газды Тунистин электр энергиясы жана газ компаниясына (азыр банкрот болгон) дүйнөлүк баада сатып келген!

Андан кийин Бен Али 20 миллиард долларды талап-тоноп, революциядан кийин качып кеткен. Ага чейин болсо 40 миллиард доллар талап-тонолгон.

Андан кийин 2011-жылдагы революция болду. Франциянын Довиль шаарында «Чоң жетиликтин» жолугушуусунан соң төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: мурдагы системаны улантуу, келишимдерге баш ийүү жана карыздарды төлөө. Ал эми Европага чыгарылып кеткен жана талап-тонолгон каражаттар жөнүндө таптакыр сөз болгон жок. Мындай эреже бар: коррупционерлерди жоопко тартпаган мамлекетти тарых жана кыйроо жоопко тартат.

Революция жөнүндөгү кыял кыйрап, анын ордуна алсыз саясий вакыйлык жана бийлик үчүн күрөш пайда болду. Коомдук пикирди бириктире турган чоң маселе жок. Жамааттык максат жоголгондо коом ыдырап, ар бир адам өзүн куткарууга өзү жооптуу болуп калат. Биз карыздардын жана Эл аралык валюта фонду таңуулаган саясаттардын туңгуюгуна кирдик. Алардын катарында субсидияларды алып салуу жана жумушка кабыл алууну токтотуу бар. Натыйжада жаштар мамлекет аларды жумуш менен да, келечек менен да камсыз кылбай турганын көрүштү. Эл саясий элитанын эч кандай стратегиясы жок экенин, анын болор-болбос пайда үчүн тышкы күчтөргө жагынууга умтулуп, өз кызыкчылыктарынан баш тартып жатканын көрүп турганда, биз кантип алардан курмандык талап кыла алабыз?

Көйгөй сырттан алынган пикири себептүү алсыз болуп калган саясий чөйрөдө.

Азыркы саясий чөйрөнүн көйгөйү анын басымдуу бөлүгү Батыштын саясий пикиринин таасирине катуу берилип калганында. Анткени ал демократияны саясий ишмердүүлүктүн борборуна айландырды. Натыйжада жүздөгөн партиялар өңү да, даамы да, көтөргөн маселеси да жок партияларга айланды.

Бүгүн бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөш кимдики туура жана ким демократиялык мыйзамдуулукка ээ деген маселенин айланасында жүрүүдө: түз демократиябы же өкүлчүлүктүү демократиябы? Эки тарап тең бул күрөштү чече алган жок жана чече да албайт. Анткени демократияда тууралык менен туура эместикти аныктай турган өлчөө жок. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِن شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ﴾

«(Эй Мухаммад, момундарга айткын): «Силер (бул дүйнө тирүүлүгүндө каапырлар менен) келише албаган ар-бир нерсенин өкүмү (Кыямат Күнүндө) Аллага (кайтарылат)». (Шура: 10).

Ошондой эле халифа Абу Бакр Сыддык (розияллоху анху) мындай деген:

أطيعوني ما أطعت الله فيكم، فإن عصيته فلا طاعة لي عليكم

«Мен силердин араңарда Аллахка баш ийгенимче мага баш ийгиле. Эгер Ага каршы чыксам, анда мага баш ийүүгө милдеттүү эмессиңер».

Өлкөнү демократиялаштыруу — Батыштын планынын бир бөлүгү. Бул план колонизаторлорго өлкөнүн саясий абалына жана мыйзамдарына кирип, аларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада инвесторлордун киришине, өнөктөштүк келишимдерин түзүүгө жана ар түрдүү байлыктарды түгөтүүгө жол ачылат. Айрыкча энергетика тармагындагы маанилүү инвестициялар боюнча талаш-тартыштар чыкканда, аларды чечүү эл аралык мыйзамдарга баш ийдирилгенден кийин бул абал ого бетер күчөдү.

Демократия өз ээлеринин алдында да барксыз товарга айланды. Трамп да, Европа да (бүгүн Италияда, Германияда жана Францияда оңчулдар күч алып жатат) демократияны негизги маселе катары көрбөйт. Алардын эң чоң тынчсыздануусу — Ислам жана миграция. Эгер Батыш биздин байлыктарыбыздан куру калса, алар бири-бирин жеп коюшат. Азыр дүйнөдөгү ири мамлекеттердин карыздарынын көлөмүн карагыла… Астрономиялык сандар!

Эгер системанын ичинен сунушталган чечимдер жамап-жаскоо жана адаштыруудан башка нерсе болбосо, анда альтернатива кайда?

Системалардын күчү кадимки шарттарда эмес, кризис учурунда көрүнөт. Чечим өзүнүн алсыздыгын далилдеген системаны жамап-жаскоодо эмес, тескерисинче, түпкү негизге кайтууда: башкара турган акыйда, колдонулуучу шарият, орнотула турган адилеттик жана бириге турган үммөт.

Ал эми күтүлгөн альтернативага келсек, Хизб ут-Тахрир аны негиздеп, майда-баратына чейин даярдап койгон. Анын жигиттери күнү-түнү тынбай, үммөттүн балдарын жана алардын арасындагы күч-кубат ээлерин Исламий жашоону кайрадан баштоо жана Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн үммөттүн хазарий долбоорунун жана жол картасынын айланасына биригүүгө чакырып жатышат.

Анткени Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө Тунисти жана бүтүндөй үммөттү каатчылыкка толгон жылдарды артта калтыра турган, үммөткө өзүнүн тарыхый жетекчилигин кайтарып бере турган жаңы таң күтүп турат. Ал кезде үммөт колонизатор кафирлердин сүйлөшүү үстөлдөрүнө эмес, Раббисине, андан кийин өз уулдарынын күч-аракетине таянган мезгилдегидей абалга кайтып келет.

Роя гезити

14.10.2026

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button