Сакофий

Өкүм жана байъаттын мааниси

Өкүм жана байъаттын мааниси

Суроо: 1. «Исламдагы башкаруу түзүмү» китебинде: «өкүм, бийлик (мүлк) жана султан бир мааниде» деп келген. Бул өкүм сөзүнүн лугавий маанисиби же терминдик маанисиби? Эгер бул эки мааниде тең болсо, анда ал муштарак (амоним) сөзбү?

2. Андан соң, хадисте «байъат» сөзү халифа менен үммөттүн ортосундагы келишим маанисинде келген. «Байъат» сөзүнүн бул мааниси лугавий мааниби же шаръий мааниби? Башкача айтканда, бул лугавий акыйкатпы же шаръий акыйкатпы?

Жооп:

А. Арабдар койгон «حَكَمَ» (хакама) сөзүнүн мааниси, башкача айтканда, тилдеги же «лугавий хакикат» деп аталган мааниси — «قضى» (өкүм чыгарды) дегенди билдирет.

«Лисанул-Арабда» мындай келген:

«الحُكْمُ — илим, фикх жана адилеттүүлүк менен өкүм чыгаруу. Ал حَكَمَ يَحْكُمُ этишинин масдары… قضى: القضاء — الحكم».

«Аль-Камус аль-Мухитте»:

«الحُكْمُ — дамма менен — القضاء (өкүм чыгаруу)».

«Мухтар ас-Сихахта»:

«الحُكْمُ — القضاء (өкүм чыгаруу). حَكَمَ بَيْنَهُمْ يَحْكُمُ حُكْمًا — алардын ортосунда өкүм чыгарды. Ошондой эле حَكَمَ لَهُ — анын пайдасына өкүм чыгарды жана حَكَمَ عَلَيْهِ — анын зыянына өкүм чыгарды» деп келген.

Б. Бирок бул лафз Исламдын алгачкы доорунда терминдик түрдө мүлк жана султан, башкача айтканда, бийлик маанисинде колдонулган. Ал эми термин – бул урфий акыйкат.

Демек, «өкүм» (حكم) сөзүнүн Расулуллахтын ﷺ, хулафаи рошидиндердин доорунда жана алардан кийинки арабдар арасында мүлк жана султан, башкача айтканда, бийлик маанисинде колдонулушу — терминдик колдонуу, башкача айтканда, урфий хакикат.

В. Сөздүн бардык маанилери тилдин түпкү негизинде коюлган учурда гана ал «муштарак лафз» деп аталат. Башкача айтканда, анын ар түрдүү маанилеринин баары сөздүк акыйкат болушу керек. Ал эми бир мааниси сөздүк акыйкат, экинчиси, мисалы, урфий хакикат болсо, анда ал муштарак сөз деп аталбайт.

Мисалы, «الدابة» (дабба) сөзүн арабдар жерде басып-жүргөн бардык жандыктар маанисинде коюшкан. Кийин урфта бул сөз «урфий хакикат» катары төрт буттап жүргөн жаныбарларга гана колдонулуп, адам андан чыгарылган. Ошондуктан «дабба» сөзү жерде басып-жүргөн бардык жандыктар менен төрт буттап жүргөн жаныбар маанилеринин ортосундагы муштарак лафз деп айтылбайт. Себеби арабдар «дабба» сөзүн бул маанилердин баарына койгон эмес, аны жерде басып-жүргөн нерсеге коюшкан. Кийин урф аркылуу ал төрт буттап жүргөн жаныбарга гана колдонулуп калган. Ошондуктан төрт буттап жүргөн жаныбарга карата «дабба» лафзы урфий хакикат деп айтылат.

Жыйынтыктап айтканда, муштарак сөз — бардык маанилерин арабдар лугавий хакикат катары койгон сөз. Ал эми анын бир мааниси сөздүк акыйкат, экинчи мааниси жалпы же жеке урфий акыйкат б.а. «истилах» болсо, анда ал муштарак сөз болбойт.

Ошондуктан «حكم» (өкүм) сөзү өкүм чыгаруу (القضاء) менен бийлик (السلطان) маанилеринин ортосундагы муштарак сөз эмес. Тескерисинче, «өкүм чыгаруу» маанисинде лугавий акыйкат болуп, мүлк жана султан же бийлик маанисинде жеке урфий хакикат, термин деп айтылат.

