Багыттын рисалат мамлекетинен бийлик үчүн күрөшкө бурулушу

Багыттын рисалат мамлекетинен бийлик үчүн күрөшкө бурулушу
Тарых бир заматта жок болуп кетпейт, мамлекеттер да бир сокку менен кыйрабайт. Тескерисинче, артка кетүү аталыштар жана ураандар сакталып калса да, саясий багыт өзүнүн акыйдавий негизинен алыстаган кезде башталат. Исламда мамлекет – бул жөн гана административдик түзүм эмес жана өзүнүн сакталышын көздөгөн бийлик да эмес. Тескерисинче, ал – рисалат (белгилүү миссиясы бар) мамлекет болуп, анын милдети – Исламды ичкериде колдонуп, тышкарыга аны даъват жана жихад аркылуу көтөрүп чыгуу.
Рашид Халифалык доорундагы башкаруу байъат маанисинин амалий көрүнүшүн чагылдырган. Ошондой эле ал, бийлик адамдарга эмес, шариятка, жетекчилик болсо үммөткө таандык экенин, адамдар арасында Аллахтын өкүмдөрүн колдонуу адамды тандоо түшүнүгүнүн иш жүзүндөгү көрүнүшү эле. Башкаруучу жоопкерчиликтен жогору турган эмес, тескерисинче ага баш ийген. Бийлик максат эмес, динди орнотуу жана адамдардын иштерин шарият өкүмдөрү менен башкаруу үчүн каражат болгон. Ошондуктан мамлекет куралдарынын күч-кубатынан мурда, фикратынын тунуктугу менен күчтүү эле.
Бирок андан кийинки айрым тарыхый этаптарда болгон өзгөрүү жөн гана адамдардын алмашуусу эмес болчу. Ал бийликтин башка башкаруучуга өтүү тарикатына жана үммөт менен султан ортосундагы мамиленин табиятына таасирин тийгизди. Башкаруу мураскор падышалыкка айланган кезде, саясий мухасаба кылуу механизми алсырап, асабияттар (фанатизм) пайда болуп, түзүлүштүк кемчиликтер калыптана баштады. Шарият коомдон жоголгон жок, фатхтар да токтогон жок, бирок саясий системанын руху өзүнүн баштапкы тазалыгын жогото баштады.
Негизги маселе системанын түзүлүшүндө эле: эгер башкаруу туура байъатка жана аң-сезимдүү тандоого эмес, күч менен үстөмдүк кылууга же мураскорлукка негизделсе, анда аталыштар мурдагыдай эле калса да, “султан үммөткө таандык” деген түшүнүк иш жүзүндө артка кетет. Убакыт өтүшү менен башкаруучу менен үммөт ортосундагы ажырым кеңейет, башкаруу камкорлуктан жөн гана башкарууга, рисалаттан таасир үчүн күрөшкө айланат.
Дал ушул ички алсыроо мамлекетти тышкы соккуларга көбүрөөк ачык кылды. Кресттүүлөр жортуулдары жана андан кийинки монгол чабуулу алгачкы алсыздыктын себеби эмес, тескерисинче ички боштуктун натыйжасы эле. Максаты так, жетекчилиги бирдиктүү болгон үммөттү бузуу кыйын. Бирок адамдар бийлик үчүн күрөш менен алек болуп, даъватты көтөрүү негизги иш болбой калганда, мамлекеттин табияты өзгөрөт. Ал жетекчи түзүмдөн өзүн сактап калууну көздөгөн түзүмгө айланат.
Ошого карабастан, тарыхый жүрүш дайыма төмөндөй берген сызык болгон эмес. Тескерисинче, дүйнөгө рисала көтөргөн мабдаий мамлекет фикратын кайра жанданткан оңдоо аракеттери да пайда болгон. Муну, мисалы Нуруддин Махмуд жасаган, Салах ад-Дин аль-Айюби да өзүнүн долбоорунда иш жүзүндө көрсөткөн. Анын долбоору аймакты азат кылууну гана көздөбөстөн, багытты үммөттүн биримдигине жана анын долбооруна кайра бурууну камтыган. Андан кийин осмондор – кийин алардын мамлекетине алсыроо кирген болсо да – баштапкы мезгилдеринде, мусулмандарды чачыранды абалдан бириктирип, жалпы саясий түзүмдү кайра түзүштү.
