Жер аманат, өнүгүү болсо Ислам акыйдасы менен болот

Жер аманат, өнүгүү болсо Ислам акыйдасы менен болот
Акыркы күндөрү Кыргызстанда айрым жерлерди чет өлкөлүк тараптарга, өзгөчө Кытайга, узак мөөнөткө пайдаланууга берүү маселеси коомчулукта кеңири талкууланып жатат. Бул кабар эл арасында олуттуу тынчсызданууну жаратып, өлкөнүн келечеги, жердин тагдыры жана мамлекеттин көз карандысыздыгы тууралуу суроолорду пайда кылды.
Бирок мусулмандар бул маселеге туйгу же материалдык кызыкчылык менен эмес, Ислам акыйдасынын негизинде баа бериши керек. Анткени мусулмандын өлчөөсү – Аллахтын өкүмү. Жер да, байлык да, мамлекет да Аллахтын аманаты болуп эсептелет.
Өнүгүү деген эмне?
Бүгүнкү капиталисттик дүйнөдө мамлекеттин өнүгүүсү негизинен инвестициянын көлөмү, ички дүң өнүмдүн өсүшү жана чет өлкөлүк капиталдын агымы менен өлчөнөт. Ошондуктан көп учурда жерлерди, кен байлыктарды жана стратегиялык объектилерди узак мөөнөткө чет өлкөлүк компанияларга берүү «өнүгүүнүн жолу» катары көрсөтүлөт.
Бирок суроо туулат: эгер мамлекет өзүнүн жерин өзү иштете албаса, өзүнүн өнөр жайын кура албаса, өзүнүн азык-түлүгүн, техникасын жана технологиясын өзү өндүрө албаса, анда мындай экономикалык өсүш чыныгы өнүгүү болуп эсептелеби?
Ислам бул суроого так жооп берет.
Аллах Таала мындай дейт:
«﴿وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَىٰ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِم بَرَكَاتٍ مِّنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ
«Эгер ошол шаарлардын эли ыйман келтирип, такыба болушканда, Биз аларга асмандан жана жерден берекелерди ачмакпыз.»
(Аъраф сүрөсү, 96-аят)».
Бул аят өнүгүүнүн жана берекенин негизи чет өлкөлүк инвестиция эмес, Аллахка ыйман келтирүү жана Анын өкүмдөрүн жашоодо үстөм кылуу экенин көрсөтөт.
Жер – жөн гана товар эмес
Исламда жер жөн гана ижарага берилүүчү товар эмес. Ал – жалпы үммөттүн мүлкү, аманаты. Мамлекет бул аманатты мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн башкарууга милдеттүү. Коомдук байлыктар, стратегиялык ресурстар жана мамлекеттин күчүнө таасир этүүчү тармактар жеке адамдардын же чет өлкөлүк күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, үммөттүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланылышы керек.
Ошондуктан бүгүнкү талкуу жөн гана 50 жылдык ижара жөнүндө эмес. Бул мамлекеттин эгемендиги жана келечектеги көз карандысыздыгы жөнүндөгү маселе.
Кытайдын инвестициясы – жөн гана инвестициябы?
Айрымдар: «Кытай инвестиция алып келет, жумуш орундарын түзөт, экономика өсөт», – дешет.
Бирок бүгүн дүйнөлүк саясатка көз чаптырсак, Кытайдын тышкы экономикалык саясаты жөн гана соода же инвестиция менен чектелбей турганын көрүүгө болот. Акыркы жылдары Кытай «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагында көптөгөн мамлекеттерге ири насыяларды жана инвестицияларды сунуштап келет. Мындай долбоорлор айрым өлкөлөрдө инфраструктуранын өнүгүшүнө салым кошсо, ошол эле учурда бир катар мамлекеттерде карыздын көбөйүшү жана тышкы көз карандылык тууралуу олуттуу талкууларды да жараткан.
Көптөгөн талдоочулар Кытайдын мамлекеттик компаниялары өлкөнүн стратегиялык максаттары менен тыгыз байланышта иш алып барарын белгилешет. Ошондуктан Кытайдын ири компанияларын жөн гана коммерциялык түзүмдөр катары эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү саясатынын бир бөлүгү катары карашат.
