Ормуз кысыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинен чечим алуу Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана мусулмандарга кыянаттык

Басма сөз баянаты
Ормуз кысыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинен чечим алуу Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана мусулмандарга кыянаттык
Булуң кызматташтык кеңешинин баш катчысы Жасим аль-Бадави 2026-жылдын 2-апрелинде, бейшемби күнү, БУУнун Коопсуздук Кеңешин “бардык жеткиликтүү жана зарыл каражаттарды колдонууга” мүмкүндүк берген чечим кабыл алуу үчүн аракет кылууга чакырды. Ошондой эле ал Коопсуздук Кеңеши “бардык жоопкерчиликтерин өз мойнуна алып, деңиз жолдорун коргоону жана эл аралык навигациянын коопсуз жана туруктуу жүрүшүн камсыз кылуучу чараларды көрүшү зарыл” экенин баса белгиледи. Бул жыйын Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн, Катар, Кувейт жана Омандан турган Булуң кызматташтык кеңеши менен Коопсуздук Кеңешинин ортосунда өтүп жатат. Ошол эле учурда Кеңештин он беш мүчөсү Бахрейн сунуштаган чечим долбоорун талкуулап жатат, анда бир мамлекетке же мамлекеттер тобуна кысыктагы навигация эркиндигин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө уруксат берилет. Саясатта кичинекей балдар да, Аллах Тааланын ыраазылыгын көздөгөн мусулман да жасабай турган мындай акылсыз иш-аракетке байланыштуу, Хизб ут-Тахрир партиясынын борбордук маалымат бөлүмү төмөнкү пункттарды баяндайт:
- Ормуз кысыгы Ислам жеринде жайгашкан. Демек, анын үстүндөгү жетекчилик мусулмандарга таандык. Андыктан ал жерде башкаларга жетекчилик берилиши жаиз эмес. Ошондой эле Коопсуздук Кеңешине же каапыр мамлекеттердин күчтөрүнө бул кысык же мусулман жерлериндеги башка кысыктар жана деңиз жолдору үстүнөн бийлик берүү чакырыгы жаиз эмес.
- Булуң кызматташтык кеңеши кабыл алган Бахрейндин бул чакырыгы кыянаттык жана кордуктун далили. Бул мусулман жерлеринин бузуку абалынын натыйжасы болуп, алардын алсыз майда түзүмдөргө бөлүнүп кетишинен келип чыккан. Алардын үстүнөн малай, рувайбиза башкаруучулар өкүм сүрүп, колонизатор каапырларга алардын жерлерине, аба мейкиндигине жана сууларына үстөмдүк кылууга мүмкүнчүлүк берип жатышат.
- Мусулмандардын согушу да бир, тынчтыгы да бир. Каапырга өз жерлеринин кайсы бир бөлүгүнө кол салууга уруксат берүү жаиз эмес. Алар бири-бирине жардам берүү жана аларга каршы кол салууну токтотуу үчүн бир адамдай көтөрүлүшү керек. Ал эми өз жерлерин, аба мейкиндигин жана сууларын бир туугандарына каршы кол салуунун базасына айландыруу – Аллага касам – бул чоң күнөөлөрдүн бири!
- БУУнун Коопсуздук Кеңеши — бул ири державалардын колундагы колонизатордук куралдардын бири. Ошондуктан мусулмандардын кайсы бир өлкөсү болбосун, үстөмдүк кылуу маселесине байланыштуу чечимдерди чыгаруу үчүн ага кайрылуу жаиз эмес.
- Мусулман жерлерин бир мамлекетке т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетине бириктирүү мусулмандардын бардык маселелеринин жалгыз чечими болуп саналат. Алар өз халифасы аркылуу корголот жана анын артынан согушат. Халифалык мамлекетинин болушу колонизатор каапырлардын кандайдыр бир Ислам жерине кол салуу тууралуу ойлонуусуна да тоскоол болот. Эгер мусулмандардын халифасы болгондо, Америка да, анын багып өстүргөн жийиркеничтүү яхудий түзүмү да мусулмандарга кол салууга батына алмак эмес.
- Эгер мусулмандардын үстүнөн өкүм сүргөн малай, рувайбиза башкаруучулар болбогондо, Америка Иранга кол салмак эмес, андан мурда Ирак менен Афганистанды да басып алмак эмес. Ошондуктан биз башкаруучуларды жок кылуу, алардын жерлериндеги алсыз түзүмдөрдөн кутулуу жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты тикелөө үчүн, мусулмандарды Хизб ут-Тахрир менен бирге иш алып барууга жана аны колдоого чакырабыз. Халифалык болсо, Аллах түшүргөн шариат менен өкүм жүргүзүү, каапырлардын биздин жерлерге кол салуусун токтотуу жана Исламды дүйнөгө жеткирүү үчүн тикеленет.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
07.04.26




