Роя гезити

«Африка алдыга» ураанынын артында колонизатордук күрөш жашырылган!

«Африка алдыга» ураанынын артында колонизатордук күрөш жашырылган!

Ушул жылдын май айында Кениянын борбору Найробиде Франция президенти Эммануэль Макрон менен кениялык кесиптеши Уильям Рутонун биргелешкен колдоосу астында «Африка алдыга» саммити өттү. Бул жалтыраган ураандын көлөкөсүндө Египет менен Чад президенттерин кошкондо отузга жакын африкалык жана эл аралык лидерлер менен жооптуу өкүлдөрдүн катышуусу аркылуу континент үстүндөгү эл аралык үстөмдүктүн жаңы барактары жазылды. Англофондук чөйрөдө өткөн бул жыйын чыныгы эгемендүүлүккө карай өзгөрүүнү эмес, тескерисинче, ачык алмаштыруу жана орун ээлеп алуу процессин чагылдырат. Анда Франциянын урап бараткан таасирин сактап калуу үчүн жасаган айласыз аракеттери менен Американын бул таасирди акырындап жутуп, өзүнүн “жумшак” колонизаторлугун эски колонизаторлуктун ордуна орнотуу үчүн жүргүзүп жаткан системалуу кадамдары бири-бири менен айкалышууда. Бул саммит – Париж Батыш Африкадан алдыңкы эшик аркылуу куулуп чыгып, кайра Чыгыш Африкага арткы терезелер аркылуу кирүүгө аракетин уюштурган саммит. Ошондуктан чыныгы азаттык элдердин кууп жатканды да, куулуп жатканды да бирдей кууп чыгаруу зарылдыгын аңдашына, ошондой эле аларга жол ачып берген малай режимдерди кулатышына байланыштуу болуп калды.

Континенттин батышы менен борборундагы, айрыкча Сахел жана жээк аймагындагы мамлекеттерде салттуу француз колонизатордук түзүмүнүн тарыхый жеңилиши Париж үчүн оор сокку болду. Натыйжада ал элдик каардын басымы астында аскерий базаларын бошотууга жана дипломаттарын чыгарып кетүүгө аргасыз болду. Бирок француз саясий элитасы “алдыга чыгуу” логикасына жана “чабуул – коргонуунун эң жакшы жолу” деген стратегияга ылайык бул кордук менен куулуп чыгууга ыраазы болгон жок. Тескерисинче, ал өзүнүн салттуу кризис абалынан тышкары жаңы таяныч издөө аракетине шашылды. Англофондук тереңдикке карай бул умтулуу о.э. “туруктуу жана келечектүү” мамлекеттер менен жаңы стратегиялык жана экономикалык союздарды издөө – жеңилүүнү айланып өтүү, таасирин заманбап инвестициялык, санариптик жана экологиялык формалар аркылуу кайра өндүрүү аракети болду. Бирок бул жаңы формалардын артында баягы эле колониализм, үстөмдүк кылуу, саясий чечимди багыттоо жана көзөмөлдөө сыяктуу эски ач көздүктөр жашырылган.

Экинчи тараптан караганда, француздардын бул артка чегиниши жөн жерден болгон жок. Тескерисинче, бул абал таасир аймагын системалуу түрдө кемирүү саясатын жүргүзүп жаткан Америка тарабынан жасалып, бул абалдан дароо пайдаланып калды. Америка Африкада европалык өнөктөштөрүнүн чыныгы шериги катары эмес, абсолюттук үстөмдүктү көздөгөн стратегиялык альтернатива катары аракет кылууда. Ал француз администрациясынын алсыздыгын жана элдердин түздөн-түз француз колонизатордук тарыхына болгон сезимталдыгын пайдаланууда. Америка өзүн африкалык элиталарга терроризмге каршы күрөш, санариптик өнүгүү, насыя берүү ж.б. тармактарда жөндөмдүү өнөктөш катары көрсөтөт. Бирок маңызында ал заманбап капиталисттик куралдарды колдонгон “жумшак” колонизаторлукту жүргүзүп, континентти Атлантика үстөмдүгүнүн алдында кармап турууга жана аны атаандаш Кытай менен Орусиянын кеңейишинен коргоого аракет кылууда.

Бул эл аралык талап-тоноо жана кууп чыккан менен куулуп чыккан тараптардын ортосундагы вазыйпалык алмашуу Африка калкын ачык тарыхый чындыкка туш кылууда. Ал чындыктын маңызы бир колонизаторду башкасы менен алмаштырууга үмүт артуу жеңилүүчү нерсе экендигин о.э. анын натыйжасы көз карандылыкты узартуу менен байлыктарды талап-тоноону мыйзамдаштыруудан башка эч нерсе эмес экендигин аңдоо. Чыныгы азаттык жана толук эгемендүүлүк Батыш борборлорундагы жүздөрдү алмаштыруу аркылуу ишке ашпайт. Тескерисинче, ал континенттин өз ичинен, колонизаторлуктун (аскерий, экономикалык жана сакофий да) бардык түрлөрүн жана аталыштарын жоюу үчүн чыныгы күрөштү жүргүзүү зарылдыгын аңдаган элдик аң-сезимден башталат. Мындай аң-сезим сөзсүз түрдө колонизаторлукка жол ачып берип, бийликте калуунун ордуна анын кызыкчылыктарын ишенимдүү коргогон малай режимдердин табиятын идирек кылууну талап кылат. Ошондуктан бул жалданма режимдерди кулатуу жана алардын капиталисттик таянычтарын жок кылуу азаттыкка карай биринчи жана негизги кадам болуп саналат.

