Мирзиеев режими Зарафшан түрмөсүндө мусулмандарга карата эң жийиркеничтүү кыйноо ыкмаларын колдонууда!

Басма сөз баянаты
Мирзиеев режими Зарафшан түрмөсүндө мусулмандарга карата эң жийиркеничтүү кыйноо ыкмаларын колдонууда!
Бизге жеткен кабарлар жана маалыматтарга ылайык, Навои облусунун Зарафшан шаарындагы №12 абакта камактагыларга карата системалуу түрдө мыйзам бузуулар, психологиялык жана физикалык кыйноолор жасалууда. Бул кыйноолор өзгөчө «Раббибиз Аллах» деген сөзүндө бекем турганы үчүн темир тор артындагы Хизб ут-Тахрир жигиттерине багытталып, алардын кадыр-баркы тебеленип, мазактоо максатындагы кемсинтүүчү провокацияларга дуушар болушууда.
Заалим режим дагы бир жолу өзүнүн ыплас “тырмактарын” Аллахтын дининде бекем турган жигиттерге, айрыкча Зарафшан шаарындагы №12 түзөтүү мекемесинде жаткан жигиттерге колдонууда. Бул жолу жасалып жаткан кылмыштар адамдык баалуулуктарга гана каршы келбестен, айбандык инстинкттерден да ашып түшкөн жийиркеничтүү деңгээлге жеткен. Анткени анда адамдык кадыр-баркты тепселөөгө жана намысты басмырлоого багытталган жийиркеничтүү провокациялар орун алган.
Мекеменин ыкчам бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик коопсуздук кызматынын подполковниги Махмуд Хусинов жана анын жардамчылары бошотулуу мөөнөтү жакындаган сабырдуу туткундарды мажбурлап «тообо» келтиртүү жана алардын эркин сындыруу максатында пастык ыкмаларды колдонууну улантууда. Алардын арасында Асадуллах Ишбултаев жана Сыдык Хужаев аттуу бир туугандар да бар. Аларга каршы «жашыл зат» провокациялары колдонулуп жатат. Бул Каримов тогуту учурундагы саясатты эске салган ыплас спектакль болуп, анда туткунду уйкуда жаткан учурда сексуалдык зомбулукка кабылышы мүмкүн деп коркутушат. Мындай жийиркеничтүү коркутуу аркылуу аларды жасалма «тообо каттарын» жазууга мажбурлап аракет кылышууда.
Бул амалдар диктатордук режимдин чыныгы жүзүн жана анын мусулмандарга болгон терең жек көрүүсү канчалык деңгээлде экенин ашкере кылууда.
Бүгүн бул режим карманып жаткан эки тараптуу саясат — бирде колонизатор Россиянын кучагына ташталып, бирде кресттүү Америкага ыкташы — ушул зулумдуктардын түпкү себеби жана өзөгү болуп саналат. Россия мусулман мигранттарды эң оор басмырлоого дуушар кылып жаткан учурда, Трамп Газада, Иранда жана Суданда Ислам үммөтүнүн канын дарыядай агызууда. Ушул учурда, Мирзиеев режими алардын ыраазылыгына жетүү үчүн өз элин жана диндеш бир туугандарын эң төмөн, эң пастык ыкмалар менен кысымга алууга аракет кылып жатат.
Оо, Өзбекстан мусулмандары!
Темир тор артындагы бир туугандарыңар өздөрүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын сактап калуу үчүн оор күрөш жүргүзүп жаткан учурда, силердин мойнуңарга минип алган бул заалим режим өзүнүн кулап бараткан бийлигинин түркүктөрүн сактап калуу үчүн колундагы бардык зомбулук жана коркутуу каражаттарын колдонуп келүүдө.
Оо, Өзбекстан мусулмандары!
Түрмө торлорунун артындагы бир туугандарыңар физикалык кыйноолорго гана эмес, алардын кадыр-баркын тебелөөгө багытталган моралдык кордуктарга да дуушар болушууда. Бул заалимдер мусулман үчүн ар-намыс жана абийир жашоодон да кымбат экенин жакшы билишкендиктен, өздөрүнүн кыянат соккуларын дал ушул эң назик жерге багытташууда.
Зарафшан түрмөсүндөгү жана башка абактардагы зулумга кабылган бир туугандарыбыздын укуктарын коргоону талап кылуу, бул зулумдуктарды дүйнөгө ашкерелөө жана Ислам адилеттүүлүгүн орнотуу үчүн аракет кылуу – ар бирибиздин мойнубуздагы шаръий жана ахлакый милдет.
Заалимдер Аллахтын айласынан жана мазлумдун үшкүрүгүнөн бейкапар калышууда. Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ﴾
“Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип алышат”.
Дагы айтат:
﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ﴾
“(Эй Мухаммад,) Сен эч качан: «Алла заалим адамдардын кылып жаткан ништеринен бейкапар (капарсыз)» деп ойлобо! Бар болгону Алла аларды(н жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда”. (Ибрахим: 42).
Оо, күч-кудурет ээлери жана коопсуздук органдары!
Бул дүйнө өткүнчү жана жок болуучу нерсе, ал эми акырет азабы түбөлүктүү. Бүгүн силер кызмат кылып жаткан бул режимдин артында турган Россия жана Америка сыяктуу колонизатор күчтөр Исламга жана мусулмандарга душман.
Сөз соңунда, Зарафшандагы №12 мекемеде жасалып жаткан бул ыплас кылмыштар жоопсуз калбасын дагы бир жолу баса белгилейбиз. Анткени биз мазлум бир туугандарыбыз төккөн ар бир көз жаш үчүн жана алардын тебеленген ар бир укугу үчүн жоопкербиз жана суракка тартылабыз.
Ошондой эле Мирзиеев режимине жана анын адамдарына эскертебиз: зулум үстүнө курулган ар бир бийликтин акыр-аягы сөзсүз кулап, кыйроо болот. Эң жийиркеничтүү кыйноолор жана «тообо каты» деп аталган оюндар үммөттүн ойгонушун эч качан токтото албайт. Жакында, Аллахтын уруксаты менен, бул кылмыштарга катышкан ар бир адам сөзсүз жоопко жана адилет сотко тартылат.
Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقاً﴾
« “Дагы (минтип) айткын: «Акыйкат келди (тактап айтканда Ислам келди) жана батыл (күпүр – каапырдык) өчүп – жоголду. Себеби батыл—жоголуучу нерсе“. (Исра: 81).
Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү
15.05.26




