Иран республикалык режим менен эмес, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык менен гана Америкага үстөмдүк кыла алат

Басма сөз баянаты
Иран республикалык режим менен эмес, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык менен гана Америкага үстөмдүк кыла алат!
Ирандагы убактылуу жетекчилик Эксперттер кеңеши мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Али Хаменеинин уулу Мужтаба Хаменеини жаңы жогорку жетекчи кылып дайындады. Бул анын атасы 28-февралда өлтүрүлгөндөн кийин болду. Революциялык гвардия жана куралдуу күчтөр жаңы жетекчиге берилгендигин жарыялашты, ал эми Америка президенти Трамп бул тандоону четке кагып, кийлигишүү менен коркутту. Трамп бейшемби күнү өзү кийинки ирандык жогорку жетекчини тандоого жеке катышууну кааларын айтып, Мужтаба Хаменеинин атасын алмаштырып жетекчи болуп калышы кабыл алынгыс жыйынтык болорун билдирди.
Ирандын республикалык режимди сактап калууга жана молдолор (муллалар) бийлигин улантууга болгон өжөрлүгү Иранды өз кризисинен чыгарбайт жана аны куфрдун башчысы болгон Америкага үстөм болууга жеткирбейт. Алар эгер Халифалык системасын кабыл алганда, Америкага үстөм болууга жетишмек. Мунун бир нече себептери бар, алардын айрымдары төмөнкүлөр:
- Халифалык системасы – Исламдагы жалгыз башкаруу системасы. Ал аркылуу Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарылат. Ал – фарздарды сактап туруучу фарз жана Аллах Таала Өз душманына каршы жеңиш берчү шаръий система. Абу Хазимден риваят кылынат:
«Мен Абу Хурайра менен беш жыл маектеш болдум. Абу Хурайранын Пайгамбардан ﷺ ушул хадисти риваят кылганын уктум:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمْ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ تَكْثُرُ». قَالُوا فَمَا تَأْمُرُنَا قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»
«Бани Исраилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар өтсө, анын аркасынан экинчи пайгамбар келер эле. Менден кийин пайгамбар болбойт. Жакын күндөрдө халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, я Расулалла?» Расулулла ﷺ жооп берди: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Албетте Алла Таала аларды адамдарды кандай башкаргандыгы жөнүндө суракка алуучу». (Муслим риваят кылган).
- Республикалык система – шаръий система эмес. Анын башына аалым, факих же Куранды жат билген адам чыкса да, ал «исламий» деп аталса да, өзгөрбөйт. Анткени системанын маңызы өкүмдөрдө, мыйзамдарда жана конституцияда. Эгер алар Аллахтын Китебинен жана Пайгамбарынын ﷺ сүннөтүнөн болсо, анда ал исламий система болот, эгер андай болбосо, анда ал Аллахтан эмес. Республикалык система динди мамлекеттен ажыраткан светтик башкаруу системаларынын бир түрү. Ал «элдин бийлиги – эл үчүн» деген принципке негизделет жана аткаруу бийлиги (президент же өкмөт), мыйзам чыгаруу бийлиги (парламент) жана сот бийлиги болуп бөлүнөт. Конституция ар бир бийликтин ыйгарым укуктарын жана алардын башкаруу мөөнөтүн аныктайт.
- Чындыгында, Куранды жат билген, сакал койгон жана чалма кийген адамдар светтик режимдерде бийликке жеткен учурлар болду, мисалы Иранда, Мисирде, Түркияда жана Пакистанда. Бирок алар менен бирге Ислам бийликке келген жок жана Аллах Тааланын төмөнкү сөзү колдонулган жок:
﴿وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقاً لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ مِنَ الْكِتَابِ وَمُهَيْمِناً عَلَيْهِ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ﴾
«Сага болсо (эй Мухаммад), өзүнөн алдыңкы Китеп(тер)ди ырастоочу жана ал (Китептер) үстүндө күбө болгон бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Демек, адамдар ортосунда Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын». (Маида: 48).
Мисалы, Эрдоган жана андан мурда Нажмиддин Эрбакан бийликке келишкен. Экөө тең Куранды жат билгендер. Эрдогандын Куран окуусу менен белгилүү болгону да бар. Бирок ошого карабастан Түркия светтик, тураний-кемалисттик республика бойдон калды жана дүйнөлүк «НАТО» кресттүүлөр альянсынын негизги мүчөсү.
