Роя гезити

Марокко менен Американын ортосундагы 2026-жылкы аскерий жол карта боюнча келишимге сереп

Марокко менен Американын ортосундагы 2026-жылкы аскерий жол карта боюнча келишимге сереп

Трамп администрациясы 2026-жылдын 16-апрелинде Вашингтондо Марокко мененаскерий кызматташтык боюнча жол карта” деген аталыштагы коргонуу келишимине кол койду. Бул келишим 2036-жылга чейин уланат. Ал АКШ–Марокко коргонуу боюнча консультативдик комитетинин он төртүнчү жыйынынын соңунда ишке ашты. Аскерий кызматташтык боюнча жол карта келишими 2020-жылдагы “орток коркунучтарга каршы аскерий кызматташтык келишимининуландысы катары бааланды. Аталган келишимге Трамптын биринчи администрациясы тушунда мамлекеттик катчы Марк Эспер Магриб аймагына болгон сапарынан кийин кол коюлган эле. Анын мөөнөтү 2020-жылдан 2030-жылга чейин 10 жыл болгон.

2026-жылкы аскерий кызматташтык боюнча жол карта келишими 2020-жылдагы келишимдин уландысы деп эсептелгени менен, чындыгында ал салттуу кызматташтыктан өтөт. Анда америкалык армия жетекчи иретинде, ал эми марокколук армия ээрчиген тарап катары реалдуу операциялык интеграцияга өтүүнү билдирет. Бул аскерий операцияларды биргелешип жана реалдуу убакыт режиминде координациялоо, ошондой эле аскерий маалыматтарды ыкчам бөлүшүү аркылуу жүзөгө ашат. Мындан тышкары, бул келишим жөн гана техникалык жактан мөөнөттү узартуу эмес, тескерисинче, Америка үстөмдүгү үчүн стратегиялык жактан өтө курч кырдаалда кабыл алынган жаңы америкалык стратегиялык багыт болуп саналат. Ал Мароккону Батыш Жер Ортолук деңизиндеги америкалык стратегиялык коопсуздук түзүмүнүн бир бөлүгүнө айландырууну көздөйт. Анын максаттарынын бири Марокконун армиясын толук көз карандылыкка түшүрүү жана аны түздөн-түз америкалык колонизатордук кызыкчылыктарга жана стратегиялык максаттарга байлоо болуп саналат. Ошондой эле, аскерий-коопсуздук өнөктөштүгү убакыт жагынан ачык болуп, 2036-жылга чейин созула турганы жана бул орток саясий эрк менен ишке ашары баса белгиленди. (Бул Марокко режиминин Американын колонизатордук долбоорлоруна толук моюн сунуусун билдирет).

Бул келишим Мароккого тиешелүү америкалык аскерий жана коопсуздук келишимдери тизмегинин бир бөлүгү болуп эсептелет. Акыркы жылдары бул келишимдер мурда болуп көрбөгөн деңгээлге жетти. Трамптын Батыш Сахараны Марокконун аймагы катары таануусу Америка үчүн Мароккого стратегиялык жактан кирип баруунун жолу болду. Буга Марокко режиминин толук моюн сунуусу жардам берди.

Мурунку 2020–2030-жылдардагы аскерий келишим аркылуу Американын стратегиялык максаты Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабына жана Африкага кирип баруу болгон. Пентагон аныэки өлкө ортосундагы союзду Африкадагы тынчтыктын негизги тиреги катары жаңылоодеп атаган. Ал эми америкалыктынчтыкколонизаторлукту жана ага жол ачууну билдирет. Андан кийин Мароккодо талаа аскерий машыгуулары өткөрүлүп, алардын эң башкысы Африкадагы Америка үчүн эң чоң жана эң ири аскерий машыгуу болуп эсептелген “Африка арстанымашыгуулары болду.

