Сакофат
Trending

Ратификация

Саясий сөздүк (3)

Ратификация

Ратификация – бул эл аралык келишимге кол коюлгандан кийин, мамлекет тарабынан анын расмий түрдө бекитилиши. Жөнөкөй тил менен айтканда, кол коюу ниетти билдирүү болсо, ал эми ратификация – кол коюлган келишимди аткарууга юридикалык макулдук берүү. Бул дипломатиялык иш алып барууда мамлекеттин: «Биз бул эл аралык келишимди жөн гана талкуулап, кол коюп койбостон, аны аткарууга расмий түрдө милдеттенме алабыз», – деп айтуусун билдирет.

Муну жөнөкөй түшүнүү үчүн, батирди сатып алуу мисалын элестетсек болот. Келишимге кол коюу – бул ниетиңизди билдирип, макулдашууну билдирет. Ал эми ратификациялоо – бул акчасын төлөп, келишимди каттоодон өткөрүп, юридикалык милдеттенмелерди алуу. Мындан кийин эч кандай артка чегинүү мүмкүн эмес.

Эл аралык саясатта, документке кол коюу – андагы эрежелер өлкө ичинде дароо күчүнө кирди дегенди билдирбейт. Келишим милдеттүү түрдө аткарылышы үчүн, аны, парламент жактырышы керек. Ратификациядан кийин мамлекет өзүнө мыйзамдарды өзгөртүү, төлөмдөрдү төлөө, жаңы эрежелерди сактоо же аскерий милдеттенмелерди аткаруу сыяктуу  конкреттүү милдеттенмелерди алат.

Ратификацияланган келишимдер жарандардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет: бажы эрежелери өзгөрөт, жаңы визалык шарттар пайда болот, аскерий же экономикалык милдеттенмелер такталат, жаңы стандарттар же чектөөлөр киргизилет.

Мисалы, Россия, Казакстан жана Беларусь Евразия экономикалык биримдигин түзүү жөнүндө келишимди ратификациялаганда, муну менен жөн гана саясий макулдашууга кол коюлбастан, соодадагы, бажыдагы жана товарлардын жүгүртүлүшүндөгү реалдуу өзгөрүүлөр жүз берген.

Же болбосо дагы бир мисал: Борбор Азия өлкөлөрү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагындагы макулдашууларды ратификациялаганда, алар бири-бирине аскерий жардам көрсөтүүгө даяр экендигин тастыкташат. Бул жөн гана сөздөн реалдуу милдеттенмелерге өтүү дегенди билдирет.

Кээде тескери жагдайлар да болуп турушу мүмкүн. Мисалы, Россия Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кол койгон болсо да, бирок аны дагы деле ратификациялаган эмес. Башкача айтканда, формалдуу түрдө өлкө кызыгуусун билдиргени менен, юридикалык жактан өзүнө эч кандай милдеттенмени алган эмес.

Жөнөкөй тил менен айтканда, ратификация – бул дипломатия аяктап, аткаруу жоопкерчилиги башталган чекит.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button