Тунистеги эл аралык күрөш кайда баратат?

Тунистеги эл аралык күрөш кайда баратат?
Алжирдин президенти Абдульмажид Теббундун Эмираттар деген кичинекей мамлекетке карата: «Ким Туниске коркунуч туудурса, анын ата-энесине чатыр тигип беребиз», — деп айткан кыйыр коркутуусу Тунистеги таасир үчүн жүрүп жаткан аймактык жана эл аралык күрөштүн курчуп баратканынын бир гана белгиси. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 25-июлунда Тунис борборунда экономикалык жана гуманитардык абалдын начарлашына каршы кеңири демонстрациялар өттү. Анда президент Каис Саиддин кетишин, режимдин кулатылышын жана саясий камактагылардын бошотулушун талап кылган ураандар көтөрүлдү. Демонстранттар баалардын кымбатташына, сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө, суу менен электр энергиясынын улам-улам өчүрүлүшүнө бийликти жооптуу деп эсептешти. Бул 2021-жылдын 25-июлундагы чаралардан берки эң ири элдик кыймылдардын бири болду.
Ал чаралар Тунистеги саясий чоң бурулуш чекити болду. Президент 2014-жылкы Конституциянын 80-беренесин ишке киргизип, өкмөт башчысын кызматтан алды, парламенттин ишин токтотту, анын депутаттарынын кол тийбестигин алып салды, Жогорку сот кеңешин таратты жана 2022-жылы өлкөнү кеңири ыйгарым укуктарга ээ президенттик түзүмгө кайтарган жаңы Конституцияны кабыл алды.
2023-жылдын февраль айынан бери Тунисте президенттин каршылаштарына багытталган кеңири камакка алуу жараяны жүрүп жатат. Анын алкагында журналисттер, активисттер, судьялар, ишкерлер жана саясатчылар, алардын ичинде парламенттин мурдагы төрагасы Рашид аль-Ганнуши да камакка алынды. Камакка алуулардын көпчүлүгү ишкер Хиям ат-Туркинин Америка элчилигинин кызматкерлери менен жолугушуусуна байланыштуу болуп, бул ошол кезде «мамлекеттик коопсуздукка каршы кутум иши» деп белгилүү болгон.
Тунисте таасир үчүн Батыштын күрөшү жүрүп жатат жана анын этаптары жергиликтүү куралдар аркылуу башкарылууда. Президент Каис Саид Франциянын колдоосунан пайдаланып, Британиянын таасир системасын талкалоого киришти. Франциянын позициясы башынан эле Саид жарыялаган өзгөчө чараларга түшүнүү менен мамиле кылуу менен айырмаланды. Франциянын бул позициясы Тунистеги элчисинин билдирүүлөрү аркылуу да, анын президенти Макрондун Саид менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да көрүндү. Анда Макрон Париж Тунистин эгемендүүлүгүн сактоо жана эркиндигин коргоо үчүн анын жанында турууга даяр экенин билдирди. Париж тарабынан бул багытка карата адам укуктары жана саясий плюрализмге байланыштуу билдирилген тынчсыздануулардан башка эч кандай айыптоо айтылган жок. Бул президент Саид бутага алган, Францияга ыктаган саясий күчтөрдү өзүнө тартуу аракетинде француз маалымат каражаттары аркылуу ачык көрүнүп турду.
Ал эми Франциянын расмий позициясы мурдагыдай эле калып, өзгөргөн жок. Анын президенти Макрон Конституция боюнча референдумду кубаттап, аны саясий өтүү процессиндеги «маанилүү этап» деп баалады. Ошондой эле өлкөсү Тунисти Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүүлөрүндө колдоого даяр экенин баса белгиледи. Ал дагы: «Франция Тунистин азык-түлүккө болгон муктаждыктарын камсыздоо үчүн аны менен иштешүүгө даяр», — деди. Бул позиция Франциянын Тунистеги, өзгөчө саясий, экономикалык, сакофий жана коопсуздук тармактарындагы маанилүү кызыкчылыктар тармагын сактап калууга умтулуусу менен түшүндүрүлөт.
Буга карама-каршы, Британия 25-июлдагы чараларды четке каккан позицияны карманып, Саиддин Конституциясы боюнча референдумду «ачык-айкындуулуктан ажыраган» деп сыпаттады. Ошондой эле катышуунун төмөн деңгээлин жана бардык тараптарды камтыган саясий процесстин жоктугун сынга алып, бийлик бутактарын бөлүштүрүү принцибин урматтоого жана ар кандай саясий жана жарандык күчтөрдү катыштырууга чакырды. Британия 2025-жылдын аягында оппозиция өкүлдөрүнө карата чыгарылган катаал апелляциялык өкүмдөрдөн пайдаланып, өзүнүн саясий жана маалыматтык куралдары аркылуу көчөдөгү кыймылды кайра жандантууга аракет кылды. Натыйжада анын таасир чөйрөсүнө кирген бир катар инсандар, алардын арасында Хишам аль-Машиши кайрадан алдыңкы планга чыкты. Муну менен катар Британиянын багытына жакыныраак деп эсептелген маалымат каражаттарынын, алардын башында Катардагы «Аль-Жазира» телеканалынын медиа мейкиндигиндеги активдүүлүгү күчөдү. Бул президент Каис Саидди кулатып, бийликтеги түзүмгө элдик басым жасоо жана күч түзүмдөрүн андан баш тартууга азгыруу аркылуу Британиянын таасирин кайра кайтаруу аракетин көрсөтөт. Бирок бийликти колдогон кыймылдардагыдай эле, оппозициянын кыймылдарында да катышуунун чектелүү болушу элдин бул иштерден оолактап калганын көрсөттү. Бул Тунис калкынын кеңири катмары бийликке да, анын каршылаштарына да ишеним артпай калганын билдирет.