Америка Батыш Сахаранын Мароккого таандык экенин таануусун Мароккого, ал аркылуу Ислам өлкөлөрүнүн батыш бөлүгүнө, Сахел аймагына жана андан ары Африкага түздөн-түз кирип баруунун куралына айлантты. Мунун баары Марокко режиминин толук моюн сунуусу менен ишке ашууда. Себеби ал Американын бардык колонизатордук долбоорлоруна аралашып кетти. Америка өзүнүн Африкадагы колонизатордук аскерий командачылыгын (Африком) Марокконун жүрөгүнө жайгаштырууга болгон тынымсыз аракет кылууда. Бул эң коркунучтуу маселе. Hespress сайты Марокко режимианы жайгаштыруу үчүн Лаюн, Дахла, Будждур жана Агадир сыяктуу бир нече шаарды сунуштаганын, бирок америкалыктар Кунейтра же Каср аль-Кабирди тандоого ыктап жатканынжазды. Мунун баары тарыхый, техникалык жана логистикалык себептер деген шылтоо менен түшүндүрүлүүдө. Бирок чындыгында бул Американын жаман максаттары үчүн өз күчтөрүн Рабаттан бир нече чакырым аралыкта, Марокконун так борборуна жайгаштырууну каалап жатканын көрсөтөт.

Ал эми 2026-жылдын 16-апрелинде Американын коргоо министри Пит Хегсет кол койгон жана 2036-жылга чейин созула турган аскерий кызматташтык боюнча жол карта келишимине келсек, анын мөөнөтүн узартуу маселеси ачык экенин эске алганда, анын колонизатордук көлөмү жана стратегиялык максаттары кеңейтилди. Бул максаттар Марокконун Жер Ортолук деңизинин түндүк жээгин, айрыкча Гибралтар кысыгын да камтый баштады.

Марокконун түндүк жээгине болгон күтүүсүз кызыгуу азыркы шарттардын натыйжасы болуп саналат. Бул Америка менен Ирандын ортосундагы согушка, ошондой эле Трамп администрациясынын стратегиялык жана геостратегиялык туңгуюгуна байланыштуу. Бул туңгуюк Испания менен Трамп администрациясынын ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыккан операциялык-логистикалык кризис кошулгандан кийин ого бетер күчөдү. (Бул пикир келишпестиктин себеби Испания Трамптын Батыш Сахара жана Латын Америкасына байланыштуу саясаттарын өзүнүн колонизатордук анклавдарына коркунуч катары көрүшү болду. Ал анклавдар Марокконун Батыш Сахара жээктериндеги аралдардан жана Латын Америкасындагы, өзгөчө Колумбиядагы кызыкчылыктардан турат).

Мына ушул себептен Педро Санчестин жетекчилиги алдындагы Испания өкмөтү Америка армиясынын Иранга каршы согушунда логистикалык колдоо көрсөтүү үчүн Рота базасын колдонууга уруксат берүүдөн баш тартууну өжөрлүк менен улантты. Натыйжада, Трамп администрациясы операциялык-логистикалык туңгуюкка кептелди. Бул болсо ресурстардын, жабдуулардын, ок-дарылардын жана камсыздоо пункттарынын жетишсиздигин билдирет. Мунун баары Американын стратегиялык кризисин дагы тереңдетти жана Испаниядагы америкалык базалардын пайдалуулугу тууралуу талаш-тартышты күчөттү.

