Басма сөз

Халифалык Белужистан элин бүгүнкү башкаруучулар кылып жаткандай күч жана мажбурлоо аркылуу эмес, Пакистандагы өз бир туугандары менен Ислам акыйдасынын негизинде бириктирет

Басма сөз баянаты

Халифалык Белужистан элин бүгүнкү башкаруучулар кылып жаткандай күч жана мажбурлоо аркылуу эмес, Пакистандагы өз бир туугандары менен Ислам акыйдасынын негизинде бириктирет

Белужистандагы акыркы кол салуулар акыркы ондогон жылдардагы көлөмү, катуулугу жана кеңири жайылышы жагынан эң оор кол салуулардын бири болду. 2026-жыл, 29-январдан бери бөлүнүп чыгуу тарапкерлери Белужистандын кеминде тогуз аймагында (район жана округдарда) бир убакта кол салууларды ишке ашырып, ар түрдүү коопсуздук объектилерин, аскердик текшерүү пункттарын, полиция бөлүмдөрүн, түрмөнү, жергиликтүү администрация имараттарын, банктарды жана мамлекетке тиешелүү башка мекемелерди бутага алышты. Бул кол салууларда жана андан кийинки каршы операцияларда жүздөгөн адамдар каза болду.

Бул окуялардан жана жооп иретиндеги операциялардан дээрлик бир жума өткөн соң, эми бул маселени тынч жана кылдат ой жүгүртүү менен карап чыгуу убактысы келди. Хизб ут-Тахрир / Пакистан вилаяты бул маселе боюнча тиешелүү бардык тараптарга үч маанилүү пунктту сунуш кылгысы келет:

Биринчиден: көпчүлүккө азчылыкты баш ийдирген демократиялык система себептүү, калкы эң аз аймак болгон Белужистан ондогон жылдар бою көңүл сыртында калып келген. 2025-жылдын ноябрь айында Пакистан өкмөтү «Пакистан аймактарынын алсыздык индекси» аттуу баяндама жарыялап, анда Пакистандагы эң артта калган 20 аймактын 17си Белужистандын өзүндө экенин билдирген. Бул баяндама Белужистанды өнүктүрүүгө жана элдин нааразычылыктарын жоюуга чоң каражат жумшадык деген өкмөттүн дооматтары жалган экенин ашкерелейт. Анткени каражаттын көбү саясий лоялдуулукту сатып алууга сарпталып, аз сандагы элитанын коррупциясы тарабынан жутулууда.

Ошол эле учурда Белужистан алтын, күмүш, жез, мунай, газ, суу жана башка ресурстардын ири корлоруна бай. Бирок Ислам шариятынын өкүмдөрүнөн алыстоо себептүү, бул ресурстардын пайдасы ири компаниялар менен бийликтеги аз сандагы элитанын кызыкчылыгына ыйгарылууда. Шарият өкүмдөрүнө ылайык, бул ресурстардын баары умумий мүлк болуп эсептелет жана алардын пайдасы бардык адамдарга жетиши керек. Аларды менчиктештирүү программалары аркылуу капиталисттерге өткөрүп берүү да, мамлекеттин аларга өзгөчө ээлик укугун талап кылышы да туура эмес. Расулуллах ﷺ айткан:

«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто». (Абу Дауд жана Ибн Мажа риваят кылган).

Ислам федерализмге эмес, бийликтин биримдигине, мабдага негизделген. Федералдык системада ар бир аймак өз ресурстарына ээлик кылууну талап кылат. Ушул мабданын негизинде белуж бөлүнүп чыгуу тарапкерлери мамлекетке каршы курал көтөрүштү. Бирок шарият өкүмдөрүнө ылайык, мамлекеттин кайсы аймагында болбосун жайгашкан кен байлыктар, мунай-газ ресурстары, деңиздер, дарыялар жана ушуга окшогон байлыктар — мамлекеттин бардык жарандарына таандык болгон умумий мүлк болуп эсептелет жана алардын пайдасын пайдаланууда бардыгы тең укукка ээ.