Ушул геосаясий жана пикирий абалда континенттин цивилизациялык жүзү азаттык үчүн күрөштө көз жаздымда калтырууга же четке кагууга мүмкүн болбогон чечүүчү фактор катары көрүнүүдө. Анткени демографиялык жана социалдык фактылар мусулмандар Африка калкынын эң чоң жана эң жандуу бөлүгүн түзөрүн көрсөтөт. Алардын саны жалпы калктын жарымынан ашат жана алардын салмагы түндүк жээктерден тартып батыш, чыгыш жана борбордук аймактардын тереңине чейин жайылган. Мындай зор адамдык ресурс өзүндө моюн сунууну жана көз карандылыкты четке каккан өзгөчө фикрий, акыйдавий жана тарыхый булакты камтып тургандыктан, колонизаторлук жана капиталисттик талап-тоноо долбоорлорун талкалай турган бекем аскага айлана алат. Эл аралык түзүмдүн чапанынан тышкары толук саясий жана экономикалык альтернатива сунуштаган мабдаий жана толук исламий цивилизациялык долбоордун айланасына биригүү Африканы куткаруунун жана аны эл аралык жаңжалдардын айлампасынан чыгаруунун чыныгы жана анык кепилдиги болуп саналат.

Үммөттүн шаръий өкүмдөргө негизделген жана аны Хизб ут-Тахрир көтөрүп жүргөн долбоору болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык дүйнөлүк капиталисттик түзүмдү түп-тамырынан өзгөртө турган цивилизациялык көз карашты сунуштайт. Бул көз караш эл аралык мекемелерге, анын ичинде экономикалык мекемелерге болгон колонизатордук жана экономикалык көз карандылыкты жоюудан башталат. Ал франк, евро жана доллар сыяктуу колонизатордук кагаз валюталардан кутулуп, инфляцияны жана жасалма талап-тоноону токтотуу үчүн алтын-күмүш системасына кайтууну камтыйт. Ошондой эле бул долбоор мунай, газ, минералдар жана уран сыяктуу үммөттүн эбегейсиз байлыктарын кайра кайтарып, аларды континенттин бардык тургундарынын пайдасына башкарылуучу умумий мүлк катары кароого негизделет. Муну менен бирге ал көп улуттуу компаниялардын бул байлыктарды көзөмөлдөшүнө тыюу салууну, сүткордук системаны жана адилетсиз салыктарды жоюуну, ошондой эле Батышка болгон муктаждык чынжырларын үзө турган жана айыл чарба менен өнөр жайдагы өзүн-өзү камсыздоонун объективдүү шарттарын түзө турган оор жана аскерий өнөр жайды курууну да өз ичине алат. О.э айыл чарба менен өнөр жайдагы өзүн-өзү камсыздоонун объективдүү шарттарын түзөт.

Ушул улуу долбоордун жарыкка чыгышына тоскоол болууга аракет кылып жаткан бөгөт көз каранды башкаруучу режимдердин жана колонизатордук эл аралык түзүмдүн дубалдары аң-сезимдүү элдик көтөрүлүш аркылуу гана талкаланышы мүмкүн. Мындай көтөрүлүш ихластуу фикрий жетекчиликтин айланасына биригип, Исламдын улуу мабдасы үчүн армиялардагы жана таасирдүү элиталардагы күч-кубат ээлеринин ихластуу нусраты менен коштолушу керек. Ошондо бул үн жаңырган чакырыкка айланып, кууп жатканды да, куулуп жатканды да бирдей жок кылат, малай жана көз карандылык доорлорун соңуна чыгарат. Андан соң континент Ислам башкаруусу астындагы мурдагы абалына кайтып, коопсуздукка, тынчтыкка, экономикалык бакубаттуулукка жана көз карандысыз саясий жетекчиликке кайра жетет. Ошентип кара континент Ислам акыйдасына негизделген чыныгы ойгонуу себептерин аңдап, кайра кайтарылган байлыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен өзүнө ылайык болгон ордун кайра ээлейт. Мунун баары Париж менен Лондондун кылмышкерлиги жана ач көздүгүнөн сактайт. Ошондой эле Вашингтондун кул ээлөөчүлүгүнөн алыс болот.

Роя гезити

Устаз Саид Фадл

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button