
Рамазан айынын жана Орозо айттын башталыш күнү талкууланууда
Самарканд шаарында 2–4-февраль күндөрү Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн дин башкармалыгы алдындагы Фатвалар комитетинин кеңешме жыйыны өтүүдө. Жыйында негизги темалардын бири катары ыйык Рамазан айынын жана Орозо айт майрамынын башталыш күнүн белгилөө жолдору талкууланды.
Комментарий: Түрк мамлекеттер уюму фатвалар кеңешинин алкагында Рамазан айынын жана Орозо айт майрамынын башталыш күнүн талкуулоосу ар дайым суроолорду жаратып келет. Бул жыйындар сыртынан караганда өз ара келишүүгө, кеңешүүгө багытталгандай көрүнгөн менен, демилгелер иш жүзүндө шариат талаптарына каршы келет.
Биринчиден, айдын башталышы жаңы айдын чыкканына карап белгиленет. Ислам шариатына ылайык, Рамазан айынын башталыш күнү алдын ала белгиленбейт. Ал жаңы айдын көрүнүшүнө жараша гана аныкталат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) хадистеринде так айтылган:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозо кармагыла (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптап турган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».
Мында астрономиялык эсептөөлөр этибарга алынбайт. Себеби шарият жаңырган айды көз менен көрүп белгилөөнү буйруп жатат. Андан тышкары – Аллахтын хикматы менен – алдын ала астрономиялык эсептөөлөр айдын жаңырган күнүнө туура келбеген учурлар да болгон. Маселен, астрономиялык эсептөөлөр боюнча бүгүн ай көрүнбөйт делип, бирок жаңы ай көрүнгөн учурлар катталган. Ошондуктан, мусулмандар бул маселеде шариятка амал кылып, айды көз менен көрүп орозону башташы же бүтүрүшү шарт.
Даталарды алдын ала макулдашуу же белгилөө шариат өкүмдөрүнө тескери келет. Бул маселеде бардык мусулмандар мамлекетине же улутуна карабастан, диний булактарга негизделген жалпы бир позицияны карманууга тийиш.
Экинчи маанилүү маселе — Ислам мусулмандарды расага, тек же улуттук белгилерге жараша бөлүүгө тыюу салат. Ислам келгенден бери улутчулдукка (асабияга) каршы чыгып, бардык мусулмандар бир Үммөт экенин, ал эми артыкчылык такыбалык менен гана аныкталарын баса белгилеп келген.
Түрк мамлекеттеринин уюму өз маңызы боюнча тек жана тилдик принципке негизделген бирикме болуп саналат. Диний мекемелердин жана аалымдардын мындай уюмдардын ишине тартылышы мусулмандарды «түрк» жана «түрк эмес» деп бөлүүнү мыйзамдаштыргандай таасир калтырат. Бул Исламдын негизги принциптерине каршы келет.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) улутчулдукка чакыруудан кайтарган:
«دَعُوهَا فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»
«Аны (улутчулдукту) таштагыла, ал өтө сасык».
Дагы айтат:
«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبِيَّةٍ وَلَيْسَ مِنَّا مَنْ قَاتَلَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ وَلَيْسَ مِنَّا مَنْ مَاتَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ»
«Улутчулдукка чакырган, улутчулдук үчүн күрөшкөн жана улутчулдук күрөшүндө өлгөн киши бизден эмес».
Мындан тышкары, геосаясий жагдай да көңүл сыртында калбашы керек. Түрк мамлекеттеринин уюму Батыштын региондогу кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган долбоор. Бул уюм түрк тилдүү мамлекеттерди жана элдерди камтыйт. Орто Азия мамлекеттери негизинен түрк тилдүү, ошондой эле Россия жана Кытайда да түрк тилдүү мусулмандар жашайт. Ошондуктан, бул уюм алдында түрк тилдүү элдерди бириктирүү менен Россия жана Кытайдын таасиринен чыгарып алуу максат кылынат. Ушундай таризде регионду Россия менен Кытайдын таасиринен чыгарып Батышка багыттоо аракети көздөлгөн.
Биз, мусулмандар, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эскерткен улутчулдукту четке кагып, Батыш же Чыгыштын куурчагына айлануудан сак болуубуз кажет. Мусулмандар Үммөттү бөлүп-жарууга алып келчү тышкы стратегиялардын куралына айланбашы керек. Мусулмандардын биримдиги, Куран жана Сүннөткө таянуу, ошондой эле диний фатваларды геосаясий долбоорлордон алыс кармоо — башкы максат бойдон калышы зарыл.
Харун Абдулхак