Американын ушул оор абалы Марокко режими менен болгон аскерий жана коопсуздук келишимин узартуу кадамдарын тездетти жана анын стратегиялык өлчөмдөрү менен максаттарын Жер Ортолук деңизинин түндүк жээгине чейин кеңейтти. Америка Иранга каршы согуштан улам Трамп туш болгон жаңы логистикалык кризистин альтернативдүү чечими катары Мароккону карап жатат. Американын ушундай оор кырдаалында Марокконун түндүгүндөгү Каср ас-Сагир деңиз базасы тууралуу талкуу ачылды. Бул база Марокко армиясынын эң маанилүү деңиз базаларынын бири болуп саналат жана деңиз күчтөрүнүн беш базасынын катарына кирет. Учурда аны Америка күчтөрү үчүн Рота базасынын ордуна сунуштоо маселеси талкууланууда. Бул аркылуу Америка аскерлерин, аскерий кемелерин, учактарын, тик учактарын жана радарларын Жер Ортолук деңизинин түштүк жээгине т.а. Марокконун түндүгүнө көчүрүү көздөлүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2010-жылы ачылган Каср ас-Сагир базасы Марокко армиясынын эң маанилүү деңиз базаларынын бири болуп эсептелет. Ал Гибралтар кысыгындагы стратегиялык жайгашуусунан тышкары, эң заманбап стандарттар менен курулган. База таштын ичин оюп жасалган жана аны курчап турган рельеф коопсуздукту камсыздап, ар кандай коркунучтардан жогорку деңгээлдеги табигый коргонуу берет. Ошондой эле ал кысыктын эң тар жеринде жайгашкандыктан, Жер Ортолук деңизи менен Атлантика океанынын ортосундагы кеме кыймылын байкоо, көзөмөлдөө жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн өтө жеңил кылат.

Американы бул базага ээ кылуу, чындыгында ага Гибралтар кысыгын берүү жана анын Батыш Жер Ортолук деңизин да, Магриб өлкөлөрүн да көзөмөлдөшүнө жол ачуу болуп саналат. Ормуз кысыгынын жабылышынан улам Америка туш болгон оор стратегиялык жана геостратегиялык туңгуюк анын Гибралтар кысыгын басып алуу жана көзөмөлдөө боюнча колонизатордук ач көздүгүн ого бетер күчөттү. Американын бардык колонизатордук шарттарына моюн сунган Марокко режими болсо, Трамптын каргыштуу “Батыш Сахараны Марокконуку деп таануу” чечимин шылтоо кылып, булардын баарын ишке ашырып берүүгө даяр.

Бул малай режим толугу менен Американын Исламга каршы согушуна аралашты. Ал баскынчы түзүм менен болгон чыккынчылык “Ибрахим келишимдерине” кошулду. Ошондой эле “Тынчтык кеңешине” кирип, анын эң алгачкы каржылоочуларынын бири болду. Ал баскынчы түзүмдүн Газа элине каршы жүргүзгөн кыргындарын колдоду жана Марокконун жерин кылмышкер Америка аскерлеринин машыгууларына ачып берди. Азыр болсо Американын колонизатордук аскерий командачылыгынын (Африком) штабын Магриб өлкөсүнүн так жүрөгүнө жайгаштыруу маселеси талкууланууда. Ошондуктан бул малай режимдин өз бийлигин сактап калуу үчүн Каср ас-Сагир базасын жана Гибралтар кысыгынын ачкычын Америкага өткөрүп бериши таң калычтуу эмес.

Демек, 2026-жылкы аскерий кызматташтык боюнча жол карта келишиминин өзүнө тиешелүү колонизатордук өлчөмү жана стратегиялык максаты бар. Мурдагы келишимдер аркылуу режим Американын Батыш Сахарадагы, Сахел аймагындагы жана Африкадагы колонизатордук долбоорлоруна кызмат кылып бергенден кийин, эми Американын ач көздүгү Марокконун түндүк жээгин, Жер Ортолук деңизин жана Гибралтар кысыгын да камтый баштады. Ал эми малай режим бул максаттардын ачкычы болуп, ушул келишим бул шермендечиликти жөнгө салуучу алкакка айланды.

Эй мусулмандар! Биздин эң маанилүү маселелерибиз эң катуу душмандарыбыздын колуна өттү. Анткени биздин рувайбиза башкаруучуларыбыз аларды колонизаторлукка кызмат кылуучу, Исламыбызга каршы согуш жүргүзүүчү, өлкөлөрүбүздү колония кылуучу жана кылмышкер Американы аларга үстөм кылуучу долбоорлорго айлантып жиберишти.

Роя гезити

Устаз Мунажи Мухаммад

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button