Асыл хадис

“Бакара” сүрөсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

“Бакара” сүрөсү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу, Жами ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү Тухфат аль-Ахвазинин китебинде, “Бакара сүрөсү” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا عبد بن حميد أخبرنا جعفر بن عون أخبرنا الأعمش عن أبي صالح عن أبي سعيد قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ” يُدْعَى نوحٌ فيقال: هل بلغت فيقول: نعم، فيُدْعَى قومُه فيقال: هل بلغكم فيقولون: ما أتانا من نذير وما أتانا من أحدٍ فيقال: مَنْ شُهودُك؟ فيقول: محمدٌ وأمتُه قال فيؤتى بكم تشهدون أنه قد بلغ، فذلك قول الله تعالى: “وكذلك جعلناكم أمة وسطا لتكونوا شهداء على الناس ويكون الرسول عليكم شهيدا

Бизге Абд ибн Хумайд, Абу Саиддин мындай дегенин айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деди: Нух чакырылып, андан: “Сен рисалатты жеткирдиңби?” деп суралат. Ал: “Ооба”, – дейт. Андан кийин анын эли чакырылып, андан: “Ал силерге рисалатты жеткирдиби?” – деп суралат. Алар: “Бизге эскертүүчү келген жок, бизге эч ким келген жок”, – дешет. Анан: “Сенин күбөлөрүң ким?” – деп суралат. Ал: “Мухаммад жана анын коому”, – дейт. Анан силер ал рисалатты жеткиргенине күбөлүк берүү үчүн алынып келесиңер жана силер анын рисалатты жеткиргенине күбөлүк бересиңер.  Ошондуктан Алла Таала мындай дейт: “وكذلك جعلناكم أمة وسطا لتكونوا شهداء على الناس ويكون الرسول عليكم شهيدا” “Ошондой эле, Биз силерди адамдарга күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силерге күбө болушу үчүн орточо үммөт кылдык”.  Орточо үммөт адилеттүүлүктү билдирет.

“يدعى نوح” “Нух чакырылат” деген сөзү жана башка бир риваятта  يُجاء بنوح يوم القيامة “Нух Кыямат күнү алынып келинет” мындай деп айтылат: башкача айтканда, Нухка (ал ооба деп айтат), жана бул Улуу Аллахтын:  ماذا أجبتم، قالوا: لا علم لنا إنك أنت علام الغيوب    Аллах элчилерди чогултуп: “Силердин жообуңар кандай болду? – деп сураганда, Алар: Бизде эч кандай илим жок. Чындыгында, Сен кайыпты билүүчүсүң”, –   деген сөзүнө карама-каршы келбейт. Анткени жооп берүү рисалатты жетикирүүнү билдирбейт. Бул толук түшүндүрмөнү талап кылат, жооп берүүнүн акыйкатын бир гана Кудуреттүү Аллах  билет. Ал эми рисалатты жеткирүү жооп берүүдөн айырмаланып,  ал рисалатты кандай жеткиргенин так билет.

ما أتانا من نذير Бизге эч кандай эскертүүчү келген эмес. Башкача айтканда, ал да, башка да эскертүүчү келген эмес деп караманча танышат.  Жалган айтуу менен Кыямат күнү алар Тозок отунан куткарылабыз деген иллюзия менен танышат.

 من شهودك  “Сенин күбөлөрүң ким” Аллах Нух (а.с)дан өз коомуна рисалат жеткиргендигине күбөлөрдү сурайт жана Аллах анын кандай далилдерди келтиришин эң жакшы билет. Ал мындай дейт: Мухаммад жана анын үммөтү, башкача айтканда, анын үммөтү күбө.

  لتكونوا شهداء على الناس. “Силер адамдарга күбө болушуңар үчүн” башкача айтканда, силерден мурунку каапырларга, алардын элчилери аларга кабар жеткиргенине, элчи, башкача айтканда, силердин элчиңер Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) аны (алардын рисалатты жеткиргенин) силерге айтканына күбө болот.

Урматтуу бир туугандар:

Мухаммаддын үммөтү башка эч бир үммөткө окшобойт жана Аллах ага башкаларга бербеген артыкчылыктарды жана мүнөздөмөлөрдү берген. Аллах Таала аны жакшылык үчүн тандап алган. Ал аны залалат үстүнө (жалганга)  бирикпеши менен өзгөчөлөнттү, ал үммөттөрдүн биринчиси жана Бейишке эң көп кирүүчүсү. Ал жамгыр сыяктуу, жакшылык анын башындабы же аягындабы белгисиз. Аллах Таала аны үммөттөрдүн арасынан эң аз иш кылып  эң көп сыйлык алары менен өзгөчөлөнттү. Ал биринчи эсеп китеп кылынып, көпүрөдөн (Сырат) биринчи өтөт. Ал үммөттөрдүн акыркысы жана бейишке  биринчилерден болуп кирери менен өзгөчөлөндү. Биздин алдыбыздагы  бул асыл хадис үммөт эмнеси менен айырмаланып тураарын, адамдарга күбө болуп жатканы менен көрсөтүп турат.

Эй мусулмандар: Аллахтын алдында ушундай даражага ээ болгон, бардык адамдар үчүн жаратылган эң жакшы үммөттүн бүгүнкү орду үммөттөрдүн эң төмөнкү сабында болушу керекпи? Аллах Таала кабыл албаган нерсени силер кабыл аласыңарбы? Бул  карама-каршылыкты көрбөй жатасыңарбы? Мен силерден сурайын дегеним, жердин чыгышында да, батышында да балдары өлтүрүлүп, аялдары зордукталып, карыялары кемсинтилип жатканда, кантип жашоодон ырахат аласыңар? Сириядагы боордошторуңар тамырдан тамырга чейин кырылып жатканда, кантип жашоодон ырахат алып, жан дүйнөңөр тынч болот? Жерге жабышып жата берип жатактыкка көнүп калдыңарбы? Аллах үчүн, силерден суранам, ордуңардан туруп, өзүңөрдү силкип, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эмненин  үстүндө  өлүп кетсе ошонун үстүндө өлүү үчүн тирилгиле. Аллах үчүн, бул асыл жана кымбат үммөттүн башына келип жаткан окуя башка элдердин башына келген окуядан да чоң кылмыш. Аллахка ант болсун эгер силер үммөттүн башына келип жаткан бул кылмышка катышпасаңар да, унчукпай жана тынч карап отурсаңар да Аллах силерден үммөткө зыян келтирген нерселердин баары жөнүндө сурайт.

Мен Кудуреттүү Аллахтан, Улуу Тактынын Эгесинен, Мухаммаддын коомунан ага түшкөн кыйынчылыктарды көтөрүп, аны адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт катары өзүнүн татыктуу ордуна кайтаруусун суранам, анткени Ал мунун Сакчысы жана ага кудуреттүү.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 3-шаьбан.

2026-ж, 22-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button