Иран согушу жана АКШнын акча-кредиттик стратегиясы

Иран согушу жана АКШнын акча-кредиттик стратегиясы
2026-жылдын 28-февралында Перс булуңунун асманында согуштук аракеттер башталып, түтүн көтөрүлүп жатканда, дүйнөнүн көңүлү авианосец топторунун тактикалык кыймылдарына жана бул кагылыштын оор адамдык жоготууларына бурулууда. Бирок, бул согуштун көшөгөсү артында мурдагыдан да күчтүү, эски бир механизм т.а. АКШнын Федералдык резерв системасынын акча басып чыгаруучу механизми унчукпай иштей баштады. Дал ушул учурда дүйнөлүк экономика Ормуз кысыгындагы навигациянын үзгүлтүккө учурашынан улам дүйнөлүк мунай камсыздоонун жыйырма пайызы күтүүсүз жоголушунун коркунучунан солгундап жатканда, АКШ администрациясы көлөмү боюнча XX кылымдагы эң ири саясий-акчалык өзгөрүүлөргө окшош маневрду ишке ашырууга даярданууда.
Кризистин чыныгы жүзү «мунай-доллар» системасынын сандарынан көрүнөт. Согуш башталганга чейин дүйнөлүк экономика күнүнө орто эсеп менен 70 доллардан бааланган 100 миллион баррелге жакын мунай керектечү, бул күн сайын болжол менен 7 миллиард долларлык ликвиддүүлүктү талап кылчу жана анын негизги бөлүгүн АКШнын Федералдык резерв банкы камсыздачу. Ал эми бүгүн, Brent мунайынын баррели 110 долларга жетип, андан да өсүшү күтүлүп жаткан шартта, эл аралык соода ар бир 24 саатта 11 миллиард долларга муктаж болууда. Бул өзгөрүү күнүнө 4 миллиард доллар, же айына болжол менен 120 миллиард доллар көлөмүндө ири дүйнөлүк ликвиддүүлүк боштугун жаратат. Мунай дүйнө жүзүндө толугу менен АКШ доллары менен баалангандыктан, «жашыл кагазга» болгон дүйнөлүк суроо-талап энергетика секторунда эле элүү пайыздан ашык өсүп кетти. Федералдык резерв үчүн бул абал кризис эмес, тескерисинче, акча массасын (M2) кеңейтүү жана инфляцияны тышка чыгарып салуу үчүн алтын мүмкүнчүлүк болуп саналат. Анткени дүйнө бул жаңы долларларды энергия сатып алуу үчүн сиңирип алып, АКШ ичиндеги инфляциянын басымын жеңилдетет.
Бул көрүнүш 1973-жылдагы тарыхый окуяны эстетет. Ал кезде Саудия жетектеген мунай эмбаргосу бааларды он эседен ашык көтөрүп, дүйнөнү экономикалык башаламандыкка батырган. Бирок ошол башаламандыктын ичинен белгилүү «Никсон–Файсал» келишими жаралып, анда Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) мунайды жалаң доллар менен сатууга макул болгон. Бул АКШга Бреттон-Вудс келишими боюнча долларды алтынга байлоо токтотулгандан кийинки кесепеттерди жеңип чыгууга мүмкүндүк берген.
Бүгүн болсо петродоллар механизминин күчөтүлүшүнө күбө болуудабыз. Жетинчи он жылдыктагы кризис АКШга алтын чектөөлөрүнөн кутулууга шарт түзгөндөй эле, азыркы Иран менен согуш Федералдык резервге жаңы энергия бааларын жабууга керектүү триллиондогон долларларды чыгарууга мүмкүндүк берип жатат. Бул АКШга дүйнөлүк үстөмдүгүн бекемдөөгө, дүйнөнүн энергияга болгон муктаждыктарына кыйыр салык салуу аркылуу жетишүүгө шарт түзөт.
Бирок бул акча массасын кеңейтүүнүн жүгү толугу менен мунай импорттоочу өлкөлөрдүн мойнуна түшөт. Учурдагы кагылыш Кытай менен Европа биримдиги үчүн толук апаат болуп саналат. Анткени АКШ азыр мунай экспорттоочу жана дүйнөлүк резервдик валютанын ээси болсо, бул державалар энергия бааларынын кескин өсүшүнө эч кандай таасир өткөрө албаган абалга туш болууда. Дүйнөдөгү эң ири мунай импорттоочу Кытай энергия чыгымдарынын басымы алдында өнөр жай кирешелеринин азайып бара жатканын көрүүдө. Ал эми Европа жогорку баалар менен, ошол төлөмдөрдү жабуу үчүн керектүү валютаны басып чыгара албаган түзүмдүк алсыздык ортосунда кысылып калды. Бул анын АКШ үстөмдүгүнөн кутулуу мүмкүнчүлүгүн дагы да азайтат. Россия кыска мөөнөттө баалардын өсүшүнөн пайда көргөнү менен, бул пайда тактикалык гана мүнөзгө ээ жана татаал жеткирүү жолдоруна байланыштуу. Ал эми АКШнын утушу стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, дүйнөлүк акча системасынын өзөгүнө терең тамыр жайган.
