Роя гезити

Кымбатчылыктын ашкере толкундары жана өкмөт саясаттынын туруксуздугу

Кымбатчылыктын ашкере толкундары жана өкмөт саясаттынын туруксуздугу

Суданда күйүүчү май бааларынын чоң өсүшү байкалууда. Бул болсо базарларда ашкере кымбатчылык толкунун тутантып, нан баш болгон бардык негизги товарларга, транспорт жана жол кире акыларына, электр энергиясына чейин таасирин тийгизди. Мунун үстүнө өкмөттүн бажы долларын 14 пайызга көтөрүп, анын баасын судан фунтуна карата 3222ге жеткирүү чечими бааларды кайрадан рекорддук деңгээлден да жогору секиртип жиберди. Бул бардык күтүүлөрдү астын-үстүн кылып, базарларды баш аламандыкка салды жана соода кыймылынын дээрлик бүтүндөй шал болушуна алып келди. Ошентип, америкалык каргашалуу согуштун кесепетинен үйлөрүнөн жана тиричилик булактарынан ажыраган миллиондогон Судан эли үчүн жер кеңдигине карабай тар болуп калды.

Бул кымбатчылык толкуну Эл аралык миграция уюмунун билдирүүлөрүндө айтылгандай, каргашалуу абалды жаратты. Уюмдун маалыматына ылайык, кирешенин төмөндөшү, инфляциянын өсүшү жана жергиликтүү базарлардын туруксуздугу себептүү үй-бүлөлөрдүн 86%ы өз муктаждыктарын сатып алууда кыйынчылыкка дуушар болууда. Ал эми “Ал-Жазира” каналы 2025-жылдын 29-декабрында жарыялаган отчетко ылайык, жакырчылыктын деңгээли 2022-жылы 21% болсо, учурда 71%га жетти. Бул коомдук кызматтардын начарлашы, үй-бүлөлөрдүн кирешесинин азайышы жана калктын көпчүлүгүнүн тиричилик жана киреше булактарынан ажырашы шартында болуп жатат.

Ошондой эле ачарчылык кризистерин байкоо жана баалоо боюнча дүйнөдөгү эң негизги булак болуп эсептелген Глобалдык азык-түлүк кризистери боюнча отчет 2026-жылы абал жакшырбай турганын эскертти. Бул отчетту БУУ, Европа Биримдиги жана эл аралык ири уюмдарды камтыган азык-түлүк кризистерине каршы глобалдык тармак чыгарат. Алардын катарында Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Дүйнөлүк банк жана ЮНИСЕФ бар.

Суданда болуп жаткан окуялар убактылуу кризисти билдирбейт. Тескерисинче, бул өлкөнүн кайра калыбына келүү жөндөмүн жоготкон өнөкөт жана топтолгон абалдын бир бөлүгү болуп калды. Анткени ар бир жаңы сокку өзүнөн мурунку соккулардын урандыларынын үстүнө үйүлүп жатат.

Бул топтолгон кырсыктарга каршы туруу үчүн азыркы өкмөт да, мурунку өкмөттөр да (Куткаруу өкмөтү, өткөөл өкмөт жана төңкөрүш өкмөтү) өз жүзүн эл аралык каржы институттарына бурду. Алар насыялар, кайра куруу жана аларды алууга тоскоол болуп жаткан бөгөттөрдү жоюу маселелерин талкуулоого киришишти. Айрыкча Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана башка ушул сыяктуу мекемелерге таянышты. Алар бул мекемелер колонизаторлук институттар экенине, о.э. бутага алынган өлкөлөрдүн байлыктарын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган оор шарттарды таңуулай турган жырткычтар экенине таптакыр көңүл бурушкан жок. Бул тууралуу дүйнөлүк экономика каракчыларынын бири болгон америкалык экономист Жон Перкинс өзүнүн “Улуттардын экономикалык өлтүрүлүшү” аттуу китебинде мындай деген: «Биз насыяларды беребиз жана алар башкача айтканда карыздар мамлекеттер аны эч качан төлөй албай турганын жакшы билебиз… Чынында биз бул мамлекеттердин карызын төлөшүн каалабайбыз. Анткени төлөбөй калышы бизге таасир жана үстөмдүк берет…». Ошондой эле эл аралык экономика адистеринин бири муну: «Сырты ырайым, ичи азап» деп сүрөттөп, мындай деген: «Ал дайыма жардам берүүчү, колдоочу жана донор кейпинде көрүнөт. Бирок чындыгында ал чет элдик валюталардагы каржылоо эшиги аркылуу көзөмөлүнө алган көптөгөн экономикаларды кыйратуучу жана бузучу болуп саналат… Көп учурда өлкөлөрдү карызга батырып, алардын ооруларын айыктырбастан күчөткөн экономикалык рецепттерди таңуулоо аркылуу ошол кризистерди өзү жаратат».

