Асыл хадис

Халифалык империя эмес

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Халифалык империя эмес

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Аль-Бухари өзүнүн Сахихинде мындай деп риваят кылган:

حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ حَدَّثَنَا لَيْثٌ عَنْ ابْنِ شِهَابٍ عَنْ عُرْوَةَ عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا: “أَنَّ قُرَيْشًا أَهَمَّهُمْ شَأْنُ الْمَرْأَةِ الْمَخْزُومِيَّةِ الَّتِي سَرَقَتْ، فَقَالُوا: وَمَنْ يُكَلِّمُ فِيهَا رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ فَقَالُوا: وَمَنْ يَجْتَرِئُ عَلَيْهِ إِلَّا أُسَامَةُ بْنُ زَيْدٍ حِبُّ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَكَلَّمَهُ أُسَامَةُ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَتَشْفَعُ فِي حَدٍّ مِنْ حُدُودِ اللَّهِ! ثُمَّ قَامَ فَاخْتَطَبَ ثُمَّ قَالَ: إِنَّمَا أَهْلَكَ الَّذِينَ قَبْلَكُمْ أَنَّهُمْ كَانُوا إِذَا سَرَقَ فِيهِمْ الشَّرِيفُ تَرَكُوهُ وَإِذَا سَرَقَ فِيهِمْ الضَّعِيفُ أَقَامُوا عَلَيْهِ الْحَدَّ، وَايْمُ اللَّهِ لَوْ أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَرَقَتْ لَقَطَعْتُ يَدَهَا

Бизге Кутайба ибн Саид, Айша (р.а)дан риваят кылды: “ Уурулук кылган махзумдук аялдын маселеси Курайштарды абдан тынчсыздандырды. Алар: Бул тууралуу Аллахтын Элчиси менен ким сүйлөшөт? – дешти. Алар: Аллахтын Элчисинин сүйүктүүсү Усама бин Зайддан башка ким аны менен сүйлөшүүгө батынат эле? – дешти. Усама аны менен сүйлөшкөндө, Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун,: “Сен Аллах койгон чектөөлөрдүн бири боюнча ортомчулук кылып жатасыңбы?” – деди. Анан ал ордунан туруп, хутба кылып, анан мындай деди: Силерден мурункулар кыйроого учурашкан, анткени алардын арасындагы бир кадырлуу адам уурдаса, аны коё беришкен, ал эми алсыз адам уурдаса, аны жазалашкан. Аллахка ант болсун, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылганда, мен анын колун кесмекмин”.

Ахмад өзүнүн Муснад китебинде мындай деген:

حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ حَدَّثَنَا سَعِيدٌ الْجُرَيْرِيُّ عَنْ أَبِي نَضْرَةَ حَدَّثَنِي مَنْ سَمِعَ خُطْبَةَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي وَسَطِ أَيَّامِ التَّشْرِيقِ فَقَالَ: “يَا أَيُّهَا النَّاسُ أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى أَعْجَمِيٍّ وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ وَلَا أَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ إِلَّا بِالتَّقْوَى، أَبَلَّغْتُ؟ قَالُوا: بَلَّغَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، ثُمَّ قَالَ: أَيُّ يَوْمٍ هَذَا؟ قَالُوا: يَوْمٌ حَرَامٌ، ثُمَّ قَالَ: أَيُّ شَهْرٍ هَذَا؟ قَالُوا: شَهْرٌ حَرَامٌ، قَالَ ثُمَّ قَالَ: أَيُّ بَلَدٍ هَذَا؟ قَالُوا: بَلَدٌ حَرَامٌ، قَالَ: فَإِنَّ اللَّهَ قَدْ حَرَّمَ بَيْنَكُمْ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ، قَالَ: وَلَا أَدْرِي قَالَ أَوْ أَعْرَاضَكُمْ أَمْ لَا، كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا فِي شَهْرِكُمْ هَذَا فِي بَلَدِكُمْ هَذَا أَبَلَّغْتُ؟ قَالُوا: بَلَّغَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: لِيُبَلِّغْ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ

Исмаил бизге айтып берди, Саид аль-Журайри бизге Абу Надрадан риваят кылды, ал мындай деди: Ташрик күндөрүнүн ортосунда Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, насаатын уккан бир адам мага мындай деди: Эй, адамдар, силердин роббиңер бир, атаңар да бир. Арабдын араб эместен, араб эместин арабдан, кызыл адамдын кара адамдан, кара адамдын кызыл адамдан артыкчылыгы жок, артыкчылык такыбалык аркылуу гана болот. Мен кабарды жеткирдимби? Алар: Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, кабарды жеткирди дешти. Анан ал: Бул кайсы күн? – деп сурады. Алар: Бул арам (ыйык) күн, – дешти. Анан ал: Бул кайсы ай? – деп сурады. Алар: Бул арам (ыйык) ай, – дешти. Анан ал: Бул кайсы жер? – деп сурады. Алар: Бул арам (ыйык) жер, – дешти. Ал: Чындыгында, Аллах силердин каныңарды жана мал-мүлкүңөрдү өз араңарда арам кылды, – деди. Ал: Мен анын силердин абийириңер деп айтканын же , бул арам айыңардагы ушул арам күнүңөрдө арам жериңер сыяктуу эле арам деп айтканын билбейм. Анан мен кабарды жеткирдимби?» – деди. Алар: Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, жеткирди, – дешти. Ал: Ким бар болсо, аны бул жерде жок адамга жеткирсин”, – деди.

Урматтуу бир туугандар;

Ислам бул жерде улуттардын жана элдердин жашоосундагы эң маанилүү маселе боюнча өз сөзүн айтып жатат… жана бул сөздүн маанилүүгү ага мамлекеттин жарандары өтө муктаж экендигинде… Көптөр аны сактап калабыз деп далаалат кылганы менен, ал Ислам мамлекетинде гана бар. Бул коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн укуктар менен милдеттердин адилеттүүлүгү жана теңдиги… эч бир араб араб эместен, араб эмес арабдан, кызыл адамдын кара адамдан, кара адамдын кызыл адамдан артыкчылыгы жок… артыкчылык бир гана такыбалык аркылуу болот. Исламда коомдун бардык мүчөлөрү тең укуктуу… Ислам мамлекети бардык жарандарына өз кызыкчылыктарына же башкаруучулардын каалоолоруна эмес, шарияттын өкүмдөрүнө ылайык адилеттүү мамиле кылат. Халиф жарандар менен болгон мамилесинде таза шарияттын өкүмдөрүнө баш ийет жана бүгүнкү хадис бизди тарыхтагы адам тарабынан түзүлгөн өкүмдөрдөн айырмаланып турган ушул шарият өкүмдөрүнүн бирине багыттады. Алар Ааламдардын Эгесинин өкүмдөрү болгондуктан, башкача кантип болушу мүмкүн? Ал аны адамзатка бакыт алып келүү жана алардын ыңгайлуу жана бакубат жашоодо жашашына мүмкүнчүлүк берүү үчүн түшүргөн.

Ислам мамлекетинен башка кайсы бир өлкөдө башкаруучунун: Эгер кызым уурулук кылса, мен анын колун кесип салмакмын деп айтканын уга алабызбы?!

Силерден мурункулар кыйроого учурашкан, анткени алардын арасындагы бир кадырлуу адам уурдаса, аны коё беришкен, ал эми алсыз адам уурдаса, аны жазалашкан. Аллахка ант болсун, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылганда, мен анын колун кесмекмин”.

Анан ким: Эгерде төө Ирак жеринде мүдүрүлүп кетсе, Аллах менден эмнеге ал үчүн жол оңдоп койбогондумдан сурайт деп корком.. деп сөзүнө амал кылган” халифадан башка башкаруучунунун сөзүн уга алабызбы?

Дүйнөдө Ислам мамлекетинин башкаруучулары жана акимдери Мухаммад пайгамбардан (ага салам салаваттар болсун ) баштап, андан кийин Умар, андан кийин Муавия, андан кийин Аль-Мансур, Аль-Мутасим жана Аль-Хажжаж…ж.б сыяктуу өз карамагындагы мусулман аялдын же эркектин ар-намысы тебеленгенде аны коргоо үчүн чоң армияларды чогултуп, жалпы мобилизация жарыялаган адам барбы?

