Асыл хадис

Менчиктеги акча каражаттарын сарптоо укугу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен.

Менчиктеги акча каражаттарын сарптоо укугу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Насаи өзүнүн “Сунан” китебинде мындай деп риваят кылган:

خْبَرَنَا إِسْحَقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ قَالَ أَنْبَأَنَا وَكِيعٌ قَالَ حَدَّثَنَا هِشَامُ بْنُ عُرْوَةَ عَنْ أَبِيهِ عَنْ عَائِشَةَ قَالَتْ

جَاءَتْ هِنْدٌ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَتْ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ أَبَا سُفْيَانَ رَجُلٌ شَحِيحٌ وَلَا يُنْفِقُ عَلَيَّ وَوَلَدِي مَا يَكْفِينِي أَفَآخُذُ مِنْ مَالِهِ وَلَا يَشْعُرُ قَالَ خُذِي مَا يَكْفِيكِ وَوَلَدِكِ بِالْمَعْرُوف

Бизге Исхак ибн Ибрахим Айша (р.а)дан риваят кылды. Хинд Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келип: “Оо, Аллахтын Элчиси, Абу Суфян сараң адам жана мага жана балдарыма биздин муктаждыктарыбызды канааттандыра тургандай азык-түлүк бербейт. Анын байлыгынан анын кабары жок туруп алсам болобу?”, – деп сурады. Ал: “Өзүңө жана балдарыңа жетиштүү болгон нерсени акылга сыярлык жол менен ал”, – деди.

Ас-Синдинин шилтемесинде мындай деп айтылат: رَجُل شَحِيح “Сараң адам”.  بِالْمَعْرُوفِ “Акылга сыярлык түрдө” Башкача айтканда, урфка ылайык керектүү деңгээлде алуу.

Урматтуу бир туугандар:

Бул хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) күйөөсү аны жана балдарын камсыз кылбай  жаткан аялга күйөөсүнүн уруксатысыз эле анын акчасынан өздөрүнө жетиштүү болгон нерсени алууга уруксат берген. Мал-мүлк  күйөөсүнө таандык болсо да жана аны сарптоо укугуна ал ээ болсо да,  ага ээлик кылуу жана сарптоо  укугу ислам шарияты тарабынан  белгиленген учурда гана ага ээлик кылууга жана андан кийин аны сарптоо укугуна ээ болот… Менчик  мал-мулктү кандай гана сарптоо болбосун, менчик мүлк ээси ислам мыйзамдарына ылайык, ээсине да, ал жашаган коомго да пайда алып келүүчү жол менен колдонулушун камсыз кылышы керек. Ал шарият белгилген бул чектерден ашпашы керек. Эгерде менчик мүлк ээси акчасын Ислам мыйзамында белгиленген тартиптен сараңдык кылып же тыюу салынган нерселерге коротсо, анда ал акчасын сарптоо укугунан ажыратылат, анткени менчик мал-мүлктү сарптоого байланыштуу шарьий эрежелер Аллахка баш ийүү менен байланыштуу. Менчик ээси өзүнө таандык нерсени толук түрдө каалагандай сарптай албайт… тескерисинче, ал байлыктан пайдалануу үчүн белгиленген ислам мыйзамдарынын чегине баш ийет жана андан ашып кетүүгө уруксат берилбейт. Мисалы, Хинд жөнүндөгү бул окуяда Абу Суфян акчасын колдонууда Аллахтын чектөөлөрүн сактаган эмес жана үй-бүлөсүнө керектүү деңгээлде акча коротуу парз болсо да, аларга акча коротууда сараңдык кылган.

Ошондуктан, ислам шариятында аялга күйөөсүнүн уруксатысыз анын акчасынан күйөөсү багууга милдеттүү болгон адамдарга коротууга уруксат берилет. Ошондуктан, Исламда акчага ээлик кылуу, башкача айтканда, аны сарптоо укугу, менчик акчадан пайда көрүү дегенди билдирет, ал эми аны сарптоо укугу акчаны иштеп табуу жана аны чыгымдарга жана тейлөөгө жумшоо укугун билдирет. Бул аны пайдасыз нерсеге ысырап кылуу же арам нерсеге коротуу укугун билдирбейт, ошондой эле аны топтоп, коомду анын пайдасынан ажыратуу, айрыкча, ага укугу барларды андан пайдалануудан ажыратуу дегенди да билдирбейт.

Урматтуу бир туугандар… Кечээ пайгамбар (с.а.в) жана андан кийинки туура жолдогу Халифалар элдин кызыкчылыгын камсыз кылуу жана алардын укуктарын сактоо милдетин аткарышкан. Жооптуу адамдын өзү кам көрүүгө милдеттүү болгон адамдардын укуктарын этибарга албай коюусуна жол беришкен эмес… Алар ысырапкорчулукту, сараңдыкты же акылсыздарды жолго салып койушкан…

Ал эми, бүгүнкү күндө адамдардын кызыкчылыгын ким ойлойт… жана Аллахтын мыйзамдарын аларга иш жүзүндө ким колдонот…?

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 21-шаьбан.

2026-ж, 9-февраль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button