Баалардын кымбатташынын себептери ачык-айкын. Аны пайда кылгандар да белгилүү. Алар Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын рецепттери. Бул рецепттерди колонизаторлорго малай болгон башкаруучулар жана адамзат жашоосу үчүн кооптуу болгон капиталисттик цивилизацияга суктанган саясатчылар ишке ашырып жатышат. Бул рецепттердин катарына жергиликтүү валютанын наркын башка валюталарга салыштырмалуу түшүрүү, субсидияларды алып салуу, бажы долларын көтөрүү жана аны толук эркин кое берүү үчүн олуттуу аракеттерди жүргүзүү кирет. Бул саясатты ишке ашырууну Куткаруу өкмөтү баштаган жана ал эл үчүн чоң сокку болгон. Андан кийин биринин артынан бири келген өкмөттөр ушул багытта ылдам жүрүштү. Мисалы, 2021-жылдын март айында өткөөл өкмөт бажы долларын 15 фунттан 20 фунтка чейин көтөргөнүн жарыялаган, башкача айтканда 33 пайызга көбөйткөн. Ошондон кийин бул өлүмгө алып баруучу саясатты ылдам ишке ашырууну улантып отуруп, 2026-жылдын биринчи үчтөн бир бөлүгүндө бажы долларынын баасы 3222 фунтка жетти! Судандын каржы министри Жибрил Ибрахим мындай деген: «Бажы доллары Судан экономикасындагы “бидъат” жана мурдагы режимден калган мурас».

Өлкө валютасын долларга байлап коюу өлүмгө алып баруучу саясаттардын бири болду. Анткени доллар мусулман өлкөлөрүнө көз арткан биринчи мамлекеттин валютасы. Жергиликтүү валютанын наркын түшүрүү саясаттары менен бирге биринчи мамлекет башка өлкөлөрдү жыгып, муунтуп, алардын мойнуна көз карандылык арканын бекем орой алат.

Менчиктештирүү саясаты жана умумий мүлктөрдү жеке адамдарга жана компанияларга өткөрүп берүү – кымбатчылык себептеринин дагы бири. Анткени Судандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу жолунда даярдалган планында мамлекет экономикалык иштерди башкаруудан чыгып, анын 75%ын жеке секторго өткөрүп бергенден кийин, жеке секторду шыктандыруучу саясаттарды колдоо каралган.

Кымбатчылык факторлорунун бири — жергиликтүү өндүрүштү өлтүрүү жана Судандын эбегейсиз байлыктарын текке кетирүү. Мисалы, Суданда буудай өндүрүшү 2025-жылкы сезондо 400 миң тоннага чейин азайган. Бул болсо өлкөнүн 1,6 миллион тонналык муктаждыгынын төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт. Бул өтө чоң кырсык.

