ГАРИБДЕРГЕ ТУБО БЕЙИШИ БОЛСУН

ГАРИБДЕРГЕ ТУБО БЕЙИШИ БОЛСУН
Ибн Умар (р.а)дан рыбаят кылынат: Расулулла (с.а.в):
«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيبًا، وَسَيَعُودُ غَرِيبًا كَمَا بَدَأَ، وَهُوَ يَأْرِزُ بَيْنَ الْمَسْجِدَيْنِ كَمَا تَأْرِزُ الْحَيَّةُ جُحْرِهَا»
«Ислам гариб болуп башталды, дагы башталганындай гарибдикке кайтат жана кудум жылан ийнине кайткандай Ислам да эки мечит арасына кайтат», – деди.
Ахмад Ибн Масъуд (р.а)дан рыбаят кылат: Расулулла (с.а.в) айтты:
«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيباً، وَسَيَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ. قِيلَ: وَمَنِ الْغُرَبَاءُ؟ قَالَ النُّزَّاعُ مِنَ الْقَبَائِلِ»
«Ислам гариб болуп башталды, дагы башталганындай гарибдикке кайтат, гарибдерге Тубо бейиши болсун. «Гарибдер кимдер?» – деп сурашты. «Урууларынан сүргүн кылынгандар», – деп жооп берди.
Табароний «Саласа» китебинде Сахл ибн Саъд Соъидий (р.а)дан рыбаят кылат: Расулулла (с.а.в):
«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيباً، وَسَيَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ. قِيلَ: وَمَنِ الْغُرَبَاءُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُصْلِحُونَ إِذَا فَسَدَ النَّاسُ»
«Ислам гариб болуп башталды, дагы башталганындай гарибдикке кайтат, гарибдерге Тубо бейиши болсун, – деди. Гарибдер кимдер, я Расулулла? – деп сурашты. Адамдар бузулуп кетишкенде аларды оңдоочулар», – деп жооп берди.
Ибн Ваззах Бакр ибн Умар жана Муъафирийден рыбаят кылат: Расулулла (с.а.в):
«طُوبَى لِلْغُرَبَاءِ، الَّذِينَ يُمَسِّكُونَ بِكِتَابِ اللهِ حِينَ يُتْرَكُ، وَيَعْمَلُونَ بِالسُّنَّةِ حِينَ تُطْفَأُ»
«Гарибдерге Тубо бейиши болсун, алар Алланын китеби ташталган убакта, аны бекем кармашат жана сүннөткө амал кылынбай коюлган убакытта, ага амал кылышат», – деди.
Ибн Жарир Шурайх ибн Абидул-Хазрамийден рыбаят кылат. Расулулла (с.а.в):
«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيباً، وَسَيَعُودُ غَرِيبًا كَمَا بَدَأَ، أَلاَ لاَ غُرْبَةَ عَلَى مُؤْمِنٍ»
«Ислам гариб болуп башталды, дагы башталгандай гарибдикке кайтат. Эсиңерде болсун, (мына ошондо) эч бир момун гариб болбос», – деди.
Термизий бир хадисти хасан хадис деп Касир ибн Абдулла ибн Амр ибн Авф ибн Зайд ибн Милхадан, ал атасынан, атасы чоң атасынан рыбаят кылат: Расулулла (с.а.в) мындай деди:
«إِنَّ الدِّينَ لَيَأَرِزُ إِلَى الْحِجَازِ كَمَا تَأْرِزُ الْحَيَّةُ إِلَى جُحْرِهَا. وَلَيَعْقِلَنَّ الدِينُ مِنَ الْحِجَازِ مَعْقِلَ الأُرْوِيَّةِ مِنْ رَأْسِ الْجَبَلِ. إِنَّ الدِّينَ بَدَأَ غَرِيبًا وَيَرْجِعُ غَرِيبًا، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ الَّذِينَ يُصْلِحُونَ مَا أَفْسَدَ النَّاسُ مِنْ بَعْدِى مِنْ سُنَّتِى»
«Бул дин кудум жылан ийнине кайткандай, Хижазга кайтат. Бул дин кудум жапайы эчки тоонун бийиктиктерине байлагандай, Хижазга (бекем) байлап коюлат. Албетте, дин гарибдик менен башталгандай дагы гарибдикке кайтат. Гарибдерге Тубо бейиши болсун, адамдар менден кийин сүннөтүмдү бузушкандан кийин алар аны оңдошот».
Бул хадисти Исмаил ибн Абдурахман Собуний мындай рыбаят кылды: Расулулла (с.а.в):
«إِنَّ الْإِسْلاَمَ بَدَأَ غَرِيباً، وَسَيَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ. قِيلَ: وَمَنِ الْغُرَبَاءُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُحْيُونَ سُنَّتِى مِنْ بَعِدِى وَيُعَلِّمُونَهَا عَبَادَ اللهِ»
«Ислам гариб болуп башталды, дагы башталгандай гарибдикке кайтат, гарибдерге Тубо бейиши болсун, – деди. Гарибдер кимдер, я Расулулла? – деп сурашты. Менден кийин сүннөтүмдү тирилткендер жана аны Алланын пенделерине үйрөткөндөр», – деди.q