Ушул негизде Хайбер-Пахтунхва, Пенжаб, Синд жана Белужистан сыяктуу бардык аймактардагы умумий мүлктөр Белужистан элине да таандык, дал ошондой эле Белужистандагы умумий мүлктөр да мамлекеттин башка жарандарына тиешелүү. Өзүнүн адилеттүү системасы аркылуу Ислам бардык аймактардын тең салмактуу өнүгүшүн камсыздап, артта калган аймактардын элинде пайда болгон четтетилгендик сезимин жоёт. Ал эми Ислам өкүмдөрүн колдонбой коюунун натыйжасында Белужистан бөлүнүп чыгуу тарапкерлерине жана алардын артында турган колонизатор каапыр күчтөрүнө жем болуп калды.

Экинчиден: белуж улутчулдугу тууралуу баянды пакистандык улутчулдук негизинде жеңүү мүмкүн эмес, анткени ал да өзүнчө улутчулдуктун бир түрү. Белуж мусулмандарын, ал тургай дүйнөдөгү бардык мусулмандарды бириктирүү Ислам акыйдасынын негизинде гана мүмкүн. Расулуллах ﷺ  Курайш урууларын жана ар түрдүү араб урууларынын ортосундагы этникалык, тилдик жана уруучулдук фанатизмге баткан коомду бир Ислам акыйдасынын негизинде бириктиргени сыяктуу, Халифалык мамлекети доорунда да кылымдар бою жүздөгөн ар түрдүү элдер ушул негизде бириккен.

Белужистан элин Ислам акыйдасынын негизинде бириктирүү мүмкүн болчу, бирок башкаруучулар бул негизден баш тартышты. Белуж мусулмандарын пакистандык улутчулдук негизинде бириктирүүдөгү үзгүлтүксүз ийгиликсиздик улутчул секулярдык башкаруучуларды мажбурлоо, күч колдонуу жана зомбулук ыкмаларына өтүүгө түрттү. Мажбурлап жоготуу учурлары, адамдарды уурдоо, саясий фигураларды камоо, нааразылык билдиргендерге каршы күч колдонуу, белуж саясий ишмерлерине каршы репрессиялык кампаниялар — мунун баары Белужистан элин мамлекеттен алыстатып, андан жийиркентип койду.

Эгер мамлекет шариятка ылайык саясий аң-сезим менен аракет кылганда, белуж бөлүнүп чыгуу тарапкерлерин жалпы элден обочолонтууга аракет кылмак. Бирок ал Белужистандагы жөнөкөй мусулмандарга чейин «полициялык мамлекет» саясатын колдонуп, мамлекеттин мамилесинен улам өздөрүн четтетилген жана басмырланганын сезген элди бөлүнүп чыгуу тарапкерлеринин катарына түртүп, алардын үгүт-насаатынын ийгиликтүү болушуна шарт түздү. Ушундайча башкаруучулар маселени чечүүнүн ордуна аны ого бетер татаалдаштырып, курчутушту.

Географиялык улуттук байланыш (рабыта) өтө алсыз байланыш болуп, ал көбүнчө коркунуч учурунда пайда болгон убактылуу сезим гана. Ал эми улутчулдук байланышы — адамдар арасында үстөмдүк үчүн күрөштү күчөтүүчү эмоциялык байланыш. Мамлекеттин белуж саясий ишмерлерине өтө адилетсиз мамиле кылуусу шариятта арам болуп эсептелет. Исламга ылайык, халифа мусулмандардын иштерине кам көрүүгө жооптуу, ал Ислам шариятынын өкүмдөрүн саясий аң-сезим менен колдонуп, калктын ишенимин акылмандык, сабырдуулук, жумшактык жана чыдамкайлык аркылуу табууга аракет кылат. Аллах Таала Өзүнүн ыйык китебинде айткан:

﴿مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاءُ عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاءُ بَيْنَهُمْ﴾

«Мухаммад Алланын пайгамбары. Аны менен бирге болгон (момундар) каапырларга каардуу, өз араларында (момундар менен) болсо ырайымдуу боорукерлер». (Фатх: 29).