Дүйнөлүк колонизаторлук сүткор каржы мекемелерине толук байлануу Судан эли жашап жаткан бул оор вакыйлыкты т.а. жакырчылык, бактысыздык жана турмуштун оорлугун пайда кылды. Адистердин пикиринде, бул саясаттардын эң коркунучтуу жагы жергиликтүү жана импорттук товарлардын бааларынын рекорддук деңгээлге чейин өсүшү. Бул болсо жакырчылыктын сандык жана сапаттык жактан көбөйүшүн билдирет. Ошондой эле коомдун чоң катмарлары жакырчылык чөйрөсүнө кирип калат. Өкмөттөрдүн буга баш ийип, аларды берилгендик менен ишке ашыруусу жакырларды бактысыз кылып, душмандарды кубантты! Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы Дэвид Малпасс мындай деген: «Судан өкмөтүн реформаларга болгон берилгендиги менен куттуктайм жана Дүйнөлүк банк тобунун Судан элин колдоо үчүн мындан да чоң мүмкүнчүлүктөрүнө үмүт кылам». Ошондой эле Америка элчилиги Судан өкмөтүнүн фунтту эркин кое берүү чечимин кубаттап, аны «эр жүрөк чечим» деп сыпаттады.

Андан соң өкмөт мындан да ары кетип, өзүнүн экономикалык саясаттарынын туруксуздугун жана адашкан багытын дагы бир жолу тастыктады. Мына эми премьер-министр Камил Идрис ойлонбостон, азык-түлүктөрдүн, керектөө товарларынын жана өнөр жай чийки заттарынын кеңири түрүн (жалпысы 46 түрдүү товарды) импорттоого тыюу салганын жарыялады. Бул болсо сын-пикирлердин чоң толкунун жаратты. Судан импорттоочуларынын улуттук палатасынын төрагасы бул чечимди «айыптуу, Судан экономикасына зыяндуу жана изилденбей кабыл алынган чечим» деп мүнөздөдү.

Өкмөттүн мындай баш аламандыгы жана ууланган жардамдарга, гранттарга таянышы колонизатор мамлекеттерге Судандын байлыктарын талап-тоноого мүмкүнчүлүк берүү үчүн болуп жатат. Анткени бул капиталисттер байлыкты ыйык даражасына чейин көтөрүп сүйүшөт. Муну Африка иштери боюнча бюронун башкы кызматкери Ник Чикер 2026-жылдын 19-мартында АКШ Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө мындай деп билдирген: «Президент Трамптын администрациясынын тушунда биз жардам берүү моделин өзгөрттүк. Американын тышкы жардамдары кайрымдуулук иши эмес. Тескерисинче, ал америкалык кызыкчылыктарга кызмат кылуу үчүн акылмандык менен инвестициялана турган стратегиялык капитал болуп саналат»! Ошого карабастан акылсыз өкмөттөр ушул ууланган жардамдарды алуу үчүн жагынып жатышат жана аларды алууга жан үрөп аракет кылышууда.

Кымбатчылык жана начарлап кеткен экономикалык абал маселесин Эл аралык валюта фондуна жана Дүйнөлүк банкка жабышуу, дүйнөлүк сүткор фонддорунун шарттарын ишке ашыруу аркылуу чечүүгө аракет кылуу ачык өзүн өзү өлтүрүү болуп саналат. Мындайча айтканда өкмөт кыйратуучу экономикалык рецепттер аркылуу өзүн да, элин да муунтту. Ал рецепттер кымбатчылыкты, жакырчылыкты жана муктаждыкты пайда кылып, эгинди, түшүмдү, даракты жана ташты кыйратты.

Бүгүн адамзат дүйнөгө кымбатчылыктын азабын тарттырган жырткыч капиталисттик түзүмдөн куткара турган бир күчкө өтө муктаж болуп турат. Дүйнөнүн алдында болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинен башка жол жок. Ал экономикалык маселени өтө так аныктап, аны жеке адамдардын жакырчылыгы деп билет. Ошондуктан ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Ислам алып келген экономикалык түзүм боюнча жүрөт. Натыйжада калктын муктаждыктарын камсыздап, жакырчылык менен кымбатчылыкты жок кылууга аракет кылат жана адамдарды бакытка жана Аллахтын ыраазылыгына толгон жашоого жетелейт.

Роя гезити

Устаз Яъкуб Ибрахим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button