Комментарий

Бишкектеги ШКУ саммити: Коопсуздук көзөмөлдөө куралы

Бишкектеги ШКУ саммити: Коопсуздук көзөмөлдөө куралы

14-майда Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңеш катчыларынын 21-жыйыны башталды. Жолугушуу Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында өттү.

Жыйынга ШКУга мүчө өлкөлөр: Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларустун өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жолугушуунун расмий бөлүгүнө катышты.

Күн тартибинде кайрадан эле жок коркунучтар негизги тема катары көтөрүлдү. Атай кетсек, коопсуздуктун маселелери, терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөш, ошондой эле курал-жарактын, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү талкууланды. Катышуучулар ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен антитеррордук машыгууларын өткөрүүнү талкуулашты.

Комментарий:

ШКУ Борбор Азиянын Кремл менен жана Кытайдын саясатына көз карандылыгын бекемдеген уюм экенин эчак далилдеген. Бул уюм аймактагы өлкөлөр өздөрүнүн демилгелерин илгерилете турган же суверенитетин чыңдай турган аянтча эмес. Тескерисинче, ал коопсуздук темасын эксплуатациялоо менен колониалдык мамилени легитимдештирүүчү механизм болуп саналат.

Бул тенденция ШКУнун коопсуздукка болгон мамилесин калыптандыруусунан өзгөчө байкалат. Аймак Ислам жери катары каралганына карабастан, уюмдун документтеринде диний активдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулуп, Ислам коркунуч катары каралат. Ошентип, уюм ислам идеологиясына карата мамилесин негизинен экстремизмге каршы күрөшүү аркылуу көрсөтөт. Бул болсо билим берүүдөн баштап кайрымдуулукка чейинки исламдык демилгелерди автоматтык түрдө чектөөгө алууда көрүнөт. Ал эми кандайдыр бир саясий ишмердүүлүктү айтпасак да болот. Атайын кызматтардын координациясын күчөтүү, маалымат алмашуу, Аймактык антитеррордук түзүмдүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү иш жүзүндө аймакка ислам жамааттарына карата Кытай жана Россиядагы мамилесин көчүрүп өткөрүүнү билдирет. Бул көз карандысыз имамдарга басым жасоо, диний билим алууну татаалдаштыруу, мусулмандардын жамааттык же жеке ар кандай активдүү ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүү жана кибер-көзөмөлдүн өсүшү менен ишке ашат.

Иш жүзүндө бул аймактагы диний чөйрөнүн барган сайын кысымга кабылышына алып келүүдө. Интернеттеги мусулман жамааттарын көзөмөлдөө күчөп, билим берүү структураларына талаптар катаалдашууда, ал эми көптөгөн диний долбоорлордун демилгечилери көмүскөгө кетүүгө мажбур болушууда. Албетте, мындай шарттарда исламий билим берүүнүн сапаты төмөндөп, чет элдик аалымдар менен байланыштар начарлайт. Ал эми расмий диний башкармалыктар диний авторитет катары эмес, барган сайын бюрократиялык инструмент катары кабыл алынууда.

Дагы бир жагдай, Ирандын тегерегиндеги кырдаал ШКУ үчүн ачык сыноо болуп, уюмдун реалдуу деңгээлин жана максаттарын айкын көрсөттү. Стратегиялык өнөктөштүк жана жамааттык коопсуздук тууралуу билдирүүлөргө карабастан, ШКУ иш жүзүндө уюмдун мүчө-мамлекети болгон Иранды колдоо боюнча активдүү позицияны карманган жок.

Расмий деңгээлде баары дипломатиялык билдирүү, токтоолукка чакыруу жана мүмкүн болгон ортомчулук кызматтарды талкуулоо менен гана чектелди. АКШ жана анын союздаштары менен ачык саясий тирешүүгө барышкан жок. Уюм эч кандай жамааттык колдоо механизмдерин иштеткен жок жана өзүн толук кандуу аскердик-саясий уюм катары көрсөтө алган жок.

Москва менен Пекин тарабынан берилген минималдуу жардам да ШКУ түзүмдөрү аркылуу эмес, негизинен эки тараптуу мамилелердин алкагында ишке ашырылды. Бул болсо уюм кризистик шарттарда реалдуу колдоо көрсөтүүгө даяр эместигин көрсөттү. Тескерисинче, динге каршы күрөшүүчү гана аянтча бойдон калганын дагы бир жолу далилдеди. Ошондуктан ШКУ Борбор Азиядагы мусулман өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө салым кошпойт. Тескерисинче, анын ички диний дараметин чектөөчү жана системалуу басымды күчөтүүчү уюм болуп саналат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button