Өзбекстанда диний таалим бергендер камакка алынды

Өзбекстанда диний таалим бергендер камакка алынды
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан атайын иш-чаралар жүргүзүлүп, Наманган облусунун Касанcай районунда 1982-жылы туулган аял жана мектеп мугалими кармалды. Алар Telegram тобун уюштуруп, 27 адамга диний сабактарды өткөрүп келишкен .
Андан тышкары, ошол эле райондо 1994-жылы туулган жаран өз үйүндө 4 кызга жана 1 аялга дин жөнүндө сабак өткөргөнү, Чуст районундагы жеке окуу борборлорунун биринде 1962-жылы туулган аял 7 кызга араб тилин үйрөткөнү үчүн кармалды. Ошондой эле Янги-Наманган районунда 1983-жылы туулган аял, ал эми Учкурган районунда 1987-жылы туулган аял өз үйлөрүндө диний сабактарды уюштурганы үчүн камакка алынды. Алардын баарына кылмыш иштери козголду.
Комментарий: Өзбекстан режими Каримовдон мурастап алган жолду улантып келе жатат. Өлкөдө диний иш-аракеттер, тагырак айтканда дин мамлекет тарабынан катаал чектелген. Ошондуктан, өз үйүңдө же интернетте дин жөнүндө сабак өтүүгө тыюу салынган. Мамлекет тарабынан уруксатың жок болсо ал тургай өз балдарыңа да дин жөнүндө насаат кыла албайсың. Жарандар өз үйүндө намаз жана дуа менен гана алек болушуна уруксат, а бирок динди түшүндүрүүгө уруксат жок. Жада калса, дин жаатында жогорку билимдүү болсоң да өз балдарыңа же башкаларга динди үйрөтө алабайсың, себеби мыйзам уруксат бербейт.
Мамлекет экстремизмди шылтоолоп диний таалим жатында толук көзөмөлдү орнотууда. Акыбетте адамдардын үй-бүлөлүк турмушуна чейин киришип, ата-эненин, үй-бүлөнүн ролун кескин чектеп жатат.
Харун Абдулхак




