Басма сөз

Орозо кармоодо жеңилдикти жана ваажибди кармануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо кармоодо жеңилдикти жана ваажибди кармануу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا مُوسَى بْنُ إِسْمَاعِيلَ، حَدَّثَنَا أَبُو عَوَانَةَ، عَنْ مَنْصُورٍ، عَنْ مُجَاهِدٍ، عَنْ طَاوُسٍ، عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ ـ رضي الله عنهما ـ قَالَ خَرَجَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم مِنَ الْمَدِينَةِ إِلَى مَكَّةَ، فَصَامَ حَتَّى بَلَغَ عُسْفَانَ، ثُمَّ دَعَا بِمَاءٍ فَرَفَعَهُ إِلَى يَدَيْهِ لِيُرِيَهُ النَّاسَ فَأَفْطَرَ، حَتَّى قَدِمَ مَكَّةَ، وَذَلِكَ فِي رَمَضَانَ فَكَانَ ابْنُ عَبَّاسٍ يَقُولُ قَدْ صَامَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم وَأَفْطَرَ، فَمَنْ شَاءَ صَامَ، وَمَنْ شَاءَ أَفْطَرَ‏.‏ سنن ابن ماجه

Муса ибн Исмаил Ибн Аббастан (Аллах экөөнөн тең ыраазы болсун) риваят кылды. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мединадан Меккеге чыкты, Усфаанга жеткенге чейин орозо кармады. Андан кийин суу сурап, адамдар көрүүсү үчүн колуна көтөрүп туруп оозун ачты, Меккеге жеткенге чейин оозу ачык болду. Бул Рамазан айында болгон. Ибн Аббас: “Аллахтын элчиси (ага тынчтык жана береке болсун) (сапарда) кээде орозо кармап, кээде оозун ачкан. Каалаган адам орозо кармаган, каалаган адам ооз ачкан”, – деди (Сунан Ибн Мажа).

Урматтуу бир туугандар

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мухаммаддын жолу:

Бул асыл хадис бизге Аллах Тааланын орозо кармоого байланыштуу бизге белгилеген шарьий уруксаттарын айтып берди. Аллах Таала бизге сапарда тандоо мүмкүнчүлүгүн берген: же орозону улантуу, же оозду ачуу. Ал эми бул жерде адамзаттын төрөсү, биздин үлгүбүз жана устатыбыз Мухаммад (ага  Аллахтын тынчтыгы жана берекеси болсун) Рамазан айындагы сапарда ооз ачууну тандап жатат. Эгер кааласак, сапар учурунда  ушул жеңилдикти алууга укугубуз бар же  катуураак эрежени карманып, пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткандай, орозобузду уланта берсек болот. Бул маселе бизге калтырылды.

Бирок, сапар учурунда катуураак эрежени кармануу орозо кармаган  адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша болорун белгилей кетүү керек. Сапарда орозо тутуу  Аллах Таала ага парз кылган дагы бир парзын аткаруусуна тоскоол болсо, момун адамдын сапарда орозо кармоосу туура эмес. Маселе кудуретине жана мүмкүнчүлүккө байланыштуу, ал тандоого гана байланыштуу эмес. Кээ бирөөлөр ойлогондой, бул маселе толугу менен ачык эмес. Орозо кармоо – бул Аллах бизге парз кылган парздардын бири экенин түшүнүшүбүз керек. Бул Исламдагы эң улуу милдеттердин бири, ал үчүн Аллах эң жакшы сыйлык берет, бирок ошого карабастан, Аллах Таала бизди бул милдеттин эсебинен башка милдеттерди этибарга албай койуудан эскерткен.

Орозо кармаган адам орозо кармоонун өзү жетиштүү деп ойлобошу керек, ошондуктан орозо кармоо шылтоосу менен башка диний ваажибдерди аткарбай койбошу керек. Аллах Таала бардык мусулмандарга бир эле учурда эки же үч нерсени жүктөйт деп ойлосо болобу? Бул логикалык жактан да, диний жактан да кабыл алынгыс, анткени Аллах Таала пенделеринен Ал буйрук кылган нерселердин баарын аткарууну каалайт. Ал, Кудуреттүү Аллах, Өзү уруксат берген уруксатынан тышкары, пенделерине жүктөгөн ваажибдеринде шалаакылыкты кабыл албайт. Шарияттын өкүмдөрү адам каалоосуна жараша колдонулбай турганы бизге айдан ачык болушу керек. Ааламдардын Ээси тарабынан буйрулган ибадаттарды кадимки шарттарда аткара албаган адам болбойт, алар бардык адамдар аткара ала турган нерселер.

Орозодон башка бардык шарият өкүмдөрүн аткарбай кемчилик кетирген эрки алсыз адамдарды көп кездештиребиз, мындай адамдардын Аллах Таала жана Анын урматтуу Элчиси, (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кабыл ала турган эч кандай шылтоолору жок. Бул нерсе кээ бир мусулмандар үчүн кадыресе көрүнүшкө айланды. Алар ушундай жасоого ушунчалык көнүп калышкандыктан, аны жасоодон ырахат алып калышты жана алар мунун эч кандай жаман жери жок деп калышты. Бул чындыгында шайтандын  васвасасы,  рамазан айы – шайтандар чынжырланып, тообо эшиктери ачылуучу ырайым айы. Эгер бул мусулмандар тообо кылып, Аллахты жана Анын Элчисин (ага тынчтык жана береке болсун) ыраазы кыла турган иштерди улантып, Аны каарданткан нерселерден алыс болушса, анда алардын тооболору алар үчүн калкан болот жана Аллах Таала аларды Өзү ыраазы болгон жана тооболору менен ибадаттарын кабыл кылынгандардын катарына кошот.

Биз Аллахтан ушул куттуу айда жана андан кийинки айларда өкүмдөргө баш ийүүгө жана аларды жашообузда колдонууга, күнөөлөрдөн тыйылууга жардам сурайбыз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллахтан  бизди ибадаттарыбызда эки жүздүүлөрдүн катарында болуудан сакташын жана адилетсиздиктери менен эзүүлөрү үчүн ибадаттарын парда катары жамынган эки жүздүүлөрдүн бетин ачуусун суранабыз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 20-рамазан.

2026-ж, 9-март.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button