Бирок заманбап тарыхтагы бурулуш учур 1924-жылы Осмон Халифалыгынын кулашы болду. Бул жерде жөн гана саясий бийлик кулаган жок, тескерисинче, алсыз болсо да мусулмандардын саясий биримдигин билдирген түзүм жоюлду. Ошондон бери бир мамлекеттин ордуна башка мамлекет келген жок, тескерисинче, бир түшүнүктүн ордуна башка түшүнүк алмашты. Натыйжада бирдиктүү мамлекеттин ордуна улуттук-аймактык мамлекет келди, жасалма чек аралар ыйык нерсеге айланып, берилгендик акыйда робытасынан мекенсилдг жана улутчулдук байланышына өзгөрдү.
Андан кийин түзүлгөн режимдер “бийлик шариятка таандык” деген негизде курулган жок. Тескерисинче, алар мыйзамдуулугун эл аралык легитимдүүлүктөн алган жасалма конституциялардын негизинде курулду. Ошентип, үммөт ислам менен өкүм жүргүзүүгө негизделген саясий түзүмдөн, колдонууда кемчиликтер болсо да, динди башкаруудан ажыраткан режимдерге өттү. Бул режимдерде мыйзам чыгаруу Аллах Таалага эмес, парламенттерге берилди. Бул жерде дагы мурда айтылганды кайталап белгилейбиз: исламды туура эмес колдонуу менен башка системаларды жакшы колдонуу эч качан тең болбойт, анткени исламды колдонуу – адилеттик, ал эми андан башканы колдонуу – зулумдук.
Натыйжа жөн гана тышкы өзгөрүү болгон жок, мамлекеттин табияты жана функциясы түп-тамырынан өзгөрдү. Мамлекет исламды дүйнөгө алып чыгуучу курал болуунун ордуна, капиталисттик эл аралык системалардын бир бөлүгүнө айланды. Ал күчтөр тең салмактуулугуна баш ийип, колонизатор каржы мекемелерине байланып, саясий жана экономикалык көз карандылыкты кайра-кайра өндүрүп жатат. Кайталанган экономикалык кризистер, карыздарга көз карандылык жана саясий бөлүнүү – бул убактылуу көрүнүштөр эмес, тескерисинче, үммөттүн акыйдасынан келип чыкпаган фикрий жана саясий түзүлүштүн натыйжалары.
Учурдагы реформалар тууралуу сөз кылуу чектелүү бойдон калат, анткени кемчилик деталдарда эмес, негизде жатат. Мамлекет исламды колдонуу пикири (аклия) менен эмес, системаны сактоо пикири менен башкарылганда, жана тар улуттук-аймактык кызыкчылык үммөттүн кызыкчылыгынан жогору коюлганда, жүздөр жана ураандар өзгөрсө да, четтөө улана берет.
Жолду оңдоо өткөнгө болгон сезимдик сагыныч менен эмес, мамлекетти ислам каалагандай кайра аныктоо менен болот. Үммөт үчүн бирдиктүү саясий түзүм болуп, анда бийлик шариятка таандык, жетекчилик үммөткө таандык болуп, үммөт өзүнүн атынан шаръий туура байъат менен исламды татбик кылган халифаны дайындайт жана башкаруучу кемчилик кетирсе, эсепке тартылат. Байлыктар исламдагы мүлк өкүмдөрүнө ылайык башкарылат, ал эми тышкы саясат көз карандылыкка эмес, исламды дүйнөгө даъват жана жихад аркылуу алып чыгууга негизделет.
Биз үммөттү эскертебиз! Бул Куран жөн гана руханий булак болуу үчүн эмес, аны менен өкүм жүргүзүлүшү үчүн түшүрүлгөн. Ибадаттарга берилгендигибиз тартипке үйрөткөн мектеп болгону менен, ошол эле учурда каалоолордун бийлигинен жана акыйдага каршы келген ар кандай вакыйлыкка моюн сунуудан бошонууга да үйрөтөт. Тарыхты кайра кароо өткөнгө батып кетүү эмес, көтөрүлүү жана кулоо мыйзамдарын түшүнүү болуп саналат. Саясий багыт көрсөткүч шарияттан алыстаганда алсыздык жаралат, ал эми ал оңдолгондо, айыгуу башталат.
Алыстоонун табиятын моюнга алуу – жолдун башы, альтернатива болгон долбоорду аңдоо – кийинки кадам. Ал эми мабдаий, уюшкан саясий иш-аракет фикрат менен вакыйлыктын ортосундагы көпүрө:
﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ﴾
“(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол!” (Маида: 49).
Роя гезити
Устаз Махмуд ал-Лайси




