Кабар

Санкциялардын таасири: 50 компаниянын ишмердигине тыюу салынды

Санкциялардын таасири: 50 компаниянын ишмердигине тыюу салынды

Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелчилиги жогору болгон операцияларга катышкан 50 юридикалык тараптын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чаралар «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелчилиги жогору операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.

Юстиция министрлиги компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги жана башка мамлекеттик органдар тарабынан берилгенин белгиледи. Алар буга чейин санкциялык режимдин алкагындагы чектөөлөрдөн качуу фактылары болушу мүмкүн деген маалыматтарды изилдеп чыгышкан.

Мекемеден билдиришкендей, улуттук экономиканы коргоо жана Батыштагы өнөктөштөр тарабынан мүмкүн болгон экинчи даражадагы санкциялардын Кыргыз Республикасына тийгизе турган терс кесепеттерин алдын алуу максатында бир катар көзөмөл механизмдери кабыл алынды.

Жогорудагы компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуунун алдында президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилеринен Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешке мүчөлүгүн колдоону сурап билдирүү жасаган.

Демек, жогорудагы чечимди Европа мамлекеттеринин колдоосун алууга болгон аракет катары карасак болот.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button