
Тирах өрөөнүнөн 80 миң адам көчүрүлдү
Пакистанынын түндүк-батышындагы Тирах өрөөнүндө он миңдеген адамдар кыштын чилдесинде өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда. Катуу суук, кар бороону жана жакындап келе жаткан аскердик операция элди белгисиздикке түртүп, бүтүндөй үй-бүлөлөр жылдар бою жыйнаган байлыгын калтырып, көчүүгө мажбур болушууда.
Тирах өрөөнүнөн массалык көчүү 2026-жылдын 5–9-январы башталган. Ай аягына чейин аймактан болжол менен 80 миң адам — калктын жарымынан көбү — чыгып кетти. Эл Пешаварга жана ага жакын аймактарга агылып, жолдорду жана убактылуу баш калкалоочу жайларды толтурууда.
Бийлик муну «согушкерлерге каршы операцияга даярдык» деп атады. Оппозиция болсо бул тынч калкты мажбурлап көчүрүү деп сындап жатат.
Жергиликтүү аксакалдар акыркы жыйырма жыл ичинде бул аймакта 22 ири аскердик операция жүргүзүлгөнүн, бирок алардын бири да туруктуу тынчтык алып келбегенин эске салышууда. Бүгүн мурунку көрүнүш дагы эле кайра кайталанууда. Катардагы адамдар тракторлорго, пикаптарга жана автобустарга отуруп, үйлөрүн, жерин, малын жана жалгыз киреше булактарын калтырып кетишүүдө.
Комментарий:
Пакистан бийлиги өлкөнүн эң чоң коркунучу катары эсептелген Индияга каршы аскерлерин түз багыттоонун ордуна – АКШнын көрсөтмөсү менен – куралдуу күчтөрүн өлкөнүн ички аймактарына, негизинен уруулар жашаган региондорго тартууда. Бул стратегиянын артында геосаясий жана аскердик кызыкчылыктар турат. АКШнын максаты Индия менен Пакистандын ортосундагы түз жаңжалга жол бербөө жана Индияны негизинен Кытайга каршы багыттоо. Эгер Пакистан өз аскерлерин Индияга чектеш аймакка жайгаштырса, экөөсүнүн ортосунда түз кагылышуу болушу мүмкүн, ал эми АКШ окуялардын мындай жараянын каалабайт.
Бул саясат Пакистандын күчтөрүн бөлүп, Индияга каршы мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошол эле учурда, Индия Пакистан менен чектешкен аймактардан куралдуу күчтөрүн алып чыгып Кытайга багыттай алат жана Кашмирде үстөмдүк кылууга, аймакта таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми, Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн ички региондорго тартылышы жергиликтүү уруулар жана топтор менен татаал мамилени курчутуп, ички туруксуздукту дагы да күчөтөт.
Ошентип, АКШнын геосаясий багытына негизделген Пакистандын аскердик стратегиясы өзүн-өзү жемирүүгө алып келип, Индияга Кашмирде үстөмдүккө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат. Пакистан өзүнүн куралдуу күчтөрүн Индияга эмес, ички региондорго багыттап, өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн ыдыратып, сырткы саясаттын таасири астында калууда.
Харун Абдулхак




