Комментарий

Бишкек мэриясы суунун тарифин эки эсеге чейин көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы суунун тарифин эки эсеге чейин көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы суунун тарифин көтөрүүнү сунуштап, шаардык кеңешке тийиштүү долбоорду кароого жөнөттү. Ага ылайык, канализация үчүн 1 куб метр суу 6,80 сом, ал эми ичүүчү суу 15,73 сом болот. Мындан тышкары, сууну көп пайдаланган ишканалар үчүн жогорулатылган коэффициенттер киргизилет.

Учурдагы тариф 1 куб метр ичүүчү суу үчүн 10,45 сомду, канализация үчүн үч сомду түзөт. Ал эми эсептегичи жок үйлөрдө бир адамга айына 111 сомдон алынат.

Комменттарий:

Буга чейин расмий бийлик апрель айынан тарта айрым тармактарда айлык акылар эки эсеге чейин көтөрүлө турганын жар салган. А бирок, жарандардын колуна айлыктары тийгенге чейин эле тарифтерди эки эсе кымбаттатуу менен каражаттарды кайтарып алууда. Буга күйүүчү майдын, анын артынан азык-түлүктүн дагы кымбатташын жана май айынан тарта электр энергиясына болгон тарифтин кымбаттоосун кошсок, калктын колундагы каражат кайра ашыгы менен тартып алынышы айкын болот.

Эске салсак, Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2014-2015-жылдары Швейцария ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн евро кредит жана 4,9 млн евро грант берген. Долбоорду улай, 2016-жылы 8 млн евро кредит, 8 млн евро грант дагы бөлүнгөн. Ачык маалыматтарда Кыргызстандан жылына 55 млрд метр/куб таза суу агып чыгаары айтылат. Өлкө анын 7 пайызын гана пайдаланат. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд метр/кубду түзөт.

Жогорудагылардан маалым болгондой, суунун тарифин көтөрүү эл аралык уюмдардын талабы болуп эсептелет. Алар кредиттер өз учурунда төлөнүшү үчүн мына ушундай талаптарын коюшат. Ал эми, аны төлөө көйгөйү жаралган учурда бул талаптар саясий талаптарга айырбашталат. Тагыраагы, өз кызыкчылыктарына ылайык мыйзамдарды кабыл алдыруу талаптары коюлат. Мындан тышкары, бийликке басым өткөрүү үчүн берилген каражаттардын коррупциялык жолдор менен кумга сиңип кетишине “көз кысты – бармак басты” мамиле кылышат. Буга Бишкекти таза суу менен камсыздоо үчүн берилген кредиттердин натыйжалуу пайдаланылбагандыгы ачык мисал боло алат. Демек, бийликтин оңду-солду жумшаган каражатты тарифти кымбаттатуу менен калктын капчыгынан төлөөсү зулумдуктан башка нерсе эмес. Анткени, Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан, таза суунун да, агынды суунун да көлөмү калкты камсыздап, ашып калат. Аткаминерлер бул үлкөн суунун запасын майнаптуу колдонуунун ордуна каражатты коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө коротууда. Натыйжада, суу көйгөйү чечилбестен эл аралык уюмдардын басымы менен ар эки жылда суунун тарифин кымбаттатуу менен убара. Мына ушул көйгөйдүн негизги себеби болуп саналат.

Мунун каршысында, Исламий шарият сууну умумий (жалпы) мүлктүн катарына кошкон. Бул мүлктөрдү коргоо үчүн алардын ар бирине тиешелүү болгон өкүмдөрдү баян кылып берди. Мисалы, мамлекет умумий жана мамлекеттик мүлктөрдү шаръий өкүмдөр аркылуу гана башкара алат. Ал эми, аны менчик мүлккө айлантууга тыюу салынат. Ушуга ылайык, шарият суунун кайсы түрүн болсо да колдонууну үммөткө акысыз кылып белгилеген. Муну менен катар, Ислам мусулмандарга жалпы мүлктү, анын ичинде сууну сарамжалдуу колдонууну да буюрат. Шарият бул өкүмдөрдү ишке ашырууда мыйзамдан мурун адамдардын Аллага таянуусуна, тагыраагы, такыбаалыгына таянат. Коом Алланын өкүмдөрүнө үзгүлтүксүз моюн сунуусу үчүн тынымсыз даават кылынат. Ушуга карабай тоң моюндук кылгандарды гана мыйзамдар аркылуу тартипке салат. Демек, бүгүнкү Кыргызстан жана дүйнө калкындагы суу көйгөйү ресурстун жетишсиздигине эмес, пайдага негизделген капиталисттик эл аралык системага байланганына байланыштуу. Андыктан, мына ушул капиталисттик системаны уратып, шарий мамлекетти тикелөөгө, шариатты турмушка ашырууга аракет кылышыбыз шарт!

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button