Ал эми бүгүнкү секулярдык саясий жана аскердик жетекчиликтин саясаты чындыгында Белужистандагы абалды күн өткөн сайын дагы да кооптуу кылууда.

Үчүнчүдөн: мусулман жерлерин бөлүп-жаруу кескин түрдө арам болуп, Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга кылынган кыянат болуп эсептелет. Белуж улутчулдугу Ислам акыйдасына түздөн-түз каршы келет. Башка улут өкүлдөрүн мыкаачылык менен өлтүрүү, аларга кол салуу же белгилүү бир аймакта жашоону башка элдерге эмес, бир гана белуждарга уруксат берүү — мунун баары ачык арам болуп, Ислам кабыл албаган зулумдукка кирет.

Белужистандагы мусулмандардын мамлекет зулумдугуна жана репрессиялык саясатына болгон нааразычылыгы түшүнүктүү. Бирок бул Белужистан элине Ислам өкүмдөрүн четке кагып, белуж улутчулдугунун чакырыктарына жооп берүүгө уруксат бербейт. Белужистан мусулмандары арам болгон улутчулдук аты менен өздөрүн башка мусулмандардан жогору көрүүгө же башкаларды кемсинтип кароого акысы жок.

Башкаруучунун зулумдугу мусулмандарга өз ара бөлүнүп, алсыздыктын үстүнө дагы алсыздыкка түшүп, каапырлар үчүн оңой олжого айланууга уруксат бербейт. Тескерисинче, алардын милдети — зулум башкаруучунун колунан кармоо, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу жана кандай кыйынчылыкка туш болушса да анын алдында акыйкат сөздү айтуу.

Белужистандагы мусулмандар — ардактуу жана урматтуу адамдар, алар Ислам акыйдасынын байрагын көтөргөн жана аны коргогон эл. Алардын даңктуу тарыхына жана өзгөчөлүгүнө Расулуллах ﷺ  жахилият чакырыгы деп атаган жолго түшүү жарашпайт.

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ﴾

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Алла алдындагы эң урматтууңар эң такыбааларыңар. Албетте Алла Билүүчү жана Кабардар». (Хужурат: 13).

«مَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عُمِّيَّةٍ، يَدْعُو إِلَى عَصَبِيَّةٍ، أَوْ يَنْصُرُ عَصَبِيَّةً، فَقُتِلَ، فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ»

«Кимде-ким сокур роя алдында согушуп, асабийятка (улутчулдукка) чакырып же асабийятты колдоп өлсө — анын өлүмү жахилият өлүмү болот.» (Муслим риваят кылган).

Эй Белужистандагы мусулмандар! Өзүңөрдүн шарияттагы укуктарыңар үчүн Ислам роясынын алдында бириккиле, зулум башкаруучулардын бийлигин токтотуу үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөдө Хизб ут-Тахрирди колдогула. Билип койгула, Белужистандагы абал дагы бир жолу Белужистан маселесин жана башка бардык маселелерди чечкен, үммөттү толук бириктирген, укуктарды ээлерине кайтарган Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылууда. Ал аймактык улутчулдукту жоюу менен гана чектелбестен, мусулмандарды бириктирүү үчүн жасалма эл аралык улуттук чек араларды да бузат.

Билип койгула, ушул рак илдетине окшогон улутчулдук аркылуу колонизатор каапырлар башында арабдар менен түрктөрдүн ортосуна кастык салууга жетишкен, Балкан аймактарын үммөттүн денесинен бөлүп, андан кийин мусулман өлкөлөрүн бөлүп-жарууну улантышкан. Афган жана пакистан улутчулдугу эки бир тууганды бөлгөн жокпу? Башкаруучулар бүгүн да анын отун күчөтүп жатышкан жокпу? Нубувват минхажы негизинде Ислам акыйдасына таянып тикелене турган экинчи рошид Халифалык гана үммөттүн биримдигин кайра калыбына келтирип, мамлекеттин бардык жарандарына тең укуктарды берет.

Хизб ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

12.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button