Көк Нилдеги чыңалуу Судандагы согушту узартуу үчүн болуп жатат

Көк Нилдеги чыңалуу Судандагы согушту узартуу үчүн болуп жатат
Көк Нил вилаятында болуп жаткан чыңалуу күтүүсүз болгон жок. Бир канча убакыттан бери Түштүк Суданда кыймылдар байкалып келген. Бул абал Ыкчам колдоо күчтөрүнүн катарына кошулган Түштүктөн келген жалданма жоокерлердин саны олуттуу өсүшү менен коштолду. Көп өтпөй эле маалымат каражаттарында тастыкталган кабарлар пайда болуп, Эфиопия аймагында Ыкчам колдоо күчтөрүн машыктыруу жана колдоо үчүн чоң лагер түзүлгөнүн ырасташты. Ошондой эле француздук Le Monde гезити өзүнүн сайтында өткөн жылдын аягынан тартып быйылкы жылдын төрт айы ичинде бул лагерлерге курал ташуу үчүн 36 учуу болгондугу тууралуу иликтөө жарыялады (18–19-март күндөрү).
Судан өкмөтү бул лагерлер тууралуу билгенине карабастан, Эфиопияга каршы эч кандай олуттуу аракет көргөн жок, болгону ички керектөө үчүн билдирүүлөр менен чектелди. Өткөн айдын башында Судандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда Судан өкмөтү февраль айы жана марттын башында Эфиопия аймагынан учкучсуз учактар киргенин байкап турганын айтып, муну Судандын суверенитетине ачык кол салуу жана мамлекетке каршы түз агрессия деп баалады.
Ошого карабастан, Эфиопиянын элчисин чакырып, расмий нааразылык билдирген жок, ошондой эле бул лагерлерди токтотуу же жок дегенде сокку урууга да эч кандай аракет жасаган жок. Өткөн жылдын 24-мартында стратегиялык маанидеги Кармак шаары Ыкчам колдоо күчтөрү жана Түндүк Элдик кыймылдын колуна өттү. Судан армиясы Эфиопияны бул күчтөрдү колдоого катыштыгы бар деп айыптап, анын ичинде учкучсуз учактарды өз аймагынан Судан тарапка учуруу фактыларын белгиледи. Көк Нил вилаятынын өкмөтү да расмий билдирүүсүндө чабуул жасаган күчтөр Эфиопия аймагынан чыкканын, аскердик техникалар Арус аэропорту аркылуу жеткирилгенин билдирди. Көк Нил вилаятынын губернатору болгон окуяны «баскынчылык» деп мүнөздөп, Эфиопияга ишара кылды.
Бул билдирүүлөргө жана Эфиопияга карата түз айыптоолорго карабастан, Судан өкмөтү эч кандай олуттуу чара көргөн жок. Бул болсо кырдаалды дагы да татаалдаштыруу үчүн жашыруун макулдашуу бар экенин көрсөтөт. Натыйжада, Ыкчам колдоо күчтөрү жеңилгис деген түшүнүк калыптандырылып, аларды жеңүү мүмкүн эмес деген ой жайылтылууда. Ошондуктан алар менен сүйлөшүү жүргүзүү, алардын бар экенин таануу, андан кийин Дарфурду бөлүп алууга жол берүү, ал тургай Көк Нил аймагын да Суданды бөлүп-жаруу сценарийинин кийинки баскычы катары даярдоо максаты көздөлүүдө.
Кармактын кулашы жеңил карай турган окуя эмес. Ал чек арада жайгашкандыктан стратегиялык мааниге ээ, ошондой эле Эфиопияга жана Түштүк Суданга кеткен кургактык жолдордун маанилүү түйүнү болуп эсептелет. Бул аймакты көзөмөлдөө аскердик камсыздоо линияларын башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, аймактын тоолуу табияты аны байкоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн идеалдуу чекитке айлантат, бул болсо түздөн-түз Көк Нил вилаятындагы жана коңшу аймактардагы күчтөрдүн тең салмагына таасир этет.
Бул согуштун эң жаманы материалдык, руханий жана физикалык жүгүн карапайым, куралсыз адамдар тартып жаткандыгында. Алардын бул согушка эч кандай тиешеси жок, болгону өздөрү жашаган жери жана тиричилик кылган аймагы согуш талаасына айланып калган. Натыйжада алар көчүп-конууга, качкын болууга мажбур болуп, колундагынын баарынан ажырап жатышат. Ар бир жолу согуш тутанганда, Дарфурдабы, Судандын борбору Хартумдабы, Кордофандабы, Жазирадабы же башка аймактардабы – гуманитардык чыгым өтө чоң болот. Бүгүн Кармак жана Көк Нилдеги башка аймактар кулагандан кийин дал ушул азапты эл тартууда. Миңдеген карыялар, аялдар жана балдар коопсуздук издеп жер которууга аргасыз болушту.
