Кабар

Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы АКШнын аракеттери боюнча тергөөнү токтотту

Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы АКШнын аракеттери боюнча тергөөнү токтотту

Эл аралык кылмыш соту (МУС) Ооганстанда АКШнын аскерлери, атайын кызматтары жана алар менен кызматташкан жергиликтүү күчтөр тарабынан жасоого шектелген кылмыштар боюнча тергөөнү токтотуу чечимин кабыл алды.

Аталган тергөө 2020-жылы башталган. Анын алкагында 2002-жылдан тартып, башкача айтканда, АКШ баштаган аскердик операциялардан бери Ооганстандын аймагында жасалган болушу мүмкүн болгон кылмыштар иликтенмек. Тергөө АКШ аскерлеринин жана атайын кызматтарынын аракеттерин гана эмес, ошол кездеги ооган өкмөтүнө баш ийген коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерин да камтыган.

Ошол эле учурда Эл аралык кылмыш соту «Талибан» кыймылына байланыштуу тергөөнү токтоткон жок. 2021-жылдын августунан кийин бул кыймылдын өкүлдөрү тарабынан жасалган деп шектелген кылмыштар боюнча өзүнчө иликтөө иштери улантылууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button