Сакофат
Trending

Имплементация

Саясий сөздүк (2)

Имплементация

Имплементация – бул кабыл алынган чечимди, келишимди же норманы мамлекеттин реалдуу мыйзамдарына, институттарына жана саясатына ылайык ишкк ашыруу. Башкача айтканда, бул кабыл алынган чечимдин же норманын расмий милдеттенмелерден мамлекеттин реалдуу тажрыйбага ырааттуу түрдө өтүүсү. Алар улуттук мыйзамдарда бекитилет, башкаруу тутумуна ылайыкташтырылат. Ошондой эле, алардын колдонулушу бийлик органдарынын ишинде, мамлекеттик саясатта иш жүзүндө камсыздалат.

Эл аралык саясаттагы мисалдар:

  1. Борбор Азия өлкөлөрүндө Орусияга каршы санкциялык режимдердин имплементациясы.

Батыштын санкциялары киргизилгенден кийин, аймактагы өлкөлөр (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан) тышкы басым астында банктык операцияларды, товарлардын экспортун жана реэкспортун көзөмөлдөө боюнча чараларды ишке ашырууда, тактап айтканда, имплементациялоодо.

Формалдуу түрдө – бул санкцияларды айланып өтүүгө каршы күрөш катары көрүнөт. Бирок, иш жүзүндө – аймактык соода тобокелдиктерине карабастан, ички экономикалык саясатты тышкы күч борборлорунун кызыкчылыктарына ылайык жөнгө салуу.

  1. Кыргызстан менен Тажикстанда Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк программаларынын имплементациясы.

Насыяларды жана финансылык жардамдарды алуунун каршылыгында, мамлекеттер бюджеттик тартип, энергетика тармагын реформалоо, менчиктештирүү жана социалдык чыгымдарды кыскартуу боюнча талаптарды аткарышат (имплементациялашат). Бул жерде имплементация, негизги экономикалык чечимдердин тыштан белгиленген тапшырмалардын алкагында кабыл алынышын билдирет. Бул көбүнчө финансылык-неоколониалдык башкаруунун бир түрү катары каралат.

  1. Казакстандагы инвестициялык жана укуктук стандарттардын имплементациясы. Батыш инвестицияларын тартуу жана эл аралык келишимдерге катышуу алкагында, Казакстан чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоочу нормаларды, анын ичинде эл аралык арбитражды ички мыйзамдарга ылайыкташтырууда.

Бул транс-улуттук корпорациялардын позицияларын бекемдейт жана мамлекеттин ресурстарды казып алуу шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Бул чийки зат экономикасынын неоколониалдык моделине мүнөздүү көрүнүш.

  1. Эл аралык долбоорлор аркылуу «башкаруунун глобалдык стандарттарын» имплементациялоо.

Борбор Азия өлкөлөрүндө гранттар, «натыйжалуу башкаруу» программалары жана эксперттик миссиялар аркылуу административдик реформалардын, сот иштеринин жана билим берүү стандарттарынын моделдери имплементацияланат.

Мында, нормалардын өзү аймактан тышкары түзүлөт, ал эми имплементация институттук көз карандылыкты бекемдеп, өнүгүүнүн тышкы моделдерин кайталайт.

Демек, техникалык жактан алганда, имплементация мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу же өзгөртүү болуп эсептелет. О.э бийлик органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, аткаруу жана көзөмөлдөө процедураларын белгилөө, административдик жана соттук практиканы кабыл алынган нормага ылайыктоо катары түшүнүлөт.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button