Ошондой эле, сакалчан жана Куранды жат билген Жулани бийликке келгенине карабастан, Сириядагы республикалык башкаруу системасы өзгөргөн жок. Ал тургай системанын аты да республикалык системадан «исламий» система сыяктуу аталышка өзгөртүлгөн жок. Ал мурда бийликке жеткенге чейин көтөрүп жүргөн Укоб желегин жана Пайгамбар ﷺдын Ливасын да кабыл алган жок.
Ушундай эле көрүнүш Мисирде да болду. Куранды жат билген Мурси Мисирде бийликке келди. Бирок анын биринчи кылган иши миллиондогон адамдардын алдында катуу ант берип, светтик республикалык режимди жана 1973-жылы кабыл алынган мисирдик вадъий конституцияны сактоого ант берүү болду. Андан кийин ал ант берген нерсесин ишке ашырууга киришти. Натыйжада Куранды жат билген адам бийликке чыкты, бирок Куран аны менен кошо бийликке чыккан жок.
Ушундай эле абал Пакистанда да болду. Ислам өлкөлөрүндөгү эң күчтүү армиянын т.а. өзөктүк куралга ээ Пакистан армиясынын башчысы генерал Асим Мунир «ал-Хафиз» деп аталат, башкача айтканда Куранды жат билген адам. Бирок анын Куранды жат билиши анда келген жихад аяттарынын бирин да колдонууга түрткү берген жок. Ал бир да мусулманга жана Исламга жардам берген жок. Тескерисинче, Газада жардам сураган алсыз мусулмандарды жардамсыз калтырды. Ошондой эле ондогон жылдардан бери индустар басып алган Кашмир элин да жардамсыз калтырды. Андан тышкары, Америка буйрук бергендей, мужахиддерди кайсы жерде болбосун же кайсы жерде жашынбасын кууп жетип өлтүрүү иштерин аткарды.
- Иран, Америка жана яхудий түзүмү ортосунда жүрүп жаткан согуш Америка менен яхудий түзүмүнүн фронту көптөр ойлогондой күчтүү эмес экенин көрсөттү. Америка бул согуш режимдин башын кулатып, Венесуэлада кылганындай анын ордуна башкасын коюу менен чектелген аскерий операция болот деп ойлогон эле. Бирок бул согуш жакын арада бүтө турган согушка окшобой калды жана Америка пландагандай да, каалагандай да болгон жок.
Бирок, мунун ордуна Ирандагы республикалык режимдин умтулуу чеги согушту токтотуп, кайра баштапкы абалга кайтуудан т.а. жаңы сүйлөшүүлөргө кайтып, өлкөнү өзүнүн күч булактары болгон ядролук программадан жана стратегиялык куралдардан ажырап калуусунан ашпай жатат. Америка болсо аны дайыма аңдып, ал толук көз карандылык тузагына түшкөнгө чейин алсыратууга аракет кыла берет. Ошентип, Америка сүйлөшүү үстөлүндө дайыма согуш талааларында жетише албаган нерсеге жетишет.
- Ирандагы республикалык режимди Халифалык системасына өзгөртүү – үммөттүн, анын ичинде Ирандын Америкага үстөм болушу үчүн жалгыз жол. Анткени Халифалык Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылат, башка исламий өлкөлөр менен болгон чек араларды бузуп, аларды бириктирет жана Америка менен яхудий түзүмүнө каршы Аллах жолунда жихад үчүн жалпы мобилизацияга чакырат.
Ошондо үммөт өзүнүн Халифалыгы менен абройлуу жана коркунучтуу күчкө айланып, Америка флотторун деңизде оңой эле чөктүрүүгө жана аны океандардын артына чегинүүгө мажбур кыла алат. Айрыкча анын батыш кресттүүлөр альянсындагы европалык союздаштары аны таштап кеткенден кийин бул жеңил. Ошондо Халифалык мамлекети эл аралык абалда өз алдынча чыгып, акыйкат менен бүт дүйнөгө үстөм болот.
Бул жолдон башкасы менен Иран бул согуштан жеңиш менен чыга албайт. Аллах Таала айтат:
﴿قَاتِلُوهُم يُعَذِّبْهُمُ اللَّهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُؤْمِنِينَ﴾
«Алар менен согушкула, (ошондо) Алла аларды силердин колуңар менет азаптайт, кор кылат жана силерди алардын үсгүнөн женишке ээ кылат, ошондой эле момун коомдун дилдерин кандырьш, көңүлдөрүндөгү кам-кайгыны кетирет». (Тообо: 14).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
11.03.26




