Басма сөз

Газада кан төгүү канчалык көбөйсө, моюн сунуу жана саткындык ошончолук артууда

Басма сөз баянаты

Газада кан төгүү канчалык көбөйсө, моюн сунуу жана саткындык ошончолук артууда

Яхудий күчтөрү жакында Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында үйлөргө, жер которгон адамдардын чатырларына жана полиция борборуна каршы бир катар катуу аба соккуларын жасады. Анын кесепетинен 31 киши шахид болду, алардын арасында 7 бала жана 7 аял бар. Бул – 2025-жылдын 10-октябрында Газа тилкесинде ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу жарыялангандан берки эң кандуу күндөрдүн бири болуп калды. Бул аракеттер согушту токтотуу тууралуу эч кандай макулдашуу жоктой, улантылган жана атайын жасалган бузуу алкагында жүрүүдө. Мындан тышкары, «сары сызык» деп аталган аймактын ичинде калган үйлөрдү жана имараттарды толук кыйратуу максатында кайра-кайра жардыруу иштерин жүргүзүүдө. Бул чабуулдардын натыйжасында ушул кезге чейин 544 киши шахид болду, алардын ичинен 180и бала, 72си аял. 1360тан ашуун адам жаракат алды, алардын 57,5 пайызы балдар жана аялдар.

Колонизатор күчтөр бул кылмыштарды системалуу бузуу-кыйноолордун ачык үлгүсү катары жасоодо. Алар өлтүрүү менен кыйратууну актоо үчүн негизсиз шылтоолорду жана жасалма фактыларды ойлоп табышууда. Алар эл аралык деңгээлде жапырт кыргын (геноцид) кылмышына тете аракеттерди улантып, эл аралык унчукпоого жана жазасыз калууга таянып жатышат, а түгүл Газа тилкесиндеги кырдаалды башкаруу үчүн түзүлдү деп жарыяланган органды да эске алышпайт.

Газада болуп жаткан окуялар ок атууну токтотуу боюнча макулдашуунун алсыздыгын айкын көрсөтүүдө, ал макулдашуу яхудий түзүмүнүн пайдасына түзүлгөнүнө жана айрыкча алардын туткундарын тирүүлөрүн да, өлгөндөрүн да кайтарып алууга шарт түзгөнүн ачыктайт. Бул өзгөчө ички нааразылыктар күчөп, алардын үй-бүлөлөрү Нетаньяхудан туткундарды кайтарып берүүнү талап кыла баштагандан кийин болду. Яхудий түзүмү биринчи этаптагы милдеттенмелерин аткарган жок. Экинчи этап Рафах өткөрмө бекетин ачуу менен башталышы керек эле, бирок анын ордуна кан төгүү, энелердин көз жашы, балдардын кыйкырыгы уланып, адамдарга да, ташка да, даракка да каршы чабуулдар токтогон жок. Мунун баары тынчтык ийгиликтүү болуп, согуш чындап эле аяктап калгандай көрүнгөнү менен, дүйнөнүн толук көз жумуусу жана кайдыгерлиги шартында болуп жатат.

Эки жылдан ашуун убакыттан бери бардык ыкмалары, көрүнүштөрү жана формалары менен уланып жаткан азап-тозокко карабастан, баары карап гана турушат. Эң «кабардар» болгондору да болуп жаткан окуяларга байланыштуу айрым боорукерлик жана нааразылык билдирген сөздөрдү айтуу менен чектелишет! Дүйнө кан төгүүнүн, баласынан ажыраган энелердин жана балдардын кыйкырыгына көнүп калгандай. Ал эми башкаруучулар Газа жана анын элинин эсебинен акылынан адашкан Трамп менен анын асырандысы Нетаньяхунун ыраазычылыгын табуу аркылуу өз тактыларын сактоого гана кам көрүшүүдө.

Оо, Ислам үммөтү, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт! Аскерлер кайда?! Аалымдар кайда?! Саясатчылар кайда?! Газа жана анын элине карата бул кандай саткынчылык?! Эмне үчүн сатылып кеткен, кордолгон башкаруучуларды кулатуу, алардын моюн сунуусунан жана көз карандылыгынан арылуу үчүн кыймылдабайсыңар?! Кантип Газа элин токтобогон ач көз максаттары бар залим душмандын алдында жалгыз калтырып койдуңар?! Кантип күн-түн дебей төгүлгөн кандар, токтобогон онтоолор менен көз жаштар, кулакты тундуруучу кыйкырыктар силерге жеңил тийип жатат?!

Силер унчукпай, бул башкаруучуларга ыраазы болуп турганыңарча сел да силерге жетет, бороон-чапкын да силерди каптайт. Анткени Улуу Раббибиз айтат

﴿وَكَذَلِكَ نُوَلِّي بَعْضَ الظَّالِمِينَ بَعْضاً بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾

«Ошондой эле кылып жүргөн күнөөлөрү себептүү заалимдерди бири-бирине дос кылып коёбуз». (Анъам: 129).

Ошондой эле салаф ус-салихтердин бири айткан: «Кандай болсоңор, силерге ошондой башкаруучу коюлат». Бул башкаруучуларды тактан түшүрүү үчүн иш кылгыла, силерди Алланын шарияты менен башкарган, силерди бириктирген жана жерлериңерден баскынчыларды бошоткон халифаны орноткула.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

Аялдар бөлүмү

03.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button