Макала

Кремль Борбор Азияга өзүнүн «кызыл сызыгын» белгиледи

Кремль Борбор Азияга өзүнүн «кызыл сызыгын» белгиледи

Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов Бишкектеги Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда билдирүү жасады. Анын сөзүнөн Москва Борбор Азиядагы жаңы таасир этүү борборлору пайда болуп жатканына жана алардын кайра бөлүштүрүлүүсүнө нааразы экени байкалды.

Расмий түрдө, кеп кризистик аймактардан, тагыраагы, Ооганстан менен Жакынкы Чыгыштан куралчан топтордун кирип келүү коркунучу тууралуу болгон. Бирок, бул коркунучка басым жасаган сөздөр, коопсуздук жөнүндө тынчсыздануу катары эмес, тескерисинче, аймактык элитага басым жасоо катары айтылды. Мындай ыкманы Москва илгертен эле колдонуп келет: божомолдуу радикализмдин коркунучу, дал ушул Орусия менен аскердик жана саясий кызматташтыкты күчөтүүнүн негизи катары сунушталат. Буга ылайык, «куралчан топтор» тууралуу ар кандай сөздөр, тышкы душмандын образын жаратат. Башкача айтканда, ал өнөктөштөрдү тартипке салуучу жана аларга өз алдынча саясат жүргүзүүнүн тобокелдиктерин эскертип туруучу өзгөчө бир «камчынын» кызматын өтөйт.

Борбор Азиядан сырткаркы державалардын аскердик катышуусуна «жол берилбестиги» тууралуу айтылган билдирүүнүн башка бөлүгү алда канча маанилүү болду.

Бул сөздөрдүн негизги дареги АКШ жана НАТО түзүмдөрү экенине эч кандай күмөн жок. Анткени, алар Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, аймакта логистикалык же аскердик катышуунун жолдорун бир нече жолу талкуулашкан. Иш жүзүндө, муну менен Москва өзүнүн Борбор Азиядагы коопсуздук тартибин аныктоого болгон өзгөчө укугу бар экенин билдирүүдө. Ошону менен бирге, бул белги сырткы түзүмдөргө гана эмес, аймактын ичине да багытталган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук тармагында өнөктөштүктү диверсификациялоо боюнча ар кандай аракеттери, мейли ал Батыш, Түркия же башка оюнчулар менен болгон байланыштар болсун, Москвада жагымсыз, атүгүл кастык катары кабыл алынат. Дипломатиялык тилде «жол берилгис деп эсептейбиз» деген сүйлөм жумшак, бирок толук түшүнүктүү «кызыл сызык» катары кабыл алынат.

Бул билдирүү кандайдыр бир деңгээлде Кытайды да камтып кетет. Аймакта Кытайдын экономикалык таасири күчөп жаткан шартта, Орусия ушундай ыкма менен коопсуздуктун негизги кепили катары ролун сактап калууга умтулуп жатканын көрсөтүүдө. Бул ШКУга мүчө болгон өнөктөштөргө карата аймактын аскердик архитектурасы, Москванын көзөмөлүндө калышы керектиги тууралуу эскертүү болуп саналат.

Сириядагы, Ливандагы жана Газа тилкесиндеги кагылыштардын эске алынышы, жалпы билдирүүнүн маанисин толуктоодо: Орусия Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту Борбор Азияга ыктымалдуу коркунуч катары байланыштырууга аракет кылып, тышкы коркунуч сезимин күчөтүүдө. Бул Москвага аймактын коргоочусу катары өзүнүн ролун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жыйынтыктап айтканда, Белоусовдун билдирүүсү коркунучтарды алдын алууга багытталган  талдоо эмес, көбүрөөк саясий эскертүү. Москва, аймактын бара-бара анын ээлик кылган алкагынан чыгып жатканына нааразычылыгын көрсөтүүдө. Ошондой эле, ал тышкы оюнчуларга карата катаал белгилерди берүү жана коңшу өлкөлөргө карата жумшак басым жасоо аркылуу, жалган туруксуздук тууралуу коркунуч сезимдерин козгоо менен өз көзөмөлүн кайтарып алууга аракет кылууда.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button