Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү 1447-хижрий жылдагы Курман айт майрамы менен куттуктоо

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
1447-хижрий жылдагы Курман айт майрамы менен куттуктоо
Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах… Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«إِنَّ أَعْظَمَ الْأَيَّامِ عِنْدَ اللهِ يَوْمُ النَّحْرِ»
«Аллахтын алдында күндөрдүн эң улуусу — нахр күнү (курмандык чалынуучу күн)».
Ушул берекелүү күнгө байланыштуу жана Аллах Азза ва Жалланын ураанын улуктоо максатында:
﴿ذَلِكَ وَمَن يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِن تَقْوَى الْقُلُوبِ﴾
«(Иш) Ушул. Ким Алланын мыйзамдарын урмат кылса, анда, албетте (бул урмат) дилдердин такыбалыгынан болот». (Хаж: 32)
Ислам үммөтү өзүн жардамсыз калтырып, душмандарына таштап койгон башкаруучулардын көлөкөсүндө оор мусибаттарды баштан кечирип жатканына жана жүрөктөрүбүз кайгы жана өкүнүчкө толгонуна карабастан, азиз, сабырдуу жана сооп үмүт кылуучу Ислам үммөтүбүздү Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, Аллахтан бул айт күндөрүн береке, нусрат жана бийиктик күндөрү кылышын сурайбыз.
Ошондой эле, Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси жана анын бөлүмдөрүндө иш алып барып жаткан бардык бир тууган ага-эжелердин атынан, Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ато ибн Халил Абу Руштага حفظه الله куттуктообузду жолдойбуз. Аллах Азза ва Жалладан үммөт аны жакын арада рошид Халифалыктын байъаты менен байъат кылышын, ал байъат үммөт жашап жаткан кордук доорун аяктатып, анын ордуна нусрат, азаттык жана тамкин доорун баштоосун сурайбыз. Бул туурасында Аллах Таала мындай деген:
﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада». (Нур: 55).
Бул жылы Курман айт майрамы Ислам үммөтү дагы эле аны эң оор азаптарга салып жаткан колониализмдин эзүүсү астында онтоп турган абалда келди. Ал үммөткө айттын кубанычын да, жашоонун шаттыгын да калтырбай жатат. Палестинада, Ливанда, Суданда, Иранда, Йеменде, Шамда жана башка жерлерде үммөттү айттын кубанычынан жана фазилеттүү күндөрдүн сүйүнүчүнөн ажыратууда:
﴿وَلَيَالٍ عَشْرٍ﴾
«(Зул-Хижжанын алгачкы) он түнүнө ант». (Фажр: 2)
Мына бул текебер Трамп оозунан көбүгүн чыгарып, мусулмандарды жана алардын жерлерин бомбалап, эгер ага моюн сунушпаса, аларды тозок менен коркутууда. Ал эми анын жан жолдошу жана түгөйү Нетаньяху мусулман жерлеринде айбаттанып, өзүнүн көз карашы жана кыялдарына ылайык Жакынкы Чыгышты кайра калыптандыруу менен коркутууда. Калган колонизатор мамлекеттер болсо (Британия, Франция, Австралия, Германия жана башкалар) же аларды колдоп, колдоруна күч берип жатышат, анткени бул жерде курмандык биз болуп жатабыз. Кайгы да аларда эмес, бизде. Же болбосо, алар бул окуяларды карап турушат да, мазлумга жардам берүү же муктажды куткаруу үчүн эч нерсе кылышпайт.
Ал эми мусулман башкаруучулары мындан да жаман. Анткени алар биз менен болуунун ордуна бизге каршы кутум уюштуруп, Американын текеберлигине жана яхудий түзүмүнүн кылмыштарына жардам берип жатышат. Алардын эң “жакшылары” болсо, болуп жаткан окуяларды сырттан карап, курмандыктардын санын эсептеп отургандар же эки жүздүүлүк менен тил учунда гана айыптап, нараазылык билдирип койгондор. Мына ушулар жашообузду булгап, кубанычыбызды кемитип жаткан нерселердин айрымдары. Бирок мунун каршысында жакынкы жеңилдиктин жана колонизатордун башына үстөлдү аңтарып, саясий көрүнүштү момундар сүйүнө тургандай өзгөртө турган ойгонуунун сүйүнчүлөрү дагы эле көрүнүп турат. Ислам үммөтү күндөн-күнгө чечкиндүүрөөк болуп, Батыш күтпөгөн туруктуулукту көрсөтүүдө. Ал кылмышкер башкаруучуларынан жүз үйүрүп, алардын жүздөрү ачылып, саткынчылыктары билинип, эң караңгы жана оор учурларда үммөттү жардамсыз таштап коюшкандан кийин, алардын эч бирине ишенбей калды. Ушул ишенимдин өзү эле күтүлгөн өзгөрүү жараянында чоң айырма жаратууга жетиштүү:
﴿إِنَّ اللّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾
«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раъд: 11)
Ошондуктан Аллахтан ошол күндүн жакын болушун сурайбыз.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«مَا مِنْ أَيَّامٍ الْعَمَلُ الصَّالِحُ فِيهِنَّ أَحَبُّ إِلَى اللهِ مِنْ هَذِهِ الْأَيَّامِ الْعَشْرِ»
«Аллах Таала үчүн ушул (Зул-хижжа айынын алгачкы) он күнүндө жасалган салих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк башка күндөр жок».
Алар: «Эй Аллахтын Элчиси, Аллах жолундагы жихад дагыбы?» — дешкенде, ал ﷺ:
«وَلَا الْجِهَادُ فِي سَبِيلِ اللهِ، إِلَّا رَجُلٌ خَرَجَ بِنَفْسِهِ وَمَالِهِ فَلَمْ يَرْجِعْ مِنْ ذَلِكَ بِشَيْءٍ»
«Аллах жолундагы жихад дагы (бул күндөрдөгү амалдардан ашып түшө албайт). Бир гана өз жаны жана мал-мулкү менен чыгып, андан эч нерсесин кайтарып келбеген (б.а. шахид болгон) адам гана (андан артык)» — деди.
Демек, бул ар бир дуба кылуучу жана Аллахка жалбарып жүргөн пенде үчүн ушул берекелүү күндөрдү пайдаланып, бүгүнкү күндүн эң улуу фарзын жүзөгө ашыруу үчүн даават көтөрүүчүлөрдүн аракетине өзүнүн колун жана аракетин кошуу мүмкүнчүлүгү. Ал фарз пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайра баштоо. Ошондо биз кайрадан адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болуп, Ислам менен азиз болобуз.
Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илаха иллаллах… Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд.
Салахуддин Азаза
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүнун жетекчиси
27.05.26




