Европа жана Батыш өздөрүнүн мабдасынын бузукулугунан жана өкмөттөрүнүн алсырап, кыйрашынан улам чыныгы кризисти баштан өткөрүүдө

Басма сөз баянаты
Европа жана Батыш өздөрүнүн мабдасынын бузукулугунан жана өкмөттөрүнүн алсырап, кыйрашынан улам чыныгы кризисти баштан өткөрүүдө
2020-жылдын 2-октябрында Франциянын президенти Макрон: «Ислам — бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык жеринде кризисти баштан өткөрүп жаткан дин», — деп билдирген. Ал эми бүгүн Европада үч жумадан ашуун убакыттан бери нааразылык акцияларынын толкуну жүрүп жатат. Ал Францияда башталып, көп өтпөй Бельгия, Италия, Португалия, Испания, Греция, Австрия, ал тургай Албанияга чейин жайылды. Турмуш-тиричиликке жана ар кандай тармактарга байланыштуу кризистер биригип, европалыктардын нааразылык толкунун тутантты. Францияда билим берүү тармагындагы кризис жана мугалимдердин жетишсиздиги студенттердин нааразылык акцияларына түрткү болсо, Испания менен Португалияда турак жайдын баасынын жана ижара акысынын кескин кымбатташы элдик кыймылдын күч алышына себеп болду. Демонстрациялар кеңири жайылган сайын талаптар Италия менен Бельгиядагы инфляцияга, жашоо-тиричиликтин кымбатташына жана үнөмдөө саясатына каршы жалпы элдик көтөрүлүшкө айланды. Ошондой эле бул нааразылыктар Албаниядагы саясий коррупцияны айыптаган толкун менен айкалышты. Мунун баары жалпы кризис өкмөттөрдүн саясаты менен адамдардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн ортосундагы ажырымдын улам кеңейип жатканын көрсөттү.
Бул Европада ири элдик нааразылык акцияларынын биринчи жолу чыгышы эмес. Акыркы он жыл ичинде башаламандыктардын жана кеңири масштабдагы элдик көтөрүлүштөрдүн толкундары биринин артынан бири болуп келди. 2019–2024-жылдар аралыгында Германияда, Нидерландда, Францияда, Польшада жана Италияда дыйкандар экологиялык мыйзамдарга жана өндүрүш чыгымдарына нааразылык билдирип, тракторлору менен негизги жолдорду тосушкандыктан, жол кыймылы токтоп калган учурлар болду. Бул экономикалык жана гуманитардык ажырым 2023-жылы Францияда пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө каршы кесиптик кошуундардын миллиондогон адам катышкан демонстрациялары менен дагы тереңдеди. Ошол эле учурда 2022-жылы Бельгия менен Италияда инфляциянын рекорддук деңгээлге жетишине жана энергия үчүн төлөмдөрдүн кескин кымбатташына нааразылык билдирген кыжырданган эл массалары көчөгө чыгышты.
Бул турмуш-тиричилик кризистери 2020-жылы Беларуста, 2023 жана 2024-жылдары Сербия менен Грузияда болгон саясий толкундоолор жана коррупцияга каршы нааразылык акциялары менен коштолду. Мындан тышкары, 2020–2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө каршы Британияны, Австрияны, Германияны, Бельгияны жана Нидерландды каптаган катуу нааразылык акциялары да болду. Натыйжада бүтүндөй Европа элдердин умтулуулары менен өкмөттөрдүн чечимдери ортосундагы ажырымдын кеңейип жатканын чагылдырган тынымсыз элдик кыймылдардын ачык майданына айланды.
Батыш бул нааразылык акцияларынын артында турган чыныгы себептерге көңүл буруп, көйгөйдүн тамырын издеп, аны чечүүнүн ордуна, Американын президенти Трамп 2026-жылдын 18-октябрында, жекшемби күнү чыгып, Францияда болуп жаткан башаламандыктардын себеби миграция экенин айтты жана Парижди «чек араларды жабууга» үндөдү. Ал өзүнүн Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө: «Франция өрттөнүп жатат! Таптакыр башка дүйнөдөн келген, жүрөктөрүндө жек көрүү сезимин алып жүргөн адамдардын миграциясы бир кезде улуу болгон бул өлкөнү талкалады», — деди. Муну менен ал мусулмандарга ишарат кылды. Буга чейин да Трамп өткөн сентябрь айынан бери Францияда болуп жаткан студенттердин массалык нааразылык акциялары үчүн миграция менен Исламды жооптуу деп айыптаган эле. Ошентип, алар жоопкерчиликти моюнга алуудан жана чындык менен беттешүүдөн качып, акыйкатка көз жумуп, күнөөнү башкаларга оодарып жатышат.
Чындыгында, алар өздөрүнүн капиталисттик мабдасына негизделген саясаттары менен өкмөттөрүнүн алсырап, кыйрашынан улам чыныгы кризисти баштан өткөрүп жатышат. Бул мабда адамдардын иштерин камкордукка алууда жана алардын абалын оңдоодо өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Ар бир кризисте жана бурулушта алар ар кандай алдын алуучу чараларды көрүп, убактылуу “жамачы” чечимдерди сунуштап келишет. Бирок көйгөйдүн түпкү себебине жана ийгиликсиздиктин негизине көңүл бурушпайт. Алардын элдери капитализмдин жана анын чечимдеринин отуна күйүп, чыдамы түгөнүп, сабырынын акыркы чегине жетти же жетүүгө аз калды. Бул табигый көрүнүш жана капиталисттик мабданын сөзсүз боло турган натыйжасы. Эгер Ислам мабдасы түрүндөгү альтернатива четтетилбегенде, капиталисттик мабда ушунча убакыт бою (бул мөөнөт кыска болсо да) жашап тура алмак эмес. Ал эми Ислам мабдасы Халифалык мамлекетин кулатуу аркылуу турмуш майданынан четтетилген. Муну менен алар адамзатты Исламдын жакшылыгынан жана ырайымынан куру калтырышты. Аллах Тааланын алар жөнүндө айткан төмөнкү сөзү кандай гана туура:
﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ بَدَّلُواْ نِعْمَةَ اللّهِ كُفْراً وَأَحَلُّواْ قَوْمَهُمْ دَارَ الْبَوَارِ﴾
«(Эй инсан) Алланын нематын (ыйманды) каапырдыкка алмаштырып жиберген жана коомдорун (өзүнүн артынан ээрчигендери) өлүм чуңкуруна өзү кире турган тозокко кулаткан адамдарды көрбөдүңбү?!» (Ибрахим: 28).
Капиталисттик мабда солкулдап, анын кемчиликтери ашкереленип, чиригендиги ачыкка чыкты, бирок Батыштагы өкүмдарлар дагы эле ага бекем жабышып турушат. Анткени алар анын сакталып калышынан пайда көрүшөт. Бул мабда капиталисттер менен таасирдүү адамдардын кызыкчылыгына ылайыкташтырылып түзүлгөн. Алар көпчүлүктүн эсебинен жашап, жыргалчылыкта күн кечиришет. Ошондуктан элдер аларды кулатып, жакасынан алмайынча же экинчи рошид Халифалык мамлекети тикеленип, капитализмге жана анын бузук мамлекеттерине акыркы соккуну урмайынча, алар анын кыйрашына жол беришпейт. Ошондо адамзат капитализмдин азабынан жана оор турмушунан Исламдын ырайымына жана адилеттүүлүгүнө чыгарылат. Аллахтын уруксаты менен бул жакында сөзсүз ишке ашат. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِّلْعَالَمِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).
Хизбут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
24.10.26




