2025-жылы Кыргызстандын тышкы каржылоого таянуусу дээрлик 1 млрд долларга жетти

2025-жылы Кыргызстандын тышкы каржылоого таянуусу дээрлик 1 млрд долларга жетти
2025-жылы Кыргызстандын тышкы каржылоого таянуусу рекорддук деңгээлге жетти. Өлкө эл аралык донорлордон 981,3 млн доллар алган. Евразия туруктуулук жана өнүктүрүү фондунун отчетуна ылайык, бул жыл акыркы 12 жыл ичиндеги эң көп каражат алынган жылдардын бири болуп калды. Республикада эл аралык уюмдардын катышуусу менен 55 долбоор каржыланган.
Каражаттардын негизги бөлүгү жеңилдетилген насыялар түрүндө берилген: 811,5 млн доллар (82,7%) аз пайыздык чен менен узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредит түрүндө, 169,8 млн доллар (17,3%) грант катары алынган.
Негизги донорлор Дүйнөлүк банк (385,4 млн доллар), Азия өнүктүрүү банкы (255,6 млн доллар), Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (112,7 млн доллар).
Каражаттардын 273,2 млн доллары мамлекеттик реформаларды жүргүзүүгө жана бюджетти колдоого, 201,4 млн доллары айыл жерлерине ичүүчү суу жеткирүүгө, суу түтүктөрүн жана канализация системаларын курууга, 92,4 млн доллары энергетика тармагына, 77 млн доллары дыйкандарды колдоого жана агрардык тармакты өнүктүрүүгө бөлүнгөн.
Комментарий:
Каражаттардын негизги бөлүгү калктын жашоо шартын жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн алынган. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик бюджет 2025-жылы профицит менен чыкты деген сөздөрдү четке кагат. Кабардан көрүнүп тургандай, мамлекет дагы эле тышкы каржылоого (дээрлик 1 млрд доллар) көз каранды бойдон калууда. Мындай финансылык көз карандылык кооптуу тобокелчилдиктерди жаратат. Эң эле негизгиси бул – карыздардын пайызы. Алардын пайыздык чени аз болгону менен бул карыздын туруктуу өсүшүнө, арийне карыз капканына түшүүгө алып келет. Ошондой эле, карыз берип жаткан тараптар мамлекеттеги долбоорлор кандай таризде аткарылышына өз шарттарын коюп таасирин өткөрүшөт. Маселен, светтин баасын көтөрүү, коммуналдык төлөмдөрдү жогорулатуу сыяктуу калкты кыйынчылыкка кептеген демилгелер дал ушул уюмдардын талаптары болуп эсептелет.
Андан тышкары, бул ири көлөмдөгү каражаттардын дээрлик баары экономикалык өнүгүүгө, тагырак айтканда завод-фабрика сыяктуу экономиканын негизин түзгөн тармактарга эмес, бюджетти колдоого жумшалууда. Бул жагдай экономикалык өсүүгө эмес, финансылык көз карандылыкка алып келет.
Эң кооптуусу – мамлекеттик реформаларды жана түзүлүштү дал ушул уюмдар белгилейт. Алардын түз көрсөтмөлөрү жана демилгелери менен мамлекеттин түзүлүшү калыптанат. Өз кезегинде капиталисттердин куралы болгон бул уюмдар мамлекеттин өнүгүүсүнө кызыктар эмес. Тескрисинче алардын максаты – өлкөнү карыз капканына түшүрүп, жергиликтүү өндүрүштү атаандаштык деңгээлине жеткирбестен, капиталисттердин товарлары өлкөдө сатылышына жол ачуу жана капиталисттер кен-байлыктарыбызды өлкөдөн ээн-эркин алып чыгып кетишине шарт жаратуу.
Андыктан өнүгүү катары сунушталып жаткан бул сыяктуу уюмдардын бийликтин ичине тамырлашып кеткен демилгелерин четке кагуу зарыл. Алар өлкөнү кишендеп, көз карандылыкты күчөтөт.
Харун Абдулхак




