Сан-Диегодогу окуя – АКШ саясатынын натыйжасы

Сан-Диегодогу окуя – АКШ саясатынын натыйжасы
АКШда куралчан эки адам Сан-Диего шаарындагы Ислам борборуна кол салышты. Алар округдагы эң чоң мечитте ок чыгарып, күзөтчүнү жана эки намазкөйдү өлтүрүштү.
Өлүмгө алып келген жаракатына карабастан, куралчан күзөтчү акыркы демине чейин кол салгандарды мечитке киргизбей кармап турган. Мечиттин ичинде балдар болгон жана башталгыч Ислам мектеби жайгашкан. Күзөтчүнүн кайраттуу аракеттеринин артынан балдар коопсуз эвакуацияланды. Кийин күзөтчү алган жаракаттарынан улам каза болду.Кол салуудан кийин кылмышкерлер качып кетишкен, бирок көп өтпөй жакын жерден унаанын ичинде өлүк абалында табылган. Кылмышкерлерди тинтүү учурунда алардын куралдарында Исламга каршы жана расисттик жек көрүүгө толгон жазуулар табылган.
Комментарий: АКШ дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калуу үчүн колонизаторлук саясат алып барат. Бул үстөмдүктө Жакынкы Чыгыш өзгөчө мааниге ээ. Себеби, бул региондо дүйнөлүк соода байланыштарынын жолдору жана үлкөн мунай кендери жайгашкан. Андыктан ким бул регионду көзөмөлдөсө, дүйнөгө таасирин жаят.
Региондогу режимдер АКШнын кызматкери катары аракет кылышса да, бирок жергиликтүү мусулман калк АКШга каршы. Ошондуктан АКШнын бул региондо көздөгөн максаттары оңой эле ишке аша бербейт. Кээде бул үчүн аскерий аралашуу да зарыл болот.
АКШнын үлкөн аскерий, саясий, сакафий чабуулуна карабастан, мусулман калктары багынып беришкен жок. Муну себеби – алардын карманган Ислам дини. Ислам мусулмандарга ар кандай кыйынчылыктарды, азаптарды, аскерий баскынчылыкты жеңип өтүүгө дем-күч берет. Бул нерсени Америка абдан жакшы түшүнөт. Ошондуктан, алар мусулмандар биригип, кубаттуу болбошу, үстөмдүк кылбашы үчүн Исламды жаман көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул үчүн баардык ресурстар тартылат: Голливуд фильмдери, саясатчылар, маалымат каражаттары жана башка. Ислам жана мусулмандарды жек көрсөтүү – алардын туруктуу аракети. Ал эми, Батыш мамлекеттери Ирак, Афганистан баскынчылыгы, Газа, Иран согуштары сыяктуу учурларда мусулмандарды жаман көрсөткөн бул кампанияны дагы да күчөтүшөт. Арийне, Исламга каршы мындай кампаниялардын таасири жайылып, Батыш өлкөлөрүндө мусулмандарга каршы кылмыштуу аракеттер күчөп жатат. Бул абалды статистикалар да ырастайт. Маселен, АКШда 2001-жылы Ирак жана Афганистан согушунда (481 учур), ошондой эле 2023-жылы да Газа согушу башталганда (300 учур) мусулмандарга каршы кылмыштар көбөйгөн. Бул АКШ бийлигинин мусулмандарга каршы саясатынын, кампаниясынын түздөн-түз натыйжасы болуп эсептелет. Анын акыбетинде Батышта мусулмандар туруктуу тынчсыздануу чөйрөсүндө жашап келишет.
ISPU уюму өткөргөн иликтөөгө ылайык, АКШда жашаган мусулман үй-бүлөлөр күн сайын дискрминацияга туш болушат. АКШда мусулмандарга карата дискриминация жогорку деңгээлде сакталып келет: жыл сайын бойго жеткен мусулмандардын көпчүлүгү (62%) жок дегенде бир жолу дискриминациялык окуяга туш болушат. Бул көрсөткүч сурамжылоого катышкан башка бардык диний жана динге тиешеси жок топторго салыштырмалуу жогору. Мусулмандар диний топтордун ичинен дискриминация жөнүндө эң көп билдирген топ болуп калды. Мисалы мусулмандардын 56%ы социалдык тармактарда, 42%ы жумушта же мектепте, 49%ы коомдук жайларда дискриминацияга кабылышкан.
ISPU уюмунун иликтөөсүнө ылайык, мусулман жаш балдар да диний негиздеги дискриминациядан корголбогонун көрсөтүүдө: 2022-жылы 1–12-класстарда окуган балдары бар мусулман үй-бүлөлөрдүн жарымы (48%) алардын баласы ишенимине байланыштуу мазактоого же басымга кабылганын билдирген, мусулман үй-бүлөлөрдүн 20%ы мындай басмырлап мазактоолор дээрлик күн сайын болуп турарын билдиришкен, мазактоого кабылган мусулман үй-бүлөлөрүнүн 42%ы мындай аракет мугалим же мектеп чиновниги тарабынан жасалганын айтышкан.
Көрүнүп тургандай, мамлекеттин атайын саясатынын натыйжасында мусулмандар тынчсызданууга туш болуп, а түгүл кылмышкерлердин бутасына айланууда. Айрыкча, бул жек көрүүчүлүктү жаюуга мугалим жана чиновниктердин аралышып жаткандыгы бул иште бийликтин максаттуу саясаты бар экендигин айгинелеп турат.
Харун Абдулхак




