Асыл хадис

Электен өтүү жана тандоо жараянынан кийин эмне болот?

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Электен өтүү жана тандоо жараянынан кийин эмне болот?

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «يُوشِكُ أَنْ يَأْتِيَ زَمَانٌ يُغَرْبَلُ النَّاسُ فِيهِ غَرْبَلَةً، تَبْقَى حُثَالَةٌ مِنَ النَّاسِ، قَدْ مَرِجَتْ عُهُودُهُمْ وَأَمَانَاتُهُمْ وَاخْتَلَفُوا، فَكَانُوا هَكَذَا وَشَبَّكَ بَيْنَ أَصَابِعِهِ …». رواه أبو داود برقم 3840

Абдулла бин Амр бин аль-Астан риваят кылынат. Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, мындай деген: “Адамдар дан сыяктуу электен өтө турган мезгил жакындап келе жатат. Келишимдери жана аманаттары бузулуп, бөлүнүп кеткен пайдасыз адамдардын тобу гана калат, алар ушундай болушат, ал манжаларын бириктирип койду…” Абу Давуд риваят кылган, № 3840.

Урматтуу бир туугандар:

Шейх Абдул-Мухсин бин Хамад аль-Аббаддын Абу Давудга жазган шархында мындай деп айтылат:

«يُغَرْبَلُ النَّاسُ فِيهِ غَرْبَلَةً»

“Адамдар ал (мезгил) аркылуу электен өткөрүлөт”. Башкача айтканда, саалих адамдар башкалардан айырмаланышы үчүн сыналышат. Кебектер калат. Ун электен өткөрүлгөндө тазасы өтүп кебеги калгандай адамдардын да тазалары өтүп кебектери калат. Калдыктар – электен өтпөй турган (эгиндин чары сыяктуу) пайдасыз жаман адамдар.

Эй мусулмандар:

Бул өз каалоосунан сүйлөбөгөн улуу Пайгамбардын бүгүнкү күндөгү үммөттүн абалын кыскача баяндаган салыштыруусу. Ал, ага Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун, Сирия жана ал жерде болуп жаткан окуялар, Ирак, Египет, Йемен жана Судан, ошондой эле алардан ааламдардын Ээсинен жардам сурап чыккан кыйкырыктар жана жалынуулар жөнүндө айтып жаткандай. Балким баардык мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан кыйкырыктар жөнүндө айтып жаткандай. Калдык калкып үстүнө чыгып, элге пайда алып келген нерсе калышы үчүн, Өзүн ыймандуумун деп атагандар жана бул динден пайда көргөндөр электен өтпөй калкып чыгуусу үчүн, ар бир жаман сөздүү эки жүздүү адамдар электен өтпөй чар сыяктуу топтолуп калышы үчүн, үммөт дини аркылуу электен өтүп жатат. Ооба, бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, үммөттөн бардык кара ниеттик кетиш үчүн электен өтүп текшерилип, тандалууда.

Ошентип, электен өткөн таза жана жакшылык тобу калат, аларга жеңиш берилет, бул бардык тазалыктын жана аруулуктун далили. Андыктан, Мухаммаддын үммөттү, чыдамдуу болгула — силерге Раббимдин берекеси жана тынчтыгы болсун — анткени силерге белгиленген убакыт жеңиш жана Халифалык.

Оо, Аллахым, бизге пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген, мусулмандарды бириктирип, аларды азап-тозоктон куткара турган адилеттүү Халифалыкты тездет. Оо, Аллахым, жерди Өзүңдүн улуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 26–жумаадил уула.

2026-ж, 6–ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button