Пайгамбарыбызга карата (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мушриктер менен эки жүздүүлөрдөн жеткен зыян

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Пайгамбарыбызга карата (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мушриктер менен эки жүздүүлөрдөн жеткен зыян
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих аль-Имам Муслимдин шархы ан-Нававиде “Пайгамбарга карата (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мушриктер жана эки жүздүүлөрдөн келген зыян деген бөлүмдө айтылат.
حدثنا محمد بن المثنى ومحمد بن بشار واللفظ لابن المثنى قالا: حدثنا محمد بن جعفر حدثنا شعبة قال: سمعت أبا إسحق يحدث عن عمرو بن ميمون عن عبد الله قال: بينما رسول الله صلى الله عليه وسلم ساجد وحوله ناس من قريش، إذ جاء عقبة بن أبي معيط بسلا جزور، فقذفه على ظهر رسول الله صلى الله عليه وسلم، فلم يرفع رأسه، فجاءت فاطمة فأخذته عن ظهره ودعت على من صنع ذلك فقال: اللهم عليك الملأ من قريش، أبا جهل بن هشام، وعتبة بن ربيعة، وعقبة بن أبي معيط، وشيبة بن ربيعة، وأمية بن خلف أو أبي بن خلف شعبة الشاك، قال: فلقد رأيتهم قتلوا يوم بدر فألقوا في بئر غير أن أمية أو أبيا تقطعت أوصاله فلم يلق في البئر
Бизге Мухаммад ибн аль-Мусанна Абдулладан риваят кылат, ал мындай деди: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сажда кылып турганда, анын айланасында Курайштын адамдары турган, ошол учурда Укба ибн Абу Муайт төөнүн иче кардын алып келип, аны Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жонуна ыргытты. Ал башын көтөргөн жок, ошондо Фатима (р.а) келип, аны аркасынан алып ыргытты, ким муну кылса, ага каршы дуба кылды. Качан Пайгамбар (с.а.в) намазын бүткөндөн кийин мындай деди: Оо Аллах, Курайштын башчыларынан: Абу Жахл ибн Хишамдан, Утба ибн Рабиадан, Укба ибн Абу Муайттан, Шайба ибн Рабиъадан жана Умайя ибн Халафтан же Убай ибн Халафтан, Шуъбадан өч ал. Ал мындай деди: Мен алардын Бадр күнү өлтүрүлүп, кудукка ыргытылганын көрдүм, бирок Умайянын же Убайдын бут колдору кесилгендиктен, ал кудукка ыргытылган жок“.
Урматтуу бир туугандар:
يقول الله تعالى: (( لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُواْ الْكِتَاب مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُواْ أَذًى كَثِيرًا وَإِن تَصْبِرُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ذَلِكَ مِنْ عَزْمِ الأُمُورِ))
Аллах Таала мындай дейт: “Силер мал-мүлкүңөр жана өзүңөр менен сөзсүз сыналасыңар. Силерден мурун китеп берилгендерден жана Аллага шерик кошкондордон көп жеме угасыңар. Эгер сабыр кылып, Аллахтан корксоңор, анда бул чечкиндүү иштерден”.
Бул Аллахтын Өзүнүн макулуктарына карата жолу, бул Аллахтын анын ааламындагы жолу, адам жаны жана байлыгы менен сыналып, зыянга жана кыйынчылыкка кабылып, көтөрө албаган нерсесин угуп, Роббисинен сабыр сурап, каалаганына жетүү үчүн – ага чарчоо, кыйынчылык, эмгек жана зыян көпүрөсүнөн өтпөй туруп жетүү мүмкүн эмес. Эгер бул абал биздин пайгамбарыбыз Мухаммадга (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) Аллахтын сүйүктүүсү, макулуктарынын төрөсү жана элчилердин башчысына тиешелүү болсо, анда бүгүнкү күндө биз туш болуп жаткан нерселер жөнүндө эмне айтууга болот? Ошондуктан биз кыйынчылыктар жана зыяндар менен сыналабыз.
Эй мусулмандар: кандай гана кыйынчылык болбосун, сабырдуу болуу керек, бирок кандай сабырдуулук? Албетте, бул баш ийип, азыркы абалды кабыл алуу сабыры эмес, тескерисинче, акыйкат жолдо жана чындыкта бекем туруу сабыры. Бул оор вакыйлыкты өзгөртүү үчүн амал кылуудагы кыйынчылыктарга сабырдуулук. Түп тамырынан өзгөрүү процессинин кесепеттерине карата сабырдуулук. Бүгүнкү күндө үммөт башынан өткөрүп жаткан эң чоң кыйынчылыктардын бири – бул анын үстүнөн үммөттөн эмес жана үммөт да алардан эмес башкаруучулардын болушу. Алар үммөттү Аллах түшүргөн нерсеге ылайык башкарышпайт, бул жетиштүү деңгээлде оор. Андан да оору, бул асыл үммөттү ачыктан-ачык каапырлык конституциялары менен башкарылышы эң чоң кырсыктардын бири. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – эзүүчүнү заалым башкаруучуну ооздуктоо жана аны акыйкатка мажбурлоо. Үммөт бул улуу милдетти Тунисте Египетте, Сирияда жана башка мусулман өлкөлөрүндө мусулмандар бул улуу милдетти аткарганда кан дарыядай агып, бул кан төгүүгө кылмышкер башкаруучулар, бут санамдары сөөк сыяктуу кулай баштаган эзүүчү доордун башкаруучулары жетекчилик кылышты. Анын натыйжасында, ин шаа Аллах, жакында пайгамбарлык үлгүгө негизделген Халифалык курулат, натыйжада жер жүзү кайрадан Аллахтын нуру жана Улуу Куран менен жарык болот.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 28-ражаб.
2026-ж, 17-январь.