2. Ал эми «байъат» (بيعة) сөзү — шаръий акыйкат, ал термин эмес, башкача айтканда, «жеке урфий акыйкат» эмес. Себеби анын мааниси урф тарабынан эмес, шарият тарабынан коюлган. Мунун баяны төмөнкүдөй:

«Байъат» сөзү тилде соода-сатык маанисинен келип чыккан:

«ب ي ع: “بَاعَ” — бир нерсени сатты, “يَبِيعُهُ”، “بَيْعًا”، “مَبِيعًا”… Ошондой эле “بَاعَهُ” — аны сатып алды деген маанини да билдирет. Демек, ал карама-каршы маанилерди билдирген сөздөрдөн… “بَايَعَهُ” — соода-сатык жана байъат маанилеринде колдонулат. “تَبَايَعَا” да ушундай мааниде…» («Мухтар ас-Сихах»).

«باعَه، يَبِيعهُ بَيعْاً ومَبيعاً — аны сатканда да, сатып алганда да айтылат. Бул карама-каршы маанилерди билдирген сөз…» («Аль-Камус аль-Мухит»).

«بيع: البيع — сатып алуунун карама-каршысы, башкача айтканда, сатуу. Ошондой эле البيع — сатып алуу маанисинде да келет. Ал карама-каршы маанилерди билдирген сөздөрдөн. “بِعْتُ الشَّيْءَ” — нерсени сатып алдым, “أَبيعُه بَيْعاً ومَبيعاً”…» («Лисанул-Араб»).

Шарият болсо ага башка бир маани койгон. Ал — халифаны дайындоо тарыйкаты. Бул тарыйкат Китеп, Сүннөт жана сахабалардын ижмасы менен сабит болгон. Ал тарыйкат — байъат.

Халифа мусулмандардын ага Аллахтын Китеби жана Расулунун Сүннөтү менен амал кылууга берген байъаты аркылуу дайындалат. Бул жердеги мусулмандардан максат, эгер Халифалык бар болсо, мурунку халифанын мусулман раъийлери. Ал эми Халифалык жок болсо, Халифалык орнотула турган өлкөнүн мусулмандары. Башкача айтканда, байъат Китеп, Сүннөт жана сахабалардын ижмасындагы далилдер менен шаръий мааниге ээ болгон.

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ الَّذِينَ يُبَايِعُونَكَ إِنَّمَا يُبَايِعُونَ اللَّهَ يَدُ اللَّهِ فَوْقَ أَيْدِيهِمْ﴾

«(Эй Мухаммад), чындыгында сага ант бере турган заттар эч шек-күмөнсүз, Аллага ант беришет-Алланын колу алардын колдорунун үстүндө болот». (Фатх: 10).

Бухарий Убада ибн Самиттен риваят кылат, ал айтты:

«بايعْنا رسولَ الله صلى الله عليه وسلم على السمع والطاعة، في المنشط والمكره، وأن لا ننازع الأمر أهله، وأن نقوم أو نقول بالحق حيثما كنا، لا نخاف في الله لومة لائم».

«Биз Расулуллахка ﷺ жеңил учурда да, оор учурда да угуп, моюн сунууга, бийлик ээлери менен бийлик талашпоого жана кайда болсок да, Аллах жолунда айыптоочунун айыбынан коркпостон, акыйкатты айтууга байъат бердик».

Ошондой эле Муслим Абу Саид аль-Худрийден риваят кылат, Расулуллах ﷺ айтты:

«إذا بويع لخليفتين فاقتلوا الآخر منهما».

«Эгер эки халифага байъат берилсе, алардын экинчисин өлтүргүлө».

Демек, Китеп жана Сүннөттөгү насстар халифаны дайындоонун тарыйкаты байъат экенин ачык көрсөтүп турат. Муну бардык сахабалар түшүнүшкөн жана ошого ылайык амал кылышкан. Рошид халифаларга берилген байъаттар да муну ачык көрсөтөт.

Ошентип, байъат бул мааниде шаръий хакикат болуп калды. Себеби шаръий хакикат жогоруда баяндаганыбыздай, анын коюлган мааниси шарият тарабынан болот.

20.06.2012

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button