Бул Ислам мамлекетин ислам империясы деп атагандарга эң көркөм жооп…

Жок, Аллахка ант болсун… бул ислам халифалыгы… жана Халифалык менен империянын ортосунда чоң айырма бар… башкаруучунун ыйгарым укуктарында, мамлекеттин мыйзамдарында, жарандардын жана анын карамагындагы аймактардын укуктарында чоң айырма бар.

Ислам мамлекеттин бардык бөлүктөрүндө бардык жарандарга бирдей мамиле кылып, расалык басмырлоону четке кагып, жарандыгы бар мусулман эместерге шарияттын жоболоруна ылайык жарандардын укуктарын жана милдеттерин берет, ошондуктан алар мусулмандар менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. А түгүл, калктын ичиндеги бир дагы адамга, алардын диний көз карашына карабастан, сот алдында башкаларга берилбеген укуктарды ага бербейт… ал тургай ал мусулман болсо да… Ислам бул теңдикте ал империядан айырмаланат жана бул уникалдуу системада ал аймактарды колонияларга, эксплуатациялык жайларга же жалпы борборго агып келген булактарга айландырбайт, тескерисинче, канчалык алыс жайгашканына жана эли ар кандай этностордон канча расадан турганына карабастан, бардык аймактарды бир бүтүн кылат. Ар бир аймак мамлекеттин бир бөлүгү деп эсептелет жана анын эли борбордук өкмөттүн же башка аймактын эли ээ болгон бардык укуктарга бирдей ээ болот. Өкмөттүн бийлиги, анын системасы жана мыйзамдары бардык аймактарда бирдей ишке ашат. Өлкөлөрдү жана аймактарды фатх кылып, Ислам мамлекетине кошуунун себеби, алардын элин Исламга чакыруу жана аларга шарият мыйзамдарына ылайык мамиле кылуу болгон… Исламдын мындан башка максаты жок… өлкөнүн ресурстарына болгон амбициясы да, элин кул кылуу каалоосу да жок… жана ислам мамлекетинин тарыхы муну күбөлөндүрөт.

Империя өзүнүн аймактарында бардык расаларга бирдей мамиле кылбайт, башкаруу жагынан да, байлык жагынан да, экономика жагынан да. Чынында, империянын башка өлкөлөрдү басып алышы жана аннексиялашы анын таасирин кеңейтүү, жерди жана анын элин борбордук мамлекеттин пайдасы үчүн эксплуатациялоо максатында болот Империя өзү басып алган өлкөлөрдүн ресурстарын талап-тоноп, элин кул кылып, өз кызыкчылыгы үчүн эксплуатациялап, элин өз өлкөсүнүн байлыктарынан пайдалануудан ажыратып, аларды жакырчылыкта, муктаждыкта жана жокчулукта жашоого мажбурлайт… жана аларга кемсинтүүнү жана басмырлоону алып келет.

Ислам мамлекети өзүнүн тарыхында бардык аймактарына жана жарандарына бирдей мамиле кылган жана акыркы жылдары кемчиликтерге учураганда, бардыгына болгон милдетин аткара албай калган, бул алсыздыктан улам болгон, бир расаны экинчисинен же бир аймакты экинчисинен жогору коюу ниетинен келип чыккан эмес. Ал эми Халифалыктын чынчыл мусулман эмес жарандарынын аң-сезиминде кайрымдуу мамлекеттин элеси калган… Халифалык системасы жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, аларга жаман мамиле кылган башка өлкөлөрдүн начар кам көрүүсү менен салыштырып көргөндөр Халифалык системасы империялык эмес экенине жана империяга эч кандай тиешеси жок экенине, тескерисинче, тарых эч качан күбө болуп көрбөгөн жана көрбөй турган уникалдуу башкаруу системасы экенине күбө болушат.

Оо, Аллахым, оо, ырайымдуулардын эң ырайымдуусу, мусулмандарга, атүгүл бүткүл адамзатка бакыт алып келе турган туура жолдогу Халифалыктын тикеленишин тездет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 21сафар.

2026-ж, 4-август.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button