Аллах жана Анын Расулу өкүмдарлардын эң жакшысы болуп турганда, силер Кытайды өзүңөргө калыс кылып жатасыңар!

Басма сөз баянаты
Аллах жана Анын Расулу өкүмдарлардын эң жакшысы болуп турганда, силер Кытайды өзүңөргө калыс кылып жатасыңар!
Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы расмий брифингде Кытай, Афганистан жана Пакистан өкүлдөрү 1-апрелден 7-апрелге чейин Үрүмчү шаарында бейрасмий жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Анын айтымында, тараптар талаш-тартыштарды комплекстүү чечүүнүн жолдорун издөөнү жана кырдаалды курчута турган же татаалдаштыра турган ар кандай аракеттерден карманууну макулдашышты. Ошондой эле ал Кытай эки өлкө менен тыгыз байланышта болууну жана диалогду улантуу үчүн аянтча түзүп берүүнү убада кылганын белгиледи.
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү төмөнкү жагдайларга көңүл бурууну туура көрөт: Афганистан менен Пакистандын ортосундагы чек арадагы чыңалуунун тамыры Американын саясатына барып такалат. Кээ бир аймактарда, мисалы, Иранда, Ливанда жана Йеменде Америка мусулмандарга каршы түздөн-түз согуш жүргүзүп жатса, башка аймактарда бул согушту өзүнүн малайлары аркылуу башкарууда. Афганистан окуясында болсо, бул согушту Пакистан акимдери жетектеп жатат. Мунун негизги максаты Талибан өкмөтүнө басым жасоо жана Пакистан армиясын аларга каршы алек кылып коюу. Бул аймакта Кытайга каршы Индиянын өсүшү үчүн шарт түзөт. Ушундай саясат аркылуу Америка бир эле учурда эки максатка жетүүгө умтулат: аймакта исламий башкаруунун орношуна жол бербөө жана Кытайдын таасирине тоскоолдук жаратуу.
Тилекке каршы, улуттук мамлекет тутумунун алкагында Пакистан башчылары Американы жана яхудий түзүмүн куткаруу үчүн ортомчунун ролун ойноого даяр. Бирок алар мусулмандарга туш келгенде, Кытайга кайрылышат жана өздөрүнүн мусулман бир туугандары менен түздөн-түз отуруп сүйлөшүүдөн баш тартышат! Бул бузулган улутчул режимдердин табияты. Алар достук менен кастыкты, согуш менен тынчтыкты, өкүмдарлык менен суверенитетти — баарын улутчулдук түшүнүгү жана анын кызыкчылыктары менен өлчөшөт. Ал эми Ислам болсо, мамлекеттин жана саясаттын негизи улуттук же этникалык кызыкчылыктарга эмес, толук жана ар тараптуу түрдө Ислам акыйдасына курулушу керектигин өкүм кылат.
Ошондой эле, Кытайдын калыстыгына таянган Афганистан башкаруучулары да түшүнүшү керек: бул жолугушууларды уюштуруп жаткан Кытай эч качан бейтарап болгон эмес жана боло да албайт. Кытай Чыгыш Түркстанды басып алып, ал жерде Ислам өкүмдөрүн системалуу түрдө жок кылуу, уйгур мусулмандарын катуу куугунтуктоо жана Исламий баалуулуктарды талкалоо саясатын жүргүзүп келет. Алар миңдеген мечиттерди бузуп, аалымдарды түрмөгө камап, аялдарга жана балдарга катуу кысым көрсөтүп, Исламий иденттүүлүктү жок кылууда. Ушундай мамлекет кантип мусулмандардын иштеринде бейтарап ортомчу боло алат?!
Чыгыш Түркстанды басып алгандан сырткары, Кытайдын биздин аймакта дагы башка анык максаттары бар. Алардын катарында «Бир алкак — бир жол» долбоору аркылуу экономикалык колонизаторлук, Афганистандын бай минералдык ресурстарына жетүү жана өз кызыкчылыктарына дал келе турган ар кандай коркунучтун алдын алуу сыяктуу коопсуздук артыкчылыктары бар. Ошондой эле, Кытайдын коммунисттик режими аймакта чыныгы исламий бийликтин пайда болушунан аябай кооптонот. Бул режим Исламабаддын акимдери менен Пакистан Талибан кыймылын басуу үчүн кызматташат, ал эми анын Ислам өлкөлөрүндөгү тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири уйгур элин куугунтуктоо жана жок кылуу болуп саналат. Мусулмандардын ортосундагы талаш-тартыштарда чыныгы өкүм жана эгемен бийлик жалгыз Улуу Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ гана таандык болуп турганда, кантип Афганистан менен Пакистан акимдери Кытайды өз ара калыс кыла алышат?!
Демек, башкаруучулар улуттук мамлекеттин майданында ойноо бул иш жүзүндө башкарууда, согушта, тынчтыкта, калыстыкта жана сотто Шарият баалуулуктары менен өкүмдөрүн тепсөө, ошондой эле өкүм чыгарууну тагуттун колуна тапшыруу экенин түшүнүүлөрү керек. Алар Ислам өлкөлөрүндөгү акыркы окуялардан сабак албай жатышат, душмандардын жүрөгүндө Исламга жана мусулмандарга болгон жек көрүү менен кастыктан башка эч нерсе жок. Ал эми «алсыздык фикхи» (моюн сунуучулук саясаты) кулчулук же кыйроо менен гана аяктайт.
Мына ушул негизде, Аллах Тааланын өкүмү жана Расулуллахтын ﷺ көрсөтмөсү күч-кубат ээлерине рашид Халифалыкты тикелөөнү парз кылат. Анткени бул улуу парз үммөттүн иззат-урматынын булагы, күч-кубатынын көрүнүшү жана чыныгы көз карандысыздыгынын кепилдиги болуп саналат.
Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلاً﴾
«Эй момундар! Аллага моюн сунгула жана пайгамбарга, ошондой эле өзүңөрдөн болгон (мусулман) акимдерге моюн сунгула. Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллага жана Акырет Күнүнөишенсеңер ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим». (Ниса: 59)
Ошондой эле Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَإِن طَائِفَتَانِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اقْتَتَلُوا فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا فَإِن بَغَتْ إِحْدَاهُمَا عَلَى الْأُخْرَىٰ فَقَاتِلُوا الَّتِي تَبْغِي حَتَّىٰ تَفِيءَ إِلَىٰ أَمْرِ اللَّهِ فَإِن فَاءَتْ فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا بِالْعَدْلِ وَأَقْسِطُوا إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ﴾
«(Эй момундар), эгер момундардан болгон эки топ (бир-бири менен) урушуп калышса тездик менен алардын ортосун ондоп койгула! Ал эми эгер алардан бири экинчисинин үстүнө зордук-зомбулук кылса, анда тээ (зордукчул уруу) Алланын буйругуна-жолуна кайтмайынча силер ошол зордук-зомбулук кылган (топ) менен урушкула! Ал эми ал кайтса, силер тездик менен алардын ортосун адилеттүүлүк менен ондоп – жараштырып койгула. (Ар дайым) адилеттүү болгула! Анткени Алла адилеттүүлөрдү сүйөт». (Хужурат: 9).
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
10.04.26