Демек, стратегиялык мааниге ээ болгон жерлерди ондогон жылдарга чет өлкөлүк тараптарга берүү маселеси жөн гана экономикалык киреше менен өлчөнбөшү керек. Ал өлкөнүн саясий, экономикалык жана коопсуздук кызыкчылыктарына кандай таасир кылуусу да эске алынышы зарыл.
Мындай шартта 50 жылдык ижара жөн гана коммерциялык келишим эмес. Бул өлкөнүн стратегиялык ресурстарынын үстүнөн чет өлкөлүк таасирдин күчөшүнө алып келиши мүмкүн деген кооптонууларды жаратуучу маселе.
Ислам көз карашы
Ислам мусулмандардын үстүнөн каапыр мамлекеттердин үстөмдүк кылуусуна алып бара турган себептерден сак болууга чакырат.
Аллах Таала мындай дейт:
«﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا﴾
«Аллах каапырларга момундардын үстүнөн үстөмдүк кылуучу жолду эч качан бербейт» (Ниса сүрөсү, 141-аят).
Бул аят мусулмандардын саясий, экономикалык жана аскердик жактан башкаларга көз каранды болуп калышына жол ачкан иштерден сактануунун маанилүүлүгүн көрсөтөт.
Ошондуктан мамлекет жүргүзгөн саясат үммөттү күчтөндүрүшү керек, ал эми аны тышкы күчтөргө көз каранды абалга алып барбоого тийиш.
Чыныгы өнүгүү – өз күчүбүзгө таянуу менен болот.
Ислам жөн гана инвестиция тартууну эмес, өндүрүштү өнүктүрүүнү, айыл чарбаны көтөрүүнү, оор өнөр жайды, технологияны жана илимди өнүктүрүүнү көздөйт. Өзүнүн темирин, техникасын, энергетикасын жана коргонуу тармагын түзө албаган мамлекет сөзсүз түрдө башкаларга көз каранды болуп калат.
Аллах Таала мындай дейт:
«﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ﴾
«Аларга каршы колуңардан келген бардык күчтү даярдагыла» (Анфал сүрөсү, 60-аят).
Бул аяттагы «күч» бүгүнкү күндө аскердик даярдык менен катар өнөр жайды, технологияны, энергетиканы жана экономикалык көз карандысыздыкты да камтыйт.
Чыныгы чечим
Кыргызстандын көйгөйү жердин же байлыктын жоктугу эмес. Өлкөдө түшүмдүү жерлер, суу ресурстары, пайдалуу кендер жана эмгекчил эл бар. Негизги көйгөй – өнүгүүнүн капиталисттик башкарууга байланып калуусунда. Ошондуктан ар бир кризистин чечими катары чет өлкөлүк инвестиция, насыя жана стратегиялык объектилерди узак мөөнөткө берүү сунушталууда.
Бирок бул жол өлкөнү акырындык менен тышкы күчтөргө көз каранды кылуу коркунучун жаратат.
Ислам болсо таптакыр башка жолду сунуштайт. Ислам мамлекети элдин иштерин Аллахтын өкүмдөрү менен башкарат, коомдук байлыктарды үммөттүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланат, айыл чарбаны жана өндүрүштү өнүктүрөт, оор өнөр жайды жана стратегиялык тармактарды курат, өлкөнүн саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын сактайт.
Ошондуктан бүгүнкү жер маселеси бир гана ижара келишими жөнүндө эмес. Бул Кыргызстан кандай жолду тандай турганы жөнүндөгү маселе. Өлкө капиталисттик көз карандылык жолдубу же Ислам көрсөткөн өз күчүнө таянган, адилет жана көз карандысыз башкаруу жолун тандайбы?
Аллах Таала мындай дейт:
«﴿إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эгер силер Аллахтын динин колдосоңор, Ал силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат». (Мухаммад сүрөсү, 7-аят).
Чыныгы береке да, чыныгы өнүгүү да, чыныгы эркиндик да Аллахтын мыйзамдары үстөм болгон коомдо гана ишке ашат. Жер аманат бойдон сакталганда, байлыктар үммөттүн кызыкчылыгына кызмат кылганда жана мамлекет Ислам өкүмдөрү менен башкарылганда гана өлкө тышкы үстөмдүктөн жана көз карандылыктан корголот.
Сакофат бөлүмү