Европа Биримдиги да башында Британиянын позициясына жакын позицияны карманып, саясий процесске тынчсыздануусун билдирип, бийлик бутактарын бөлүштүрүү принцибин урматтоого чакырган. Бирок бул позиция, өзгөчө Италия менен Германиянын позициясы, 2023-жылдын ичинде өзгөрүүгө учурады. Натыйжада европалыктар акырындык менен президент Каис Саидди колдогон Франциянын позициясына кошулушту. Бул расмий сапарлардын көбөйүшүнөн, каржылык жардамдардын көрсөтүлүшүнөн жана экономикалык, коопсуздук келишимдеринин түзүлүшүнөн ачык көрүндү. Бул процесс экономикалык кызматташтыкты жана мыйзамсыз миграцияны чектөөнү камтыган «стратегиялык жана ар тараптуу өнөктөштүк» тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу менен жыйынтыкталды. Андан кийин бул багыт энергетика тармагындагы сектордук келишимдер, айрыкча Европа рыногуна багытталган электр энергиясын туташтыруу жана жашыл суутек долбоорлору менен дагы бекемделди.
Ал эми Америка Саид баштаган процесске карата катаал позицияны карманып, жаңы Конституция демократияга жана адам укуктарына доо кетирет деп эсептеди. Муну анын мамлекеттик катчысы Блинкендин билдирүүлөрү, Тунистин Американын айрым дипломатиялык жана аскерий сапарларынан четтетилиши, ошондой эле Американын элчиси Жей Худдун позициялары көрсөттү. Ал өз өлкөсү демократиялык башкарууну калыбына келтирүүгө түрткү берүү үчүн таасир этүүнүн ар кандай куралдарын колдонууга жана америкалык жардамдарды ушул багытка ылайык кайра карап чыгууга чечкиндүү экенин баса белгиледи. АКШ Конгрессинин делегациялары да Туниске жасаган сапарларында демократиялык процесстин артка кетишине тынчсыздануусун билдиришти.
Эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташтык уланып жатканына карабастан, Вашингтон Тунистин тышкы каржылоосу үчүн зарыл болгон кепилдиктерди берүүдөн баш тартты жана саясий катмардын ичине кирип баруу, ошондой эле муунткан экономикалык кризистен улам келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай элдик жарылуудан пайдалануу максатында Эл аралык валюта фонду менен келишимге бөгөт койду. Ошондуктан Саид Эл аралык валюта фондунун айрым шарттарын четке кагып, аларды «жарылуучу заттардын жанында күйүп турган ширеңке» деп баалады.
Ал эми аймактык деңгээлде Алжирдин позициясы эң туруктуу жана ырааттуу позиция катары көрүндү. Алжир Тунистин туруктуулугун өзүнүн улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү деп эсептеп, жаңы бийликти саясий жана экономикалык жактан колдоду, ага каржылык жардам көрсөттү жана газ менен камсыздоого кепилдик берди. Кийин кызматташтык аскерий жана коопсуздук келишимине, андан соң кеңири экономикалык өнөктөштүктөргө чейин өнүктү. Бул Алжир Тунисти өзүнүн түздөн-түз стратегиялык тереңдиги деп эсептей турганын жана андагы ар кандай саясий өзгөрүү анын коопсуздугу менен туруктуулугуна түздөн-түз таасир этерин түшүнүп жаткандыгын көрсөтөт.
Каис Саид үчүн да, анын каршылаштары үчүн да абал туруктуу болбойт. Исламий фатх мезгилинде Түндүк Африкадагы өзгөрүүнүн учкуну болгон жана үммөттүн адамдардын напсилеринде жана акылдарында теңдешсиз өзгөрүү жараткан революциясында Исламий элдердин кыймылдаткычы болгон Тунис калкы колонизаторлордун жана алардын жергиликтүү куралдарынын үстөлүн оодарып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Ислам негизиндеги чыныгы өзгөрүүгө негиз салат.
﴿وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾
«Ким Аллага тобокел кылса, (Алланын) Өзү ага жетээрлик. Албетте Алла өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон (тактап айтканда, турмушта көрүнө турган ар-бир жакшы-жаман окуя же кубулуш Жалгыз Алла каалаган-белгилеген убакыт жана өлчөөдө пайда болот)». (Талак: 3).
Роя гезити
Доктор Аль-Асъад Аль-Ужайли