АКШнын ичинде болсо бул стратегиялык утуш кадимки жаран төлөй турган баа менен коштолот. Ар бир адам күйүүчү май куюучу жайга барган сайын бул бааны сезет. Федералдык резерв инфляцияны тышка чыгаруудан пайда көрсө да, күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк мунай баасына байланыштуу бойдон калууда. Натыйжада, америкалык керектөөчү бул согуштун «стратегиялык салыгын» төлөп жатат: ал күйүүчү майды рекорддук баада сатып алып жаткан учурда, өз өлкөсүнүн валютасы дүйнөнүн калган бөлүгү үчүн барган сайын маанилүү жана алмашкыс болуп баратат.
Бул баа көз карандылыкка негизделген аймактык башкаруу моделин сактап калуу үчүн жумшалган чыгым болуп саналат. Анда АКШ кризистен кыйыр түрдө пайда көрүп, дүйнөнү кайрадан доллардын айланасына тизилүүгө мажбурлайт, ал тургай бул элдик нааразычылыктын толкундарына алып келсе да кайыл.
2026-жылдын 28-февралында башталган согуш дүйнөлүк экономика нейтралдуу аянт деген элести жокко чыгарып, анын чындыгында үстөмдүк жана толук көз карандылыкка негизделген система экенин ачып берди. Дүйнөнү аз мунай сатып алуу үчүн көбүрөөк доллар табууга мажбурлоо аркылуу Федералдык резерв АКШнын үстөмдүгүн дагы бир кылымга бекемдеп жатат. Доллар чыгаруунун күтүлүп жаткан өсүшү согуштун кокустук натыйжасы эмес, тескерисинче, кризистердин ичинде гүлдөө үчүн түзүлгөн системанын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы болуп саналат. 1973-жылдагыдай эле, маселе мунайда гана эмес, дүйнөлүк экономиканын тактысында доллардын падыша бойдон калуусунда. Бүгүн Вашингтон дал ушул оюнду бардык күчү менен кайра ойноп жатат.
Ал эми бул глобалдык «сегиз буттуу» системада ислам өлкөлөрүнүн орду кайда? Чындык барган сайын ачуу болуп жатат: биздин өлкөлөр дагы деле АКШ үчүн майдан боюнча калып, аларды оңдон-солдон соккуларды уруп, өзүнүн аскердик жана финансылык текеберлигинин талаасына айландырууда. Натыйжада, Афганистанда, Палестинада, Сирияда жана бүгүн Иранда болгондой, жүз миңдеген, ал тургай миллиондогон мусулмандардын өмүрү кыйылууда. Бирок бул курмандыктардан сабак алып, жемишин көрүү же учурдун «Фиравны» болгон АКШдан кутулуу үчүн кандайдыр бир ой жүгүртүү же пландоо жок. Бул «өзүнө өзү зыян кылуу» сыяктуу болуп жатат.
Ислам үммөтү дагы эле зулум жана бузук башкаруучулардын эзүүсүндө калып, жеңиш менен ойгонууга алып баруучу себептерден алыстап жатат. Орозо башталышы же айт күнү сыяктуу маселелерде кыйкырык, талаш-тартыш күчөп, изденүү жана каршылык көрүнөт. Бирок дүйнө жана акыреттеги тагдыры жөнүндө сөз болгондо, алар Алла Таала Лукман сүрөсүндө айткандай, кулактарын жаап алган абалда:
﴿وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا وَلَّىٰ مُسْتَكْبِراً كَأَن لَّمْ يَسْمَعْهَا كَأَنَّ فِي أُذُنَيْهِ وَقْراً فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ﴾
«Ага Биздин аяттарыбыз окулган убакта, аларды укпагансып, кулактарында оорлук – дүлөйлүк бар сымал, текебердик менен жүз буруп кетет. Демек, ага жан чыдагыс азап жөнүндө «куш кабар» берип койгун!» (Лукман: 7).
Жана Нух сүрөсүндө:
﴿وَإِنِّي كُلَّمَا دَعَوْتُهُمْ لِتَغْفِرَ لَهُمْ جَعَلُوا أَصَابِعَهُمْ فِي آذَانِهِمْ وَاسْتَغْشَوْا ثِيَابَهُمْ وَأَصَرُّوا وَاسْتَكْبَرُوا اسْتِكْبَاراً﴾
«Чынында, ар качан мен аларды Сенин кечиримиңе (себеп боло турган дин жолуна) чакырсам алар (менин сөздөрүмдү укпастык үчүн) бармактарын кулактарына тыгып, (мени көрбөө үчүн жүз-көздөрүнө) кийимдерин ороп-чулгап алышты жана (өз каапырлыктарында) бут тиреп турушту жана (мага моюн сунуудан баш тартып) текеберчилик кылышты». (Нух: 7).
Роя гезити
Мухаммад Жилани