Көк Нил вилаятындагы салгылашуулар күчөгөн шартта, аймактын губернатору Ахмад аль-Умда Бади Судан армиясына кошумча аскердик күчтөр келгенин, бул Кармак шаарын кайра кайтарып алуу үчүн даярдык экенин билдирди. Ошол эле учурда Эл аралык миграция уюму 14-февралдан 24-мартка чейинки аралыкта коопсуздук абалынын начарлашынан жана кагылышуулардын күчөшүнөн улам миңдеген адамдар шаардан көчүп кеткенин маалымдады. Судан дарыгерлер тармагы болсо эл аралык жана гуманитардык уюмдарды, айрыкча Бириккен Улуттар Уюмун, тез арада кийлигишүүгө чакырып, шашылыш жардам көрсөтүүнү, азык-түлүк, дары-дармек жана башпаанек менен камсыздоону, ошондой эле жабыркагандарга жардам жеткирүүнү талап кылды. Алар качкындар арасында саламаттык сактоо кызматтарынын жоктугунан, оорулардын жайылышынан жана жетишсиз тамактануудан улам абал мындан ары да начарлап кетиши мүмкүн экенин эскертишти.
Ушундан улам, Америка Кошмо Штаттары Суданда жүргүзүп жаткан «колдорду бекемдөө» саясаты өз жемишин берип жатканын көрөбүз. Ал түштүктү бекемдеп чыгып, акыры Судандан бөлүп салууга жетишти. Азыр болсо бул саясат Дарфурда эң күчтүү баскычына жетти. Анткени ал өзүнүн агенти Мухаммад Хамдан Дагало аркылуу дээрлик бүт Дарфурду көзөмөлгө алууга жетише алды, болгону аскердик же саясий абалга олуттуу таасир этпеген майда аймактар гана калды. Мындан тышкары, Дарфурда параллелдүү өкмөт түзүлүшүнө көз жумду, балким, бул да анын көрсөтмөсү менен болгон.
Көк Нилдеги согуш мурдагы Дарфурдагыдай же Батыш же Түндүк Кордофанга жакын аймактардагыдай эмес. Ал башка аймактарга да жайыла баштады, мисалы Түштүк Кордофанда болгону сыяктуу. Ошондой эле Кости, Рабак жана Эль-Обейд сыяктуу көптөгөн шаарларда учкучсуз учактар менен согуш жүрүүдө. Бул согуштун жүгүн дагы эле карапайым эл тартып жатат.
Азыр негизги майдан Көк Нил вилаятына жылды. Мунун баары согушту узартуу жана эл арасында үмүтсүздүктү пайда кылуу үчүн, башкача айтканда, армия бул козголоңчу күчтөрдү жеңе албайт деген түшүнүктү жайылтуу үчүн жасалууда. Натыйжада Дарфурду Судандан бөлүп алуу талап кылынса да, элге Америка Кошмо Штаттары таңуулаган нерсени кабыл алуудан башка жол жоктой сезилет. Бул мурда Түштүк Судан менен болгон сыяктуу эле сценарий, ал кезде да кутум ишке ашып, Судан эли аны токтотуу үчүн олуттуу аракет кылган эмес.
Эгер бүгүн Америка Кошмо Штаттары жана анын агенттеринин Суданды бөлүп-жаруу кутумуна каршы олуттуу аракет көрүлбөсө, анда бир күнү өлкөбүздүн биримдигин сактай албаганыбыз үчүн өкүнүп калабыз. Ошондуктан Судандын биримдиги менен ойногондордун колун тыйып, өлкөнү бириктире турган мабдаий мамлекетти куруу үчүн олуттуу иш алып баруу зарыл. Судан калкынын көпчүлүгү мусулман болгондуктан, мамлекетти улуу Ислам негизинде куруу керек. Ал бардык адамдарды улутуна же динине карабай тең карайт, укук жана милдеттерде теңдикти камсыз кылат жана булардын баары Ислам мамлекети болгон пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде шариат өкүмдөрүнө ылайык ишке ашырылат.
Роя гезити
Ибрахим Усман Абу Халил




