Күн сайын баскынчылардын кол салуулары, Аужада жана башка жерлерде мажбурлап көчүрүү эл аралык системанын жийиркеничтүү жүзүн ашкерелейт

Басма сөз баянаты
Күн сайын баскынчылардын кол салуулары, Аужада жана башка жерлерде мажбурлап көчүрүү эл аралык системанын жийиркеничтүү жүзүн ашкерелейт
Аужа шаркыратмасынын бедуин жамааты жайгашкан аймакта 2026-жылдын январь айы ичинде колонизаторлордун кол салуулары күчөдү. Мунун натыйжасында кеңири масштабдагы мажбурлап көчүрүү жүрүүдө. 2026-жылдын 11-январына чейинки мезгилде 20дан 33кө чейинки үй-бүлө турак жайларынан мажбурлап чыгарылды. Колонизаторлордун күн сайын жасалган чабуулдары уланууда. Суу сактагычтарды бошотуу, үйлөргө кеткен суу түтүктөрүн кесүү, элге шаркыратмалардан суу алууга тыюу салуу, мал уурдоо, электр зымдарын үзүү жана оккупация күчтөрүнүн коргоосунда тургундарды туруктуу кысымга алуу уланууда. Колонизаторлордун саны жана кысымы көбөйүп жаткан чакта, Аужанын эли бул системалуу чабуулдардын алдында куралсыз турат. Бийликтеги жооптуу мекемелер — маалымат, саламаттык сактоо министрликтери же коопсуздук күчтөрү — толук бойдон жок.
Ошондуктан үй-бүлөлөр турак жайларын жана чатырларын чечип, Жифталикке же Иерихондун айланасындагы айылдарга көчүүгө аргасыз болууда. Бул аймакта чоң мал чарбачылык байлыктын жоголуу коркунучун жаратууда.
Аужанын эли тарткан бул азап өтө оор: ушул күндөрү катуу шамал, жаан-чачын жана бороон-чапкын болуп турат. Ал эми дүйнө болсо араб өлкөлөрүнүн кайсы биринде парламенттеги аялдар квотасы канча орун аларын талкуулоого алаксыган. Ошол эле маалда Газа аялдарынын «гендер» түшүнүктөрүн «билбестиги» менен алек болгон мекемелерге миллиондор коротулууда. Аужанын аялдары, Тулкарм жана Женин лагериндеги аялдар жана оккупация аларды үйлөрүнөн жана жашаган жерлеринен кетүүгө мажбур кылган башка аялдар медиа тарабынан четке кагылып, маалыматтык караңгылыкта калууда.
Бирок биз анык билебиз: бул оккупацияны ири державалар жашоонун бардык каражаттары менен камсыз кылып, анын туруктуу кылмыштарына жана мыйзам бузууларына көз жумууда. Дал ошолор бизге «туруктуулук» пландарын насаат кылып сүйлөшсө да, эл аралык система аркылуу зулумдукка жана бузукулукка негизделген планетаны куруп жатышат. Анда күчтүү алсызды жейт, ал эми жашоо адеп-ахлак же цивилизация үчүн эмес, акчага жана материалдык күч каражаттарына ээ болгон адамдар үчүн берилет.
Мындай абалдын узакка созулушу мүмкүн эмес. Аужада жана башка зулумдук уялап, жаман күчтөрдүн кутуму менен уланып жаткан мыйзам бузуулар б.а. курал катары сабырдан башка эч нерсеси жок, кысымдарга карабай бекем турган акыйкат ээлерин басынтуу аракети узакка барбайт. Анткени Аллах залимдерге мөөнөт берет, андан кийин аларды эч ким куткарбайт.
Ал эми Палестинанын муслима аялдары сабырдуулук менен баштарынан өткөрүп жаткан бул сыноолор — зулумду токтото ала турган, бирок жердеги залимдерден коркуп, Падышалардын Падышасынын каарынан коркпогон кайдыгер калган адамдар үчүн оор сыноо.
﴿إِنَّ فِرْعَوْنَ عَلَا فِي الْأَرْضِ وَجَعَلَ أَهْلَهَا شِيَعاً يَسْتَضْعِفُ طَائِفَةً مِّنْهُمْ يُذَبِّحُ أَبْنَاءَهُمْ وَيَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ إِنَّهُ كَانَ مِنَ الْمُفْسِدِينَ * وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾
“Чындыгында Фиравн (Мисир) жеринде чектен чыгып, анын калкын (бир-бирине душман болгон) тайпаларга бөлүп салды. Ал алардан бир тайпаны (бани Исраилди) кордоп, уулдарын союп, аялдарын тирүү калтырчу (эле). Албетте ал бузукулардан болду. Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз”. (Касас: 4-5).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү




