Асыл хадис

Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих аль-Бухаринин шархы Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Баари китебинде “Пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, насаат жана илим берүүдө адамдарды качырбаш үчүн оорлоткон жок” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا محمد بن بشار قال: حدثنا يحيى بن سعيد قال: حدثنا شعبة قال: حدثني أبو التياح عن أنس بن مالك عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “يسروا ولا تعسروا وبشروا ولا تنفروا“.

Бизге Мухаммад бин Башар Анас бин Маликтен риваят кылды: Пайгамбар ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты: “Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла, кубандыргыла, качырбагыла”.

Урматтуу бир туугандар:

Иштерди жеңилдетүү, башкача айтканда, иш-аракеттериңерде жана өз ара мамилеңерде жеңилдик жолун тандагыла. Биздин урматтуу Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, эки нерсенин бирин тандоо мүмкүнчүлүгүндө күнөөгө алып барбаган жол болсо, экөөнүн жеңилин тандаган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ооз ачууну тездетип, ооз жабууну кечиктирчү, анткени бул жанга жумшак таасир этет. Иштерди жеңилдетүү үчүн, аларды кыйындатпоо зарылдыгы болот. Пайгамбар ага Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун, жеңилдетти, кубандырды, кыйындатпады, анткени ал Муазды намазды узарткандыгы үчүн жемеледи.

Эй мусулмандар:

Бирок, бул хадисти туура эмес чечмелөөгө болбойт. Куран менен Сүннөттүн өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн амал кылбагандарга: “Жеңилдеткиле качырбагыла” деп айтылбайт. Мусулмандардын үстүнөн болуп жаткан адилетсиздик жана зулумду жоюу үчүн аракет кылбагандарга: “Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла” деп айтылбайт. Пайгамбарлык жолундагы экинчи адилеттүү ислам мамлекетин тикелөө үчүн амал кылгандар менен бирге амал кылбагандарга: “Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла“, – деп айтылбайт, анткени бул оор жана улуу максат. Бул биздин урматтуу Элчибиз эмгектенип, ага жеткен эң улуу максат.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн улуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 20–робиус саани.

2026-ж, 2–октябрь.

.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button