Басма сөз
Trending

Бузукулукка – ырайым, даъватка – тыюу!

Бузукулукка – ырайым, даъватка – тыюу!

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча сойкулукту жана бузукулукту онлайн атайын платформа аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү кылмыш болуп саналат. Ошондуктан, вебкам бизнеси менен алектенгендерге 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле жосунду уюштурган адамдар тобунун мүлкү конфискацияланат жана аларга 300 миң сомго чейин айып пул салынат же алар беш жылга чейин камалат. Ал эми, ушул тармакта кылмыштуу топ уюштурган адамдын мүлкү конфискацияланып, өзү жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Дал ушул иштерди жасоодо айыпталып, 2024-жылы УКМК тарабынан Даниэл Ажиеев аттуу жаран кармалган эле. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”, “Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”, “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” жана “Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү” боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган. Мына ушул өкүмдөн эки жыл өтпөй аталган жаран президенттин амнистиясы менен абактан чыкты. Биз муну бузуку иштердин жайылышына шарт жаратуу катары баалайбыз.

Негизи, капитализмде “жеке эркиндик” принцибинин негизинде ыплас вебкам иштерине тыюу салынбайт. О.э. капитализмдеги өлчөө “пайда” болгондуктан, ага экономикалык ишмердүүлүк катары каралат. Ошондуктан, “тыюудан көрө көзөмөл жакшы” деген шылтоо менен, мындай ишкерлер каттоодон өтүшүп, салык төлөшөт. Мындай ишке уруксат берүү жагынан дүйнө өлкөлөрү үчкө бөлүнөт:

  1. Уруксат берген өлкөлөр;
  2. Ыргылжың өлкөлөр;
  3. Тыюу салган өлкөлөр.

Уруксат берген мамлекеттердин көпчүлүгү Батыш өлкөлөрү. Уруксат да бербеген, тыюу да салбаган өлкөлөрдө бул иш жүргүзүлө берет.

Ал эми, тыюу салган өлкөлөрдүн көпчүлүгү мусулман өлкөлөр. Аларда “коомдук баалуулуктарга дал келбейт” деген негизде тыюу салынган. Анткени, алардын мусулман калктары бул иштерди катуу каралашат жана аларга катуу тыюу салынышын каалашат. Ошондуктан, ушундай учурларда бийликтер эл маанайы менен эсептешүүгө мажбур болушат. Кыргызстан 2024-жылкы мыйзам кабыл алынганга чейин вебкам иштери боюнча “ыргылжың өлкөлөр” катарына кирген. Ошондуктан, бул иштер боюнча ызы-чуулар Ажиевдин айланасында 2018-жылы эле башталып, эч кандай олуттуу натыйжалар болгон эмес. Ал тургай, ал кезде маалымат каражаттарында Ажиев бир нече мамлекеттик таасирдүү адамдарды атап, дагы башка толтура аткаминерлерге компраматы бар экенин, ошондуктан, эч ким кылын кыйшайта албасын айткан жайы бар. Муну менен ал элитанын бузук иштерин тейлеп келгенин кыйыр түрдө ырастоодо.

Салыштырмалуу түрдө Ажиевдин аракеттерин азыр дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан “Эпштейн окуясынын” чакан көрүнүшү катары айтсак болот. Бул жалпы чырга Трамп жана Клинтон сыяктуу президенттер, Британия, Швеция жана Норвегиядан ханзадалар, Билл Гейтс жана Илон Маск сыяктуу миллиардерлер, Стивен Хокинг сыяктуу окумуштуулар, ошондой эле ар кайсы тармактагы саясатчылар, актёрлор, ырчылар, илимпоздор, ишкерлер жана атактуулар катышканы айтылууда. Мына ушулар батыштагы «элитанын» өкүлдөрү. Алар кумарларына жана адашууларына жетеленип, Жеффри Эпштейндин «шайтан аралына» шашылыш барышкан. Натыйжада алар бузукулуктарды жасап, оор күнөөлөргө жана кылмыштарга барган. Чырдын көлөмү канчалык чоң болгонуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин айыпталуучулар жок. Себеби ага аралашкандар дагы эле кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

Демек, Эпштейн окуясын капиталисттик дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрсөткөн үлкөн үлгү деп алсак, анда Кыргызстандагы вебкам иштери анын чакан гана бир көрүнүшү болуп саналат. Булардын баары пайдага негизделген капиталисттик системанын жемиштери.

Демек, бир кездерде эл ичинде вебкам иштерине каршы маанай күчөгөндүктөн, бийлик эл алдында упай алуу үчүн, аны тыюу чараларын көргөн. Бирок, ушул эле учурда бийлик империалисттик уюмдардын көрсөтмөсүн аткарууга кызыкдар болуп жаткандыктан, мамлекетте сойкулук, бачабаздык, лесбиянкалык ж.б.у.с бузукулуктарга дале тыюу салынбай келет. Кыскасын айтканда, Кыргызстанда капитализм колдонулуп жаткандыктан, бузукулуктардын тыюу салынган жактары да, тыюу салынбаган жактары да өркүндөп-өсүп барууда.

Ушул эле окуянын каршысында, Кыргызстанда эчендеген даъватчы жигит-кыздарыбыз ондогон жылдан бери камакка алынып, бул жалган айыптоолор учурда да уланып жатат. Маселен, Ноокен районунда беш эже-карындашыбыз Исламдан таалим бергени үчүн камакка алынып, дагы эле тергөө абагында кармалып отурат. Алар жергиликтүү күч кызматкерлеринин жетекчилерин ыраазы кылуу дымагынын курмандыктары болушту.

Ошондой эле, өлкөдө даъватчылардын соттолуп кеткендери – тиешелүү мыйзамдарга ылайык – амнистияга да, эрте бошотууга да илинишпейт(!) Мынакей, калкы мусулман болгон Кыргызстанда капитализм колдонулушунун акыбети! Бузукулук – кадыресе иш да, чыныгы даъват – оор кылмыш эсептелет!!! О.э. бул калыс даъватчыларыбыз абактарда башка адамдардан өзүнчө бөлүп кармалат. Максат, камактагы башка адамдарга даъват жетишине тоскоолдук кылуу.

Дааватчылар менен бийликтин ортосундагы мындай абал – Мекке мушриктери Пайгамбарды (с.а.в) туугандары менен бирге камал-блокадага алган абалды эске салат. Анда мушриктер өз ара келишип, камал кылуу аркылуу Пайгамбардын (с.а.в) даъваты менен калктын арасын ажыратабыз деп ойлошкон. Каабанын дубалына ушул келишимди кат кылып жазып, илип коюшкан. Бирок, Аллахтын уруксаты менен, үч жылдан соң, калк ичиндеги калыс адамдардын колу ал катты жыртып таштады. Ошентип, даъват менен калктын ортосундагы бир тосук алып ташталды. Ошондуктан, Кыргызстандын мусулман калкы да, тарыхта калган ошол калыс адамдардын ишин кылуулары керек.

Акыйкатта кыргыз коому үчүн кимиси коркунучтуу? Акыйкатты жеткирип жаткан дааватчыларбы же сойкулукту жайылткан сутенерлорбу? Диний адабият үчүн кармалган алсыз аялдарбы же үйлөрүнөн миллиондогон долларлык каражаттар табылган паракор күч кызматкерлериби?

Хизб-ут Тахрир Кыргызстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button